Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
106 Бардыгы / Өлкөбүздө жүрүп жаткан Административдик жана аймактык реформага ылайык Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Сары-Колот жана Отуз-Адыр айыл өкмөттөрү дагы өз ара бириктирилди. Ошого жараша Аймактын проблемалары дагы арбып, түйшүгү ого бетер түмөндөдү. Муну жаңыдан уюшулган Отуз-Адыр айыл өкмөт башчысынын орун басары-жооптуу катчысы Эркин ЭШИЕВ деле кабарчыбызга курган маегинде жашырган жок. Эркин мырза, Ош […]
107 Бардыгы / Өлкөбүздө жүрүп жаткан Административдик жана аймактык реформага ылайык Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Сары-Колот жана Отуз-Адыр айыл өкмөттөрү дагы өз ара бириктирилди. Ошого жараша Аймактын проблемалары дагы арбып, түйшүгү ого бетер түмөндөдү. Муну жаңыдан уюшулган Отуз-Адыр айыл өкмөт башчысынын орун басары-жооптуу катчысы Эркин ЭШИЕВ деле кабарчыбызга курган маегинде жашырган жок. Эркин мырза, Ош […]
Эркин ЭШИЕВ: “ТҮЗ БАЙЛАНЫШ МАСЕЛЕНИ ШЫР ЧЕЧЕТ!”
26.08.2024 / Автор anarkan_kg

108 Бардыгы /
Өлкөбүздө жүрүп жаткан Административдик жана аймактык реформага ылайык Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Сары-Колот жана Отуз-Адыр айыл өкмөттөрү дагы өз ара бириктирилди. Ошого жараша Аймактын проблемалары дагы арбып, түйшүгү ого бетер түмөндөдү. Муну жаңыдан уюшулган Отуз-Адыр айыл өкмөт башчысынын орун басары-жооптуу катчысы Эркин ЭШИЕВ деле кабарчыбызга курган маегинде жашырган жок.
- Эркин мырза, Ош жергесиндеги башка айыл өкмөт
башчылары көбүнчө юрист экен. А Сиз бухгалтер турбайсызбы?
- Ооба! Мен заман талабына жараша Ош мамлекеттик
университетинин Бизнес жана менеджмент факультетин бүтүргөмүн. Адистигим – бухгалтер.
- Анан ошо кесибиңиз боюнча таптакыр иштебедиңизби?
- Кантип? Дээрлик он жыл бою (2011-2021-жылдарда) “Осмур-
Фарм” жоопкерчилиги чектелген коомунда менеджер-бухгалтерлик кесипти ийгиликтүү аркаладым. Анан дагы мамлекеттик кызматкерлердин сынагына катышып, Кар-Суу районундагы Сары-Колот айыл өкмөтүндө адегенде башкы адис, кийинчерээк айыл өкмөт башчысынын орун басары кызматында абийирдүү эмгектендим. Аймактык жана административдик реформага ылайык Отуз-Адыр жана Сары-Колот айыл өкмөттөрү өз ара бириктирилбедиби. Ошентип, үстүбүздөгү жылдын 13-мартынан тартып Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн орун басары-жооптуу катчысы кызматын чогуу-чаран аркалап гана келатамын.
- Баса, Аймактык-административдик реформанын
негизинде бири-биринен алыс жайланышкан Отуз-Адыр жана Сары-Колот айыл өкмөттөрү өз ара бириктирилди. Деги мунун кыйчалыш заманда зарылчылыгы бар беле?
- Албетте, жок! Сары-Колот өрөөнүнүн калкы 200-300 сом
коротуп, Оту-Адырга дегеле келе алышпайт. Жол абдан тетири. Артка кайтыш дагы өзүнчө азап. Ушундай азап-тозогун эске алып, жалгыз социалдык кызматкерибизди биз Сары-Колот кыштагында дагыле олтургузуп жатабыз.
- Айыл өкмөтүнүн инфратүзүмүн заманбап жакшыртуу
максатында Эл аралык уюмдар менен иштешпейт белеңиздер?
- Көрдүңүздөр го. Биз “Алма- – быш! Оозума – түш!” деп
жамбаштап жаткан жерибиз жрок. Инвестициялык климатыбызды заман талабына жараша кыйла жакшырттык. Дал ушунун ээсебинен АРИС Эл аралык уюму аркылуу CASA-1000 долбоорунун алкагында Сары-Колотко 3 үч долбоор үчүн 108 миң доллар, ал эми Отуз-Адырга төрт долбоор жазып, 140,5 миң доллар инвестиция тарттык. Мындан тышкары КОЙКА жана МЕРСИКО Дүйнөлүк уюмдары менен дагы тыгыш кызматташып, ушул тапта ийиндеше иштешип жатабыз. Бул аркылуу айыл өкмөтүбүздөгү бардык мектептердин кенже класстарынын окуучуларын ысык тамак менен камсыз этүүнү үзгүлтүккө учурата элекпиз.
Калкыбызга үзгүлтүксүз медициналык кызмат көрсөтүүнү жакшыртып, Ак-Колот айылына ФАП курдук. Айыл өкмөтүбүздүн алдында “Тазалык” мунииципалдык ишканасын түптөп, аны акыр-чикир ташыганга атайын автоунаа менен камсыз эттик.
- Жумушсуздар деле өрөөнүңүздөрдө толтура. Аларга иш
орундарын түзүү аракетиңиздер дегеле байкалбайт ко?
- Кантип? “СинЭнержиБиоОрганик” органикалык-минералдык
жер семирткичтерди иштеп чыгаруучу завод куруп жатабыз. Муну үчүн 45 миллион АКШ доллары сарпталып жаткан чагы. Ал бүткөрүлсө, 100 туруктуу жумуш орду түптөлөт. Кафель өндүргөн кичи ишкана бүткөрүлүп, алты адам, заманбап бала бакча курулушуна 16 киши туруктуу жумушка чегерилди. Мындай аракетебизди мындан ары дагы ырааттуу түрдө гана улантуу аракетиндебиз.
- Эркин мырза, Президентибиздин Ош облусундагы
ыйгарым укуктуу Өкүлү Элчибек Жантаев менен “Түз байланыш” (Он-Лайн сүйлөшүү) деги үзүрүн берчүдөйбү?
- Ананчы! Мындан ары Он-Лайн байланышты район акимдери
менен деле байма-бай уюштурушса, биздин түйшүгүбүз бара-бара жеңилдемек. Эң башкысы: ыкчам иштегенге, маселелерди кечеңдетпестен шыр гана чечкенге ыктап, ыкшоолуктан биротоло кутулмакпыз!
МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Оту-Адыр айыл өкмөтү 16 кыштактан жана дагы 6 калктуу конуштан куралган. Ош облусунун борборунан – 18, ал эми район борборунан 14 чакырым алыстыкта, Ош-Бишкек автоунаа жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1253 метр бийиктикте жайланышкан. Калкынын саны – 31 174 адам. Булардын – 9920сы – эркектер, ал эми 10105и – аялдар.


Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
27.02.2024 / Автор anarkan_kg КУРГАК УЧУКТУ ЭРТЕ АНЫКТАП, ДАРЫЛАСА, АЙЫГАТ!
-
-
-
05.02.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна ЖАЛАЛ-АБАД: КООПТУУ АЙМАКТАРДАГЫ ЖАШООЧУЛАР КӨЧҮРҮЛӨТ
-
08.02.2024 / Автор anarkan_kg ЧАТКАЛДА ЖОЛДОРДУ КАРДАН ТАЗАЛОО ИШИ ЖҮРҮҮДӨ
-
15.02.2024 / Автор anarkan_kg АРАВАНДА ЭГИЗ КЫЗЫН САБАГАН КЕЛИН ЭНЕЛИК УКУГУНАН АЖЫРАТЫЛДЫ
-
22.02.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА АТА МЕКЕНДИ КОРГООЧУЛАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
Маек
Темиржан КОЗУЕВ: “ДЕНИ САК УЛУТ – БАКУБАТ МАМЛЕКЕТ!”
“Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Темиржан КОЗУЕВ бош убактысында спорт менен…
-
28.01.2025 / Автор anarkan_kg Аскарбек АХМАТОВ: “АРАВАН ООЖАЛЫП БАРАТАТ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.