Аймак

АЙЫЛЫНА АЙЫЛ КОШКОН ЖЕТЕКЧИ

АЙЫЛЫНА АЙЫЛ КОШКОН ЖЕТЕКЧИ

 1,677 Бардыгы /

Близ-инфо

  • Шербаев Мухтар Нурмаматович – 1977-жылы туулган.
  • Билими жогорку- Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультети жана Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясы, экономикадагы менеджмент адистигин бүтүргөн. КЭР Щихецзы университети ( Щихецзы), Эл аралык экономика академиясы (Пекин).
  • Чини- Муниципалдык кызматтын 1- класстагы муниципалдык кеңешчиси.
  • Үй-бүлөлүк абалы – үй- бүлөлүү, 3 уул 1 кыздын атасы.
  • Алган сыйлыктары: Муниципалдык кызматтын мыктысы, Кыргыз Республикасынын Айыл чарбасынын мыктысы төш белгинсинин ээси, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана АРИСтин ардак грамотасы.

АР БИР ИЙГИЛИК АРТЫНДА ТООДОЙ ЭМГЕК БАР…

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-ноябрындагы № 381-б буйругу менен 2019-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча “Эң мыкты айыл өкмөтү” наамына өткөрүлгөн жалпы мамлекеттик сынактын конкурстук комиссиясынын чечими бекитилип 6 айыл өкмөт “Эң мыкты айыл өкмөтү” наамына ээ болуп, жеңүүчүлөргө байгелер каралган. Анда I орун 1500000 (бир миллион беш жүз миң) сом байге фонду менен Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-Май айыл өкмөтү утуп алган.

Бул айыл аймагын жетектеп келген Мухтар Шербаев жөнүндө бир топ алгылыктуу иштерин айтсак болот. Айыл аймагында иштеген саламаттыкты сактоо кызматкерлерин, мугалимдерин сыйлоодо алдына адам салдырбайт. Өзгөчө басым жасап кете турган иштеринин бири бир айыл аймагына жаштар үчүн жаңы конуштун түптөлүшү. Келечектеги жаштар үчүн кам көргөндүгү. Ал жаңы конуштун  ички жолдорун оңдоо, таза суу жеткирүү, түнкү жарыктарды орнотуу, балдар аянтчасын куруу иштерин бүтүрүп берүү жагы да жолго коюлган.   

1-Май айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы жаатында аталган айыл аймагында бир топ алгылыктуу иштер колго алынып, позитивдүү жылыштар болгондугун баса белгилеп айтуу шарт. Өлкөнү, аймактарды санариптештирүү бүгүнкү күндүн негизги талабы десек жаңылышпайбыз. Айыл аймагынын социалдык-экономикалык абалын жогорулатууда жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу жана санариптештирүү жаатында натыйжалуу иштер аткарылган. Бул тууралуу 1-Май айыл аймагынын башчысы Мухтар Шербаев менен маектештик.

АЙЫЛ ЧАРБА ТАРМАГЫ –АРТЫКЧЫЛЫКТУУ БАГЫТЫБЫЗ

Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу эң негизги приоритеттүү багыттардан болуп саналат. Аймакта күздүк буудайды айдап себүүнүн аянтын көбөйтүү, аны өстүрүү, айыл чарба техникалары менен элди камсыз кылуу, малдын тукумун асылдандыруу жумуштары жакшы жолго коюлууда. Албетте айыл чарбасында ишти илгерилетүүдө эл аралык уюмдардын колдоосу жогору болуп, гранттык каражаттардын негизинде бир топ долбоорлор ишке ашырылган. Атап айтканда аймакта СССР кезинен бери алгачкылардан болуп жайыттарды эс алдыруу, жайлоолорго чөптүн уруктарын чачуу иштери кеңири практикаланууда. Ал эми айыл чарбасындагы агрохимияны өнүктурүү, айыл чарба техникалары менен камсыздоо жаатында алгылыктуу иштер алынып барылган. “Айры-Там элет” кооперативи жыл ичинде 2 беде престөөчү, бир беде оруучу комбайн алып келген болсо, айыл өкмөт тарабынан жайыт комитети менен биргеликте бир даана дан оруучу комбайн, эки даана МТЗ-82 трактор чиркегичи жана соколору менен алынып келинген. Бул багыттагы иштер улантылууда.

Малдын тукумун асылдандыруу, жасалма уруктандыруу, малдын ден соолугуна кам көрүү максатында аймакта “Ветеринардык клиника” курулушу иштери эл аралык уюмдар тарабынан каржылоого алынып, учурда курулуш иштери жүрүп жатат.

Ажек айылында 3,0 га жер аягтына 2500 даана серебристый тополь дарагы отургузулуп, жаратылыш паркы уюштурулган. 9,0 га жер аянтына тамчылатып сугаруу системасы орнотулуп, ар түрдүү мөмө-жемиштин көчөттөрү өстүрүлүүдө. Бул долбоор Евробиримдиктин “Ала-Бука району менен шериктештикте” долбоору аркылуу ишке ашырылган. Мындан сырткары аймакта тамчылатып суугаруу системасы менен Айры-Там айылында жаңы павловния дарактарын отургузуу, аларга заманбап сугат системаларын орнотуу иштери болгариялык өнөктөштөр менен бирге ишке ашырылган. Сугат тармагындагы ири долбоор “Шекафтар каналына кум тазалоочу курулма куруу” долбоору Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, пайдаланууга берилген. Быйылкы жылы 2 ирет Өзбекстан Республикасынын Касан-Сай жана Чуст райондору менен биргеликте ишембиликтер өткөрүлгөн жана негизги сугат тармагы болгон Чуст каналын тазалоо иштери аткарылган. Айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүүтармагында учурда айыл аймагы боюнча 6 субьект иш алып барат. Айыл аймагында 2 мөмө-жемиштерин кургатуучу, 3 данды кайра иштетүүчү,1 тоют даярдоочу цехтер элге кызмат көрсөтүп жатышат.Айыл аймагында 4 айыл чарба кооперативдери өз ишмердигин жүргүзүп келе жатышат жана аларга кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен келишим негизинде 41,0 га жер ижарага берилген. Андан түшкөн акча каражаты жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүп, максаттуу жумшалып келет.

ЖАҢЫ КУРУЛУШТАР-ЖАНЫЛАНУУ ТАЛАБЫ…

Айыл аймагы боюнча алып караганда жалпы 83 млн. 816 миң 453 сом, анын ичинен жергиликтүү бюджеттен 5 млн. 649 миң 553 сом, демөөрчүлөрдөн 100 миң сом, республикалык бюджеттен 7 млн. 166 миң 900 сом, инвестиция тартуудан 42,5 млн. сом, өнүктүрүү фондунан 11 млн.200 миң сом, элдик салымдан 7 млн.200 миң сомдук иштер аткарылган. Бул аракеттердин натыйжасында Ажек айылында 220 орундуу маданият үйү курулуп, пайдаланууга берилип, эмеректер жана жабдуулар менен камсыздалган, Айыл аймагыбыздагы бардык социалдык обьктилерге көңүл бурулат. Тактап айтканда акыркы жылдарда Алма-Бел айылында ФАП имараты жана жаңы спорт комплекси курулуп пайдаланууга берилген болсо, өткөн жылы курулуштары башталган айылдык оорукананын жаңы чарбалык имараттарынын курулуш иштери аягына чыгарылды. Ал эми билим берүү тармагы жөнүндө айтсак, Ажек айылында 260 орундуу орто мектептин, Жаңы-Шаар айылында 150 орундуу орто мектептин, Кара-Үңкүр айылында 150 орундуу орто мектептин курулуш иштери жүрүп жатат. Ошол эле кезекте аймакта жаңы ветеринардык клиниканын имаратынын курулуш иштерине старт берилип, “Жаш-Тилек” балдар бакчасынын, Совет-Сай айылындагы үй -бүлөлүк дарыгерлер тобунун ооруканасынын, Ак-Башат айылындагы орто мектептин, Айры-Там айылындагы гимназия мектептеринин чатырлары кайрадан оңдоп- түздөө иштери жүрүп, эшик-терезелери жаңыланып пайдаланууга берилген. 2020-жылы айыл өкмөтүнүн акыркы 35 жылдагы тарыхында биринчи жолу бир жарым км аралыкка райондук өнүктүрүү фонду аркылуу, ал эми 2 км. аралыкка республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен асфальт төшөлгөн. Ошондой эле айыл аймагы боюнча быйылкы жылы жалпы 5 км. ички жолдорду тегиздеп, шагылдоо иштери жасалган. Аймак боюнча  2 даана көпүрө курулуп, пайдаланууга берилген.

КАЛКТЫ СУГАТ СУУ ЖАНА ИЧҮҮЧҮ ТАЗА СУУ МЕНЕН КАМСЫЗДОО –НЕГИЗГИ МАСЕЛЕ  

Жыл ичинде калкты суугат суу жана ичимдик таза суу менен камсыздоо жаатында бир топ алгылыктуу жумуштар аткарылган. Айыл аймагынын чек арада жайгашкан Жаңы-Шаар айылындагы 450 кожолукка таза суу жеткирүү боюнча пландалган  жумуштар аягына чыгарылып, жалпы 3,5 чакырым аралыкка таза суу линиялары тартылган. Ажек айылындагы таза суу резервуарына жаңы жабдуулар алынып, кошумча 2,5 чакырым аралыкка таза суу линияларын тартуу иштери жүрүп жатат. Чек арада жайгашкан эң четки Совет-Сай айылына таза суу жеткирүү эл аралык уюмдардын, элдин колдоосу менен ишке ашырылып, жалпы 9,6 чакырым аралыкка таза суу линиялары тартылып, элге таза суу жеткирилген.

Ал эми сугат суу менен камсыздоо максатында долбоордун алкагында Совет жана Чуст каналдары реабилитацияланган болсо, Шекафтар каналына кум тазалоочу тосмо курулуп, селге коркунучтуу жана жабыркаган каналдын участогун коопсуз жайга жылдыруу боюнча зарыл лотоктор, башка курулуш материалдары жеткирилген. Жаңы-Шаар айылында скважина курулуп, элдин сугат сууга болгон муктаждыгын жеңилдеткенге шарт түзүлдү.

КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ ЖАКШЫРТУУ- ЭЛДИН ЖАШООСУН ЖЕҢИЛДЕТҮҮНҮН НЕГИЗГИ ЖОЛДОРУНУН БИРИ

2020-жылы аймакта жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу, санариптештирүү аракеттери толугу менен улантылып, айыл өкмөтүндөгү кызмат көрсөтүүлөр санариптешип, интернет желесинде онлайн режимде иштөө кеңири практикаланууда. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин кесиптик дараметин жогорулатуу максатында 3 адис айыл өкмөтүнүн эсебинен окутулуп, атайын адистиктерге ээ болушкан болсо, учурда дагы 2 адис кесиптик дараметин жогорулатуу курстарында билим алышууда.

Санариптештирүү жылына карата Айры-Там айылында “Коопсуз айыл” долбоору ишке киргизилип, ал үчүн Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн 1-Май ПОМ имаратына, айыл өкмөтүнүн имаратына, негизги жолдорго, коомдук спорттук жайларга жалпы 11 видео көзөмөл, зарыл каражаттар орнотулган. Учурда долбоорго керектелүүчү кошумча компьютер, принтер жана башка жабдуулар менен камсыз бөлүндү.

Айыл аймагында санариптешкен “Бирдиктүү терезе” ишке кирип жергиликтүү өзүн өзү жана мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара кызматташып, биргелешкен кызматтарды көрсөтүү иштери жүрүп жатат. Мындан сырткары айыл аймагынын башчысынын эл менен тыгыз байланышын камсыз кылуу максатында санариптик ыкма пайдаланылып, ар бир жаран менен айыл аймагынын башчысы ортосунда социалдык тармактар аркылуу “Түз байланыш” долбоору ишке киргизилген. Ал эми жергиликтүү бюджеттин 2020-жылга карата долбоору электрондук ыкма менен талкууга алынып, айыл аймагынын ар бир жаранына кайсыл жерде жашап жаткандыгына карабастан ой-пикирин билдирүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.       

ФЕЙСБУКТАГЫ ПИКИРЛЕР

Гулнара Аманбаева:  Абдан сонун, ойлогон оюң, аткарган иштерин эң эле туура. Билимиң жана жан дүйнөң бай дүйнөгө айланган инсансың. Сендей акылы тунук жетекчи дүйнөдө бир жаралат. Жараткандын элибизге берген белегисиң.

Гүлкайыр Кожобекова: Мугалимди сыйлоо –бул келечекке кадам, анткени устаз атаңдан улук деген кеп бар эмеспи. Азаматсыз. Ишиңизде ийгилик болсун.

Курсанбек Кочкоров: Чек арада чоң көйгөйлөрдү чечкен патриот жигитибиз Мухтар. Алга демекчимин. Инвестиция тартууда эң чоң ийгиликтерге жеткен 1-Май айыл өкмөтүнүн жетекчисине ийгиликтерди каалайм.

Жумагүл Шайыкова: Улуу ойлордун тарбиялык мааниси да зор. Китеп окуган адамдын ой мүдөөсү да, ой жүгүртүүлөрү да башкача болот турбайбы. Билимдүү  жетекчи ишин дайым алдыга жылдырат. Ийгилик каалайм.

Сталбек КАРАСАРТОВ, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17