Аймак

Расулжан НУРЯГДИЕВ: “БАШ ООРУТКАН КӨЙГӨЙЛӨРДӨН АРЫЛУУБУЗГА АРАВАН РАЙОНУНУН АКИМИНИН МЭЭНЕТИ ЧОҢ!”

Расулжан НУРЯГДИЕВ: “БАШ ООРУТКАН КӨЙГӨЙЛӨРДӨН АРЫЛУУБУЗГА АРАВАН РАЙОНУНУН АКИМИНИН МЭЭНЕТИ ЧОҢ!”

 1,713 Бардыгы /

Ушул тапта Араван райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы калкыбыздын өтө аялуу катмары менен үзгүлтүксүз иш алып барууну аябай активдештирди. Буга улай эле жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн санын дагы бара-бара кыскартууга аракети абдан күч! Мындан тышкары согуш жүрүп жаткан Ирак өлкөсүнө адашып барышкан 32 бала Мекенине кайтарылып, тууган-уруктарынын колуна тапшырылды. Булар туурасында аталган башкармалыктын жетекчиси Расулжан НУРЯГДИЕВ кабарчыбызга курган маегинде кеңири кеп салды.

-Расулжан мырза, дал ушул мезгилге карата Араван районунда социалдык кепилдиктерге деги канча чыгым коротттуңуздар? А мынча каражат кайсыл эсептен төлөнүп берилди?

– Бүгүнкү күнгө карата республикалык бюджеттин эсебинен Араван району боюнча социалдык кепилдиктерге 188 миллион 553 миң 200 сом төлөндү. Булардын арасынан жакыр үй-бүлөлөргө – 92 миллион 656 миң 300 сом көмөк көрсөтүлдү. Дагы 81 миллион 496 миң 700 сом жөлөк пул төлөндү. 14 миллион 400 миң 200 сом акчалай компенсацияланды. Сөөк коюу, бойкат жана сүйүнчү жышаандарына 3 миллион 253 миң 100 сом сарпталды. Бул былтыркы жылдын дал ушул мезгилине караганда 22 миллион 440 миң сом көп дегенди туюндурат.

– Баса, социалдык төлөмдөрдү бөлүшүрүүдө деги коррупция жок бекен?

– Сиздер олуттуу күмөн санагандай, социалдык төлөмдөрдү жүргүзүү жараянында коррупциянын аты түгүл жыты жок! Анткени, акчалар –    социалдык төлөмдөр  РСК, “Кыргызстан АКБ”, “Бай-Түшүм”, “Азия”, “Компаньон”, “Финка”, “Бакай”, “Капитал”, “ЭкоИсламик”, “Финанс Крпедит” жана “Айыл” банктар аркылуу ээлерине дароо эле которулат. А биз аталган Банктарга ведомостторду дагы кошо жөнөтүп, кайра аларды улам текшерип дагы турабыз.

– Анан жеке ассистенттер кандай кызматтарды аркалашат?

– Абдан эле туура баамдапсыз. Бизде дагы жеке ассистенттер системасы абдан ийгиликтүү иштеп жаткан чагы. Районубуздагы 228 жеке ассистенттин ар бирине 7200 сомдон, ал эми жалпысына 9561,7 миң сом эмге акы төлөдүк. 90 ассистент 18 жаштан жогорку бала кезинен майыптарды тейлешет. Ал эми 18 жаш чейинкилерди тейлешкен 143 асситтентибиз бар.

– Мүмкүнчүлүгү чектелген канча бала Сиздердин туруктуу каттооңуздарда турушат?

– Биз районубуздун аймагында балдарга карата мамлекеттик саясаттын ырааттуу түрдө жүзөгө ашырылуусуна дагы түздөн-түз милдеткербиз! Ошондуктан, аймагыбыздагы 18 жашка чейинки 50 344 баланын тагдыры биздин такай көзөмөлүбүздө турат. Булардын 28 661и ушул тапта мектепте окуп жатышат.

Районубузда мүмкүнчүлүгү чектелген 1450 бала бар экендиги такталган. Ал эми булардын 101и таптакыр эле басышпайт. Ошол себептүү мындай өспүрүмдөрүбүздү үйлөрүндө эле инклюзив окууга тартканбыз. Башка айлабыз жок!

-Ал эми таптакыр кароосуз калгандар кантишти?

-Албетте, бүгүнкү шартыбызга жараша кароосуз калтырылган балдардын саны уламдан улам калыңдап гана баратат. Биздин эсебибизде үч бала ата-энесинин такай камкордугунан биротоло ажыратылган. Ошондуктан атайы комиссия 6 баланы асырап алууга тапшырды. 18 бала дагы мамлекеттин камкоррдугуна бөлөндү. Дагы 10 чактысы убактылуу камкордукка алынды. Ал эми жалгыз бөбөк бала асыраган үй-бүлөнүн колуна ыроолонду.

-Баса, соңку тапта бөбөктөргө карата зордук-зомбулук ыраса өөрчүбөдүбү. Сиздерде деле мындай    фактылар катталгандыр?

-Араван райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында 117 ишеним телефону күнү-түнү иштеп жатат. Ушул күнгө дейре зордук-зомбулукка кабылган жана дагы ырайымсыз мамилеге дуушарланган 4 бала айгинеленип, аталган кылмыштуу жоруктар Араван райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, ар тараптуу териштирүү абдан кызуу жүрүп жатат.

-Баса, Ирактагы согушка катышкан аравандык балдардын тагдыры деги кантти экен?

-Айтмакчы, бала ата-энесине кошулуп Ирактагы согушка азгырылып барышып, а түгүл кагылышууларга дагы катышышыптыр. Мамлекетибиз буларды Ата Мекенине кайтарып, тууган-уруктарынын үй-бүлөлөрүнө жайгаштырылды. 17сине жөлөк пул дагы чектелди. Бейөкөмт уюмдар дагы четте калышпастан, буларга 345 600 сомдук гуманиатардык жана дагы материалдык жардамдарды көрсөтүштү. Ал эми айыл өкмөттөрү адашкан балдарыбызхдлы ызык-түлүк. Отун-суу жана жаны материалдык жактан тынымсыз көмөк көрсөтүп келатышат.

-Ош облусундагы эң чоң Аараван жергеси деле мигранттардан куру эместир?

-Ооба! Колубуздагы маалыматтарга караганда, Араван районунун калкынын саны ушул тапта 144 093 кишини чапчыды. Булардын 3573ү гана чет өлкөлөрдө туруктуу эмгектенишет. Азырынча булардын 630у гана кичи Мекенине кайтып келишти. Албетте, мындайча айтканда, биздин куттуу жергебизден чет өлкөлөргө иш издеп барышкандар дээрлик абдан аз. Анткени, Араванда соңку кезде чоң-кичине ишшканалар түптөлүп, бара-бара оожалыпр, стабилдүү иштеп жаткан чагы. Демек, өзүбүздө деле жумуш орундары жетиштүү десем жаңылышпаймын.

-Расулжан мырза, көп жылыштар, анан дагы албан ийгиликтер жергиликтүү бийликтин саясатынан дагы көз каранды эмеспи. Бул жагы деги Сиздерде кантти экен?

-Мен мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айтып коюуга тийишмин: Биз мерчемдеген жана уюштарган бардык иш-чараларыбызга Араван районунун акими Сейтек КУЛУБАЕВ жана орун басары Бактыбек ОСМОНОВ такай колдоо көрсөтүшүп, өздөрү дагы катышып сөз сүйлөшүп, а түгүл моралдык жана материалдык жактан сүрөп дагы келатышат.

          Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17