Аймак

Гүлайда ЖОРОБЕКОВА, салбурунчу: «ТАЙГАН БАККАН КҮЛҮК БАККАН МЕНЕН БАРАБАР»

Гүлайда ЖОРОБЕКОВА, салбурунчу: «ТАЙГАН БАККАН КҮЛҮК БАККАН МЕНЕН БАРАБАР»

 4,834 Бардыгы /

 

«Кумайык иттен эмес жорудан туулат, ал үч күн ичи тирүү туруп, ага чейин эч ким багып албаса, ал кушка айланып кетет» деген элдик түшүнүк жана аны багып, тарбиялап өстүрүү жөрөлгөлөрү жөнүндөгү көз караштар «Манас» эпосунда да орун алган. Илгертен кыргыз тайган агытып, куш салып, жылкы таптап келген эмеспи. Бүгүнкү күнү салбурунда ителги салып, көк бөрү ойногон уландарыбыз арбып барат. Куш таптап, бүркүт багып, тайган кармаган кыздарыбыз саналуу эле. Алардын бири биздин Жалал-Абаддын тургуну Гулайда Жоробекова. Биз анын ээрчитип жүргөн тайганына кызыгып, ал боюнча сурап билдик.

 

Тайгандын:                

Породасы – Таза кандуу кыргыз тайганы

Аты – Актөш, Акжолтой, Амани (үч аты бирге айтылат)

Жашы – 4 жылга караган

Олжосу  – 4 элик, 1 карышкыр алган

Сүйгөн тамагы – Бышкан эт

Паспорту бар.

 

– Тайганыңыз Актөштү кайдан, канча сомго сатып алдыңыз эле?

– Жумушум абдан көп болгондуктан көп жыл эргүүгө чыкпаптырмын. Анан бир күнү айылга Көк-Артка бардым. Түнү уктай албай койдум. Чөөлөр күүгүм кирээр менен уулуп ызылдайт. Ал тургай үйгө чейин кирип келип үндүгүбү, тоогубу көрдүм дебей алып кетишет экен. Айылда эми күчкө толгон жигиттер да калбады да. Баары Орусияда жүрөт. Кары картаң калган, анан алар билгениндей тайраңдашат экен. Ошондо бир ой кеткен. Атаңкөрү, бир тайган болсо го деп. Булар табиятты да бузбайт. Массалык кырууга жол бербейт. Адамдар мылтык менен напси балээ, каалашынча токтошпой атат да. Мылтыктын бир тарс деп чыккан үнү айлананы бузуп, жандууларды чочутат. Ал өрөөнгө жандуулар көпкө келиштейт экен. А тайгандар чочутпайт, тукум курут кылбайт эмеспи. Өзүм ушул тайган боюнча кызыгып жүргөм. Мен биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна барып калдым. Ыссык-Көлдө Алмаз Акунов деген мыкты жигит бар. Анын келинчеги Тамара: «Эже таза кандуу кыргыз тайганын бакпайсызбы?» -деп сунуштап калды. Ал ой мага да жагып, алардан бир тайган ала турган болуп калдым. Бирок алардын тайгандары жайлоодо экен. Анан таластык агаларыбыз бар эле, ал бизден алып кет деп калды. Анан мен Көлдөн алсамбы, Таластан алып кетсемби деп ойлонуп жүрүп келе бердим. Анан айтып калышты «Бир эркек, бир ургаачы алыңыз. Булар жалгыздап жүрө албайт, бири бирине көнүп калат. Бирок ургаачысы күчтүү болот» дешти. Анан менин туулган күнүмө аралаш насип экен ургаачысын алып келип беришти. Ошондо Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнунан кийин эле алдым да. Ал эми тайгандын баасы баасыз да. Аны ээси менен өз ара баалашып алдык.

– Өзүнө тиешелүү мүнөзү болсо керек? Ит менен тайгандын айырмасы, окшоштугу эмнеде?

Албетте. Мен канчалык тынч болсом, бул да ошондой тынч жүрө берет. Сөзгө кадимкидей түшүнөт. «Олтур!» десең олтурат, «Тур!» десең турат. Күнүгө беш мүнөттөй сүйлөшүп олтурам. Анан бир күнү таякты көрсөтүп урушуп койсом эки күнгө таарынып калды. Сөзгө аябай катуу реакция берет. Кээде көчөдө баратсак алдынан мышык чыгып калса, тиктешип аябай ойногусу келип калат. Кээде тим коём. Кээде урушуп койсом тултуңдап калат.

Тайган деген толугу менен мергенчиликке ылайыкташкан. Бул түлкү, карышкыр, чөө, коёндорду алат. Абдан сак болот. Тазалыкты жактырат. Сиз айткандай айрымдар «ичи ичине кирип кеткен арык ит ко» деп калышат. Булар породасы ошондой болот эмеспи.

– Жумасына канча ирет чуркатып, черин жазып турасыз? Буулугуп калган учуру болобу?

– Байлоодо болгон менен көп деле буулугуп калбайт. Анткени күнүгө багымдаттан кийин экөөбүз Телтору ат майданына жөнөйбүз. Эртең мененки таңкы салкын абада басып келебиз. Бул да кадимкидей ошол убакты күтүп турат. Анан көчөдө баратсак элдер «Көчмөндөрдүн итиби?»- деп калышат. Дүйнөлүк оюндан улам жарандарыбыз кадимкидей тайган, куштарга сый мамиле кылып, өзгөчө баалап калышты. Бүркүт десе чочубай, ителги десе коркпой калдык.

-Тамак-ашты кандай жейт, этти кайдан табасыз? Кышкысын кайда жашайт?

– Коёндон тарта музоосуна чейин жара тартып берип атабыз. Бул ырыскылуу тайган болду. Келген күндөн тарта үйдөн эт үзүлбөйт. Эбептен себеп болуп эле жандык союп калабыз. Тамагын абдан ылгап берем. Сүрсүгөн, жыттанган эт бербейм. Атала, жугунду тамак да ичирбейм. Анан бул бышырылган этти жакшы көрөт. Зээрикпей бышырам. Курут, колбаса жейт. Андан сырткары мите курттарга каршы витамендерди берип турам. Суусун да үзбөй, таза суу беребиз. Арыктагы же булганыч суу бергим келбейт. Анан бул таза кандуу болгондуктан назик болот ко деп калдым. Багымдагы гүлдөрдү, бак-дарактарды курт- кумурскалардан тазалайын деп дары алпарсам жыттап алган го ооруп калыптыр. Алсырап жүргөн. Анан бир күнү сейилдеп баратсак кусуп жиберди. Жеңилдеп, көңүлү ачыла түштү. Ошондон бери химикаттан алыс тутам. Негизи гүлдү абдан жакшы көрөт. Үйдөн да, көчөдөн да гүл көрсө абдан жыттайт. Жума сайын жуунтам.

Суукка чыдамдуу келет. Жаш өспүрүмдөр жыгачтан тайганга деп үй куруп беришкен. Ошол үйдө жашайт.

– Ден соолугуна кандай кам көрөсүз?

– Жогоруда айтып кеткендей тамак- ашына витамин кошуп берем. Андан сырткары ветврачка алып барып эмдөөлөрүн алдырып турам.

– Башкаларга кол салган учуру болду беле?

– Аа, бир окуя эске түштү. Бир жолу кызыл шым кийип алгам. Сейилдеп баратсак, бурулуп жалт карады да оозун кере ачты. Карышкыр алып көнүп калган неме да. Анан акырын балтырыма тиш салды. Бирок иттей болуп тиштеген жок. Анан «ай, сен эмне кылып жатасың» десем акырын коё берди. Кызыл шым ага эттей көрүнүп кеткен окшойт ко.

– Көпчүлүк билип калгандай сиз салбурунда бүркүт салып, куш таптап жүрөсүз. Эми минтип тайганыңыз менен таанышып олтурабыз. Бул өнөр сизге кимден өткөн?

– Негизи тукумубузда бар. Кандан канга өтөт деп коёт эмеспи. Атам Бекен Жоробеков жылкы таптап, бүркүт багып, тайган кармачу. АКШдан бир Джон Самер деген этнограф келип атамдан сурап баарын жазып, анан өзүн да фильмге тартып кеткен. Атам айтчу «Тайганды эл багар, журт багар деп коёт. Тайган баккан күлүк баккан менен барабар» деп.  А менин кызыгуум болсо атамдан өтсө керек.

– Тайганга мамлекет кандай көңүл буруп жатат?

– Ошол жагыбыз абдан аксайт. Бир эле мисалды айтайын, көчмөндөр оюндарында тайгандар жөнүндө Германиядан келгендер укмуш сонун журналдарды акысыз таратып жатышты. Бизде бир барак да жок.

Гүлмайрам САБИРБЕКОВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17