Аймак

КЫРГЫЗСТАНДА АЖАТКАНАЛАРДЫН АБАЛЫ НАЧАР

КЫРГЫЗСТАНДА АЖАТКАНАЛАРДЫН АБАЛЫ НАЧАР

 4,407 Бардыгы /

Дараткана маселеси Кыргызстанда канча жылдардан бери айтылып келе жаткан көйгөй. Бүгүнкү күнгө бышылып жетип, эң орчундуу болууда десек болот. Анткени өлкөнү өнүктүрчү туризм тармагындагы эң аксап турган көйгөй ажатканалардын абалы.

Аваз ЖУСУПБЕКОВ, Талас шаары

ДАГЫ БИР ВТОго КАЧАН КИРЕБИЗ?

Айтмакчы, биздин өлкө көп жылдан бери Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (ВТО) мүчө болуп жүрөт. Ал жөнүндө бассак да турсак да мактанып жүрөбүз. Андан кандай пайда көрдүк, кандай пайда таптык? Аны билермандар айтсын. Эл аралык дагы бир абройлуу уюм бар. Ал да ВТО – Бүткүл дүйнөлүк дааратканалар уюму (Всемирная Туалетная Организация)! Мына ошого мүчө болсок чын эле чоң пайда тапмакбыз, көп нерсени үйрөнмөкпүз. Бул уюмга көптөгөн өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөр кирген. Россиянын дааратканалар ассоциациясы 2001-жылы мүчө болгон. Жалпысынан бул уюмда жыйырмадан ашык ассоциациялар бар. 2001-жылы дааратканалардын проблемалары боюнча Сингапурда өткөн эл аралык конференцияда 19-ноябрь – Бүткүл дүйнөлүк даараткана күнү деп жарыяланган (биздикилер билеби?). 2009-жылы да ушул эле шаарда дагы бир ирет эл аралык жолугушуу-саммит болгон. Эмне үчүн улам эле Сингапурда өтүүдө? Анткени, бул гигант шаардын коомдук дааратканалары, баса көрсөтөйүн, көпчүлүк үчүн салынган дааратканалары дүйнөдөгү эң ыңгайлуу, санитардык жактан эң таза, бүгүнкү күндүн талабына бардык жактан жооп берген үлгүлүү деп эсептелинет. Тартипти бекем кармаган бул өлкө айып пулдары менен таанымал эмеспи. Аларда даратканынын суусун агызбай койгондор үчүн 150 доллар айып пул салынат.

Ошондой эле эл аралык саммиттер 2001-жылдан бери Сеул (Түштүк Корея), Тайбэй (Тайвань), Пекин (КНР), Белфаст (Түндүк Ирландия), Москва (Россия), Нью-Дели (Индия), Макао (КНР), Филадельфия (АКШ), Хайнань (КНР) ж.б.шаарларда өткөрүлүп келген. Сингапур мамлекети дүйнөдө биринчи болуп даараткана колледжин ачкан. Мында студенттер коммуникация, сантехника жабдыктарын, дизайн, архитектура боюнча адис болуп чыгышат. Ал эми Кыргызстанда даараткана боюнча адистер кантип даярдалат? Же бизге кереги жокпу? Даараткана маселеси – мамлекеттик маанидеги масштабдуу маселе. Ошондуктан, коомдук дааратканаларды курган, аларды караган, көзөмөлгө алган өзүнчө бир комитет же агенттик, иши кылып бир өтө жооптуу мекеме-уюм керек.

                                                                                                                               Булак Кыргыз Туусу

 

Мавлюда МАМАТОВА, шаар тургуну:

“ЖАШ БАЛДАРГА АКЫСЫЗ БОЛСО…”

-Кээде жаныңда акча жок болуп калган учурлар деле болот. Азыр маршруткаларда жол акы 10 сом. Дааратканалар деле 10 сом. Мурда 5 сомго көтөрүлдү эле. Азыр 5 сомдуктарын чанда кезиктирсин. Бирок 10 сом төлөп кирип, жыттанып чыкканың жаныңды кейитет. Ошончо акчасын алгандан кийин абалын да жакшыртып коюшу керек. Жаш келиндер жол четине наристелерин көп тозушат.  Жаш балдар үчүн акысыз эле кылып коюшса, коомдук ажаткана иштеткендер анчейин деле зыянга учурабайт эле. Өзүм коомдук ажатканаларга кирбейм. Анткени мусулмандарга ылайыктуу эмес. Санитардык абалынан тарта шарттарына чейин начар. Даарат алууга шарттар каралган эмес. Элибиздин басымдуусу мусулмандар болгондуктан коомдук ажатканаларды да даарат алууга ылайыкташтырып курушса жакшы болмок. Андайлар такыр жок деп айта албайбыз. Бирок аз.

 

Сейдалы ЖЭЭНАЛИЕВ, пенсионер:

“ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК СОТУНДА ДАРАТКАНА ЖОК”

-Шаардык сот имаратында сот процессине келгендер үчүн ажаткана жок. Сот процессинде тез эле маселең чечилип калбайт. Күнү кечке, эки-үч сааттай отурган күндөр болот. Сот жетекчилиги иши түшүп келген тургундар, клиенттерине шарт түзүшү керек. Узак жол, айдың талаа эмес, жөнөкөй ишкана дагы ажаткана маселесин чеч албай отурушат. Албетте шаардык, облустук соттордо дааратканалар бар. Бирок алар кызматкероер үчүн гана. Кулпулап бекитип алышкан. Азыр барсаңыздар деле 20-30 чакты адам күтүп отурушат. Сурашсаң эч кимиси билбейт кайсыл жерге ажатканага бараарын. Эгер даараткана менен каржылаганы шарты туура келбесе. Анда акылуу кылып койсун.  10 сомдон акча түшүп турса өзүн өзү каржыламак тургай, бизнес да болот.  Ашканалар, тамактануучу жайлар курулуп жатат. Бирок дааратканасы жок.

 

Райкан АРАПБАЕВА,  студент:

“АЖАТКАНАЛАРДЫН АБАЛЫ ТУРИЗМДИ АРТКА ТАРТАТ”

– Бул маселе көп жерлерде анчалык деле көтөрүлө бербейт. Башкача айтканда назарга алынбай келет. Бирок чоң мааниге ээ. Себеби, ажатканалар жайгашкан өлкөбү, шаарбы ал жердин тазалык абалын билгизип турчу белги. Биз чет тили адистигинин студенттери, чет мамлекеттен келген туристтер менен баарлашып калабыз. Эң биринчи кезекте аларды нааразы кылып, көңүлүн калтырган нерсе биздеги тазалыктын начардыгы. Бул сөз туристтер тарабынан түздөн-түз айтылбаса да ар дайым алар тарабынан каймана да козголуп келген көйгөй. Менин жеке көз карашымда мамлекеттик имараттардан көрө жеке менчик имараттарда ажатканаларга жакшы көңүл бурулган. Демек ажатканаларга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулушу керек. Ажатканалардын абалын жакшыртсак туризм тармагында бир топ өнүгүүлөр болмок. Анткени туризм өлкөнү өнүктүрчү кирешелүү тармак гана болбостон, биздин жүзүбүз. Үйүбүзгө конок келгендей эле. Ар бир турист Кыргызстандын коногу. Андыктан аларга жагымдуу шарт жаратып бериши керек. Кыргызстандагы эң бийик шаркыратма жайгашкан жаңгак токойлуу Арстанбап жергесине канчалаган туристтер кызыгышат. Өлкөнүн жүзү болчу мындай эс алуу жайында ажаткана дегендин өзү жок. Болсо да жараксыз, чет элдиктер эмес өзүбүз да кире албайбыз. Ар кандай долбоорлорго катышып, дээрлик биздин айтылуу эс алуу жайларыбыздын баарында болдум. Эч биринен ажаткана көйгөйү жок деп айта албайм. Бардык жерде ушул көйгөй.

 

Замирбек САТЫБАЛДИЕВ, айдоочу:

“КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЖОЛДОРДО ДАРАТКАНА МАСЕЛЕСИ КАРАЛГАН, ЭСКЕ АЛЫНГАН ДА ЭМЕС”

-Мисалы Казакстанда ар бир 30 километрде даараткана бар. Бардык шарттары менен, кеңири. Эли да маданияттуубу, таза турат.  Россияда ар бир май куюучу жайда дааратканалар бар. Кыргызстанда каерден башташты билбейсиң. Кайсы узак жолун айтпа, дааратканасы жок. Ош-Бишкек жолундагы Чычкандагы кафелердин дааратканаларга кирип сасып чыгасың. Башкача айтканда эбак эле жараксыз болгон дааратканалар.  Төө-Ашууда акылуу дааратканалар болгон менен жараксыз, абалы өтө начар. 2001-жылдан бери Бишкекке каттайм. Ошол убактан бери эле ар чыккан клиенттерибиз айтып келе жаткан, ошол жылдардан бери эле көйгөй болгон бирок каралбаган иш. Бул маселе үстүндө ар бир клиент менен сөз болот. Анткени кайсы жерде токтобо шарты начар даараткана. Унаага чыкканда эле жыты кетпей бир азга туруп калат. Туура май куюучу жайлардын дааратканалары бар. Мисалы “ГазПром” ишканасынын май куюучу жайларынын баарында бар. Бирок кулпулап бекитип алышкан. Сапардагыларга ачып беришпейт, Өздөрү үчүн гана. Кара-Балтадан Сокулукка чейинки баардык май куюучу жайлар ажатканаларына сапарда жүргөндөрдү киргизбейт. Ал жерде иштегендер үчүн гана. Бизде ажатканалар бул жакта турсун, тамактануучу жайлардын абалы начар. Андыктан жакын арада бардыгы жакшырып, укмуш болуп кетиши кыйын.

 

Урмат МАМАТОВ, Жалал-Абад шаарынын Коммуналдык чарба жана курулуш иштери боюнча вице-мэри:

“ШААРГА ЖАҢЫ АЖАТКАНАЛАРДЫ КУРУУ ПЛАНЫ БЫЙЫЛКЫ ЖЫЛГА КАРАЛГАН БОЛЧУ”

-Коомдук жайларга ажатканаларды куруу боюнча шаардык бюджетке киргизилип, каралган. Бирок быйыл барыңыздарга белгилүү болгондой шаардык бюджет иштетиле элек. Мурдагы жылдары коомдук жайларга ажатканалар курулган эмес. Курула элек болчу. Ооба, коомдук ажатканаларды куруу, кароо шаардык мэриянын милдетине кирет. Ал эми эскилиги жеткен ажатканаларды жаңылоо, жаңы курулчу ажатканалардын долбоору тууралуу шаардык муниципалдык башкаруу кызматы так маалымат билишет жана иш алып барышат.

 

Социалдык тармактардын колдонуучуларынын пикирлеринен:

 

  • 2017-жылы 33 500 жаңы типтеги даараткана курулат, 25 000 эски типтеги даараткана туристтерге уят болбогондой жаңыланат. Учурда, ал түгүл, “беш жылдыздуу” дааратканалар да салынууда. Көпчүлүгү акысыз!

 

  • Бельгияда 250 окуучусу бар мектептин 22 туалети бар. Ар бир класстык кабинетте, 10–12 окуучуга бирден туалет. Имараттын ичинде.

 

  • Кара-Суу районунда жайгашкан Борбор Азиядагы эң ири базарыбыз мындан беш жыл мурун полу урап түшкөн. Он сегизи адам жаракат алып, 4 киши өлүмгө учураган. Анын сот иштери бүгүнкү күнгө чейин бүтпөй жабырлангандар тиешелүү жардамдарын ала алышпай келет.

 

  • Японияда акылдуу даратканалар бардык жерде бар. Магазиндерде, коомдук жайларда. Аларда музыкасы, улуу, кичүү заараны жууп койчу жылуу суусу менен. Баары автоматташтырылган. Олтурган жериңди да жылытып алсаң болот. Японияда кары-картаңдар көп болгондуктан «тез жардам» чакырып убара болбой зааранын анализин, кан басымын, кант диабетинин өлчөмүн унитаздан эле биле тургандай жаңы моделин жасап жатышат. А бизде…

 

Роза АКМАТЖАН кызы, “Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17