Аймак

“БАШКЫ МАКСАТЫМ – БАЛА БАКЧА КУРУУ ЭЛЕ”

“БАШКЫ МАКСАТЫМ –  БАЛА БАКЧА КУРУУ ЭЛЕ”

 2,280 Бардыгы /

Алтынбек АДИШОВ, Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы: 

Айыл өкмөттүн кызматы чындыгында эле оор. Эл менен иштеп, эл түйшүгүн, көйгөйлөрүн чечип, эл жүгүн аркалап иштеп жаткан Базар-Коргон районунун Бешик –Жон айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Адишов менен  айыл аймагындагы болуп жаткан, аткарылган жана алдыдагы иштер тууралуу баарлашып кайттык.

-Саламатсызбы? Айыл өкмөт башчысынын кызматын аркалап жатып кандай максат койгонсуз?

-Негизги максатым эл үчүн иштеп берүү болгон. Элдин кандай көйгөйү болсо карап, аларга пландарды түзүп, ишке ашырганга аракет кылдым. Эми 100 пайыз  дебейм, бирок 80 пайыз ишке ашты деп айта алам. 10 жыл мурунку айыл өкмөт менен азыркы айыл өкмөттүн айырмасы чоң. Бул деген жакшы көрсөткүч. 10 жыл мурун жаштарыбыздын көбү Россияда иштечү, балдарын болсо чоң ата-чоң энесине, таята- таенесине таштап кетишчү. Ошондуктан айыл аймагындагы көйгөйлөрдүн эң орчундуусу жана мени ойлонткону бала бакча болчу. Эл менен жолугушууда баардыгы бала бакча курууну талап кылышты. 2012-жылга чейин бир эле бала бакча иштесе, азыркы учурда 5 бала бакча иштеп жатат. Ал эми Жон айылында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 30 орунду бала бакчаны куруу иши башталып, быйылкы жылы ачылыш аземин өткөрүү алдында турабыз. Мындайча айтканда эки жылдын биринде бирден бала бакча куруп жаттык. Андан сырткары жаштарыбыздын талабы аткарылып Бешик-Жон айылына спорт комплекси курулган. Айта кетүүчү нерсе, Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабировдун  жардамы чоң, себеби республикалык бюджетке киргизүүдө салымын кошкон. Буюрса быйылкы жылы спорт комплекстин ачылыш аземин өткөрөбүз деп турабыз. Андан сырткары Жон жана Бешик-Жон айылдарына кичи футбол аянтчалары курулган. Бардык социалдык объектилерибизди капиталдык ремонттон өткөрүп алдык. Анан дагы бир көйгөй бар, ал таза суу көйгөйү толук чечилбей калды. Азыркы күндө донорлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биз дотацияда болгондуктан көпчүлүк иштерде инвестиция тартуу, долбоорлорду жазуу менен иш алып барабыз. Дагы бир маселе дыйкандарыбыз өздөрүнүн продукцияларын көчөнүн ар жерлерине чыгып сатышат. Ушул нерсени эске алып Ош-Бишкек жолунун боюна төрт айылдын дыйкандарына шарт түзүү менен АКТЕД уюму менен сүйлөшүп заманбап муниципалдык базар куруу пландалып жатат. Ал жерге 20 орундуу дыйкан базары болот. Базардын ичинде экологиялык таза продукциялар коюла турган экомагазин ачылат. Мында экологиялык продукцияны тастыктоочу лаборатория жана продукцияны жарнамалоо жана сатуу боюнча атайын маркетинг болот.

 -Бардык ишти жасоодо каржы маселесине такалат эмеспи. Айыл өкмөттүн бюджети жөнүндө айтсаңыз?  

-Туура айтасыз. Көптөгөн иштерди пландаганыбыз менен каражатка келгенде токтоп калабыз. Ошентсе да каржы булагын издөөдө аракеттер жүрүп, натыйжасын берди. Тактап айтканда жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү жыл башына берилген планга караганда жылдын жыйынтыгы менен 113,3%ды түздү. Айыл өкмөтүнүн бюджети жылдын башына 3% өзүн-өзү каржылоосу планга коюлса, жылдын жыйынтыгы менен бюджеттин аткарылышы боюнча өткөн жылга салыштырмалуу 6,3%га өзүн-өзү каржылады. Бул өсүү барып айыл өкмөтүбүздүн дотациядан чыгуунун жолу. Негизинен айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө жыл жыйынтыгы менен салыштырмалуу ички дүң продукциянын көлөмүндө 109,2 %га чейин өсүү болуп турат.

-Негизинен айыл аймакта эл мал жана дыйкан чарбачылык менен алектенишет. Бул жөнүндө кандай иштер аткарылды?              

-Дыйкандар үчүн талаа жумуштарына керектүү болгон минералдык жер семирткичтер, агрохимикаттар менен өз убагында камсыз болуш үчүн арзандатылган кредиттерди алуу боюнча жардамдарды көрсөтүп келебиз. Андан сырткары заман талабына ылайык айыл аймак боюнча 6 күнөскана бар. Айыл аймагындагы пайдаланылбай жаткан 5 га кайракы жер бак эгүүгө берилди. Ал эми бардык айылдан келишимдик мөөнөтү бүткөн жерлер аукционго коюлуп, ижарага берилип турат.

Жайыт пайдалануучу малчылар үчүн да кам көрүп турабыз. Алыскы жана жакынкы жайыттарга скважиналар салынып, өз убагында оңдоп- түзөө иштери жүргүзүлүп турат. Жайыт комитети менен АРИСтин кичи долбоору алкагында айыл чарбасына керектүү дары чачуучу шаймандар, 3 даана жем чыгаруучу дробилка алынды. Андан сырткары АРИС тарабынан жайыт комитетине көчмө кыркым пункт ачылып, азыркы күндө иштеп жатат. Жакынкы жайытта жашаган малчыларга шарт түзүү максатында РЭС тарабынан столбалар коюлуп берилди. Жалпысынан айыл ичиндеги көчөлөргө 203 электр столбалары орнотулуп, жарыктандыруу коюлду. Андан сырткары РЭС менен биргеликте иш алып барылып трансформаторлор коюлду. Ошону менен бирге ички жолдорубузду да оңдоодо жергиликтүү бюджеттен Бешик-Жон айылындагы ички көчөлөргө 1200 км асфальт төшөлүп, шагал төгүлдү. 

-Айыл аймактагы курулуш иштери жөнүндө айтсаңыз.

-Мамлекеттин казынасы тартыш экенин баарыбыз билебиз. Ошентсе да жергиликтүү бюджетибизден жогоруда айтып кеткендей ар бир айылга бирден бала бакча курулду. Спортко болгон жаштарыбыздын талабын эске алып айылыбызга спорт комплексин курдук. Борбордук стадиондун кире беришине жергиликтүү бюджеттен 184917 сом жумшалып щебен төгүлдү, жөө жүгүрүү жолуна асфальт басылды. Камчатка участкасындагы Закир Шерматов көчөсүнө транспорт өтүүчү көпүрө тосмосу менен бүткөрүлдү. Карача айылынын Э.Абдраимов көчөсүндөгү сел арык бетондолуп, жанындагы сел арыкка 8×12метр болгон чоң мост курулду. Мындан сырткары Баймундуз айылына жергиликтүү бюджеттен 1 миллион акча каражаты бөлүнүп, кичи үстү жабык футболдук аянтчасынын куруу иштери башталган. Түрткү берүүчү грантка 3 млн. 117 миң сомдук долбоор жазылып, быйылкы жылы курулуш иштери аягына чыгып жатат. Ал эми Жон айылына заманбап орто мектеби курулат. Мектептин курулушуна  республикалык бюджеттен 38 млн. сом акча каражаты бөлүнгөн. Азыркы күндө 2 млн. сом которулуп, курулуш иштери баштоо алдында турат. Курулуш иштерин жүргүзүү укугун “Строймебсервис” ишканасы утуп алган. 

Жон жана Карача айылдарына заманбап ФАП куруу боюнча долбоорлор жазылып өткөрүлдү. Баймундуз айылындагы ФАП азыркы кырдаалга жараша долбоор аркылуу жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.

– Айлана-чөйрөнү кароо дагы көп түйшүктү жаратат. Ошону менен бирге элдин саламаттыгына, билим берүүгө жана маданиятка канчалык деңгээлде көңүл бурулат?

-Айылдардагы мектептер, бала бакчалар, мекеме-ишканалар жана көчө комитеттер менен биргеликте коомдук жайларды, көчөлөрдү жана арыктарды тазалоо, бак-дарактарды бутоо, актоо иштери боюнча иш-чаралар иштелип, аткаруу иштери өз убагында жүргүзүлөт. Көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча жаз мезгилинде ар жума сайын ишембиликтер өткөрүлүп, ага 12 мекеме-уюм катышып турат. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнүп  таштандылар алынып турат. Жылына он миңден ашык түп ар түрдүү көчөттөр жана гүлдөр отургузулат. 100 км ден ашык ички арыктарга канал капатель тартылган. Айыл өкмөтүнүн имараты жана маданият үйү оңдоо-түзөөдөн өткөрүлүп, тегереги бетондолду (атмоска). Айыл аймагындагы №8 УДТ имаратына жергиликтүү бюджеттен 33000 миң сом жумшалып, 8 тонналык суу сактоочу кудугу курулуп берилди.  

Өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата айыл аймактагы 5 бала бакчанын ар бирине бирден ноутбук жана принтер алынып, интернет жана видеокамералар орнотулду. Балдардын кийимдерин чечүүчү шкафтары алынды. Ал эми окуучулардын ден соолугуна кам көрүү максатында жергиликтүү бюджеттен окуучулардын температурасын текшерүүгө ар бир мектепке 2ден тепловизор, 1ден санитайзер алынып берилди. Мектептерде демөөрчүлөр менен да иштер жүрүүдө. №7.М.Мамбеталиев орто мектебине Базар-Коргон районундагы №63 Б.Абдраимов атындагы лицейдин филиалын ачуу менен балдарды тракторист, айдоочулук, тигүүчүлүк жана ашпозчулук кесиптерине ээ кылуу үчүн атайын кабинеттер ачылды. Жергиликтүү бюджеттен 329,3 миң, республикалык бюджеттен 1684,4 миң сом бөлүнүп Бешик-Жон айылынын маданият үйү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп ишке берилди.

Жергиликтүү бюджеттен 398,3 миң сом бөлүнүп стадиондун чуркоо айлампасы жана аянтчаны жашылдандыруу үчүн суу чыгарылды. Ошондой эле 50 миң сомго футболдук дарбазасы, 20 миң сомго футболдук аянтчасы жашылдандырылды. 2019-жылдын 20-декабрь күнү премьер министр тарабынан спорт комплекстин ачылышы өткөрүлдү. Ачылышка карата спорттук мелдештер уюштурулуп, жеңүүчүлөргө жергиликтүү бюджеттен 40 миң сом бөлүнүп берилди. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 700 миң 536 сом акча каражаты которулуп стадиондун кичи футбол аянтчасынын айланасы кошо тосулуп, дарбазасы коюлду.

 “Электрондук окуучу”, ”Электрондук окуу китеби” комплекстүү ыкмаларына өтүү максатында мектептер арасында тегерек столдор өткөрүлүп турат. Акырында айтарым элибизде, жерибизде тынчтык болсун. Жакында болгон кыргыз-тажик чек ара чыры дагы бир топ элибизге кайгы алып келди. Биз дагы Баткен элине четте карап турбастан колдон келген жардамды бердик. Айыл аймак боюнча жарандардан 380 миң сом чогулса, бардык мамлекеттик кызматкерлер 1 күндүк айлык акысын которушту. Андан сырткары 3 фура жана 1 портер азык-түлүк, күнүмдүк керектелүүчү буюмдар жөнөтүлдү.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17