Аймак

АЙЫЛ ӨКМӨТТҮН ИШИ АР ТАРМАКТУУ

АЙЫЛ ӨКМӨТТҮН ИШИ АР ТАРМАКТУУ

 1,281 Бардыгы /

Сузак районуна караштуу Ырыс айыл өкмөтү бир топ алгылыктуу иштерди жасаган. Айыл өкмөттүн жумушсуздукту жоюу жана жергиликтүү бюджеттин көлөмүн көбөйтүү максатында кичи жана орто бизнесмендерге шарттарды түзүп берүүдө. Тактап айтканда айыл аймагында акыркы убактарда күнөскана курууга басым жасалган. Себеби күнөскана замандын талабы. Жылдын мезгилине карабай элди жашылча-жемиш менен камсыз кылат.

Таалай ХАЛИЛОВ, Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысы:

ЭЛГЕ ЖАКЫН БОЛГОНГО АРАКЕТ КЫЛДЫМ

-Чындыгында айыл өкмөттүн иши оор. Эл менен иштеш үчүн дагы өзүнчө жөндөм керек. Элге жакын болуш керек. Ар бир жарандын көйгөйүн угуш үчүн ага өзүңдүн жакын адамыңдай мамиле кылуу шарт. Башка ишканалардан айырмаланып айыл өкмөттүн иши ар тармактуу. Саламаттыкты сактоо, билим берүү, спорт жана маданият жаатында иш алып барууга туура келет. Айылдагы көйгөйдү толук чечтим деп айта албасам да көпчүлүк негизги көйгөлөрдү чечтик деп айта алам.        Мисалы, саламаттыкты сактоо тармагында айыл өкмөт тарабынан эскилиги жеткен ФАП имаратынын ордуна Араб мамлекетинин инвесторлорунун колдоосу менен жаңы ФАП имаратынын курулушун бүтүрдүк. Имараттын сметалык баасы 4 млн. 200 миң сомду түзөт. Катар мамлекетинин «Ас-салом» фондунун колдоосу менен жаңы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты, ошондой эле Кыр-Жол айылында ФАП имараты курулуп пайдаланууга тапшырылды. Курулуштун жалпы баасы 4200,0 миң сомду түзгөн. Айыл өкмөтү тарабынан 270,0 миң сомдук айланасын тосуу жумуштарына салым кошулду. Заман талабына жараша ички жолдорду оңдоого көңүл бурдук. Мындайча айтканда 3000 метрден ашык жолдорго асфальт төшөп, жол жээгиндеги тротуарларды оңдоп, латокторду койдук. Ош-Бишкек-Жалал-Абад-Жар-Кыштак авто жолунун кесилишине жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында 435,0 миң сомго светофор орноттук.

Ал эми билим берүү тармагы жөнүндө сөз кыла турган болсок, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга камкордук көрсөтүү жана алардын таалим алуусуна шарт түзүү максатында реабилитациялоо борборуна жылдан жылга калктын саны көбөйгөндүктөн кошумча 2 бөлмө ачылды. №15 М.Юсупова жана №75 Улугбек мектебине МЕРСИКО уюмунун «Ыссык тамак» долбоору боюнча 5000 АКШ ($) долларына ашкана жабдуулары алып келинди. Аталган иш-чарага жергиликтүү бюджеттен 374,5 миң сом каржыланды. Айбек орто мектебинин окуучуларынын коопсуздугун алдын алуу максатында мектептин стадионунун айланасы тосулду. Ага бюджеттен 210,0 миң сом каржыланды. №5З Бабур атындагы орто мектептин айланасын ата-энелердин жана мугалимдердин жардамы менен толугу менен тосуп бердик.

Андан сырткары калкты таза суу менен камсыз кылуу маселесинде да бир топ иштер аткарылды. Айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү максатында 650 метр таза суу түтүктөрү тартылды. “Жашасын” таза суу бирикмесине 8 кВтт кубаттуулуктуу жалпы суммасы 136,4 миң сомду түзгөн суу насосу сатып алынып берилди. Кадиров көчөсүнө 770 метр аралыкка таза суу түтүктөрү тартылды.  Играция боюнча Көк-Арт дарыясынан алыш жасалып айылдыктар сугат суу менен камсыздалды. Элди сугат суу менен камсыз кылуу максатында жана сел арыкты тазалоого жергиликтүү бюджеттен ГСМ сатып алынды.   

Айыл элинин дагы бир көйгөйү электр жарыгы. Ал көйгөйдү чечүү максатында Шор-Коргон көчөсүнүн тургундарынын электр энергиясына болгон муктаждыгын чечүү үчүн бир даана 160 кВт кубаттуулукта трансформатор орнотулду. Керектүү жерлердин бардыгына электр столбаларын орнотуп бердик. Жалал-Абад шаарынын кире беришине көрк берип турган Курманбек эстелиги жана арка бар. Ачыгын айтыш керек, ал жерге канчалаган коноктор келип турат. Ошол жерди эске алып жалпы суммасы 7894,6 миң сомду түзгөн «Курманбек кылымдар мурасы» триумфалдык аркасын реконструкциялоо жумушун ишке ашырдык. Бүгүнкү күндө объекттин оңдоп-түзөө жумушу толугу менен бүткөрүлүп, айылыбыздын көркүнө көрк кошуп турат.

Вохиджан АЛИМЖАНОВ, айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы:

“МАКСАТТАРЫБЫЗДЫН БИРИ ДОТАЦИЯДАН ЧЫГУУ”

-Айыл өкмөттө иштегениме 20 жылдын жүзү болуптур. Биринчи жумушка келгенимде салык бөлүмүнө салыкчы болуп иштегенмин, андан кийин экомонист,  кийинчерээк бухгалтерияга келдим. Азыркы учурда Ырыс айыл өкмөтүндө каржы бөлүмүнүн башчысымын. Негизинен айыл аймактын социалдык экономикасын көтөрүү каржы жагына көз каранды. Биздин негизги максаттарыбыздын бири дотациядан чыгуу. Бул багытта ар тараптуу иштер жүрүп жатат.

Өткөн жылы жалпы бюджетти 42 миллионго жапканбыз. Ал эми быйылкы жылы  айыл өкмөттүн бюджети 45 миллион 200 миңге жакын болду. Тактап айтканда былтыркыга салыштырмалуу жергиликтүү бюджетибизди 3 миллион сомго жогорулата алдык. Бүгүнкү күндө 23% дотациядабыз. Жалпы бюджеттин 11 миллион 900 миң сому грант катары, ал эми 33 миллион 300 миң сому жергиликтүү бюджеттен чыгат. Бюджетти көбөйтүүдө негизинен бизде жаңы ишканалар ачылгандыктан салык базаларыбыз көбөйүп жатат. Жылына жок дегенде 10 жаңы ишканалар ачылып жатат. Бизнесмендер күнөсканага басым жасоодо. Себеби күнөскана учурдун талабы. Шаарга жакын болгондуктан  өндүргөн товарларды сатуу дагы ыңгайлуу. Ишканаларды ачууда инвестиция тартууга басым жасайбыз. Негизинен  ЮНИСЕФ, МЕРСИКО сыяктуу уюмдар  менен иштешебиз. Биринчиден кошумча жумушчу орундар түзүлсө, экинчиден андан түшкөн салыктар бар. Андан сырткары көмүскө экономиканы алып чыктык. Буга чейин бир топ ишканалар, кичи бизнесмендер салыктарын жашырып келишкен. Аларды ачыкка алып чыгуу менен каржы булактарын көбөйтө алдык. 

Исмадияр ИБАРАИМОВ, юрист, коомдук алдын алуу борборунун башчысы:

“КЫЛМЫШТУУЛУККА АНАЛИЗ ЖҮРГҮЗҮП ИШ АЛЫП БАРАБЫЗ”

-Калкыбыздын саны 42 миңден ашуун. Айыл аймагыбызда негизинен өзбек улутундагылар жашайт. Тактап айтканда 80%ы өзбек улутундагылар, 18%ы кыргыздар. Ал эми түрктөр, балкарлар, тажиктер, орустар, татарлар жана башкалар -2%ды түзөт. 13 айыл кыштактар бар. Коомдук алдын алуу борбору (КААБ) 2015-жылдан бери иш жүргүзүп келет. 2017-жылы юстициядан каттоодон өтүп, күбөлүк алып, мекеме макамын алганбыз. КААБдын курамы: 11 кеңеш мүчөсү, 115 мүчөсүнөн турат. Курамда айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, укук коргоо органынын кызматкерлери, дин өкүлдөрү, мекеме жетекчилери, ишкерлер, жаштар, аялдар уюмдарынан жана башкалар бар. Ошондой элеПРООН,SAFERWORLD, FTI, Жаштарды өнүктүрүү институту, ДИА коому негизги өнөктөштөрүбүз. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча негизги иштерди биз алып барабыз. Эң башкысы элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, мыйзамдарды элге жеткирүү биздин милдет. Ар жылы айыл аймакта актуалдуу бирден теманы көтөрүп чыгабыз. Мисалы, бир жылы кыз ала качуу, кийинки жылы жашы жете элек кыздарды турмушка берүү, той-аштарда, маркумду узатууда ысырапкерчиликке жол бербөө сыяктуу темаларды алып чыгып, анын зыяндуулугун, терс таасирлерин элге түшүндүрүп жеткиребиз. Бул иш-чараларды көпчүлүк учурда каржылоо жагын НПОлордун жардамы менен чечебиз. Дагы бир максатыбыз эл менен милициянын ортосундагы мамилени жакшыртабыз. Тактап айтканда бийлик менен элдин ортосундагы көпүрөбүз. Жылдын башында төрт мекеме менен келишип иш планды түзөбүз. Алар Ырыс айыл өкмөтү, райондук билим берүү, ички иштер бөлүмү анан КААБ. Биздин ишти алып барууда анализ жүргүзөбүз. Кайсы кылмыш өсүп жатса, ошонун негизинде иш алып барабыз. Жарандардын арыз даттануулары чындыгында аябай көп. Күнүнө жок дегенде төрт-беш арыз түшүп турат. КААБдын иш алып баруусу айыл өкмөттүн бир топ ишин жеңилдетет, анткени башка жерлерде арыздануучулар айыл өкмөттүн эшигинде кезекке тургандар көп болот. Биз ошол маселелерди айыл өкмөткө жеткирбей эле тиешелүү органдар менен чечебиз.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17