Аймак

“ХАДИЯ” КОЛБАСА АЗЫКТАРЫНЫН РЫНОКТО ӨЗ ОРДУ БАР

“ХАДИЯ” КОЛБАСА АЗЫКТАРЫНЫН РЫНОКТО ӨЗ ОРДУ БАР

 3,924 Бардыгы /

Жеңишбек Абдрахманов 2008-жылы Ош мамлекеттик университетинен мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу адистигин алып, жогорку кесипке ээ болгон. Ал өз кесиби менен алектенбей, ишкердик чөйрөдө өзүнүн жеке ишкердигин ачууга жетишкен. Жалал-Абад шаарындагы “Хадия” колбаса өндүрүүчү компаниянын жетекчиси, жаш ишкер Жеңишбек Абдрахманов менен жеке ишкердик багытындагы абал тууралуу маектештик.

– Жеңишбек мырза, ишкердикти качан, кандай болуп баштап калгансыз?

-Эмгек жолумду бизнес тармагында 2006-жылы баштаганмын. Алгач ОШ шаарындагы “Шоро” улуттук суусундук компаниясында, андан соң “Ала- Тоо” колбаса чыгарган компанияларда иштеп, ишкердик чөйрөсүнө аралашып тажрыйба алдым. Аталган компанияларда катардагы жумушчу болуп кирип, кийин жетекчилик кызматка чейин көтөрүлдүм.  Айрыкча ушул компаниялардын Жалал-Абад облусундагы официалдуу дистрибьютору болуп, өндүрүлгөн товарды сатууга өкүл болуп иштеп келдим.“Ата-Тоо” компаниясында иштеп жүрүп, колбасанын рыноктогу ордун, ага болгон суроо-талаптарын анализдеп байкадым. Ошону менен бирге 2019-жылдагы пандемиянын кесепетинде өлкө ички өндүрүшкө муктаж экендигин сездим. Мына ушундан улам ата мекендик өндүрүш жүргүзүүнү максат койдум. Ойлонуп олтуруп тажрыйбама таянып, колбаса өндүрүүнү туура көрдүм.

2020-жылы Бишкек шаарынан өзүмө бир компаньон таап, алар менен бир жыл сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, акыркы 3 ай аралыгында ишкердик жүргүзүүгө имарат таап, техникалык каражаттарды алып келип жайгаштырып, команда чогултуп, 2021-жылдын январынан баштап ишке кириштик. Колбасанын 5 түрүн өндүрүп баштадык. Мен буга чейин алып-сатуу менен алектенгендигим үчүн бул тармакта тажрыйба болгондуктан өндүрүлгөн товарды рынокко киргизүү кыйынчылык жараткан жок. Команда, даяр база бар болчу. Мына ушулардын жыйынтыгы менен ишкердикте бир жыл ичинде жакшы ийгиликке, көрсөткүчкө чыгып, рынокто өз ордубузду таптык. Албетте рынокто өз ордубузду сапат жагынан жогорку деңгээлдеги товар өндүрүү менен таптык. Ал үчүн коңшу Казакстан мамлекетинде колбаса өндүрүү боюнча көп жылдык тажрыйбалуу технологду атайын алдырып келип иштеттик. Аны менен 6 ай иштешип, ага шакирт дайындап, учурда ошол кадр иш жүргүзүп келет. Бүгүнкү күндө биз рынокто өндүрүп жаткан азыктарыбыздын сапат, дизайн жана маркетинг жагынан өз ордубуз бар. Учурда биз колбаса азыктарынын 8 түрүн, буга кошумча 1 түр сыр өндүрүп чыгаруудабыз.

– Ишкана эмне үчүн “Хадия” деп аталып калган? Чийки продукцияны кайдан аласыздар?

– “Хадия” деп аталып калуунун себеби, биздин кардарларыбыздын суроо-талабы адал азыкка басым жасайт. Негизи “Хадия” деген кыргыз тилинде “белек” деген сөздү түшүндүрөт. Биздин ишкана колбасаны халал стандарттарына шайкеш өндүрүүдөбүз. Тагыраагы Жалал-Абад облусунун казыятынын атайын “Халал” сертификатынан, Бишкектеги Мыктыбек Арстанбектин “Халал индустрия” компаниясынан өтүп, алардын каттоосунда турабыз. Бул компаниялар өздөрүнүн талаптарына канчалык деңгээлде ылайык иш алып барып жаткандыгыбызды, ишмердүүлүгүбүздү ар кварталда келип текшерип турушат.

Колбаса негизинен рынокто 3 цигмент менен иштейт. Алар арзан, орто, жогорку болот. Колбасага ошол түрлөрүнө жараша мал, тоок эттери белгиленген өлчөмүнө жараша кошулат. Биздин “Хадия” колбасабызга мал эти белгилүү өлчөмдө кошулуп, көбүрөөк өлчөмдө тоок этинен даярдалат. Бул тууралуу азыктарыбыздын анотациясында ачык айкын эле жазылат. Чийки мал этин Бишкек шаарындагы шериктештик жүргүзгөн ишкананын “Хасп” стандартына ылайыкташкан атайын цехтен, ал эми тоок этин “Халал” комитети сунуштаган 2 камсыздоочу фирмалардан алып келебиз.

– Мында негизинен канча жаран жумуш менен камсыздалган? Аларга түзүлгөн шарттар кандай? Күнүнө канча тонна же кило азык өндүрүлөт?

-Бүгүнкү күндө биздин өндүрүштө 15 киши жумуш менен алектенет. Алардын 4өө аял, калганы эркек киши. Башка ишканалар сыяктуу 8 сааттык, 5 күндүк жумуш. Кызматкерлер бир маал жеңил, эки маал ысык тамак менен камсыздалган. Бирок айрым учурда суроо-талапка жараша азык өндүрүүгө туура келет. Ал учурда кошумча акы төлөнөт. Учурда күнүнө 500 килограмм азык өндүрүлөт.

Ишкананын арышы жакшыбы? Өндүрүлгөн продукция кайда сатылат, импортко да чыгарууга мүмкүнчүлүк барбы?

-“Хадия”колбаса азыктарын сатуу учурда өлкөнүн түштүк аймагында Ош, Жалал-Абад облустарында гана жүргүзүлүп келет. Алдыда өлкөдө ички экспортту өнүктүрүү боюнча максат коюп, анын үстүндө иш жүргүзүп жатабыз. Буйруса азыктарыбызды өлкөнүн түндүк аймактарында Ысык-Көл, Талас, Нарын, Чүй облустарына чыгарабыз. Мындан сырткары чет мамлекеттерге экспорттоо максатыбыз да бар. Сыртка экспорттоонун да атайын коюлган талаптары бар. Ал талаптардын бир тобунан биз өткөнбүз. Бирок айрым талаптарына жооп бере албай калдык. Тагыраагы өзүбүздүн өндүрүштүк имаратыбыз болушу керек экен. Учурда биздин “Хадия” колбаса чыгарган ишкана ижарада турат.

– Мамлекеттен да колдоо барбы?

– Кыргыз өкмөтү ишкердикти колдоп, көмөк көрсөтүп келе жатат. Биз да мамлекеттен өткөн жылдын башында “Айыл Банк” тарабынан жеңилдетилген 6 пайыздык 5 миллион насыя алдык.

– Мамлекеттин экономикасына кандай салымыңыздар бар?

-Мамлекетте ишмердүүлүк жүргүзүп, өндүрүшкө салым кошуп, жарандарды жумуш менен камсыз кылуу менен бирге өлкө казынасына тиешелүү салык төлөмдөрүн өз мезгилинде мыйзам чегинде төлөп келебиз. Ошону менен бирге бүт тиешелүү мамлекеттик органдарга катталып, алар менен тыгыз байланышта иштешип жатабыз.

– Бүгүн бизнесте атаандаштар көп. Ал жагынан өзгөчөлүктөрүңүздөр кандай?

– Чындыгында бизде колбаса чыгаруу багытында атаандаштар көп. Ошентсе да башкалардан өзгөчөлүгүбүз бар. Тагыраагы кардарларыбыз бар. Азыктарыбызга суроо-талап күч. Атаандаштарга сапат, баа жагынан туруштук берип келебиз. Биздин маркетинг жакшы өнүккөн. Рынокто жашырган эч нерсебиз жок, ачык иштейбиз. Бардык ММК жана жеке блогерлер келип тартып, жазып кетишүүдө. Бардыгы үчүн биздин эшигибиз ачык. Заман талабына, кардарлардын суроо-талабына ылайык иштейбиз.

– Ишкердик жүргүзүү да оңой олтон иш эмес. Кандай көйгөйлөр орун алып келет?

– Албетте, иш бар жерде көйгөй болот. 2023-жылы салык кодексине жаңы өзгөртүү кирбедиби. Ал салык инспекциясынын базасында электрондук вертуальный склад болот. Биз ошол жакка продукциябызды киргизебиз. Ал жактан атайын эсеп фактура менен чыгарып, кардарларыбызга сатуубуз керек. Өндүрүлгөн азык акыркы точкага жеткенге чейин мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынып турат. Биз өндүргөн азыкты кардарга дүкөнгө өткөрүп берүүдө да, ошол дүкөндүн да вертуалдык склады болушу керек. Ошол жерден биз аксап жатабыз. Биздин кардарлар ага даяр эмес болууда. Дүкөнгө келгенде чынжыр үзүлүп калууда. Учурда ушул чоң көйгөй болууда. Ошол эле учурда баалар өстү, кошумча салыктар кошулду. Жыйынтыгында базардагы тең салмактуулук бир аз жоголду.

–  Келечек пландарыңыз кандай?

– 2024-2025-жылдарга биринчи кезекте өзүбүздүн имарат куруу пландарын түзүп, ага карата иш жүргүзүп, көп жылга пайдаланууга жер тилке алуу маселесинде жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, атайын долбоор жазып жатабыз. Жалал-Абад шаарында ишмердүүлүк жүргүзүп, шаардын өсүп-өнүгүүсүнө салым кошуп, 120 миң АКШ доллар өлчөмүндө инвестиция тартып келдик. Алдыда имарат куруп, шаар тургандарын жумуш менен камсыздоого да өз салымыбызды кошобуз. Анткени келечекте 70 жаранды жумуш менен камсыздоочу азык өндүрүүчү ишкана куруу максатыбыз бар.

– Аягында өзүңүз тууралуу билсек болобу?

– Мен Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Багыш айылында туулганмын. Менин атам Нуралы Абдырахманов. Атам чыгармачыл чөйрөдө өз орду бар акын, жазуучу. Апам үй кожейкеси. Мен 38 жаштамын. Үй-бүлөлүүмүн. 2 уул, 1 кыздын атасымын. Ишкердик чөйрөсүндө 13 жылдан бери эмгектенип келем.

Аэлина АЛИШЕРОВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17