Аймак

Абдибаки ИМАРОВ «Алым-Ата» ЖЧКнын президенти: «БИЗНЕСТЕ ЧЫНЧЫЛ БОЛУШ КЕРЕК»

Абдибаки ИМАРОВ «Алым-Ата» ЖЧКнын президенти: «БИЗНЕСТЕ ЧЫНЧЫЛ БОЛУШ КЕРЕК»

 3,129 Бардыгы /

Сакадай бою сары алтын деп мына ушул кишини айт. Жасаган жумушу опол тоодой болуп миллиондорду чапчыса да анда адамдагы жөнөкөйлөктүн үлгүсү сакталгандай. Анын сүйлөгөнүнөн акчанын артынан түшпөгөнү байкалып, тескерисинче байлык анын кең пейилинин артынан калбай жүргөндөй сезилди. Биз сөз кылчу инсан Жалал-Абаддагы «Алым-Ата» жоопкерчилиги чектелген коомунун президенти Имаров Абдибаки ажы болмокчу. 

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Толук аты-жөнү: Имаров Абдибаки Алимович

Туулган жылы: 1954-жылдын 15-июну

Коомдо: 2008-жылы Сузак райондук кенештин депутаты болгон

Сыйлыктары: 2009-жылы Сузак районунун «Ардактуу  ата уулу» наамын; бир нече  жолу Жалал-Абад областтык  администрациясынын  башчысы,  губернаторлордун  ардак  баракчасы  жана  райондук  мамлекеттик  администрация  башчысы,  акимдердин ардак  баракчалары  менен  сыйланган. 

Анын жетекчилиги астында курулуп пайдаланууга берилген объектилер:

  • Жалал-Абад шаарындагы Курманбек кичирайонундагы 150 орундуу балдар бакчасы жана Көк-Арт кичирайонундагы көз азиздер жана дүйлөйлөрдүн эки 40 батирлүү турак жай имаратынын курулушу – 1990-1995-жылдар;
  • Ноокен райондагы Рахманжан колхозунун консерва заводунун курулушу – 1992-жылы (бул жылдары колхоздор тарай элек болгон – ред.);
  • Базар-Коргон районунун Акман айылындагы «Акман соода борборунун» курулушу – 1992-жыл;
  • Сузак районундагы Барпы айылындагы «Барпы соода борборунун» курулушу – 1993-жыл;
  • Сузак району Октябрь айылындагы Ж,Боконбаев атындагы балдар үйүн капиталдык ремонттоо – 2007-жылы;
  • Сузак районунун Атабеков айыл округундагы «С.Атабеков» атындагы 192 орундуу орто мектиптин курулушу – 2008-жылы;
  • Жалал-Абад областтык телерадиокомпаниясын ремоттоо – 2010-жылы;
  • Сузак району Барпы айыл округундагы Төбөй айылында «Айылдык даарыгерлер амбулаториясынын» имаратынын курулушу – 2011-жылы;
  • Ош облусундагы Араван районунун Чек-Абад айылындагы Т,Исмаилов орто метебин капиталдык ремонттоо – 2011-жылы;
  • Жалал-Абад шаарындагы «Көк-Арт» кичирайонундагы 40 батирлүү турак-жай имараты  жана спорт комплексинин курулуштары – 2011-2012 жылдары;
  • Жалал-Абад шаары «Спутник» кичи районундагы «Экономика жана Ишкердик Университетинин эки-кабаттуу  кошумча  окуу жай имаратынын» курулушу -2011-2012 жылдары;
  • Токтогул району Ничке-Сай айылы Жунусалиев атындагы 200 орундуу орто мектебинин курулушу – 2013-2014-жыл.
  • Сузак району Ырыс айылындагы 200 орундуу орто мектебинин курулуш – 2015-2016-жыл.
  • Сузак районунун Атабеков айыл округундагы «Жунусов» атындагы 275 орундуу орто мектиптин курулушу – 2015-2017-жылдары;

АТА-ЭНЕМ БИЗДИ ЭМГЕККЕ ТАРБИЯЛАДЫ

Мен колхозчунун эле үй-бүлөсүндө, мурдагы Эркин колхозу, азыркы Атабеков айыл өкмөтүнүн Кызыл-Багыш кыштагында ата-энемдин ортончу уулу болуп жарыкка келгем. Атам Имаров Алимбай 1906-жылы төрөлүптүр, апам болсо Имарова Турдукан 1921-жылы туулган. Атам Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, майыптыгы бар эле. Биздин айыл сонун жерде жайгашкан, төрт көчөнүн башы, ааламдын каалаган бурчуна жетсең болот.  Үй-бүлөдө беш бир тууганбыз. Ата-энем бизди уурулук кылба, бирөөнүн акысын жебе деп тарбиялашты. Жаштайыбыздан эмгекке бышырышты. Апамдын бардык тамагы мыкты эле. Азыр азыктар химиялык кошулма менен, даамы жок дешет. Ал болбогон шылтоо. Бирок мен айтаар элем, ал тамакты жасай билүүдөн. Эгер адам тамак жасоого ыктуу, шыктуу болсо бардан жокту жасап, бат эле даамдуу тамак даярдай алат. Менин апам ошондой жан эле. Бир тамагын аябай сагындым, атын билбейм. Төрт бурчтуу камырды жука жайып фарш сүртүп, кайра камыр анан дагы фарш деп 5, 6 кабат жасап казанга бышырчу. Илгери апамдар пирожки жасашчу, азыр үйдөгүлөрдү урушсаң да кылбайт. Жупканын да эки түрүн бышыраар эле. Бирин катырак кылып кургак казанга, экинчисин сары майга бышырчу, укмуш болчу. Үйдөн эч качан мал үзүлчү эмес. Кыргыз негизи илгертен мал менен жан багып келген эл. Азыр келиндеримди олтургузуп айтам, врач болсоң да башка болсоң да үйдө бир саан уй карма. Балдарга жаңы сүт, каймак болуп турат, буга эмне жетсин дейм.

Мектепте болсо эл катары 7 жашымда бардым. Анда төрт класс бир кабинетте окучубуз. Анткени биздин айылда 4 жылдык чакан мектеп бар эле. Кийин Бек-Абаддагы мектепке барып улантчубуз. Райондук олимпиадаларга математика, физикадан барып, мектептин коомдук турмушунда да активдүү элем. Ошол кезден эле элди уюштуруп, кыйкырып өкүрүп «келгиле кылалы, антели минтели» деген демилгечилигим бар эле. Жаштайымдан эмгекчил болдум. Мисалы мен 6-класстан баштап колхоздо иштегенмин. Анда учётчиктин жардамчысы болоор элем. Ким канча сотых жер чапты, кайсы жерде канча гектар жер бар, баарын «чагат» болчум. Күн-түн дебей иштечүбүз. Жаз алды менен март айынын башынан талаага чыгып кетчүбүз. Бир жылы эсимде план толбой калып 17-январга чейин талаада пахта тердик. Ошол жылы кургакчыл болуп кыш кеч келген эле. Бирок футбол ойногонго жетишип, оюндунда планын толтурчубуз.

СТУДЕНТ КЕЗДЕН АКЧА ТАБА БАШТАДЫМ

Мектепте окуп жүргөн кезде агроном болом дечүм. Бирок мектепти аяктаганда балдардын көбү политехникалык институтка киребиз деп калышты. Мен да алардын шары менен Фрунзеге кеттим.

Политехтин «Автожолдор» адистигине 1971-жылы тапшырып, аны 1976-жылы  актагам. Ортодо үч жыл «строй отряда» кызмат өтөдүм. Анда Тоңдо, Балыкчыда, Лейлекте, Уфада автовогзал, аэропорттордун курулушуна катыштым. Студент кезде 40 рубль стипендиям өзүмө жетчү, ата-энебизден акча алчу эмеспиз. Кайра аларга акча салып, белек-бечкек жиберип турчубуз. Ошол күндөрдөн акча таба баштадым.

ЭМГЕК ЖОЛУМДА БАРДЫК ТЕПКИЧТЕРДЕН ӨТТҮМ

Эмгек жолумду 1976-жылдын сентябрынан  ДЭУ-22 ишканасында мастер болуп баштап, 7 ай ал жерде иштедим. 1977-жылы Сузак районундагы «Сузак ХУОД» ишканасына прораб болуп  которулганмын. 1978-жылы ал жерде директордун орун басары болдум. 1980-жылы январь айынан Жалал-Абаддагы универсалдык соода  базасында  директордун орун басарлыгына өткөрүштү. Ал жерде 11 жыл иштептирмин. 1991-жылдан  баштап Жалал-Абад областтык  керек-жарак  коомунун  (ПМКнын)  жетекчиси болуп эмгектендим. Ал жерде 500дөй адам иштечү. Адамдар менен иштешүү мага  жеңил, эч кандай кыйынчылык жаратпайт. Болгону катуу колмун.

КЫШЫНДА ЖУМУШ БОЛБОСО ДА АЙЛЫКТАРЫН ТӨЛӨП БЕРЕМ

1996-жылы азыркы фирманы «Алым-Ата» деп атамдын атына атап, түптөдүм. Бирок 2007-жылдан баштап туруктуу иштей баштадык. Бизде 100дөн ашуун адам эмгектенет. Азыр биздин мекендештер Орусияга барып устачылыкты жакшы үйрөнүп келип жатышат. Ошол биз иштеп баштаган 2007-жылдардан тендер деген нерсе башталды. Ошондон бери тендерге катышабыз, жеңген болсок убадабызда туруп баарын аткарып беребиз. Жумушту алдымбы, аягына чыгарам. Кошумча иштер чыгып калат сметага кирбей калганчы. Алардын баарын бүтүрүп, акысын албай коём. Кээде ишти бүтүрүп өкмөттү карыз кылып коюп кете берем. Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарындагы көп эле имараттарды бүтүрдүк. Кудайга шүгүр курган имараттарыбыздын ичинен жарака кеткени, буйрутмачыга жакпай калганы болгон эмес. Атам тарбиялагандай балдардын акысын жебейм, кышында жумуш болбосо да айлык төлөп берем. Бирок катуу жетекчимин дебедимби,.эгер иште кемчилдик кетсе, аёосуз жумуштан кетирем. Ал баламбы, ал тууганымбы карап олтурбайм. Жумуштун кызыкчылыгы үчүн адилетүү болгонго аракет кылам. Бир аз кыйтыгын билип калсам бүттү. Кечирбейм. Адамдарга туура мамиле кылуу керек. Ал тургай балаңа да туура мамиле кылыш керек. Эки жүздүү болуп, бирөөдөн бир нерсе алып, бербей койсоң бүттү тарбияда жарака кетет. Бала орусча айтканда именно ошону өздөштүрөт. Биз туура так иштегендиктен буйрутмачылар тендер башталганын айтып «катышкыла, келгиле» деп өздөрү чакырышат. Жыгач, темирди эле Орусиядан албасам, калган курулуш материалдардын баарын ата мекендик өндүрүштү пайдаланабыз.

ЭСИМДЕ КАЛГАН ИШТЕР БАР

Албетте эсимде калган иштер бар. 2007-жылы Сузактын Октябрь айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы балдар үйүн оңдоп түзөө боюнча тендерин утуп алдык. Абдан начар абалда эле. Полдору түшүп калган, шыйпырлары сынган деги койчу эң оор абалда десе боло турган экен. Анан аны жалтыратып койгондо өзүмө, ишиме ыраазы болгом. Кийин эле Барпы айылына ФАП курдук, Төбөйдө мурда жок эле. Анда бир кубангам. Атабеков орто мектебинин 25 жыл бою курулушу аягына чыкпай турган экен анын багын биз ачып 2009-жылы бүтүргөнбүз. Анан 2010-жылы июнь окуясынан кийин облустук телерадио компаниясынын имаратын да оңдоп түзөөдөн өткөрдүк. Бул иш да көпчүлүккө жакты деп ойлойм.

КАЙРЫМДУУЛУК КЫЛЫП ТУРАМ

Чынында кайрымдуулук иштерим көп эле. Аларды айтканда эмне. Балдар үйүнүнө жардам беребиз, алардын бир бөлүгүн өзүбүз оңдоп бердик эле аны балдар бакчасы кылабыз дешкен.  Оңдоо түзөөдөн кийин кээ бирлер акчасын толук бере албай калышат. Алардын артынан түшпөйм, мейли тим эле кой деп кечип коём. Өзүбүздүн айыл өкмөттүн имаратындагы конференц залын оңдоп бердик. Полу калбай, эскилиги жетип калган экен. Дагы бир бөлмөнү да оңдоп берген элек аны аялдар комитетинин кабинети болуп калды. Көп жерге таза суу чыгарып бердик. Чанкет Сайдын дамбасын жылда жазда суу киргенде эл тосуп, кыйналышат эле. Ошол иш бүтүп азыр эч ким тынчсызданбай калды. 2004-жылы айылга мечит курдум. Кубаталы ажы мечитин. Ал мындай болду. Бир күнү имамы айтып калды, «Саудия Арабиядан демөөрчүлөр келип жаңы мечит куруп, бүтүрүп берели деп жатышат» деп. Анан мен айтым анда мечиттин аты өчүп кетет да деп. Үйгө барып ойлондум. Фирмам иштеп атат, кудайга шүгүр жашоом бар. Ушул мечитти бүтүрөйүн деп, аксакалдарды чакырып кеңешип, бат эле бүтүрдүк.

АЖЫЛЫК САПАР БУЙРУГАН ЭКЕН БАРЫП КЕЛДИК

Ажылык сапар да кудай бешенеге жазып койгон экен барып келдим. Меккени кудайдын үйү деп коюшат. Дүйнөнүн чар тарабынан 4 миллион эл келип, дагы ошончо адам аларды тейлейт, жергиликтүүлөр менен жалпы 11 миллион эл бир ай бою чакан эле шаарда ынтымактуу болуп сонун күн өткөрүшөт экен. Ушунчалык кичипейил, жумшак адамдар чогулуп калгандай. Бири бирине кичине эле кокустан колуна колу тийип кетсе да кечирим сурап турушат. Бирок ар ким өз тилинде эле сүйлөй берет, түшүнүшө берет. Баарыбыздын максатыбыз бир, оюбуз бир Улуу Жараткандан мусулмандык парзыбызды кабыл кыл деп тиленип баргандыктан тил тоскоол болбойт экен. Кудайым өзү күч берет турбайбы, ушул жакта докторлорго көрүнүп, ооруканадан оорукана деп эле бутум ооруп жүрө берчим. Каабаны айланаарда 20 метрдей эле бутум ооруду андан кийин бир ай бут ооруну унуттум. Мейманкана укмуш көп, анан да биздин Кыргызстандыктар үчүн акысыз экен. Тамак ашы да. Биз 2500 долларга барып келсек, Тажикстандыктар 6000 доллар кетиришет экен. Күн ысык болгондуктанбы же Замзам суунун касиети ушунча белем 10 күндөй тамак ичпедим. Балмуздак эле жеп жүрдүм окшойт. Бир баштык дары көтөрө баргам. Кээде өзүмчө эле кан басымдын дарысын ичип алам, этият болоюн деп. Байкасам ага деле зарылчылык болбоду, анан ошол боюнча дарылар кайра келди. Шаарда жалгыз жүрсөң деле адашчудай эмес экенсиң. Адашсаң колуңдагы чипти полицияга көрсөтсөң алар биздикилерге билдирет, ошону менен алып кетет. Башыбызда калпак болот, алыстан тааныйсың. Байкашымча ошончо элдин арасында кыргыздар эң сулуу калк экенбиз. Чын. Биздин жаратылышыбыз да, элибиз да сулуу келет турбайбы, байкабай жүрүптүрбүз. Дүкөнчүлөрү афган, пакистандык, бангладештик, африкалык кыскасы ар кайсы улуттагылар. Кыргызча эле соодалашып, калькулятор менен баалашабыз. Кыскасы абдан жагымдуу күндөр өттү. Бардык мусулмандарга ошол күндөрдү көрүүнү насип кылсын Аллахым деймин. Ажылык бүтүп эл кеткенден кийин эки сутка катуу нөшөрлөгөн жамгыр жаап шаарды жууп тазалайт экен. Кудайдын кудурети жылда ушундай болуп турат дешти.

АЯЛЫМ АЙТКАНЫМДЫ ЭКИ КЫЛБАЙТ, ЫРААЗЫММЫН

Аялым өзүбүздүн кыштактын кызы. Дайыма аятканымды аткарып, балдарымды жакшы тарбиялаганы үчүн ыраазымын. Беш балам бар, үч уул, эки кыз. Кыздарым турмушта, балдарым да үйлүү-жайлуу. Улуу балам «Алым-Атада» директор. Жумуштун көбүн ал аткарат. Курулуш ишмердүүлүгүнөн башка байпак чыгарчу цехибиз бар, тигүү фабрикабыз ишке кирген жатат. 15 неберем бар, улуусу студент.

Кыргызстаныбыз тынч болсун, жаңы ажобуз эл үчүн күйгөн, ынсаптуу киши болсун. Кудай Саудияга көз салган дешет, менимче экинчи көзүн Кыргызстанга салса керек. Бизде баары бар, бейиштин төрүндөбүз.

Гүлмайрам САБИРБЕКОВА

 

Жубайы Имарова Упакан: «БИЗДИ АЙЫЛДЫН АКСАКАЛЫ, ТАГАСЫ ТААНЫШТЫРГАН»

Мен мектепти бүтүрүп эле турмушка чыккам. Анын тагасы Кубат ажы деген айылдын аксакалы экөөбүздү тааныштырып үйлөндүргөн. Илгери ушундай улуулар таап, үйлөнүп, жакшынакай эле жашап келатабыз.Кайненем, кайнатамдар дагы алтын адамдар болгон. Кайнатам динди бекем кармаган, балдарына да Курандан алынган аттарды ыйгарган. Азыр сүйөм күйөм деп үйлөнүшөт дагы, сүйүүлөрү бат эле түгөнүп калат. Карасаң эле тегеректе ажырашкан үй-бүлөлөр көп. Менин жүрөгүмдү ушулар оорутат. Аксакалдарды сыйлаш керек деген нерсени унутуп калышкандай азыркы жаштар. Өзүм билемдик кылып, турмуш курушат. Анан дагы балдарга туура тарбия бериш керек. Үй-бүлө бул кичинекей мамлекет. Өлкөбүздүн өнүгүүсү дагы үй-бүлөдөн башталат. Мен жашоодо үй-бүлөмдү биринчи орунга койдум. Жолдошумдун дайыма айтканын аткарып, балдарымды дагы мекенчил, чынчыл, ыймандуу кылып тарбиялоого аракет жасадым. Жолдошум тууралуу айтсам, экөөбүз турмуш кургандан бери эле, эл кызматында. Эртең менен кетип кеч келет.  Дайыма элдин көйгөйүн чечүү менен алпурушат. Жакында жолдошум менен ажыга бирге барып келдик. Бул мен үчүн жашоомдогу эң жагымдуу күндөр болду. Жолдошум экөөбүзгө ажылык сапарды буйруган  Алла Таалага чексиз шүгүр айтам.

Базарбай ЖУМАНОВ “Кубат  ажы” мечитинин имамы

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим  Алла Таалага мактоолор болсун, Пайгамбарыбыз Мухаммед САВга салам салаваттар болсун. Айылыбыздагы мечитибиз эскирип жеткилиги жетип калган эле, Аллах насип кылып айылыбыздын  кулуну Абдыбаакы инибиз өзүнүн жанынан жаркыраган 300 орунду мечитти куруп берди.  Мечиттин аты Кубат ажы ошол Абдыбакы инибиздин тагасынын атына коюлган.  Буга чейин арабстандан демоорчулор куруп бермей болгон эле, бирок Абдыбаакы инибиз мечиттин аты өзгөрүп кетет мечитин атын сактап калалы деп өзү демөөрчү болуп куруп берди.  Кубат ажы деген инсан биздин айылдын тургуну болгон, омурун динге багыштаган айылдын ардактуу аксакалдарынан болуп өткөн.  Мына ушундай ардактуу аксакалдарыбыздын атын өчүрбөй эл арасында сактап калуу үчүн  мечитти  куруп берген Абдыбакы инибизге өзүмдүн жана Кызыл-Багыш элинин атынан терең ыраазычылык билдиремин, Аллах Таала эл  учүн  кылган кызматтаарын кабыл кылсын эки дүйнөдө жүзү жарык болсун деп мечитке келип намаз окуган жамаат менен дуа кылып турабыз.

Барчынай ШЕРАЛИЕВА Сузак районундагы № 38 Дыйкан Жунусов мектебинин директору

Биздин мектеп 1936-жылы ашар жолу менен курулган өтө эски мектеп болчу, Кыргызстанда өнүгүү деңгээлине жетип президент Алмазбек Шаршенович өзү колдоп, өкмөт колдоп мектепти кайра куруу үчүн республикалык долбоорго  киргиздирип аны тендерден “Алым Ата” фирмасы  утуп чыккан. Алым Ата фирмасы тарабынан 2016-жылдын март айынан баштап мектеп курула баштаган 9 айдын ичинде бүттү. 2017-жылы январь айынан баштап мектеп  пайдаланууга берилди. Биз үчүн жомоктогудай эле болуп калды,  тогуз айдын ичинде 275 орунду чоң бардык шарты менен мектебибизди бүтүрүлгөндүгү.  Мугалимдер да окуучулар да сыймыктанып окуй турган заманбап мектептти куруп берген “Алым Ата фирмасынын жамаатына  жетекчиси Абдыбакы Имаровго өзүмүн мектеп жамаатынын атынан терең ыраазычылык билдиремин.

Анаркан МУРЗАКАРИМОВА Атабеков айыл өкмөтүнүн жооптуу  катчысы

Атабеков айыл өкмөтүнүн маданият үйү биринчи кабаттында жайгашып аябай жараксыз абалда эле, “Алым Ата” фирмасынын директору Абдыбакы Имаровдун өзүнүн демилгээси, жардамы менен капиталдык ремонттон өткөрүп берилди. Мына ушул биринчи кабаттагы маданият үйүндөгү бир бөлмөдө “Аялдардын маданий борборун” ачтык.  Бул биздин Атабеков айыл өкмөтү  үчүн өтө чоң жетишкенибизге жардам болду.   “Алым Ата” фирмасынын бекер жасап берген капиталдык ремонтун көрүп Эл Аралык уюмдарда бизге 200 миңдин тегерегиндеги долбоор менен жардам беришти. Мындан башка дагы Абдыбакы Имаров биздин айыл өкмөттө болуп жаткан бардык иш чараларга ар дайым жардамын берип келет.  Арабызда Абдыбакы Имаровдой мекенчил,  чынчыл,  эл үчүн кызмат кылган инсандарыбыз дагы да көбөйө берсин.

Шахноза НАСИРОВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17