Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА УНАА ЖОЛДУ СЕЛ КАПТАДЫ
КАРКЫРА-МИСТЕ КАНАЛЫН ОҢДОО БАШТАЛАТ
МАНАС ШААРЫНДА ИРИ МАРАФОН ӨТТҮ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
2,284 Бардыгы / Ички жана тышкы мүмкүнчүлүктөрдү бүгүнкү күндүн шартына жараша абдан максатуу жана ыңгайлуу пайдалануу жагынан Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн аткарып жаткан иштери бүтүндөй республикабызга өрнөк болчудай. Ошондуктан, аталган айыл өкмөт башчысы Акболуш ТИЛЕНБАЕВди жумуш үстүндө араң кармап, андан ары буйдалтпастан гана кепке тарттык. –Акболуш мырза, Сиз жумушуңузга саарлап келип, ал […]
2,285 Бардыгы / Ички жана тышкы мүмкүнчүлүктөрдү бүгүнкү күндүн шартына жараша абдан максатуу жана ыңгайлуу пайдалануу жагынан Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн аткарып жаткан иштери бүтүндөй республикабызга өрнөк болчудай. Ошондуктан, аталган айыл өкмөт башчысы Акболуш ТИЛЕНБАЕВди жумуш үстүндө араң кармап, андан ары буйдалтпастан гана кепке тарттык. –Акболуш мырза, Сиз жумушуңузга саарлап келип, ал […]
Акболуш ТИЛЕНБАЕВ: “СОЦИАЛДЫК МАСЕЛЕЛЕРИБИЗДИ ЭЛ АРАЛЫК ЖАНА АТА МЕКЕНДИК УЮМДАР АРКЫЛУУ ЧЕКЕСИНЕН ЖАЙГАРЫП ЖАТАБЫЗ!”
31.08.2023 / Автор anarkan_kg

2,286 Бардыгы /
Ички жана тышкы мүмкүнчүлүктөрдү бүгүнкү күндүн шартына жараша абдан максатуу жана ыңгайлуу пайдалануу жагынан Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн аткарып жаткан иштери бүтүндөй республикабызга өрнөк болчудай. Ошондуктан, аталган айыл өкмөт башчысы Акболуш ТИЛЕНБАЕВди жумуш үстүндө араң кармап, андан ары буйдалтпастан гана кепке тарттык.
–Акболуш мырза, Сиз жумушуңузга саарлап келип,
ал эми үйүңүзгө абдан эле кеч кайтат экенсиз? Эмнеге?
-Күн өткөн сайын түйшүгүм уламдан улам арбып гана
баратпайбы. Мен көйгөйлөрдү үстүмө үйө бербестен, баарын тең өз убагында гана жайгарып турсам, көңүлүм тынч. Эң башкысы: ишим дагы жүрүшөт. Ушуга көнгөмүн.
–Баса, кеңсеңизден адамдардын аягы үзүлбөйт тура?
-Ооба. Бир маселени эми гана чечсең, артынан экинчиси чубалып
чыгып жатпайбы. Ошондуктан мен булардын ар бирине сергектик жана сабырдуулук менен гана мамиле жасоого көнгөмүн.
–Айып этпесеңиз. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жылдык
бюджети канча сом? А буларды негизинен кандай максаттарга сарптайсыздар?
-Жылдык бюджетибиз 47 миллион 5,5 миң сом болуп бекитилген. А
мунун 28 миллион сому маяна. социалдык төлөмдөргө гана сарпталат. Ал эми калган акчларды биз ыңгайына жараша өтө олуттуу маселелерибизди чекесинен чечкенге гана жумшайбыз.
–Кол куушуруп олтурбастан ички жана тышкы
мүмкүнчүлүктөрдү дагы таап, ишти илгерилетпей белеңиздер?
-Жамбаштап жаткан жерибиз жок! Катар мамлекетинен 34 миллион
сом инвестиция тарттык. Күңгөй кыштагына мектеп, бала бакча жана ФАП курдурттук. Өмүрүндө таза сууга жарыбыган Жайдал айылына ичилүүчү
сууну жеткирдик. Кызыл-Тейит кыштагына дагы арабдар ФАП салып атышат. Ал эми АРИС программасы аркылуу 8,5 миллион сомго 60-70 орунга ылайыкташтырылган тигүү цехин курдуртуп жатабыз.
Иши кылып орчундуу социалдык маселелерибизди биз Эл аралык жана Ата Мекендик уюмдар аркылуу чекесинен гана жайгарып жатабыз. Мына, “Социалдык контракт” программасына ылайык 54 кишиге 100 миң сомдон колдоо көрсөттүк. Булар тигүү цехтерин ачышып, ийгиликтүү гана иштетип жатышат. Мындан тышкары жаңы заманбап жумуш орундарын ырааттуу түрдө түзүп келе жатышат.
–Акболуш мырза, Сиздер таза сууга жетинбеген айылдарды деги
канттиңиздер?
-Мончок-Дөбө жана Күңгөй кыштактарынын жашоочулары дагыле
таза сууга зар! Ошондуктан инвестор таап, бул маселени чукул арада жайгарууга батыл кириштик.
МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ
Маектешибиз Акболуш ТИЛЕНБАЕВ 2016-2022-жылдар аралыгында Ош облусунун Өзгөн районундагы Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы, Ош шаарында жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин директорунун орун басары, Өзгөн шаарынын вицэ-мэри кызматтарын абийирдүү аркалаган. 2022-жылдын 15-ноябрынан тартып Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы кызматын ийгиликтүү гана аткарып келатат.


Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭМГЕКТИ КОРГОО КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg АКСЫДА УНАА ЖОЛДУ СЕЛ КАПТАДЫ
-
-
16.05.2025 / Автор anarkan_kg ЭНЕЛЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
-
09.06.2025 / Автор anarkan_kg БИШКЕК-БАЛЫКЧЫ БАГЫТЫНДАГЫ ЖОЛ КООПСУЗДУГУНА КӨЗӨМӨЛ КҮЧӨТҮЛӨТ
-
15.07.2025 / Автор anarkan_kg “АЛТЫН СЕРТИФИКАТКА” ЭЭ БОЛГОН ЖАНА АЛДЫҢКЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР СЫЙЛАНДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.