Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
«ЖЕР МУНАПЫСЫН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОБОНУ БЕКИТҮҮ ТУУРАЛУУ” САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
Сакалды айыл аймагы ТООРУК АРКЫЛУУ САТУУ ТУУРАЛУУ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
АУКЦИОН САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
СЫНАК АК-СУУ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНДУК САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

АК КАЛПАК

АК КАЛПАК

 465 Бардыгы /

5-март –Ак калпак күнү. Ак калпак күнүн Кыргызстан эли жыл сайын майрамдашат. Мектептерде жана ар кандай мекемелерде Ак калпак күнүнө карата чоң деңгэллде иш чаралар өткөрүлөт. Биздин Ч.Айтматов атындагы №40 жалпы орто билим берүүчү мектебинде да Ак калпак күнү жогорку деңгээлде өткөрүлдү.  Ак калпак күнүнө түзүлгөн иш-чаралардын негизинде 4-классынын окуучусу Абдикаримова Сарвиноз “Ак калпак” ырын көркөм окуу менен мектеп окуучулары жана мугалимдердин алкышына ээ болду.

АК КАЛПАК

Балпайышып аталар,

Бакай калпак кийишкен.

Түрлөп көркүн чыгарып,

Ууз энелер тигишкен.

Ак кар жатса тоолордо,

Бийиктигин билдирет.

Калпак кийген атанын,

Ыйыктыгын билдирет.

Ар улут өз баш кийимин,

Урматтап дайым даңкташкан.

Баш кийим бербейт белекке,

Ыйык тутуп сакташкан.

Кыргыз деп бизди тааныткан.

Ак калпакты барктайлы.

Аздектеп кийип ар качан,

Биз дагы аны сактайлы.

Кылым келет күндү, айды арытып,

Кыргыз элдин акыл-ээсин байытып.

Манас кийген, Жакып кийген ак калпак,

Жашап барат жыл өмүрүн карытып.

Ак калпагы кыргыздын,

Ак жүзүндөй нур кыздын.

Ак кар баскан тоолордой,

Ак нурундай жылдыздын.

Ала Тоонун боорунда,

Акыл калчап бийиктен.

Ар намыстуу кыргыздар,

Аппак калпак кийишкен.

Аппак койдун жүнүнөн,

Кастарланып тигилген.

Аппак кийиз жасалып,

Баалуу башка кийишкен.

Барктап дайым кийели,

Алмаштырбай кирдетпей.

Жашай берсин ак калпак.

Аппак ачкан гүлдөрдөй.

Эскертүү:       Ыр өзүнүкү эмес, автору башка.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17