Аймак

ЖАҢГАК ТОКОЮНДА КУЛПУРГАН КАРГА ТЫРМАК

ЖАҢГАК ТОКОЮНДА КУЛПУРГАН КАРГА ТЫРМАК

 5,752 Бардыгы /

-Койчу, аай, кантип эле карганын тырмагы кулпуруп калсын, боло турган нерсени айтчы.

-Ооба да, айымдардын тырмактары кулпурганын айтсаң бир жөн, каяктагы карганы айтасын да, тазза кызык турбайсыңбы…

-Андай-мындай дегенден көрө, адегенде бир карап көрбөйсүнөрбү?

-Канакей, канакей, оой-иий, бул гүл беле? Мынча кооз! Ии, карагылачы! Не деген керемет, бажырайганын…!

– Карга тырмак деп жатсаң, албетте, ойдун баары тырмакка кетет экен да…

Мына ушундай кызыга да таңдана кобурашуулар каяктан чыга калды дегиче, сөздү андан ары улайлы.

Ооба, бул сүрөттө көз жоосун алып турган гүлдөр “карга тырмак” деп аталат. Булар Жалал-Абаддын Кар-Алма жаңгак токоюнун ичинде өсүп турганда тартылып алынган.

Жаңгак дарагынын тамырынан тартып мөмөсүнө чейин эле эмес, алардын өсүп турган жеринин кыртышы, айлана-тегереги дагы турган эле пайда экенин жаңгак токоюна жакын жашагандар жакшы билишет.

Жалбырактар калың төшөлгөн жер бети – турган эле органикалык заттар, эң пайдалуу чириндилер. Күндүн жалбырактуу шактар арасынан жол таап өткөн нурларынан кубат алып, ошол төшөлүп турган жалбырактарды жарып өтүп өсүп турган жашыл чөптөр, андан тышкары, кыбырап жүргөн курт-кумурскалар, шактан-шакка учуп-конгон канаттуулар ж.б. Бул эрте жаздагы көрүнүштун бир ирмеми. Эх, карасаңыз, кандай сонун уюшулган эко-композиция, не деген фауна да, флора деген суктануулар токойлордун айланасына аппак кар төшөлгөнгө чейин сансыз айтыла тургандай кооздук өкүм сүрөрү шексиз.

Бирок адамдардын адегендеги эле аракети жаңгак мөмөсү бышаары менен жан талашып терип алып, сатып акча табууга бурула турганы – турган нерсе. Күздүн орто ченинен тартып дондолой кабыктар каңтарылып, кызылдайлар ажырай башталып-баштала электе жаңгак теримине чабуул кадимкидей башталат…

Анан ошол ар кимдин алынын жетишинче кап-кап болгон жаңгак мөмөлөрү кышы бою базарларда сатылып чыгат.

Алып-сатарлык менен шугулданган соодагерлер илгери элдин колунан арзан сатып алышып Орто Азия чөлкөмүнүн ири шаарларына барып кымбат сатып пайда табышаар эле, азыр болсо кытай, түрк туугандар, алар менен соода ымалада болгон кыргыз, өзбектер дагы бул бизнести современный-заманбап улантышып, жаңгак маңыздарын чыгартуу үчүн адамдардыжалдап иштетишет.  Насыя таратылган жаңгактарды колдон келишинче алган карапайым адамдар аларды чагып, маңызын чыгарып келип анын маңызы чыгарылганга чейинки салмактарынын ортосундагы айырмадан киреше алышат, мисалы 10 кг жаңгактантүрүнө, маңыздуулугуна жараша, 4 кг -5 кг маңыз алынат, ошондо 1 кг жаңгак 100 сом болсо, чыгарылган  1 кг маңыз 200 сом.

Ошентип учурда жаңгак токоюн коргоп калуунун ордуна, чоң бизнеске айланган иш-аракет тууралуу сөздү көп уга турган болуп калдык…

Мындан сырткары, жаңгак токойлорунун аянты кыскарып, жайытка айланып, жаңгак дарактары ооруп жатканын, токой ичиндеги башка дагы мисалы, ак чечек, алча, долоно жана башка дарактардын, каш кулак, карышкыр, доңуз, кирпи чечен, түлкү, суур аттуу жапайы жаныбарлардын, бир нече чөп өсүмдүктөрүнүн саны азайып, айрымдары такыр эле көзгө көрүнбөй калганын бул аймакта илгертен туруктуу жашап калган калк өкүлдөрү байма-бай эле айтышат. Мен өзүм дагы ошол Орток токой чарбасына караштуу Кадуу, Топ-Жаңгак деген токойлуу аймакка улай жайгашып турган Ак-Тоок айылында жаңгак терип өсүп чоңойгондуктан бул маселени абдан жакшы билемин…

Ии, баса, кеп-сөзүм “карга тырмак” гүлү менен башталды беле?

Ооба, ооба, дал ошондой! Анткени жаңгак токоюн жан талашып жаңгак терүү үчүн гана ойлобостон, андагы кооздуктарга, бир мисалы, аты коошпой, кызыктай болгон болсо дагы, ушул гүлгө суктангандай маанай, буйруса, келечек муундар үчүн далай сан жеткис кылымдар бою жүрө берсе кана…Куттуу Кыргызстаныбыздын кылымдардан бери ырыскы-байлыгы болуп келе жаткан – реликт – relic, дүйнөдөгү уникалдуу жаңгак токою сакталып, өнүгүп турган болсо экен,- деген жалпы кыжаалатчылыкты ушул гүл аркылуу айткым келди.

Айткылачы, гүлдү ким жакшы көрбөйт?…

Зирек АСАНОВА, фрилансер-журналист

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17