Аймак

Назира, мигрант: Тогуз жыл казактын малын кайтарып жүрдүм

 2,178 Бардыгы /

“Бирөөнүн жеринде султан болгуча, өзүңдүн жериңде ултан бол” дейт элибизде. Көр оокаттын айынан чет өлкөгө кеткен кыргыз мигранттардын баары жыргап кеткен жок. Бөтөн жерде, бөтөн элде бактысы ачылбай ар кандай кыйынчылыктарга туш болуп, тагдырдын татаал сыноосун башынан өткөргөн жердештерибиз ого эле көп. Алардын катарын толуктаган Назира эже да бар. Казак жеринде тогуз жыл кулчулукта жүрүп, Кыргызстанга араң кайтып келген Назира эже башынан өткөргөн күндөрүн мындайча баяндап берди.

Апам экөөбүздү казактар алдап иштетишти

Атам каза болгондон кийин апам экөөбүз башыбыздан оор кыйынчылыктарды өткөрө баштадык. Бирде ток, бирде ачка калган күндөр өттү. Ал кезде айылда жумуш жок элдин баары чет өлкөгө, көбүнчөсү казак жерине барып иштеп келишчү. Аларды көргөн апам, “Казакстанга барып иштеп келелик” деп калды. Ошентип, мектептеги окууну таштап, көр оокаттын айынан Казакстанды көздөй жумуш издеп жөнөдүк. Алгач эле тамеки айдап, аны кайра терип, айтор талаа жумуштарында эмгектендик. Азыр ойлосом апам экөөбүздү казактар алдап эле иштетиптир. Эмгек акыбызды да берген жок. Андан кийин бир байдын малын багып, анын үйүндө эптеп күн өткөрүп жүрдүк. Кышында апам мал кайтарып жүрүп өпкөсүнө катуу суук тийгизип алыптыр. Оорусун эч кимге билгизбей мал багып жүрө берди. Бирок, апам дартын жашырганы менен, анын кыйналганын көрүп, өзүм дагы коркуп жүрдүм. Кыргызстанга барып, ошол жерден эле оокат кылалык деп апама айтсам, тиги мал бактырган бай документтерибизди эчак эле алып, бизди мечигине айландырган экен.

Төрт жыл бою казактын малын багып жүрдүм

Бир күнү апам төшөктөн турбай катуу ооруп калды. Бейтапканага алып барсак кургак учук деп, дароо жаткырышты. Ошентип, апам бейтапканада эки күн жатып каза болду. Энеден айрылгандан кийин жашоонун сага кереги жок болуп калат экен. Дарыгерлер апам каза болгондугу жөнүндө Казакстанда иштеген Кыргызстандын элчилигине кабарлашыптыр. Анан элчиликтин сунушу менен апамдын сөөгүн казактардын жерине бердик. Кыргызстанга кетем деп элчиликке айтсам, 18 жашка чейин тиги байдын колунда болушум керек экен. Себеби, ал апам экөөбүздү менчиктештирип алыптыр. Бул кабарды угуп, жер тепкилеп өңгүрөп ыйлаганым менен эч пайда чыккан жок. Ал кезде 14 гана жашта элем. Төрт жыл казактын малын багып, сөз менен айта албаган кыйынчылык күндөрдү башыман өткөрдүм. Элчиликте иштеген Абдыкапар байке менен жакшы таанышып калгам. 18 жашка чыккандан кийин, казак шефимди алдап бир айга мени Кыргызстанга барып келсин деп, алып кетти.

Кыргызстанга тогуз жылдан кийин гана кайтып келдим

Ошентип, Казакстанга 9 жашымда кетип, 18 жашымда Кыргызстанга кайтып келдим. Бишкекте кароосуз калган адамдарга жардам берген атайын борбор бар экен. Элчиликте иштеген Абдыкапар байке борбор менен сүйлөшүп, ошол жерге жайгаштырды. Бир дагы документим жок эле, борбордо иштеген эжелер чуркап жүрүп, паспортумду алып беришти.

Кайын эжелерим, “оорукчансың” деп үйдөн кубалап чыгышты

Борборго келгенден кийин, бир эже аркылуу жолдошум менен таанышып Көлгө турмушка чыктым. Жолдошум экөөбүз ынтымактуу жашап, эки кыздуу болгондон кийин кайын эжелерим, “оорукчансың” деп үйдөн кубалап чыгышты. Эки кызымды көтөрүп алып, кайра шаарды көздөй жөнөдүм. Бул жерде жашаган жерим жок болгондуктан, ар кимдин үйүнө туруп, күн өткөрүп келем. Кыздарым кичинекей болгондуктан туруктуу жумушка да иштей алган жокмун. Азыркы учурда балдарымдын күнүмдүк нанын эле таап, бир батирде жашайм. Жолдошум балдарын бир дагы жолу сурап койгон жок.

Кат сабатым жоюлган жок

3-классты окуп жүргөндө Казакстанга кетип, ошол бойдон эч бир жерде окуган эмесмин. Сандарды кошуп, эсепти туура чыгара албайм. Кеч болсо дагы окуп билбеген нерсемди үйрөнүп алсам деген ой-тилектер бар. Анан балдарыма жакшы тарбия берип, адам кылып чоңойтуп алсам дейм.

Айжаз САКИЕВА

Булак: Айат

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17