Аймак

ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК 30 ЖЫЛ

ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК  30 ЖЫЛ

 2,370 Бардыгы /

1991-жылдан тарта Кыргызстандын жаңы тарыхы башталган. Эгемен жана көз карандысыз өлкө катары башка мамлекеттер менен эки тараптуу дипломатиялык алака-катыш түзүп, тең ата мамиле күтүүгө жетишкен. Тарыхчылардын айтымында, бул кыргыз элинин кылымдан бери талпынып, эңсеп келаткан тилеги эле. Деген менен 30  жылдык эгемендик тарыхта кандай ийгиликтерге ээ болдук? Биздин өнүгүү жолубузда эмнеден аксап жатабыз? Эгемендик бизге эмне берди? Өлкөнүн абалы тууралуу сөз болсун…

ИБРАГИМОВ Бекболот Областтык бейтап соттун кеңешинин төрагасы

Эгемендүүлүк кыргыз элине башкача көрк кошуп берди. Негизи биз мурун деле эгемендүү болуп өзүбүздүн республика, өзүбүздүн туубуз, гимнибиз болгон. бирок союздук мамлекеттер менен бирге. Эгемендик бизге  биринчиден сөз эркиндиги, кыргыз жаранынын эркиндигин бизге тартуу этти. Эркиндик жөн жайдан келген жок, кыргыз эли баштаган эркиндик көптөгөн жоготуулар менен кошо келди. алар кандай жоготуулар деп турсаңыздар биз руханий жактан байыганыбыз менен экономикабыз түшүп чабал мамлекет болуп калдык.

Эгемендүүлук бизге оной келди десем жаңылышпайм, себеби башка мамлекеттер эркиндик үчүн канча согушту башынан өткөрдү, а биз оңой эле көз карандысыз өлкө боло калдык. Бирок бизде андай жагдайлар болбосо деле экономикабыз түшүп начарлап кыймылдаткыч күчтөр жок болуп калды. Биз азыркы учурда көп нерселерибизден айрылып, көптөгөн иш каналарды,  өндүрүштөрдү, экономикабызды  эң жаманы 70 жыл ата бабабыздын мээнети кеткен нерселердин баарын жок кылып койдук. Керек  болсо  алар салып койгон завод-фабриканы талкалап астындагы бетонду алып тындык. Андан сырткары кадр саясаты дагы токтоп тескеричинче бизнеске айланып кетти. Мамлекет качан гана күчүн жоготкондо кадр саятсаты бизнеске айланат экен. Мына биздин мамлекетибиз дагы банкрот болоюн деп калды, кард саясаты таптакыр жок, иштей турчу адам эмес тааныш билиш болуп келип калды, миграцияны көбөйттүк  кыргыз эли бүткүл дүйнөнүн булуң бурчунда жүргөндүгү  эгемендүүлүктүн терс жаткары деп ойлойм. Эми келечек жаштардын колунда бирок карыларды сыртка таштабаш керек. Карынын сөзүн капка сал деген нерсени колдоно турчу заман. Жаңы бир саясат менен мыйзам менен иштеп баштасак  кыргызстан оңолот. Элибизди куттуктап, эгемен болгон мамлекетибизди куттуктап майрамдайлы. Атка минерлреге кудайым өзү нысап берсин, алар кыргыз эли үчүн деп иштегенде гана биз оңолобуз.

ТОКТОГУЛОВА  Гүлжамал философия илимдеринин кандидаты, ЖАМУнун доценти

Биз 30 жылдын ичинде биринчи кезекте суверендүү мамлекет боло алдык. Экинчиден, коомдук жана улуттук аң-сезимдин жогорулоосуна алып келди. Үчүнчүдөн, демократиялык түзүлүштү берди. Төртүнчүдөн, башка көптөгөн мамлекеттер Кыргызстанды өзүнчө эгемен мамлекет катары тааныды. Бешинчиден, жарандык коомдун калыптануу жараяны жүрүүдө. Алтынчыдан, дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин арасында Кыргызстан деген мамлекет пайда болду.                                                                      Адамзат жашоосу оң жана терс жагдайлар менен коштолот эмеспи. Ошол мыйзамдуу көрүнүшкө ылайык кыргыз коому да бир катар жагдайларды баштан кечирди. Көптөгөн нааразычылыктар болуп, үч жолу бийлик алмаштырдык. Бирок ааламдашуу жараянынын оң жана терс жагдайларына туруштук бере алдык. Санариптештирүү жараянын колго алдык. Бирикке улуттар уюмуна мүчө боло алдык. Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө боло алдык. Демократияны орното алдык.  Биринчиден, ички ынтымакты, саясий туруктуулукту сактообуз шарт. Экинчиден, чек ара коопсуздугун камсыздоо зарыл. Үчүнчүдөн, экологиялык коопсуздукту камсыздоо керек. Төртүнчүдөн, энергетика булактарын көбөйтүү, альтернативдүү булактарды табуу, күн энергиясын пайдалануу, шамалдан энергия алуу, айыл-чарбаны анын ичинде мал-чарбасын өнүктүрүү, кичи ишканаларды куруу зарыл деп ойлоймун.

Урматтуу кыргызстандыктар, кыргыз элим! Сиздерди эгемендүүлүккө жеткен 30 жылдык маареке менен чын дилимден куттуктайм. Кыргызстандын ар бир жараны эгемен жашоонун баалуулугун жан дүйнөбүз менен сезип, туюп, көз карандысыз мамлекетибиздин түбөлүктүүлүгүнө өз салымдарыбызды кошууга милдеттүүбүз. Анткени, эгемен өлкө болуу бул биздин эң жогорку жетишкендигибиз. Жашоодогу майда-барат көрүнүштөрдүн баарын утурумдук сыноолор, келечекте Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдүн катарын толуктайт деген ойдомун. Майрамыңыздар менен!

БОРОШОВ Султан ЖАМУнун ага окутуучусу эл аралык Рыспай Абдыкадыров клубунун негиздөөчүсү жана президенти

Эгемендүү кыргыз элинин эгемендүүлүгүнө 30 жылдык маарекесинин алдында турабыз. Бул 30 жыл биздин кыргыз эли үчүн 100дөгөн жылдарга тете чоң сыноолорду да берди, бирок элибиз ошол нерсени ар намыстуулук менен көтөрүп кетти. Баардык кыйынчылыктар аркада калды кудай буйруса. Мына ушул 30 жылдын арасында менин ээсимде бар 1991-жылы  кыргызстан өзүнчө мамлекет болобу деген өзүнчө бир чоң маселе 15 республиканын ичинде козголгон. Кыргызстан ошол 15 республиканын  ичинен  биринчи болуп бөлүнүп чыгып эгемен мамлекет болуп калыптанган.

Ошол 30 жылдын аралыгында канчалаган оор күндөр болсо дагы, татаал тагдыр  болсо дагы элибиз ынтымак менен, биримдик менен, сабыр менен жеңип чыкты. Канчалаган жоготуулар болду, каталарды кетирдик бирок алардын баары артта калды. Мындан ары демократия берилди, өзүбүздүн  улуттук каада-салттарыбыз менен жашай турган мезгил келди, кыргыз тили мамлекеттик тил болду, валюта кабыл алдык, бул болуп өткөндөргө биз албетте сыймыктанышыбыз керек. Элибиздин биримдиги ынтымагы аркылуу биз ушуга жетиштик.

Улуттук идеология президенттик указдары боюнча багыт алып кетсек биримдик болсок, ынтымак болсок баарыбыз бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарсак өнүгүп өсө алабыз. Себеби бүгүнкү күндө мамлекетибиздин саясаты элдин талабын, журттун талабын көздөп эл колдогон президент бийликке келип ошол элди оор акыбалдан чыгарып кетет деп ойлом. Эл буга  ишенип турат.  Бул үчүн бир гана чыдамдуулук керек ынтымак керек. Баарыбыз бир муштум болуп түйүлүп бир багыт менен кетсек биздин мамлекет борбор азиядагы эң алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошула алат. Мен буга ишенем, себеби кыргыз эли көкүрөгү бийик, манас атанын урпактарыбыз да,  тарыхыбыз эле өзүнчө баш көтөрүп сыймыктанарлык. Ошону менен  оор мезгил артта калды, 2 жылга созулган пандемиядан дагы элибиз аман эсен чыгып кетип жатат. Маданиятыбыз, экономикабыз өнүгүп өз ордубузду табабыз. Мен ишенем жакынкы күндөрдө эле эң алдынкы өнүккөн мамлекеттердин катарын толуктайбыз.

КАДЫРБЕКОВ  Нуржигит МКИТ КР экс министри , коомдук, мамлекеттик ишмер, акын жана жазуучу

Эгемендик бизге өзүбүз үчүн өзүбүз жоопкерчиликти алууга, барар багытыбызды, басар жолубузду тандаганга мүмкүнчүлүк берди. Анан өзүбүздүн экономикабызды , ички жана тышкы саясатыбызды, социологиябызды жүргүзүү жолун аныктоого мүмкүнчүлүк берди. Эл аралык деңгээлде өзүбүздүн туубузду көтөрүп желбиретип, гимнибизди ырдап, гербибиз менен сыймыктанууга, анан эл аралык аренада тең   ата болуп сүйлөшкөнгө чоң бир мүмкүнчүлүк  жаратты десем жаңылышпайм.

Ушуга чейин аябай эле көп сыноолорду башыбыздан өткөрдүк чек ара чыры, революциялар, Кум-Төргө окшогон бир топ маселелер болду анткени биз эгемендүү мамлекет катары тажрыйбабыз жок болчу, бир жагы коррупция маселеси бар, андан сырткары ошончо акча келди бирок эмне калды деген маселе бар да,  өзүн актай турган жумуш орундарын түзө турган бир объектилерди курсак жакшы болот эле жөн эле чөнтөктөргө кетип  кумга сиңген суудай жок болуп кетти. Ошону менен биздин укум-тукумдарга деле анын пайыздары карыз болуп атат.  Мыйзамдар кабыл алынды бирок аткарылган жок.Билим берүү тармагынан артта калдык, бөлүнүп жарылып жатабыз, канча адамдар миграция болуп кетип жатат. Экономика жактан артта  кылдык, Завод-фабрикаларды иштетип  кайра алыш керек болчу, аларды талап тонотуп алып чарбаны жоготтук. Бунун баары шашылып жасагандыктан деп ойлойм.

Бирок кантсе дагы өзүбүзчө жашаганга, өз маселебизди чечкенди,жеке менчик пайдаланганды үйрөндүк. Андан сырткары  дин саясатын бир ыраакка салып молдо акелерди илимдүү билимдүү болуга багыттаган Ыйман фонду өзүнчө бир жакшы долбоор түздүк.

Эми мамлекетти өнүктүрүү үчүн биринчиден улуттук ынтымак керек, экинчиден ар бир адам мамлекетке салым кошушу керек,билим берүүгө өзгөчө көңүл бөлүнүшү керек, анткени, илимдүү озот, илимсиз тозот деген сөз бар. Өкүнүчтүүсү бизде илимдин саны көп бирок сапаты жок болуп жатпайбы. Анан чындыгында биздин  өлкө адеп державасы,маданият державасы болсо  жакшы болот эле.

Элибизди 30 жылдык менен куттуктайм.30 жылдык бир жагы чоң  суроп болгону мен, бир жагы кыпындай эле нерсе, тарых үчүн көз ирмем бирок эми мындан аркысы кандай болот өзүбүздөн гана көз каранды. Эгемендүүлүк бул бизге керек, биз кандай болсок, кандай жоопкерчилик менен карасак ошого жараша келечегибиз дагы уланат. Ошону үчүн ынтымакта, жоопкерчилик менен мамлекттик институттарды бекемдеп, сыйлап, мыйзамдарды аткарып, айтор чыныгы мыкты жарандардан бололу. Өлкөбүз өсө берсин, кадыры бийиктей берсин!!!

АБДЫКЕРИМ кызы Айсезим

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17