Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
3,959 Бардыгы / Кара-Суу шаары Кыргыз Республикасындагы эң чоң Кара-Суу районунун борбору экендигине карабастан, орчундуу социалдык маселелери эмдигиче чечилбестен гана келатат. Калаанын вице-мэри Шавкат ОСМОНАЛИЕВди кепке тартканыбызда, заманбап оптимизация жаряны ыкчам активдешсе, төмөндө санакталган олуттуу көйгөйлөрдөн чукул арада кутулууга мүмкүнчүлүгү бар экендигин жашырган жок. – Шавкат мырза, кыш дегеле Оше жерегесине быйыл эмнегедир эрте баш […]
3,960 Бардыгы / Кара-Суу шаары Кыргыз Республикасындагы эң чоң Кара-Суу районунун борбору экендигине карабастан, орчундуу социалдык маселелери эмдигиче чечилбестен гана келатат. Калаанын вице-мэри Шавкат ОСМОНАЛИЕВди кепке тартканыбызда, заманбап оптимизация жаряны ыкчам активдешсе, төмөндө санакталган олуттуу көйгөйлөрдөн чукул арада кутулууга мүмкүнчүлүгү бар экендигин жашырган жок. – Шавкат мырза, кыш дегеле Оше жерегесине быйыл эмнегедир эрте баш […]
Шавкат ОСМОНАЛИЕВ: “КАРА-СУУ ШААРЫНДА ЖЕР ТАНКЫС!”
16.12.2022 / Автор anarkan_kg

3,961 Бардыгы /
Кара-Суу шаары Кыргыз Республикасындагы эң чоң Кара-Суу районунун борбору экендигине карабастан, орчундуу социалдык маселелери эмдигиче чечилбестен гана келатат. Калаанын вице-мэри Шавкат ОСМОНАЛИЕВди кепке тартканыбызда, заманбап оптимизация жаряны ыкчам активдешсе, төмөндө санакталган олуттуу көйгөйлөрдөн чукул арада кутулууга мүмкүнчүлүгү бар экендигин жашырган жок.
– Шавкат мырза, кыш дегеле Оше жерегесине быйыл эмнегедир
эрте баш бакты. Сиздер мындай күмтүлбөгөн кырдаалга деги өзү белен белеңиздер?
- Алишер мырза, элибиз бекеринен айткан эмес: “Кыш камын жазда
көр!” деп. Ошондуктан биз ызгаарга карата дыкаат даярдыкты тээ жазда эле баштаганбыз.
Шаарыбызда 49 көп кабаттуу үй, 400 чактры жер үйлөр бар. Мындан тышкары 7 мектеп, 3 бала бакча калк кызматында. Кыш бою буларды ысытканга 380 тонна көмүр отканаларга эбак жеткирилген. Айтмакчы, жалгыз бакча, төрт мектеп электр энергиясы аркылуу жылытылат. Аз0рынча үзгүлтүк жок!
- Кара-Суу шаарында калктын саны бара-бара өсүп эле
баратпайбы. Андыктан, социалдык маселелерди Сиздер деги кантип жайгарып келатасыздар?
- Мына, курулуш компанияларынын аркети аркасында Кара-Суу
шаарында ушул тапта беш көп кабаттуу үй курулуп жатпайбы. Албетте, бул ушугезге дейре топтолгон маселени оң жагына биротоло жайгарганга өбөлгө жаратпайт. Дегеним, калаабызда ушул тапта 2500 адам турак жайга кезекте турушат.
- Таза суу дагы башыңыздарды куп эле оорутуп жатпады беле?!?
- Ооба. Кыргызстандын Түштүк башкалаасы Ош шаарына жакын туруп биз деле таза сууга абдан зар элек. Европа реконтсрукциялоо жана өнүктүрүү Банкы 2 миллион 209 миң евро ажыратып, бул долбоордун алкагында Кара-Суу шаарына заманбап канализация тартылды. А түгүл таза суу ар бир үйгө дейре киргизилип, жердештерибиз жыргап эле калышты.
- Баса, биз билгенден шаарыңыздарда көп кабаттуу үй курууга жер аянтыңыздар абдан таңкыс экен?
- Туура баамдапсыз. Ооба, элибиздин кебине караганда, Өзбекстан бизге Кемпир-Абад суу сактагачына компенсация иретинде шаарыбызга канатташ аймактан 24 гектар жер берет деп жатышат. Мындан тышкары мобул Кара-Суу районуна караштуу бизге туташ Тельман, Кең-Сай жана Киров кыштакт арын шаарыбызга карамагына энчилешсе, мындан, чындыгында, баарыбыз тең утааар элек. Биринчиден, шаарыбыз ого бетер кеңеймсек. Экинчиден, үйүлгөн социалдык маселелелер өзүнөн-өзү жана чекесинен чечилмек.
- Шавкат мырза, Борбор Азия чөлкөмүндөгү эң ири соода түйүнү – айтылуу Кара-Суу базары эмне үчүн Сиздерге карабайт, ыя?
- Кара-Суу базары эч кандай жүйөөсүз эле Кара-Суу районунун Сарай Айыл Өкмөтүнө каратылган. Ыыраатын ошолор гана көрүп келатышат. Күлкүбүздү келтиргени: Кара-Суу базарынын таштандысын – бүт акыр-чикирин биз кургур тазалап келатабыз.
Эгерде оптимизация жаряны калыс жүргүзүлсө, Кара-Суу базары
акыры Кара-Суу шааарынын мэриясына караталат. Ошондо биз толук кандуу
утабыз. Мен дагыле ушуга гана үмүт байлап келатамын.
МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ
Кара- Суу шаары…. жайланышкан. Жалпы аянты…. Ушул тапта 28 миң калк байырлайт. Булардын 90 пайызы – өзбектер, 7 пайызы – кыргыздар. Ал эми калгандары – тажик, корей жана татарлар.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
-
-
-
03.08.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна АРАВАНДА БОЗ ЭЧКЕМЕРДИ ӨЛТҮРГӨН ЖАРАНГА ЭМИ АЙЫП ПУЛ САЛЫНАТ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.