Аймак

Төлөгөн КЕЛДИБАЕВ: “2005- жана 2010-жылдары бийликтин куру убадаларына куп алданып, эки президентин тең чет өлкөгө кууган эл бул сапар андай арамза жооткотууларга дегеле ишенбейт жана жол бербейт!”

 1,923 Бардыгы /

Төлөгөн КЕЛДИБАЕВ – республикабызда аз жыл мурда түптөлгөн Кыргыз Ата партиясынын жолбашчысы. Ал мамлекеттин улуттук жана баа жеткис стратегиялык байлыктары чекесинен сатылып жаткандыгына ичи тызылдап, алдыдагы парламенттик, ага улай президенттик шайлоолорду таза өткөрүү аркылуу гана абдан кубаттуу жана акыйкатчылык такай өкүм сүргөн өлкөнү курууга болоорун биздин сайтка курган маегинде билдирди.

– Төлөгөн мырза, өлкөбүздө парламенттик башкаруу
өкүм сүргөнүнө мына төртүнчү жылга аяк басты. Айтсаңыз, биз Кыргызстанды башкаруу системасын күтүүсүздөн алмаштыруудан эмне таптык, нени жоготтук?

– Кыргызстандагы парламенттик башкаруу өлкөнү туш
тарабынан накта туңгуюкка гана кептеп, мамлекетти эч нерсге таптакыр жөндөмсүз акыбалга такап таштады, эй! Ошентип, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн келечеги ушул тапта чындап бүдөмүк десем эч жаңылышпаймын. Муну президентибиз Алмазбек Атамбаев деле илгиртпестен баамдап, быйылкы жылды айласы таптакыр куруганда мамлекеттүүлүктү чыңдоо жылы деп жарыялаганы бекеринен эместир.
Анткени, мамлекеттин улуттук жана баа жеткис стратегиялык байлыктары “Кыргызгаз” Орусияга бир сомго сатылып, ал эми Нарындагы гидрокаскаддар дагы ушундай эле кейипти кийип, ага улай башка өтө маанилүү мекемелер дагы ушул тапта чет өлкөлөргө биринин артынан экинчиси сатылуу алдында турат. А кайран элибиз соңку тапта эптеп жан багуунун гана айласын кылып, өз Мекенине батирде жашагандай эле мамиле жасап калды.

– Мындай аянычтуу кейипти кийишибиздин түпкү себеби
эмнеде деп ойлойсуз?

– Мамлекетибизди утурмдук курама коалициялык Өкмөт
дагыле башкарып атат. Дүйнөлүк практикада, парламенттик башкаруу өкүм сүргөн өлкөлөрдө коалициялык Өкмөт саясий кризистен чукул арада арылуу максатында гана убактылуу, мындайча айтканда, бир-эки жыл гана өкүм сүрөт.
Ал эми бизде 2010-жылдан тарта Кыргызстандагы төрт-беш партия Өкмөттү кааалагандай менчиктештирип жана манипуляциялып, аны тынбай таратып, улам-улам жаңысын курап, алмак-салмак саясий шоуга айландырышты. Мунун кесепетинен экономикабыз чекесинен биротоло бүлүнүп, кыска аралыкта таздын кейпин кийдик да, калдык.
Маселен, Аскар Акаев айыл чарбасын реформалайм деп атып колхоз-совзодорду согушсуз эле талкалап, акыры жок кылып тынбадыбы.
Ал эми азыркылар мамлекеттик башкаруу системасын түп тамырынан реформалайбыз деп жатып, артык кылам деп тыртык кылышты. Ар кокту-колотто эч кимге баш ийбеген, ошол эле учурда эч кандай жоопкерчиликсиз бийлердин (айыл өкмөттөрүнүн жана акимдердин) системасын түптөгөнгө гана шарт жаратышты.
Ошентип, Кыргызстан парламенттик башкарууга өткөнүнө төртүнчү жылга аяк басканына карабастан, бул аралыкта дүйнөлүк экономикалык мейкиндикте өзүнүн татыктуу ордун дагеле таба алган жок! Парламенттеги ар кошкон партиялар төрт жыл аралыгында кесипкөй элитаны жаратуунун, ошондой эле өстүрүүнүн ордуна Кыргызстанга дегеле пайдасыз жана тексиз кадрларды өстүрүп жатышат. Дал ушунун өзү мындан мурдагы эки президенттин тең бийликтен токтоосуз кулатылышына чоң себепкер болгондугун азыркы мансаптагылар тез эле унутуп ташташты.

– Муну эмнеге таянып айтып жатасыз?

– Президенттик башкаруудан түз эле парламенттик
башкарууга өткөнүбүз менен башкаруунун формасы гана өзгөрдү. Тилекке каршы, мамлекеттик башкаруу органдарынын иштөө мандеми, чечимдерди кабыл алуусу жана аларды аткаруу ыкмалары мурдагы эле бойдон калды, эй!
Мунун кесепетинен Борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы алака начар жана эч натыйжасыз бойдон калды. Облустук жана райондук деңгээлде бийлик органдарынын функциялары жана ыйгарым укуктары таптакыр башаламан, а аларды жүзөгө ашыруунун реалдуу механизмдери бекемделген эмес! Кабыл алынган мыйзамдардын басымдуулугу өлкөбүздөгү жемкорлуктун өтө бат күчөшүнө ого бетер ыңгай жаратып, анын ачык-айкын гүлдөшүнө шарт түзүүдө. Ошондуктан, буларга каршы мамлекеттик жана укук коргоо органдары дегеле күрөшө албай калды. Тескерисинче, булардын алдында күч органдары өздөрү чөгөлөп, аларга кадимкидей кызмат кылып жатышат. Антүүдөн башка, чынында, булардын дегеле аргасы жок!

– А мындай илдеттен жакынкы жылдарда кантип
арылсак болот?

– Менимче, таза шайлоо гана кубаттуу өлкөнү жана акыйкат
саясый системаны бекем жаратууга түркүк болот. Алдыдагы парламенттик, андан ары президенттик шайлоолордун нукура таза өтүшүн коомчулук жана саясий партиялар өздөрү такай көзөмөлдөп, а аны бийлик өзү дагы абдан таза өткөргөнгө толук кандуу шарт жаратышы абзел. Ошондо гана өлкөбүздө туруктуулук жана коопсуздук дайыма камсыз этилет. Болбосо, митинг-пикеттерден башыбыз арылбай калат.

– Буга азыркы бийликте олтурган партиялар таптакыр
жол беришпесечи?

– Албетте, муну үчүн абдан чоң саясий эрк керек! Азыркы
парламентарийлер Кыргыз элине ак кызмат кылышпагандыгын ачык эле моюндап, быйыл өз эрки менен тарап, элинен ак дилинен кечирим сурап, экинчи ирет саясат айдыңынан дегеле көрүнбөгөнгө жигитче убада кылышканы оң. Ошондо гана булар Кыргыз тарыхында алтын тамгалар менен жазылып, коомчулук арасында жүзү жарык бойдон калышмак.

– Эмнеге минтип атасыңар?

– Танып не. Буга дейре болуп өткөн шайлоолор жалаң өкүм
зордук, кошуп жазмайлык жана кадам сайын мыйзамсыздык менен коштолбодубу. Бийликчил партиялар кылмыш дүйнөсүндөгүлөрдүн жардамы аркасында шайлоолорду көз көрүнөө бурмалап, жеңишке жетишпедиби. А бийликчил партияларга гана жан тартып, Кыргызстанда укук жана мыйзам дегендер далай ирет көзкөрүнөө тебеленбедиби.

– А канткенде кошуна өлкөлөр менен мамлебиз мындан
ары оңолуп, мурдагы нугуна түшөт?

– Кыргызстан эгемендүүлүгү бир тыйын! Ал башка өлкөлөр
сындуу өз элине мыкты шарттарды жараткан, ар тараптан толук көз карандысыз жана бакубат, ошол эле учурда теңата өлкө болууга тийиш! Ушундай бааарыбыз суктанган өлкөнү куруу ар бир Кыргыз жаранынын стратегиялык максаты болушу кажет! Кубаттуу өлкө гана коңушулаш өлкөлөрдүн такай урматтоосуна татыйт.

– Айып этпесеңиз, Кыргыз Ата элдик саясий партиясы
2015-жылы боло турган парламенттик шайлоого катыша алаар бекен?

– Көрдүңөр го, парламенттик шайлоого катышууга
аракеттерин айрым партиялар эртерээк баштап ийишти. Ал эми Кыргыз Ата партиясы шайлоого катышаарыбызды убакыт-сааты келгенде жар салабыз. Анткени, азыр Кыргызстандагы СДПК, Ата Мекен, Республика өңдөнгөн бай-манаптар партиясы жер-жерлерде спорттук оюндарды байма-бай өткөрүп, ар кандай чоң-кичине маарекелерде чай бермей оюндарын катуу күчөтүшпөдүбү. Алар ушинтип элдин көңүлүн бат эле алгылары келип жатышгат. Чынында, бул саясий партиялардын кыла турган иши эмес! Азыркы тапта Кыргызстандагы төбөсү көрүнгөн саясий уюмдардын көпчүлүгүнүн аткарган жумушу кайрымдуулук фондуна окшошуп кетип атат.
Чынында, бийликчил партиялардын мындан башка аргасы калган жок! Ушинтип гана элдин көңүлүн өздөрүнө тез бурууга аракет кылып атышат. Булар үчүн байлыкка жана бийликке жетүү кеп эмес! Азыркы партиялар тоокко жем чачкансып, элге акчаларын таратып, куру убудаларды катарынан куп эмизип атышат. Бирок, мындан оң натыйжа чыгаарына дегеле көзүм жетпейт. Анткени, 2005- жана 2010-жылдары бийликтин куру убадаларына куп алданып, эки президентин тең чет өлкөгө кууган эл бул сапар андай арамза жооткотууларга дегеле ишенбейт жана жол бербейт!\\

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ. Ош областы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17