Аймак

ТАМСИЛДЕР

ТАМСИЛДЕР

 33,478 Бардыгы /

Ырысбай  АБДЫРАИМОВ –  билими -жогорку, Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик СССРдин 50 жылдыгы атындагы университеттин “кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин” бүтүргөн, кесиби – журналист.  Адабий чыгармалары 1971-жылдан бери жарыяланып келүүдө. Эки китептин автору: 1990-жылы Фрунзе шаарындагы “Адабият” басмасынан “Бала кумары” аттуу аңгемелер жыйнагы жарык көргөн. 2017-жылы Бишкек шаарындагы “Гүлчынар” басмасынан “Өмүр кымбат” аттуу адабий  китеби чыккан.

 

САРЫ ЧЫРМООК

 

Табият билбей жаратып койгонбу?

Башка чөптөй сары чырмоок да ойгонду.

Бийик өскөн чөп, даракты көрө албай,

Же аларга түшүм, бой жагынан жете албай,

Көзү күйүп, бой узартканы козголду.

Турса да борпоң жер, көңдө дамаамат,

Өзүн ашкан акылдуу, бөлөктөрдү нөл санап,

Башкаларга тээ бийиктен карайт.

Күн, Жер, суу, таза аба, көң болбосо,

Куурап калаарын ойлобой,

Көрүнгөнгө  догурунат.

Кылса да күн-түн  далалат,

Бою өспөй кете берди, жер бойлоп…

Ал кемчилигин башкадан көрүп,

Иши жүргөндү муунтууну болжоду.

Өсөр жолун үйрөтүп,

Акылына акыл кошконду,

“Мени көрө албайт ” деп ойлоду.

Ак ниеттүү саламды,

Кошоматка кошкону…

Анда арылбас адат бар,

Тура албайт башкаларга асылбай,

Өсүмдүк-жашылчага катылбай.

Бирок жеткен жок баамы,

Каксоо жерде тамыр жая албай,

Ошолорго оролуп өсүп жатканын.

Оокат-азык берген,

Жүгөрүгө да көзү түз эмес.

“Кожоюндун сүйгөнү…

Ошон үчүн бийик өскөнү…

Жалаң ушуну көтөрмөлөп,

Көргүсү жок өзгөнү.

Ал эмнеге менден озот?

Терек, Гүл, Чынар мойнун неге созот?

Ушинтип “неге, эмне үчүн?” -деген соболу менен,

Жанындагынын да мээсин чагат.

Сары чырмоок менен бирге жүрүү,

Өзүнчө эле азап…

 

КАЙЫК

 

 

 

“Жаңы кайыктуу болдук”- дешип,

Баары кол чабышты.

Аны айдаганга,

Түгөлү менен катышты.

Жарышка чыгып жүздөйү,

Орун тийбей урушту.

Билгени да билбегени,

Кайда бурушту.

Калак талашып,

Ызылдашып турушту.

Сын тагышты, суроо салып;

– Э-хе-ей, кайык айдоо жумушпу?..

Бири айдап күн чыгышка,

Кийинкиси – күн батышка.

Үчүнчүсү көздөп түштүктү,

Дагы бири болжоп түндүктү.

Кайыктын башына,

Үйдү түйшүктү.

Суунун толо койнунда,

Кээ бири айлантты ордунда.

Эч ким көрбөй туура жол,

Кайыкка туш болбоду.

Суунун сырын билген –  акылы мол,

Бирөө да бере албады,

Туура кеңеш, туура багыт.

Кайыктын башы катып, болуп маң,

Сууда жүрдү аргасыздан.

Оң-солго ооп чайпалып,

Алга жылбай,

Ордунда турду айланып.

Шамал айдаган жакка калкып,

Кайда сүзөөрүн биле албай.

Жыгачтары какжырап ишке жарабай,

Баратат бирден ажырап.

Чыныгы калакчыга туш болбой,

Кайыктын турду башы катып.

Толкун жүрүп капыстан,

Аңтарып ие жаздады.

 

Тамсил кыйытат муну:

Табылбаса элибиздин,

Түз максаттуу уулу.

Тантырактар ишти бузат,

Болушуп, түгөнбөгөн сөздүн кулу.

 

МОМУН КОЙ

Ар ким өзү билип, өзү койгондон бери,

Койдун көбөйдү,

Түгөнбөгөн курсактуу ээси.

Баарын багууга урунуп,

Баарына жеткире албай.

Сүт менен эт, тери, жүндү,

Айланып бүттү анын мээси…

Бирок алардын бирөөсү,

Куруп бербейт короо.

Камдабайт суу, жем, чөп,

Буйрук айтып, көрсөтмө бергенден башка,

Какаят да.

Билгени чогулуш, буйрук берет,

Пайдасы жок.

Киреше, пайда алуу,

Мүлдө жаныбарды багуу жагын,

Коюшкан койго үйүп.

Өздөрү куру сөздөн башка,

Иш кылышпайт күйүгүп.

Талаптары – күчтүү,
Сүйлөгөндөрү сүрдүү.

Алар көрдү,

Таңдан кечке,

Айдаган жакка басаар.
Каяша кылбаган,

Тил кайтарбаган момун койдун,

Кара жанды карч уруп иштээрин.

Анын ордуна,

Койчулар чоң жиликти тиштээрин.

Аны башкарган көп,

Быякта калып үй ээси.

Баш көтөртпөйт,

Аялы, уул-кызы…

Небере-чөбүрөсү,

Жадесе,

Алыскы жээни…

Кала берсе, көчө –ойдогу,

Өтүп бараткандардын кээси.

Ага короочу да чоң,

Каалаган жакка айдаган.

Жайкысын дайым жайлоого,

Кышкысын кыштоого,

Кечкисин короого.

Анда бир тыным жок,

Жанына болор огожо…

 

Биздин жерде,

Кол жоорутууну каалабай,

Баары эле башкаргысы келет.

Элдин тапканын алар,

Туш келди чачат, төгөт,

Ойлонбойт,  демек.

 

 ТӨБӨЛГӨ КЫЗМАТ КАЙГЫ

Өсүмдүккө адилеттик  жетти,

Суу жээгинде өскөн бака жалбырак,

Баралы жетип, дарылыкка кетти.

Ээлөөгө анын жумшак ордун,

Камынышты тымызын.

Чөптүн баары жадесе –
Аткулак, куурай, ит жүзүм.

Чогулганда баарысы,

Буларды бири жактырбай.

Ортого анан салышты,

Сайдан келген камышты.

Дагы бири – жалбызды,

Кийин түштү жарышка,

Чырмоок, бүргөн, тикенек.

“Суу жээги булар өсчү жерби?” – деп,

Биринин сөзүн бири укпай.

Ынтымакка келе албай,

Кызганышып алардан.

Кыйла айып табышты,

Тизмеден чийип салышты.

…Кээсинин жакпай мүнөзү,

Биринин бой-турпат, өңү.

Дагы биринин салмак  жөнү,

Кийинкинин тамыр, сөөгү.

Калгандардын урук-жери,

Ар кимиси ал жерге,

Жеке өзүн туура көрдү.

Жел жүргөндө батыштан,

Баштары менен кагышты.

Азык болор үрөндү,

Туш келди жакка чачышты.

Көп жылдык чөп уялбай,

Жашы менен алышты.

Ойлободу бири да,

Малды кышта багышты.

Аларды баккан кара жер,

Карбаластап майышты.

Талашкандар кызматты,

Ыркырашып кабышты.

Эл тагдыры менен иши жок,

Төрт тарап түгөл чабышты.

Төбөлдөргө кызмат- кайгы,

Букарага жан багуу – кайгы.

 

ЖЕЛЖЕТПЕСТИН ДОСТУГУ

Жаш токойго сугун артып,

Шилекейин агызып.

Келе жатышты үч дос-

Төрткөз, Желжетпес, анан Кумайык.

Аңгыча андан, мындан бир улуп,

Карышкыр жете келди арттан кууп.

Көзүнөн от, тилинен ажал чачыратып,

Тиштерин шакылдатат.

Чайнап салчудай, сөөктөй касыратып,

-Токто!

Тапканыңды ташта колго!

Кутулууну ойлобо ансыз.

Чеңгелимден аман-соо!

Буйруй сүйлөй күпүлдөп.

“Бол, бол” деп шаштырат,

Төрткөздү улам түрткүлөп.

Ал жүгүнбөдү бүжүрөп,

Кыйынсынган немени,

Желкеден аткып,

Жүндөй тытып салганы.

Араң ажыратты Кумайык,

Какең Төрткөздү жибитүүгө,

Сөз таба албай ылайык.

Кайра-кайра сурап кечирим,

Айкын айтты, чечимин.

-Мындан ары,

Чертип койсом кимдир-бирөөнү,

Аябагын эч кимиң!..

Желден тез пайда болду Желжетпес,

Бая куйругун кыпчып чатына,

Качкан эле кылчайбастан артына.

Жакындаган сайын короо-журту,

Артка кылчайып үрүп, утуру.

Көк жал кеткен тарапка,

Кур дымагын күчөтүп,

Канча ирет жулунду.

Дегеле көзгө илбеди,

Тиги экөөнүн “кой-кой” деп,

Жооткоткон учуру.

Ал ансайын жер тытат,

Кашабаң азыр көрүнсө,

Эки чайнап бир жутчудай,

Ачуусун тыя албай,

Азуусун шакылдатат.

-Ох, кайнайт каным!..

Мүлжүп башын,

Ичет элем канын!

Коё берчи досум, Төрткөз!

Сени менен алышкан арсыздын,

Сөөгүн барчалап өтө,

Тамырын кыркайын бөлө!

Жээк-жаатын озондотуп,

Жесирин кошоктотуп.

Короосуна салайын бүлүк,

Мурдуна тагайын чүлүк.

Ооба,  Желжетпес!

Түштөн кийин кайратың түзүк!

Бирок достугуң кайсы,

Башка иш түшкөндө,

Качканың – жүрөгүң үшүп!?!

 

УЯ

Жаз, жай көлөкөдө жатпай

Чымчык,

Чар тарапка учуп- кайкып.

Бүлөсүнө чак уя салды,

Бирден тандап чөп-чар,

Ылай ташып.

Ошентип  жоктон барды жарата коюп,

Куш-канаттууга болду жаманатты.

Учуп бараткан Торгой

Токтой калды:

-Уяңдын оозу карап турат, Чыгышты.

Ушу да кепе курушпу?

Келе калып, Алаканат,

Келекелей ачууланат:

-Эй акмак!

Мунуң- эмнеге жарайт?

Алдыңа, төшө жүн!

Көзүңдү уялтат Күн.

Андан көрө,

Уянын оозун Батышка карат!..

…Кийин дагы экөө,

Анан жетөө,

Уядан табышты айып.

“Даракка туура эмес койгон, сайып!

Төбөсүн учтуу эмес,

Жапыс кылыш керек!

Себеби, үстүндө кар жатыш керек!

Сырт жагын боёбой,

Жөн койгун, демек.

Жатканга мамык болот эле,

Жүндөрүн майдалап тытыш керек!”-

Токсону келип, токсону койду,

Токсон күнөө!

Бирок, Чыкең жалгыз куруп атканда,

Ылай алып бермек түгүл,

Кеңеш айткан эмес бирөө.

“Насаатын” уккан ар кимдин Чымчык,

Баш айлантмага ичинен сызып,

Өзүнөн өзү сурады:

“Кура электе кайда эле?

Кепесиз калсам, булардын,

Кышында,

Күйөрманы бар беле?”

Азыр ушундай заман!

Иш бүтпөй,

Куру сөз бийлеп калган.

Кээде,

Бүткөн иштен кынтык тапкан –

“Уста” көп, мээни чаккан.

Башканын башын адаштырып,

Өзү иш жасабастан.

Бирөөнүкүн көралбаган,

Жок болсо, бере албаган!

 

          САГЫЗГАН

 

Бирөөлөрдүн тилин угуп,

“Жашыл өрөөн кылам” деп оолугуп.

Талкалап алды, токоюн…

Түгөнгөндө аргасы куруп.

Турмушун жаңыртмакка калың журттун,

Теңине албай коңшу-колоңун.

Жалаң четтен дос издеп,

Сагызган чебеленет.

“ Койсоңчу, эй Саке!

Ала бербей, четтен карыз,

Өзүбүз эле курабыз.

Бизде деле бар, каруу-билек, намыс!

Токойдогу мөмө-жемиш,

Эбин таап, иштетсек.

Толуп-ташаар тамак-ашыбыз,

Тураар бүтүн,үйүбүз!”

Деп айтканын улуунун,

Тыңшабады Сагызган.

Бар билгени шакка отуруп,

Сайрай берет…

Бүлөө ташка тилин,

Кайрай берет…

“Жыргалга жеткирем, силерди”- деп,

Убаданы майдай берет…

Турмушун бузуп көнүмүш,

Коңшудан качып, көөнү түз.

Капыстан чанып, өз тилин,

Чет элдикин үйрөткөнү,

Алып келди,

Африкадан тоту куш!

Өзгөртүп канат күүлөсүн,

Чет тилче, атап үй-бүлөсүн.

“ Таштайлы, эски адатты,

Жазында тууш, жадатты.

Кышында ачып балапан!

Кышында гана түлөйсүң!

Буйругун уккан ургаачы,

Баш чайкайт:

“Кантип күйбөйсүң!”

Сагызгандын жерине,

Келгендин башы адашат.

Баштаган бир иши жок,

Баары эле сөз талашат.

Тытышканы тытышып,

Бири-бирин каматат.

Чак-челекей, тартип жок,

Анан көктү самашат.

Тилине өзү түшүнбөй,

Уясы деле түркүн түс,

Жүнү деле токсон түр.

Канаттуу көнбөй мындайга,

Сайрабай калган, деги түз!

Байкоостон түшүп катуу кыш,

Балапан жайрап теп-тегиз…

Ошондо чыкты акылман:

“ Тукумда жокту чыгарган-

Ойнуңа тойдук, Сагызган!

Карызын доолап, курутаар,

Кут болсун, бизге эскибиз.

Көнгөн тил, көнгөн журтта эле,

Көнгөндөй жашай беребиз!”

Жыйынтык айтсак, эми биз

Бөлөктү туураганча,

Карыз сурап  жалдыраганча,

Ар кимдин өз үйү болгон жакшы…

Кулакка тийсе да катуу,

Ар кимдин өз үнү болгон жакшы.

Ансыз деле көбөйдү, түркүн бакшы…

 

Кан таламай,

Жапайы айбанат түгүл,
Куш-канаттуу, жаныбар…

Түркүн дарак, чөбү да…
Бирөөсү да бош жүрбөй,

Ит-бөрүсү жөн үрбөй.
Ишканалар таап май талкан,
Кез болду,
Токой … эбегейсиз байыган!
Балакет болуп кап-кайдан?
Токойго түштү чагылган!
Байлыгы жатты чачылып,
Туш келди суудай агылып.
“Бул иш болбойт”- дешти,
Келечектин камын жешти.
Башчылыкка Арстанды,
Кайдан-жайдан таап келишти.
“–Ушул табат” – деп, оң жолду,
Орун басарлыкка койду.
Өз укум-тукумундагы,
Илбирс менен Жолборсту.
Кызматтан куру калган жок,

Илик-жармасы –
Карышкыр, Каман, Түлкү, Коён.
Айтор, не бир оён…
Бирок бири да иштин көзүн билбей,
Оокаты-ашы түгөнүп,
Куш-канаттуу, чиркей, сөөлжан, кумурска,
Алды-алдынан кетти.

Оокат менен иш издей…
Байлык түштү талоонго.
Арстан ташып Батышка,
Чоң бөлкөнү кымырды.
Жолборс, Илбирс жөн турбай,
Ак деңизге жымырды.
Арткан-үрткөн байлыкты,
Калган жакыны тытышты…
… Бизде мээнеткеч эл табат,
Бели оорубагандар аны,
Орду менен иштетпей,
Туш келди чачат.

 

Туугандык,

Айбанаттарга түштү сунуш:

“Эмки аптада өткөрүлөт чогулуш.

Жаңылбастан кокус,

Мээнеткеч таза бирөөнү,

Алалы шайлап.

Аягында жакшы иштегендерди белгилеп,

Сыйлык берилет”.

Тиери менен колго чакырык,

Короо башчы Кочкор,

Тамыр-тааныш туугандарын,

Бирден жаңсап,  чакырып.

Чакалап сүттү көп берген,

Жылда тууган эгизден.

Каймагы жанга жагымдуу,

Оюнда уй турса да,

(Анын талабын талашаар

Букасы менен торпогун

Жоготкон эле саттырып)

Сурамыш болду кыйытып.

Дайымкы кеңешчиси Эчки:

(Көзү турса,

Кимди болсо да мактоого эптүү)

-Сиздин кебиңиз – кеп,

Айтканыңыз – буйрук!

Биз билебиз нени?

Баарына макулбуз, өзүңүз чечиңиз!,  – деди.

…Аталды адегенде,

Тукумун тез көбөйткөн тоок.

Анан көгүчкөн, үндүк, канчык….

Бирок  угулбады “жарайт” деген жооп.

-Башкасын койчу, –

Деди алты айлык козу.

-Олтурабызбы акыл салып?

Бизден, Чолпон атадан башталган тарых!

Жулганда жулуп, тиерин алып,

Чыга берсин биздин урук-атыбыз!

Боло берсин, маңдайыбыз жарык!

Акылыма көнсөңөр,

Угузбай башка бирөөгө,

Энемди эле жиберсеңер!..

Кочкор, Козу, Эчки,

Шарт токтотуп, кепти.

Ара жылда бир тууган,

Тиши алда качан түшүп калган,

Картаң койду ”барсын” дешти…

Тамсилден муну байка:

Туугандашкан жайда.

Кошомат менен жан бакпаган,

Колдоочусу жок ак мээнет кылган.

Көрүнбөйт көзгө, илинбейт сөзгө,

Ыраатын көрөт, андан башка.

Жалгыз аттын чаңы чыкпайт,

Чаңы чыкса, аты чыкпайт.

Карапайым Эшек,

Билесиңер да Эшекти.

Жамгыр менен карда,

Аяз менен аптапта.

Демейки күн, майрамда,

Кара жанын карч уруп.

Маңдай тери куюлуп,

Дем алышсыз иштейт.

Же  “мен минтип атам” деп,

Ээсин сүзгөн Чебичтей.
Сыраңдаган Өгүздөй,

Ишин колко кылышты билбейт.

Керээлден кечке жүк тартканы – тарткан,

Антсе деле багы ачылбай,

Кур дегенде,

“Ушу иштеп атат эле” деп тилге алынбай.

Ага сөөлү каткан, ширеси качкан кашек тиет,

Өгүз, Уйдан арткан.

Калыстык ойго алынбай,

Кандай жумуш болсо да,

Баягы аты жакшы,

“Өгүз бүтүргөн” деп айтылат.

Камкордук жалаң  ошого –

Таттуу  жем, жылуу орун,

Өкеңе гана берилет.

Ал жакшы сөзгө көөп кетип,

Жаш музоону челсе да,

Сугарганды тепсе да,

“Мээнеткеч” деп макталат.

Айбанаттар арасында,

Үлгү аталып даңкталат.

Макал бар, эзелтен калган-

Төбөсү менен жер казса да,

“Эшектин күчү – адал, сүтү – арам!”

 

Ырысбай АБДЫРАИМОВ, Жалал-Абад шаары

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17