Аймак

Кызыл-Жардагы турмуш жана жиндикана

 11,170 Бардыгы /

Буга чейин анчалык маани берилбей келе жаткан Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар айылындагы республикага түз баш ийген Кызыл-Жар аймактык психикалык ооруканасынан качып чыгып алып милицияны өлтүрүүгө катышып натыйжада атып өлтүрүлгөн Заур Магомедовдун окуясынын кийин коомчулуктун көңүлүн бурууда.
Аксы районунeн Кербен шаары менен Таш-Көмүр шаарынын ортосундагы Кызыл-Жар 12 12 деп аталган айыл Таш-Көмүр шаарынан 22 км, Кербен шаарынан 40 км аралыкта тоолордун арасында орун алган. Шаарча эки-үч бөлүктөн туруп, мектеп окуучулары мектепке катоодо алыстан келип кыйналганынан күбө болдук.

Кызыл-Жардагы  турмуш  жана  жиндиканаКылыл-Жар 12 айыл аймагынын башчыс Жаныш Жанызаков

Кызыл-Жар 12 айыл аймагынын башчысы Жаныш Жанызаковдун айтымында бул жерде 1952 1961-жылдары уран шахтасы ачылып, ошого негизделген шаарча. 1962-жылы уран шахтасы жабылгандан кийин бош калган имараттарды толтуруу үчүн Сузак районундагы Серный айылындагы психиатрдык оорукананы ушул жерге көчүрүп келген экен. Убагында бул оорукана 122 керебетке ылайыкталып оорулууларды тейлеп турган. Азыркы учурда 325тин тегерегинде пациент дарыланып жатканын айтты. Мындан шаарчанын тегерегиндеги жерлерден чийки мунай заты өндүрүлөт экен.
Айылда 550 түтүн эл жашайт. Көпчүлүгү Россия жана башка жакка барып иштеп келишип турат. Жашоочулар негизинен психиатр ордук оорукана, 1 мектеп, 2 бала бакча жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштешет жана мал кармашат.
Жаныш Жанызков айыл аймак башчысына 1 жыл мурун конкурстун негизинде келген. Шаарча Таш-Көмүр шаарчасына карайт. Техникалык 2 кызматкерди кошпогондо өзүнөн башка 2 адам иштейт. Айыл аймагынын бир жылдык бюджети 620 миң сомду түзөт.
Шаарчада жашагандар ар жактан уран шахтасы иштеп жатканда жана оорукана ачылганда кошо келишип отурукташып калган. Эски көп кабатта жашагандар да бар. Сугат суу, иче турган суу тартыш. Иче турган сууну 30 км алыстыктан тартып келген. Мектеп окуучулары алыс жактардан келип окуганына күбө болдук. Бирок көнүп калгандыктан аргасыз жашап жатышыптыр.

Аксы районунун Кербен шаары менен Таш-Көмүр шаарынын ортосунда Кызыл-Жар аймактык психиатриялык оорукананын ачылганына көп болгон. Кээде бул жерди Майлы-Сай же Майлы-Сайдагы жиндикана деп да аташат. Ошондой эле бул аймакта “Кызыл -Жар12“ деген аты бар. Анткени буларга окшош Майлуу-Суу (Сай эмес) шаары жана Кызыл-Жар айылы жайгашкан. Ал эми бул оорукананын тарыхында белгилүү искусство адамдары жатканы жергиликтүү тургундар кеп кылышууда. Маркум таланттуу ырчы Мыскал +мүрканова ушул ооруканага жатып, каза болуп сөөгү ушул жерге көмүлүп белгисиз мүрзөгө айланганын сөз кылып жүрүшөт. Ошондой эле кийин министр, Жогорку Кеңеште депутат, саясатчы, жетекчи болгондор да убагында сот жоопкерчилигинен качып бул ооруканада жатып чыкканы жөнүндө маалыматтар бар.

Жергиликтүү тургундардын бизге берген маалыматы боюнча учурда ооруканада 8 бөлүм бар. Анын №8 бөлүмүндө оор кылмыш кылгандардын психикалык абалы текшерилип, короодон өткөрүү жана дарылоо үчүн жаткырылат. Бул эки кабат бөлүм өзүнчө жайгашып, тегереги тикен зым менен курчалып, ИИМдин кайтаруу кызматы тарабынан кайтарууга алынган
Ал эми ооруканада башкы дарыгер болуп иштеп жаткан Гүлнур Миңбаева келгенден бери оорукананын бир канча бөлүмдөрүнүн абалын бир кыйла оңдогонун, бөлүмдөрдүн чатырларын оңдоп жаап, жылыткыч түтүктөрү алмаштырылып көп иштер жасаганын областтык курулуш башкармасынын адиси Бакыт Узенбаев ырастады. Жергиликтүү тургундардан сураганда да Г.Миңбаеваны аракетчил жетекчи катары баалашарын айтышты .
17-февралдагы психиатрдык оорукананын 2-бөлүмүндөгү окуя жашоочуларды бир кыйла кооптондуруп койгон. Бул боюнча кечөө келип маданият үйүндө Саламаттыктыкы сактоо министри Сагынбаева жана КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Нурбек Жээналиев келип жолугушуу өткөзгөндө эл да, врачтар да 2-бөлүмдү көчүрүү керектигин айтышкан.

Бирок тилекке каршы, башкы врач эмес жогорку жактагы адамдардын кийлигишүүсү менен оор кылмышка шектелгендердин айрымдары №8 бөлүмгө эмес, катардагы №2 бөлүмгө жаткырылып, алар каалаган учурда чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилген. Кылмыш учурунда атып өлтүрүлгөн Заур Магомедов дагы бир адам да катардагы №2 бөлүмдө дарыланып жаткан учурда качып кеткен. 17-февралда (ИИМдин маалыматы боюнча №1 бөлүм деп айтылууда) 48 адам дарыланып жаткан №2 бөлүмдө болгонун оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Бейшен Эргешов билдирди
Эмне үчүн кылмышка шектүү оор кылмышка тиешеси бар коркунучтуу кылмышкерлер кайтарууга алынган №8 бөлүмгө эмес, 2-бөлүмгө жаткырылганы табышмак бойдон калууда.
Бул иште укук коргоо кызматкерлери медицина кызматкерлерине айып тагууга аракет кылса, ал эми атын айтпоону өтүнгөн тургундар жогорку тараптан кийлигишүү, мажбурлоо болгонун айтышууда. Ал эми бул боюнча башкы дарыгер Г.Миңбаева баш тартты.
Ошондой эле Жалал-Абад областтык прокуратурадан алынган маалымат боюнча ушул ооруканада дарыланып жаткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Р.Бурканов 2013-жылдын 22-декабрында ооруканадан чыгып, Бишкекке барып 3 адам менен биргеликте бир ишкер аялды коркутуп тоноп 2,5 млн. сомун алууга катышат да, 2014-жылдын 2-январында кайра келип ооруканага жатып алат. Ал эми соттор Р.Буркановго шарт түзүп үй шартында дарыланса болот деген чечим чыгарып берип, чыгып кетет. Прокуратура тарабынан Р.Буркановдун бул кылмыш иштери буга чейин эле далилденип, Р.Буркановго карата кылмыш ишин козгоону областтык прокуратурадан ырасташты.
Ал эми милиция кызматкерлеринин маалыматы боюнча З.Магомедов, Р.Бурканов ооруканадан өз алдынча эле эч кимден уруксат сурабай чыгып кетип, Бишкекте жана башка жерлерде бир канча оор кылмыш иштерине катышкан.
З.Магомедовдун окуясынан кийин Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунун токтомунун негизинде Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Жар аймактык психиатриялык ооруканасында ал жерди текшерүүгө уруксат берилип, Бишкектен милициянын ыкчам-тергөө тобу 17-февраль күнү текшерип жаткан учурда оорулуулардын ортосунда кагылышуу болуп, козголоң чыгарышып, баррикаданын артына жашынып алышкан. Натыйжада 6 милиционер жана 3 медициналык кызматкер жаракат алышып, алардын ичинен 7 адам амбулатордук дарылоо алса, 2 адам Таш-Көмүр шаарындагы ооруканага жаткырылган.
– Бишкектен келип текшерип жаткан учурда оорулуулардын арасындагы кылмышка катыштыгы бар адамдар Бишкекке алып кетет деп коркуп баш тартып тополоң чыгарууга аракет кылышкан,-дейт Кызыл-Жар айыл аймагынын башчысы Жаныш Жанызаков.
Ички иштер министрлигинин оперативдүү маалыматы боюнча текшерүү учурунда ширеңкенин кутучасындагы наркотикалык затка окшогон нерсе, шектүү сөздөр жазылган дептер, 4 кол телефон жана бир нече сим-карта табылган. Ошондой эле аларда бычак болгонун областтык ИИБдин пресс катчысы Жусуп Камбаралиев маалымдады. Бирок ошол учурда дарыланып жаткан оорулуулардын арасынан нааразылык билдирип милициянын талабын аткаруудан баш тартып, жанындагыларды милицияга каршы активдүү аракетке чакырган. Ал чакырыкты ошол №2 бөлүмдө жаткан 48 адам колдоп, баары баш-аламандык уюштурушуп, коридордогу, ашканадагы терезелердин айнегин талкалап, милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн.
Ошол учурда бөлүмдүн ичинде болгон ИИМДин тергөөчүсү менен оорукананын кызматкерлери палатанын ичинде калып, ичинен жаап алышкан. Буларды бошотуу максатында ИИМдин ОМОН кызматы кирип асманга үч ирет ок атып коркутуп токтотушкан.
Бул окуя Кызыл-Жар айылына тез тарап, оорукананын жанына медициналык кызматкерлердин коопсуздугун ойлогон эл топтолуп калган. Бишкектен келип текшерүү жүргүзүп жаткан учурда чыгып кеткен, улам тополоңдон сыртта турган эл бийликтен ооруканага тартиптин орнотуусун, оорукананы кайтарууга алуусун өтүнгөн. Бир катар түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин психиатриялык оорукананын жанына тарап кетишкен. Биз алардын талабынын негизинде атайын милиция кызматкерлерин жөнөттүк деп билдирди Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын коопсуздукту сактоо кызматынын жетекчиси Ибрагим Шатманалиев.
Тополоң учурунда 7 адамга амбулатордук жардам көрсөтүлүп, 2 адам ооруканага жаткырылган. Жабыр тарткандардын 6 адам укук коргоо органдарынын өкүлү, 3 адам медициналык кызматкерлер. Ооруканага жаткырылгандардын бирөө медсестра, бирөө санитар экенин айтышты.
Оорукананын кызматкерлеринин айтымында тополоң учурунда 15 миң зыян тарткан. Бул боюнча Таш-Көмүр шаарынын ички иштер бөлүмү Кыргыз Республикасынын Кылмыш Кодексинин 3-беренеси боюнча -234-берене 2-бөлүк (Хулигандык), 318 -берене 1-бөлүк (тергөөнүн өндүрүшүнө жолтоо кылуу) жана 341-беренин 2-бөлүгү (Бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ал эми учурда абал турукташып, иш нугунда кетип жаткандыгын окуя болгон жерге бүгүн КР Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева келип, медкызматкерлер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана милиция кызматкерлери менен жолугуп, абалды көрүп кеткенин Кызыл-Жар айыл аймагынын башчысы Жаныш Жанызаков маалымдады.
Бул окуядан кийин “Кызылш-Жар-12” шаарчасына барып жашоочулар менен жолугушуп, сүйлөшүп жатканда кандайдыр бир коркуу сезимин байкадым. Оорукананын жанындагы бир жаш жигитти кепке тартып көрдүм эле, “ачык айта албаймын” деп баш тартты.
Кызыл-Жардагы аймактык психиатрдык оорукананын имараттары Кызыл-Жар 12 шаарчасынын ар жеринде жайгашыптыр. Мекемеси өзүнчө, эң коркунучтуу соттолгон жана оор кылмыш кылган адамдар шаарчанын наркы четиндеги 8-бөлүмдө жаткырылып, коргондо луп, тикен зымдар менен тозулуп кайтарууга алынган. Ал эми калган бөлүмдөр Таш-Көмүр шаарынан баратканда кире бериште жайгашыптыр. Катар тизилген көп кабаттуу 3 имарат экен. Таш-Көмүр шаардык ИИБдин кызматкерлери кайтарып жатыптыр. Участкалык милиционерди таап маалымат сурасак чоңдор уруксат бербейт деп баш тартты.
Оорукананын аркы башындагы имаратын үстүнкү кабатында №6 неврология ал эми астыңкы кабатынын эшик-терезелери темир тордолуп №2 бөлүм жайгашкан. №2 бөлүмдө оор кылмышка шектенгендер жана баңгилик менен алектенгендер жатат экен. Азыркы учурда 48 адам дарыланып жатыптыр. Бөлүм башчысы Чынара деген аял жана 80 жаштагы бир даарыгер иштегенин акырын сурап билдик. Жашоочулар эки бөлүмдүн бир имаратта жайгашканы туура эмес болуп калганын айтышты.
Бул ооруканада 20 жыл иштеп пенсияга чыккан Расулбек карыя да коркунуч жараткан оорулуулар менен башка оорулууларды чогуу кармаганы туура эмес деген пикирин билдирди. Жашоочулар да өзгөчө №2 бөлүмдөгү дарыланган адамдар коркунуч жаратып жатканын ,андан коркуп жатышканын айтышты. Ал жердеги нашаа чегип, наркотика менен алектенгендер жергиликтүү бош жаштарды да тартып аралаштырып жатканын билишип, бирок айткандан коркушат экен.
Көчөдөгү эл менен маектешкен учурда №2 бөлүмгө жаткырылгандар коркунучтуу экенине карабай каалаган учурда чыгып, кирип жүрүшкөнүн да билишет экен. Бирок ачык айткандан коркушат. Булар каалагандай жашап, зериккенде эки жылдан бери шаарчадан кой,эчки сатып алып союп жеп, рахат алышаарын кулук кагыш кылышты.
17-фералдагы тополоң биринчи жолу болуп жатпаптыр. 2011-жылы №2бөлүмдө дарылангандар оорукананын кароолчусун уруп коюп, жергиликтүүлөр менен жаңжал чыгып, таш атышкан окуя болуп, бирок басылып калган.
17-февралда бир тууган иниси оорукананын кичи медициналык кызматкери Турсунмамат Бегалиев оорукананын ичинде калып кетип жаракат алып, ооруканага жатканын, ал жактан далысынан ок алганын агасы Турдумамат Бегалиев бизге айтып,бийликти жоокерчиликке чакырды. Мындан башка да Максуда Бекташева аттуу санитарка да жаракат алып Таш-Көмүр шаарында ооруканада жатканын айтышты. Ушундай эле нааразылык шаарчада соода менен иш кылган Жийде Абалаеванын айтымында 17-февралда мектепте окуган балдары үчүн коркуп, коопсуздук жаралган.
Милиция кызматкерлери бизди оорукананын ичине киргизип, сүрөткө алууга уруксат бербей койгондуктан сырттан гана тартып алдык.
Ооруканадагы имараттын ортосундагы имаратта психикалык жактан жабыркаган жалаң аялдар, берки четинде эпилепсия менен ооруган, армияга чакырылып милдеттендирген жаштар, балдар дарыланат экен.
Өздөрүн атабоону суранган ал жердин жашоочусу 17-февралдагы окуя учурунда бөлүмдүн башчысы менен бир кызматкери барымтага алынып, ошону бошотуу учурунда 2 адам жарадар болгон, бирок коркуп айтпай жатышат деген пикирин айтты.
Ал эми оорукананы жетекчиси Г.Миңбаева менен Б.Эргешов менен орун басары журналисттерден качып иш ордуна келбей койду. Жеке кол телефонуна чалсак да алган жок. Кабылдамада отурган кыз орун басарын ушул эле жерде жүрөт деди, бирок биз таппай койдук.
Шаарчадагы аймактык ооруканада 20 жыл санитар болуп иштеп пенсияга чыккан Расул Шабданов аксакал оорукананын көйгөйүн абдан жакшы билээрин, бирок саясатка аралашпайын деп окчун кармап жатканын айтты. Расул аксакалдын айымында союздун учурунда да ушул ооруканадан качып чыккандардын амал өлтүргөн окуясы болгон. Ал жеке пикиринде коркунучтуу оорулууларды өзүнчө кармаш керек же кайтарууга алыш керек деп эсептейт. Нашаа чегип алган бирөө-жарым ооруканадан чыгып айыл аралап кетиши толук мүмкүн экендигин айтты.
Расул карыя мал чарбасы менен алектенет экен. Ошондой эле Учар деп аталган тайганы да бар экен. -Убагында куш таптап, тайган салчумун дейт Р.Шабданов. Кыргыздын меймандостугун жасап үйүнө киргизип, чай берип узатты. Кызыл-Жардын тарыхы, турмушу тууралуу кеңири сүйлөп берди. Кыйынчылыктарды да жашырган жок. Балдары, келиндери ооруканада иштээрин кошумчалады. Өзү жаш кезинде 8-бөлүмдө иштегенин, ал жерге соттолгондор жана сот жообуна тартыла тургандардын психиатрдык абалын аныктап, диагноз коюуу үчүн 45 күн кармалаарын, ар бир саат сайын анализ кылып жазып, белгилеп турганын айтып, андан да эки адам качып кеткен окуя болгонун баяндап берди.
Биз иштеп жатканда 1200 адам дарыланчу деди ал. Ал убагында шаарчанын четиндеги жугуштуу ооруларды дарылоочу оорукананын ичкери көчүрүп кирүүгө каршы чыгып, киргизбей койгонун айтты. – №2 бөлүмдү да көчүрүш керек, же кайтарууга алыш керек,-деди Расулбек карыя.
Тоют тартыш болуп Чүй, Таластан ташып келип сатып жатышканын айтты.
Шаардан чыгып келе жатып тарп аңдыган таз жоруларды көрүп сүрөткө тартып алдык.
Орозалы Карасартов, Кызыл-Жар 12 шаарчасы.

Кызыл-Жардагы  турмуш  жана  жиндиканаКызыл-Жардагы  турмуш  жана  жиндиканаКызыл-Жардагы  турмуш  жана  жиндикана
Кызыл-Жардагы  турмуш  жана  жиндикана
Кызыл-Жардагы  турмуш  жана  жиндикана
Кызыл-Жардагы  турмуш  жана  жиндикана
Кызыл-Жардагы  турмуш  жана  жиндикана
Кызыл-Жардагы  турмуш  жана  жиндикана
Кызыл-Жардагы  турмуш  жана  жиндикана
Кызыл-Жардагы  турмуш  жана  жиндикана
Кызыл-Жардагы  турмуш  жана  жиндикана
Кызыл-Жардагы  турмуш  жана  жиндикана
Кызыл-Жардагы  турмуш  жана  жиндикана
Кызыл-Жардагы  турмуш  жана  жиндикана
Кызыл-Жардагы  турмуш  жана  жиндикана
Кызыл-Жардагы  турмуш  жана  жиндикана
Кызыл-Жардагы  турмуш  жана  жиндикана
Кызыл-Жардагы  турмуш  жана  жиндикана

Орозалы Карасартов, Жалал-Абад областы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17