Аймак

Нурсултан ТАЖИБАЕВ: “КАМЧЫБЕК ТАШИЕВДИ ҮЛГҮ ТУТАМ!”

Нурсултан ТАЖИБАЕВ: “КАМЧЫБЕК ТАШИЕВДИ ҮЛГҮ ТУТАМ!”

 1,908 Бардыгы /

Кыргызстанда Аймактык-административдик реформа (ААР) жакын арада үзүрүн берээринде дегеле шек жок. Ал эми коррупция менен аеосуз күрөшүүдө УКМК төрагасы Камчыбек ТАШИЕВдин мээнети абдан чоң! Муну кабарчыбызга курган маегинде Ош облусуна караштуу Алай районундагы Гүлчө айыл өкмөт башчысы Нурсултан ТАЖИБАЕВ дагы эч жашырган жок.

  •  Нурсултан мырза, Сиз мурун Алай районундагы

Жаңы-Алай айыл өкмөтүн жетектөөчү эмес белиңиз. Төрт тарабынан тең Кара-Суу району менен гана чектешкен бул аймакта – анклавда деги эмне из калтырыңыз, ыя?

  • Алай районундагы Жаңы-Алай айыл өкмөтүн дээрлик бир

жарым жылча гана жетектедим. Албетте, бул өтө кыска убакыт. Ошентсе дагы, айыл өкмөтүнүн аймагына бүтүндөй заманбап асфальт төшөттүрдүм.

        Булардан тышкары Ата Мекендик жана Дүйнөлүк донор уюмдар менен өз ара сүйлөшүп, а түгүл алардын тилин дагы таап, 23 миллион сомдук айыл чарба кампасын курдурттум. Эми мында айыл чарба өсүмдүктөрүн жана дагы баардык азык-түлүктөрдү коопсуз сактоого бардык шарттар жаратылды.

-Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык Алай

районунун борбору Гүлчө айыл өкмөтү менен ушул эле райондогу Будалык айыл өкмөтү өз ара бириктирилбедиби. Мындай жышаан деги үзүрүн берчүүдөйбү?

  • Албетте! Мен буга бөркүмдөй гана ишенем. Анткени,

ирилештирүү жараяны кудурети күч Гүлчө айыл өкмөтү эң эле чабал Будалык айыл өкмөтүн такай сүрөмөлөп, андан ары өр тартуусуна өзгөчө өбөлгө гана жаратаары шексиз!

– Баса, Сиз бул жакта адатыңызча жаңы команда курадыңызбы? Же эски гвардия – мурунку кызматкерлер менен эле ийиндеше иштешип жатасызбы?

  • Алишер мырза. бүгүнкү замандын талабы ушундай.

Кесипкөй эмессиңби? Иштин көзүн билбейсиңби? Ордуңду жөн эле ээлеп олтурбастан, мыктыларга дароо орун бошот!

        Мен Гүлчө айыл өкмөтүнүн бардык кызматкерлерин жумушунан түгөл бошоттум. Эми атайын сынак уюштуруп, жергиликтүү идиректүү адистерден жапжаңы команда курап жатамын.

  • Айтмакчы, Аймактык-административдик реформадан

улам кыскартууга тушуккан кызматкерлердин тагдыры кантти экен? Же алар туруктуу жумуш тапкыча компенсация төлөйсүздөрбү?

  • Албетте, кыскартууга тушуккан айыл өкмөт

кызматкерлерине сөзсүз түрдө компенсация төлөнөт. Мыйзам талабы ушундай.

  •  Мен билгенден Сиз тажрыйбалуу айыл өкмөт

башчысысыз. Ошондуктан, айтсаңыз. дегеле айыл өкмөт башчыларын ротациялоо үзүрүн берчүүдөйбү?

  • Ушул тапта эптеп бөйрөктөн шыйрак чыгаруунун таптакыр

кажети жок! Айыл өкмөт башчыларын ротациялоо, мындайча айтканда, алмаштырып иштетүү – бул мезгилдин өктөм талабы. Муну илгиртпестен түшүнгөн президентибиз Садыр Жапаров ушундай зарыл кадамдарды жасоого аргасыз!

  • Гүлчө айыл өкмөтүндө «Жер мунапысына» канча үй-

бүлө кабылды? Ал эми «Социалдык контракт» программасына катышкан канча үй-бүлө каржылык-экономикалык кризистен биротоло куткарылды?

  • Гүлчө айыл өкмөтүндө Кыргыз Өкмөтү жарыялаган «Жер

мунапысына» азырынча 12 үй-бүлө кабылды. Булардын алтоосуна гана кызыл китеп жазылып берилди. Дагы алтоосунун арызы ушул тапта ар тараптуу териштирилип жаткан чагы.

        Ал эми «Социалдык контракт» программасына дээрлик 76 үй-бүлө катышкан эле. Булардын дагы 70 пайызы мал чарбачылыгы менен үзгүлтүксүз алектенишип, бул өңүт мээнетти дээрлик толук актады. Жакын арада дагы 22 үй-бүлөгө 100 миң сомдон таратылмакчы.

        Албетте, үй-бүлөлөрдү каржылык-экономикалык каатчылыктан чукул арада толук кандуу куткарганга 100 миң сом, чындыгында, абдан аздык кылат экен. Ошоң себептүү Кыргыз Өкмөтү «Социалдык контракт» программасынын суммасын дагы 200 миң сомго көтөрсө, менимче, сооопко гана калчуудай…

– Ошентип, Аймактык-административдик реформага ылайык чоңойтулган аймакты Сиз мындан ары кантип оожалтасыз, дегеним өнүктүрөсүз? Бул өңүттө План-Программаңыз бардыр?

– Ушул тапта жергебизде заманбап чакан жана орто ишшканалар курулуп жатат. Буга улай Айыл Өкмөтүбүздүн экономикасын бара-бара жогорулатмакчыбыз. Анан ички  жолдорубуз кыдырата асфальтталат. Эң башкысы: Гүлчө Айыл Өкмөтү тогуз жолдун тоомунда жайланышкан. Демек, аймакты жакын арада ар тараптуу оожалтууга биздин шарттарыбыз дээрлик жетиштүү

Нурсултан мырза, көпчүлүк замандаш жетекчилериңиз бүтүндөй  Исхак Раззаковду гана өрнөк тутушат. А Сиз кимди?

Жашырып не? МенКыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары,УКМК төрагасы Камчыбек ТАШИЕВди дайыма үлгү тутам! Мага Камчыбек Кыдыршаевичтин чечкиндүүлүгү, мекенчилдиги жана дагы досчулукка абдан бекемдиги абдан жагат.

МАЕКТЕШ ЖӨНүНДӨ МААЛЫМАТ

Маектешибиз Нурсултан ТАЖИБАЕВ 34 жашта. Ош мамлекеттик юридикалык институтунун юриспруденция, Президенттин  алдындагы Башкаруу Академиясынын муниципалдык башкаруу адистигин бүтүргөн. Карманган принциби: ШАНС кыйынчылыкта гана келет. А мүмкүнчүлүктөр кыйынчылыкта пайда болот. Материалдык байлык рухий дүйнөбүздү бүлүндүрсө, мындай байлык – өргө эмес, көргө гана жетелейт.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17