Аймак

Камчыбек Ташиев: “Алмаз Шаршенович экөөбүздүн мамилебиз түз, каршылашкан, душмандашкан жайыбыз жок, президентибиз бар экенин танбайбыз, баш ийүүгө милдеттүүбүз

 5,336 Бардыгы /


“Республика – Ата Журт” партиясынын тең-төрагасы К.Ташиев Жаңы жыл майрамынын алдында “7-каналдын” түз эфиринде көрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп берди. Андагы орчундуу маселелерди суроо-жооп катарында тизмектедик…

Биригүүнүн келечеги кандай?

– Камчыбек мырза, “Ата Журт” менен “Республика” партиясынын биригүүсүн ар ким ар кандай болжоп жатат. Бул кимдир бирөөлөр айтмакчы, бийликке жетүүнүн амалы эмеспи?

– Дүйнө жүзүнүн мисалында карасак деле, партиялардын максаты – бийликке келүүдө болот. Кандай жол менен келет, башка маселе. Мыйзамды бузбай, таза атаандаштык жол менен, элдин колдоосуна татып келе турган болсо, мунун эмнеси жаман? Биздин идеология – элге кызмат кылуу, эл турмушун оңдоо. Аны ишке ашырыш үчүн, албетте бийликке келишибиз керек. Тарыхты карасак, Кыргызстанда парламенттеги эки чоң партиянын биригүүсү биринчи жолу болуп жатат. Ошондуктан көрө албагандар чыга берет экен. Ар биринин пикири менен эсептешип олтурсак, эч нерсе жасабашыбыз керек болуп чыгат. Бир гана нерсени ачык айтыш керек – “Республика – “Ата-Журт” партиясы элди биримдикке чакырган, экономиканы оңдоону эңсеген чоң партия.

“Республика – Ата Журт” боюнча Бабанов экөөбүз 4 ай бою жеке сүйлөшүү жүргүздүк. Ага эч ким катышкан жок. Катыштырган да жокпуз. Бардык маселелерди, жакшы-жаманын талдап, чечип койгонбуз. Бул жагынан алып караганда, айрым басма сөздө айтылып аткан: “Бабанов экөө эмитен пикир келишпестик чыгып, ажырашуу алдында турат”,- деген кептердин баары жалган. 11-сентябрь күнү биригүү тууралуу экөөбүз кабыл алган чечим өзгөрбөйт. Эки партиянын тең саясий кеңеши аны колдоду.

– Дегеле “Ата Журт” менен “Республика” идеологиялык, типологиялык жагынан бири-бирине дал келеби?

– Мен биригүүнү кандай жагынан албайлы туура кадам катары эсептейм. Анткени, кайсыл маселе болбосун биригип чечип же болбосо кайсы бир саясый күчтөр биригип барганы туура. Биз бириксек, саясатта бириктик. Үй-бүлөбүз менен биригип, кудалышап кетип жаткан жокпуз. Биз эки чоң саясый партиянын биригишин камсыз кылдык. Кыргыз мамлектинде мындай биригүү болгон эмес. Эгерде идеологияга түздөн-түз түшүнүк бере туран болсок, саясат илимин түшүнгөн адамдар кимдер оңчул, солчул, демократтар жана социалисттер экенин баары билишет. Мен ойлойм биздин коомубузда түздөн -түз же кескин түрдө оңчулдар, солчулдар деп атаганга болбойт. Баары эле демократтар. Негизи бизде партиялардын идеологиясына эмес, жашообуздун багытына жараша бөлүнөт. Бийликчилдер жана оппозиционерлер. Эгер биз оппозицияда турсак, бийлик алмашып да кетиши мүмкүн. Биздин улутубуздун мүнөзүнө жраша бири -бирибизден кескин түрдө айырмаланбайбыз. Кыргыздар, кыргыз мамлекетинин коому ошол бойдон калат.

– Бириккениңер жакшы дейли. Бирок, эки партия ортосунда тиреш жаралса, аны кантип чечесиңер?

– Жогоруда айтканымдай,“Республика-Ата Журт” партиясын түзүш үчүн 4 ай сүйлөштүк. Эч ким катышкан жок. Эч ким билген жок. Өмүрбек Токтогулович экөөбүз жакшысын да, жаманын да, өзүбүзгө төп келип, келбегенин да карап отуруп, 11-сентябрь күнү биригүү чечимин кабыл алдык. Ойлонуп тастыкталып, экөөбүз толук бойдон макул болдук. Ошол эле мезгилде биздин партиянын саясый кеңеши, мүчөлөрү, партияга чын дилинен кызмат кылган адамдар бар. Партия ичинде кандай маселе жаралса да, эки лидер гана чечебиз. Бирок, бири-бирибизге үстөмдүк кылбайбыз. ыскасы, биз кандай чечим кабыл алсак, партиянын тагдыры ошондой чечилет.

– Эми келечегиңер кандай болот?

– Буюрса, таасирдүү партия болобуз. Кыргызстандын өнүгүшүнө, саясый маданияттын өсүшүнө шарт түзөбүз.

Шайлоого жакын эрежени өзгөртүүгө каршымын!

– Биометрикалык маалыматтарды чогултуунун зарылдыгы барбы? Эгер зарыл болсо, өкмөт эмне үчүн элге кеңири маалымат жеткиришпей жатат?

– Чынында биомаалыматтарды чогултуу боюнча коомчулукта суроо-талап көп болууда. Эгерде бул кампания “бир адамга – бир бюллетень” деген маселени чече алса, мен аны колдойм. Шайлоочулардын тизмесин так түзүүгө жардамын берсе – жакшы көрүнүш. Бирок, ошол эле учурда, шайлоонун жыйынтыктары компьютер аркылуу эле эсептеп чыгарып коюу аракетине тикеден тике каршымын. Мына өнүккөн көптөгөн мамлекеттер деле компьютер аркылуу шайлоо жыйынтыгын чыгаруудан качышууда. Себеби, калпыстыктар көп кетет. Тигил же бул саясий күчтүн пайдасына жыйынтыктарды оодаруу оңой болуп калат. Демек, биз шайлоо жыйынтыктарын кол менен эсептеп чыгаруудан качпашыбыз керек. Шайлоо боюнча өлкөбүздүн Улуттук кеңешинин жыл башындагны жыйынында мамлекет башчысы Шайлоо кодексине тийешелүү өзгөртүүлөр болсо, аны 30-декабрга чейин кийирип бүтүү зарылдыгын белгилеген. Бирок, 30у келип калса да, тийешелүү өзгөртүүлөрдү парламент караган жок. Бул эмнени билдирет? Шайлоо эрежеси ага жакын калганда өзгөрөт. А бул кимге пайдалуу экени бештен белгилүү. Партиялар, эл шайлоого кандай эреже менен бараарын жок дегенде 10 ай мурун билиш керек. Бизде андай болбой атпайбы. Бул өкмөттүн, парламенттин, жалпы бийликтин өтө чоң катачылыгы”.

Президенттикке же мен, же Бабанов барат…

– Президентике сиздин да, Бабановдун катышкысы келерин билебиз. Биригип алдыңар эми президенттик шайлоого кимиңер барасыңар
?

– Эки партиянын биригүүсүн тууралуу сүйлөшүү учурунда биз бул маселени да сүйлөшкөнбүз. Мына кээ бир адамдар: “булар эптеп парламентке келиш үчүн эле бирикти, андан кийин таркап кетет”,- деп айтып жатышат. Мен мындай пикирге кошулбайм. Биз Кудай буюрса президенттик шайлоодо да чогуу болобуз. Мына ошол учурда президенттикке кимибиз көбүрөөк даяр болсок, коомдо кимибиздин кадыр-баркыбыз көбүрөөк болуп турса, ошонубуз президенттикке аттанабыз. Эгерде Өмүрбек Бабановдун мүмкүнчүлүгү көп болсо, мен аны колдойм. Ошол эле учурда, президенттикке барууга менин мүмкүнчүлүгүм жогору, элдин колдоосу мага көбүрөөк ыктап турса, мен барам жана бул маселени Өмүрбек Бабанов дагы колдооого алат. Башкача айтканда, президенттик шайлоого экөөбүздүн бирөөбүз гана барабыз.

– “Бүтүн Кыргызстан” партиясына көз карашыңыз кандай? Мадумаров менен мамилеңиз жакшы элеби?

-“Бүтүн Кыргызстан” партиясына көз карашыбыз жакшы. Алар да биригип, майдаланбай, ирилешүүгө аракет кылып жатышат. Ал эми Мадумаров менен эч кандай каршылаштыгыбыз жок.

– Азыркы “Ата Журт” партиясынын лидери Жылдыз Жолдошова сиздин партия менен шайлоого барабы?

– Биз менен шайлоого бирге барары чечиле элек. Себеби, Жолдошова партиянын саясый чечими жана саясый кеңеши менен иштебей калганына күбө болдук. Ошондуктан Жылдыз Жолдошованын келерки шайлоого биз менен барар-барбасы азыр чечиле элек. Бирок, Жылдыз эжени бизди коргоп чыгып, ачуу чындыкты айткан сөздөрү жүрөгүмдө сакталуу.

– Көп партиялуулук Кыргызстанга ыңгайлуу эле бекен?

– Мамлекетибизге бир партия керекпи же 10 партия керекпи аны шайлоочулар гана чечиши керек. Ошондуктан, “бизге мынча партия эле жетет” деп элибизге, коомубузга таңуулабашыбыз керек. “Бизге бир эле партия керек” деген туура эмес. Канча партия керек экенин эл- журтубуз шайлоонун эсеби менен чечиши керек.

– 120 депутат ашыкча эмеспи?

– Ушул маселе боюнча “Республика-Ата Журт” партиясынын да көптөгөн сурололору бар. Бул боюнча программаларыбызды даярдап жатабыз. Конституциябыздын башаламандыгы жана коомбубуздагы системанын туура эместигине көзүбүз жетип отурат. Мунун натыйжасында, кайсы бир адамдар “жоопкер эмесмин” деп башкаруу бутагынын жоопкерчилигин оодарып коюп жатат. Ошон үчүн Конституцияга ким эмнеге жоопкер экенин так жазып коюшубуз керек. Ал эми 120 депутат боюнча Конституцияда жазылгандыктан, биз аны аткарууга милдеттүүбүз. Бирок, биздин Кыргызстан үчүн 120 депутаттын көптүгүн коомубуз да, жетекчилерибиз да билет. Бирок, Конституцияны өзгөртө албайбыз. Же “өзгөртүүгө болбойт” деген шылтоолорду айтып жатышат. Чынында биз Конституция түгүл керек болгон мезгилде коомду деле өзгөртүп жатабыз го. Ошондуктан, 120 депутаттын көптүгүн билгенибизден кийин жок дегенде эки эсеге кыскартканга барашыбыз керек.

– Бажы биримдигине кирсек, кандай болот?

– Мамлекетибиздин саясий жетекчилиги, өкмөт, парламент депутаттарынын ой-пикирин уктук. Алардын айтымында, эгерде биз Бажы биримдигине кирбесек, экономикалык туңгуюкка кептелмекпиз. Азырынча алардын ар тараптуу аргументтерине мен ишенип атам. Бирок, айтып коюу керек, Бажы биримдигине кирсек эл кыйналабы же жашообуз оңолобу, азыр бир дагы эксперт айта албайт. Кирели, көрөлү, ошондо билебиз. Кандай болгон күндө да, чечим кабыл алган бийлик жетекчилери жоопкерчиликти мойнуна алышты, ошого жараша аларга суроо-талап коюлат.

2011. Президенттик жарышта ким жеңген?

– Камчыбек мырза, ачык айтыңызчы, президенттик шайлоодо ким жеңди?

– Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоодо көп добушка ээ болду делип, президент болуп шайланды. Бирок, ошол эле учурда президенттик шайлоодо бир топ калпыстыктарга жол берилди. Айрыкча Чүй облусунда, Бишкек шаарында шайлоочулар шайлоого катышпаса да, көп жеринде “шайлоо өттү” деген гана белги коюлуп калды. Менин калпыстыктарга жол берилди дегенимдин себеби, көп жерде бир гана талапкерге добуш берилген жагдайлар орун алды. Ошондуктан, мындан ары ошол ыкма менен эле жеңишке жетем дебей, кетирген калпыстыктарды жоюуп, эл нааразы болбой тургандай кылып, шайлоо өткөрүшүбүз керек. Негизинен шайлоонун туура өтүшү, калпыстыкка жол берилбеши акыйкаттуу болушуна эл эмес, эң биринчи бийлик кызыкдар болушу керек. Эге бийлик жанагындай көз боёмочулукка жол бере турган болсо, революцияга багыт алып келген жагдайлар орун алып кетиши мүмкүн. Ошондуктан, бийликтегилер шайлоону таза өткөрүүгө бардык аракетин жумшашы керек.

Энергетиканы эңшергендердин орду – түрмөдө

– Депутат болуп келип калсаңыз энергетика тармагын жөнгө салуу боюнча кандай сунуш берет элеңиз?

– Энергетика тармагында көп калпыстыктар кеткенине байланыштуу электр энергияга болгон баа үч эсе кымбаттады. Эмне үчүн биз арзан энергетика өндүрүп туруп, ушундай акыбалга жетип калганыбызды анализдеп көрөлү. Биринчи сууну туура эмес пайдаланганыбыз үчүн энергетика кризисине кептелдик. Ага карабай Артыкбаевди эки жолу энергетика министри кылып шайлап, иштин көзүн таба албаганына карабай экинчи ирет дагы Энергетика министри кылдык. Аны кесепетин бүгүн бүтүндөй эл тартып, үч эсе кымбат электр энергиясын колдонуп отурат. Биз ушундай кризистерге кептелбешибиз керек. “Элдин турмуш-шартын жакшыртышыбыз керек” десек, кадр сяасатына маани беришибиз зарыл. Ошондой эле бийликчил партиянын кадры ишти эптей албай жатса да шайлабашыбыз керек. Анткени, ошол министрдин туура эмес саясаты бүгүн бүтүндөй элге жүк болуп, азап тарттырып жатат. Мен “эмнеге суу аз болду” деген суроого жооп издедим. 2009-жылы биз казактарга 1 кВт электр энергиясын 4 центтен саткан экенбиз. 2011-жылы 1 кВт электр энергияны 2 центтен сатыппыз. Бул деген бир сомго жетпеген акчага сатканыбызды түшүндүрөт. Мамлекеттин тарыхында 2005-жылдан берки убакты алганда эң көп сууну быйыл биринчи жолу бериптирбиз. Ошондой эле 2011-жылы эң төмөн баада эң көп электр энергиясын сатыппыз. Бүгүн ошол электр энергияны 5 сомдон сатып алып жатабыз. Бул эмне деген иш. Кана өкмөттүн, мамлекеттин жетекчилери. Кана энергетиканы туңгуюкка такап койгон министрлердин жоопкерчиликке тартылганы? Эмне үчүн ушулардын баарын карашпайт? Эмне үчүн сууну арзан саткандар жооп бербейт? Ошондуктан, бүгүнкү күндө электр энергиянын кымбатташына “өкмөт күнөөлүү” деген жыйынтыкка келсек болот. Анткени, Артыкбаев ушундай иштерге жол бергени үчүн түрмөгө жоопко тартылган жок. Мен дагы эл айтып жаткан дооматтарга кошулам. Эмне үчүн элдин азапка салып, туңгуюкка кептеген адамдар жоопкерчиликке тартылбайт. Кана бийликтин коррупция менен күрөшкөнү. 1000 сом алганы үчүн мугалимди, 3 миң сом алганы үчүн дарыгерди “коррупционер” деп кармап жатышат. Эмне үчүн милларддаган акчаларды алып жүргөн адамдарды, бүтүндөй электр тармагын кризиске кептегендерди кармашпайт?! Арзан сатып жибергендерге эмне үчүн чара колдонбойбуз? Эгер баарын тегиз карап, чын эле мамлекеттин өнүгүшүн колго ала турган болсок, энергетиканы кризиске кептегендердт жоопкерчиликке тартуу ишин башташыбыз керек. Анткени, эл караөзгөй жетекчилердин туура эмес саясаты үчүн ашыкча акча төлөп жатат. Менин таңгалганым электр энергиясын элге алып келип берип турган 17 жеке фирма бар экен. Алар ортомчулук кылып, 46-54-53 тыйындан алып, элге андан кымбат баада сатышып, пайда көрүшөт экен. Ошондуктан мындайларга чара колдонушубуз керек.

– “Өкмөттүн жоопкерчилигин караш үчүн өкмөттү сунуштаган партияларды жоопкерчиликке тартса гана сапаттуу иштер жүрөт”,- деген ойлор айтылып жатат го. Макулсузбу?

– Туура айтсыз. Бирок, парламентте отуруп, өкмөттү сунуштап, аны бекиткен партияларды эч кандай жоопкерчиликке тарталбайбыз. Анткени, алар саясый гана жоопкерчиликке тартылат. Партиялардын туура эмес талапкерди сунуштаганы үчүн, ишти жөндөй албаган өкмөттү түзүп, кетирген калпыстыгына парламенттик шайлоо гана жооп берет. Айтайын дегеним, элдин турмушун жакшыртып же туңгуюкка кептеген өкмөттү кайсыл коалиция сунуштаса, эл ошого карата добуш бериши керек.

– Парламенттик башкаруу “койчусу көп болсо, коюу арам өлөт” деген система болуп калган жокпу?

– Негизи мамлекетибизде, коомубузда тартип болушу керек. Ошол эле мезгилде мамлекеттик жетекчилерде жоопкерчилик да болушу керек. Эгер министр болуп иштеп, ошол эле мезгилде кетирген калпыстыктарга жооп бербестен, 3-4 жыл эч нерсе болбогондой кетип кала турган болсо, саясый тартип орнобойт. Ар бир мамлекеттик деңгээлдеги жетекчинин баары туура эмес иштерине, кетирген калпыстыктарына жооп бериши керек. Бизде Осмонбек Артыкбаев бир жолу туура эмес иштегени аз келгенсип, экинчи жолу да кетирген катачылыктары үчүн жазаланбастан, жумуштан жөн эле алып койду. Эгер ошону жоопкерчиликке тартканда андан кийинки келген министр сестенип, жакшы иштемек.

– Сайттарда “Бабанов менен араздашып кетти” деген маалыматттар бар. Азыр Бабанов менен мамилеңиз кандай?

– Бардык басма сөз каражаттарында “Ташиев менен Бабанов урушуп кетиптир” же болбосо “урушканы жатыптыр” деген терс маанайдагы маалыматтар орун алып жатат. Ачык айтып коёюн – Бабанов экөөбүздүн ортобузда эч кандай араздашууга болгон жок. Экөөбүз маселени макулдашып, чечип жатабыз. Сыягы, көптөгөн саясый күчтөргө жана көптөгөн адамдарга биздин урушуп кеткенибиз же болбосо, бири бирибизге жаман айтып, ажырашып кеткенибиз керек болуп жатса керек. Бирок, биз алардын тилегин таш каптырып, элибизди, журтубузду, мамлектеибизди бириктирип, ынтымакка чакырууга аракет кылып жатабыз.

– Балаңыздын соту не болду?

– Азырга чейин жыйынтык чыга элек. Подстава болгон үчүн сот чоюлуп келе жатат. Барынан кызыгы, менин баламды уурдады деген машиненин дөңгөлөгүнүн суммасы 800 сом экен. Ошондуктан жок жерден жамандабай бул иш акыйкаттуулук менен аягына чыгышы керек.

– Россиядан сураган баш паанектин жыйынтыгы не болду?

– Өзүңүздөр жакшы билесиздер. Мен расмий түрдө кайрылгам, баш паанек сурап. Үй-бүлөм арыз беришкен. Бирок, биз бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланган жокпуз. Менин үй-бүлөм Кыргызстанда эле жашап жатат.

– Бабанов экөөңөрбири-бириңерге кезинде ачуу сөздөрдү айткан элеңер. Кантип анын баарын унутуп, биригип алдыңар?

– Ал кезде бири-бирибизге ошондой ачуу сын айта турган мезгил болчу. Ал премьер-министр, мен оппозициядагы депутат элем. Ошон үчүн катыра сындап, сөөгүнө жете турган сөздөрдү айтчумун. Бирок, “ошондо туура сындаптырмын” деп өзүмө ыраазы болом. Анткени, ал кезде менчелик Өмүрбек Токтогуловичке эч ким сын айтпагандыр. Биздин талабыбыз катуу, айткан сыныбыз орундуу болгон үчүн биз бири-бирибизге таарынган, капаланган жокпуз. Азыр багытыбыз бир экенин, саясаттагы ордубузду билгенибиз үчүн биригип, иштешип жатабыз. Эң негизгиси биз сын айтканыбыз менен душмандашкан эмеспиз. Ортобузда атаандаштык гана болгон. Азыр да сүйлөшүп калганда ошол кездеги катуу сындарыбызды айтып, күлүп калабыз. Кыскасы, биз бии-бирибизди түшүнөбүз.

“Ата Журт” – Келдибеков, Жапаров, Мамытов, мен бар кезде күчтүү фракция болчу..

– Шайлоого баруу үчүн 500 миң сомдук күрөөнү 5 млн. сомго көбөйтүүнү сунуштап, шайлоо босогосун 10 пайызга көтөрөлү дегендерди колдоого алып жатасыз?

– 10 пайыздык чектен өтө алган гана партия шайлоого өтүшү керек. Бул маселе да зарылчылыктан улам пайда болуп жатат. Анткени, майдаланып кеттик. Партиялар да, мамлекет да майдаланып кетти. Ошондуктан, ушул зарылчылык пайда болду. Анткени, парламентке арзыбаган добуш алганы деле келе бербеши керек. Эң көп добуш алган чоң партиялар гана келсе, мамлекетте өзгөрүүгө багыт алат. Бүгүнкү күндө талашып тартышып, 5 партиянын максаты бир жерден чыкпай жатат. Туура, кээ бирөөлөр “майда партиялар эмне кылат” деген сөздү айтып жатат. Алар биригип, чоң партияга айлансын. Ошондо гана элдин ишенимин актай алышат. Болбосо, майдаланып, майдачылдыктан өйдө боло албай калдык. Мен саясый партия түздүм. Ал сөзсүз эле парламентке келиши керек дей берген да болбойт. Ошол жагын да эске алсак жакшы болмок.

“Республика -Ата Журт” партиясына 10 пайыздык чек эч кандай тоскоолдук жаратпайт деген үмүттөбүз. Ал үмүтүбүздү Алла таалам колдойт деген ишенимибиз бар. Ал эми 500 миң сомго коюлган күрөөнүү 5 млн. сомго көтөрүлшү боюнча айтсам, 500 миң сом болгондо 28 партия шайлоого катышып анын 5 партиясы эле парламентке өткөндүн эмне кереги бар. 5 млн. сом болсо, алы жеткени гана шайлоого аттанат. Балким, 10 эле партия катышат. Толгон токой партияга башын оорутпай билгенин гана шайлап, шайлоочуларга да оңой болот.

– Азыр “Ата Журт” фракциясынын ишин көзөмөлдөп жатасызбы?

– Ачыгын айтыш керек. Азыркы “Ата Журт” фракциясы, мурдагы Ахматбек Келдибеков, Садыр Жапаров, Талант Мамытов, мен бардагы “Ата Журт” партиясындай таасирдүү эмес. Депутаттарыбыздын көбү түрдүү себептер менен мандатынан айрылгандыктан, азыркы “Ата Журт” фракциясынын иши солгундап турганы баарына эле байкалып турат.

– Ахматбек Келдибеков башка партия түзгөнүн билебиз. Ал сизди саттыбы же сиз аны саттыңызбы?

– Мен эч качан бирөөнү, ал тургай идеяны да саткан эмесмин. Сатпайм дагы. Аны мени менен чогуу жүрүп, мамиле түзгөндөр билет. Негизи мен түз жүргөн адамдарданмын. Келдибеков эгер ошол мезгилде партия түзгөн болсо, ал мага маалым болмок. Эгерде ал бизге айтпай партия түзүп кеткен болсо, анда ал саткан болот.

– Садыр Жапаров менен мамилеңиз кандай? Анын менен байланышып жатасызбы?

– Садыр Жапаров экөөбүздүн ортобузда достук мамиле болгон. Жана экөөбүз ошол достук мамиледе эле калабыз. 7-8 айдан бери байланыша элекмин.

– Негизги киреше булагыңыз кайдан келет?

– Негизги киреше булагым жеке фирмаларымдан келет.

Спортчуларымды саясатта курал кылбайм…

– Акыркы убактарда спорт тармагы кримдүйнө менен аралашып кетип, спорт клубдардан криминалдарга аралашкан спортчулар көп чыгууда. Сизде да спорт клубу бар. Жаш балдарды жеке кызыкчылыгыңыз үчүн даярдап жаткан жоксузбу?

– “Таймурас” спорт клубуна 16 жыл болду. “Таймурас” спорт клубунан 10догон спорттун чеберлери жана Кыргызстандын намысын коргогон спортсмендер чыкты. Бүгүн кичинекей эле жердеги спорт клубу болгонуна карабай чемпиондор чыгып, дүйнөлүк турнирлерге катышып жатат. Аталган спорт клубдан чыккан спортсмендер кудайдын кулагы сүйүнсүн Америкага чейин барып келип жатат. Алар криминалдык авторитет же саясатчылардын авторитеттинен эмес, мыкты спортсмен болгон үчүн барып, катышып келип жатышат. Бүгүнкү күндө “Таймурас” спорт клубунан бирөө дагы кылмышкер деген сөз жок. Анткени, бул жакта криминалдар менен ымалашкан жигиттер жок. Чыныгы спортсмендер.

Ошондуктан, булдарды булгап, бир дагы саясый акцияма катыштырбайм. Курал кылбайм. Бул балдар мага Кыргызстанымдын атак-даңкын чыгарыш үчүн керек. Мен алардын чемпион болуп, кыялынын орундалышына гана жардам берем.

Бирок, бүгүнкү күндө кээ бир саясый адамдар күчтүү, демдүү, жүрөктүү жигиттерди чогултуп алып, жеке кызыкчылыктарына пайдаланып, саясаттан да, криминал жагынан да колдонуп, 100-200 балам бар деп дардаңдап мактанып жүрүшөт. Мынадайларды түп тамырынан бери жок кылышыбыз керек. Айтайын дегеним, бүгүн милицияда иштегендер дагы 100дөгөн балдарды тарбиялап, ошонусуна чиренишет. Же шайлоого, митингге баргандарды коркутуп, карк күчүнө салган депутаттар, лидерлер бар. Мына ошолордун баарын эпке келтирбесек болбойт.

Таза адамдарга гана мандат тийет

– Өткөн жолку шайлоодо силердин партиядан түрдүү адамдар парламенттик шайлоого барып, силерди сынга калтырган эле. Бул сапар андай нерсеге жол бербейсиңерби же акчасы үчүн катарыңардан орун бересиңерби?

– Туура эмес список түзүп алып, элдин добушун алган адамдар депутат болуп келди. Аныңыз туура. Бирок, 2015-жылы ушундай калпыстыктарды кетирбеш үчүн биз абдан кылдаттык менен карап жатабыз. 95 пайыз Жалал Абад облусу боюнча тизме такталып калды. Ар бир адамды жеке өзүм карап чыгам. Анткени, парламентке барыш үчүн эптеп алдыңкы тизмеге кирип алгандардын кесепетин тартып калганбыз. Бу сапар андай нерсеге жол бербей коррупцияга, коомдогу жат көрүнүштөргө тиешеси барбы жокпу, жаман иштерге аралашкан, аралашпаганына чейин иликтеп баарын жеке көзөмөлүмө алып, кылдаттык менен текшерип, тымызын иштеп жатам. Кыскасы, парламенттик шайлоого таза адамдарды алып келүүгө болгон аракетимди жасайм.

-Жаштарга колдоо көрсөтө аласызбы? Жогорку жакка иштегиси келген жаштардын басымдуу бөлүгү акчасы жок, карапайым адамдардын балдары болгон үчүн көтөрүлө алышпай жатат го?

– Жаштарды сөзсүз түрдө мамлекеттик саясатка аралаштырышыбыз керек. Эгер жаштарды кызматка тартып, үлгү болчу иштерди көрсөтпөсөк, мамлекеттин келечеги жок болуп калат. Бирок, ошол эле мезгилде ар бир жаш адам: “мен жашмын, билимдүүмүн, мени жумушка алышы керек” деп отурбастан, өзү да аракет кылышы керек. Мен колхозчу кедейдин баласымын. Мен 11 баланын арасында чоңойгом. Менин атам өмүрү бирөөдөн пара алып, бирөөгө пара берген жан эмес. Ата-энем өмүр бою дыйкан болгон адам. Мен деле ошондой үй-бүлөдөн чыккам. Мага эч ким таяныч болгон эмес. Раматылык атам 3- жолу шайлоого даярданып жатканымда “2 жолу өтпөдүң. Дагы аракет кылып жатасың. Өз тирилигиңди кылып, депутат болом деп умтулбай эле койчу. Анткени, сенин депутат боло албай жатканыңа мен күнөөлүүмүн. Мен өмүр бою иштесем да байлык топтоп, жогору жактан сага колдоо көрсөтө турган тууганым жок”деп көзүнө жаш алган. Мен кедейдин, колхозчунун баласы да депутат болуп, элине ак кызмат өтөй турганын көрсөтөм деген максат үчүн депутат болуп, саясатка аралашкам. Анткени, атамдын сөзүнө таасирленип, сөз бергем. Бирок, атам саясый кызматка аралашканымды көрбөй калды. Мен муну ар бир адам өзү иштеши керек деген ойду айтыш үчүн айттым. Мага да байлыкты эч ким топтоп берген эмес. Ошондуктан, элиме кызмат кылам. Элимдин керегине жарайм деген азаматтар жаштайыңардан саясатка аралашам десеңер артыңар таза болуш үчүн байлыкты ак эмгегиңер менен топтогула. Бүгүнкү жагымсыз жагдайдын бири парламентте отурган депутаттардын көпчүлүгүнүн дипломдору жасалма экен. Аны өздөрү да билет. Демек, ал эч нерсе кыла албайт. Мен түрмөдө отурганда атайын топ түзүлүп барып, бир ай Россияда жүрүп, менин дипломумду, ал жакта эмне иш менен алек болгонумдан бери текшерип, жасалма диплом болсо коомчулукка жар салайын дешкен экен. Справка түзүп келишкен. Мен өзүм таза, ак экениме ишенем. Ошон үчүн алгач өзүңөргө ишенишиңер керек. Анткени, бардык саясатчылар кедей- кембагалдын үйүнөн чыкпаса да, аракети күч болсо, саясый аренага чыгууга шарт түзүлөт.

Түрмө коркунучтуубу?

– Көпчүлүк саясатчылар кылмыш иши козголсо эле чет мамлекетке чыга качканды адат кылып алышты. Андай адаттан бүгүн Мелис Мырзакматов да куру эмес. Түрмө коркунучтуубу?

– Эгерде сен таза болсоң, жасаган ишиң ак болсо, коркот деп камаган түрмө да сага коркунуч жарата албайт. Ал турсун ар бир кадамың кылган ишиң таза болсо, оо дүйнөдөн да коркпойсуң. Мырзакматовго кылмыш иши козголуп качып кетти деп атасыз. Эгер таза болсоң качыштын, түрмөдөн коркуштун кереги жок. Таза болсоң камаса камалыш керек. Анткени, таза эле болсоң чыгасың. Таза болбосоң түрмөгө камаласың. Мен өзүмдүн тазалыгыма ишенген үчүн соттун акыркы мүнөтүнө чейин бийлик менен тирешип турдум. Анткени, тазалыгыма ишендим. Ошондуктан, Мелис дагы өзүнүн тазалыгына ишениши керек. Таза болсоң эл- журтун коргоп, Алла таала да жардам берет. Качып кеткен туура эмес. Качпаш керек.

-Шайлоо учурунда гана Баткенге келесизби же андан башка учурда дагы бул аймактан кабар алып турасызбы?

-Мен башка облустарга салыштырмалуу Баткенге көп бардым. Министр болгон кезде да көп жумушту Баткенде жасадым. Анткени, табигый кырсыктардын көбү Баткенде болгондуктан, ал жакка бат-бат барып турууга туура келчү. Ошондой эле парламенттик, президенттик шайлоодон кийин Баткендеги эл менен көп жолугушкам. Кокустук болуп, түрмөдө отургандан кийин да Баткенге барып келгем. Ачыгын айтышым керек азыр чоң кызматта же депутат болбогондон кийин тез-тез Баткенге барышым да кыйын болуп турат.

Кайра эле НТСтеги маеги тууралуу

-Орозо маалында НТС телеканалынан чыгып, кечиримдүү болууга чакырган элеңиз. Неге андай кадамга бардыңыз?

– Эл-журттун алдында өзүңдүн кетирген катачылыктарың, калпыстыктарың үчүн орозо айында кечирим суроо – бул пенделик парз. Мен ошол Алла Таала берген мүмкүнчүлүктү пайдаланып, ыйык Рамазан айында кетирген калпыстыктарым үчүн кечирим сурагам. Аны танбайм. Ал турсун дагы кайталаймын. Себеби, ошол түрмөгө отурган 9 ай учурунда ар түрдүү адамдар менен сүйлөшүүгө туура келди. Турмуштук сабак алдым. Бизди каралаш үчүн адамдар соттук процесттерде жалган күбөдөн өтүштү. Ошол адамдардын каталыгы үчүн да Алла тааламдан кечирим сурагам. Азыр да аны кайталоодон арданбайм. Урматтуу эл журт, шайлоочулар, кыргызстандыктар эгерде мен тараптан жаман сөздөр айтылса, сиздерге зыян тийгизсем мени кечирип коюшуңуздарды өтүнөм.

– Бул кечиримиңиз да саясатташып кетпейби?

– Ташиев дагы элден, бийликтен кечирим сурады деши мүмкүн. Бирок, мен кечирим сурагандан арданбайм. Кечирим суроону пенделик парзыбыз деп түшүнөм.

– Көп жылдар бою оппозициядасыз. Азыр бийлик менен мамилеңиз кандай?

– Биз мыйзамдуу түрдө оппозициябыз. Айтайын дегеним, “Республика”, “Ата Журт” фракциясы оппозициядагы фракцияларбыз. Калп айтып, маселени жылмалабай ачык айтышым керек. Убагында оппозиция дегенди бийликти сүрүп келип, саясый иш аракеттер менен бийликти оодарып түшүү деп түшүнчүмүн. Көрсө, бул менен кемчилигим экен. Көрсө, оппозицияда турган саясатчылар бийликти сөзсүз түрдө эле алышы керек эмес экен. Мамлекетке зыян келтирбей деле, төңкөрүшсүз деле оппозиционер болсоң болот экен. Биз оппозициядагы саясатчылар “Республика-Ата Журт” партиясындагылар революциясыз саясый деңгээлде, элдин, журттун каалоосу менен бийликке келебиз деген ниетибиз бар. Төңкөрүш кылып, бийликти оодарып түшүп, мамлекетибизди опурталдуу жагдайга түртпөй, “оппозиция элем” деп өлкөбүздү чыгымга учуратпашыбыз керек. Анткени, революция жасасак эле турмуш оңолуп кетсе, 2 революция болду. Артка кеткенибиз эле болбосо, алдыга кетип жыргаган деле жокпуз го. Ошон үчүн бийликке революциясыз, мыйзамдуу башкача айтканда, шайлоо жолу менен келүү чечимин кабыл алганбыз. Муну бийлик менен түздөн түз мамиле түздү деп кабыл албагыла. Бул чечим мамлекеттин тынчтыгын, бүтүндүгүн ойлогон чечим болду.

– Кызыл-Сеңирдеги спорт залды качан бүтүрүп бересиз. Аны кайсыл каражатттарга бүткөрүп жатасыз.

– Менин ар бир тапкан акчам бешене терим менен табылат. Ошондуктан кайсы каражатка курулду деп шек санап кыжаалат болбогула. 10 жылдан бери бүтпөй турган спорт клубду бүтүрүш үчүн жергиликтүү тургандар 500 миң сом топтошсо, калган ири суммадагы каражатты менин жана мага жакшылык кылгысы келген адамдардын акчасы жумшалды. Бирок, алар атымды атабашымды суранышты. Буюрса Кызылсеңирдеги спорт залды бүтүрүп беребиз.

– Кара-Кулжалыктар сизге ийгилик каалайбыз. Аман болушуңузду тилейбиз. Чоң-чоң бийиктиктерге жетишиңизге тилектешпиз…

– Кара-Кулжалыктарга ыраазымын. Силер тоо мүнөз, чындыкты сүйгөн элсиңер. Бийлик канча кысым кылса да, парламенттик, президенттик шайлоодо мени колдоп бергенсиңер. Бийликтин кысымына карабай эки эсе жогору добуш бергенсиңер. Мен силерге таазим кылам. Анткени, мен Кара-Кулжалыктар үчүн эч нерсе кылып деле берген эмесмин. Ага карабай колдоп бергениңер үчүн чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем.

– Расмий каттоодон 193 партия өттү. Дагы кайсы бир саясий күч менен биригесиздерби?

– Мамлекетибиздеги мыкты саясатчы дегендердин баары менен мамилебиз жакшы. Кандай гана маселе болбосун, канда гана саясый тирешүү болбосун алар менен сүйлөшүп, маселени чечкенге күчүм да, мүмкүнчүлүгүм да жетет. Ошол эле мезгилде бийлиги менен да, оппозициясы менен да сүйлөшө алам. Ага кудуретим жетет. Бирок, мамлекетибизде мен тил табыша албаган, башкача айтканда биригүүгө мүмкүн болбогон саясый душмандарым бар. Аларга эч качан тизе бүгүп да, багынып да берген эмесмин. Жана алар менен эч качан келише албаймын. Кыргызстанды алдыга алып чыкканга аракет жасай турган болсок, ким душман, ким дос экенин ажырата билишибиз керек.

Исхак Раззаковдой болуу демилгеси

– Исхак Раззаков атабыздын жолун жолдоп, атанын уулу боло аласызбы?

– Исхак Раззаковдун мекенчилдигин, чынчылдыгын, аракетчилдигин, патриоттуулугун кимдер гана билбейт. Ал мендей болуп, жөнөкөй, карапайым үй-бүлөдөн чыгып, жетимдиктин азабын тартып, турмуштун запкысын чегип, чоңойуп, бой жеткенде эл көзүнө көрүнүп, мамлекетке кызмат кылган адам. Бирок, ошондой болсо да белгилүү себептер менен 25 жылдан ашык атын атоодон коркуп жүрүштү. Башкасын кой, табытын алып келгенден да коркушту. Бирок, учурунда эмгегиң бааланбаганы менен убакыттын өтүшү менен кылган ишине баа берилип, кеч болсо да, сөөгү мекенибизге алынып келинди. Чынын айтыш керек мен атанын уулу болуп, Исхак Раззаковдой болом деп кепилдик бере албайм. Анткени, Раззаковдой болуш өтө кыйын. Бирок, ошондой болсо да атабыздай болууга умтулушубуз керек.

– Каалайбызбы, каалабайбызбы бүгүн Камчыбек Ташиев чоң саясый фигура. Ушундай саясатчы болуп калыптаныш үчүн кимден үлгү алдыңыз?

– Негизи мен кайсы бир саясатчыны туурап, ага окшошкум келип, аны идеял туткан эмесмин. Бирок, менин ушундай адам болуп калыптанышыма, ушундай ийгиликтерге жетишиме атамдын таасири чоң экенин айтпай коё албайм.Анткени, менин адамдык сапатымдын калыптанышына, табиятыма атам Кыдыршанын таасири чоң. Ал чынчыл, адилеттүү, айкөл, кең пейил адам болгон. 1995-жылдары Россиядан жаңы келип, иштеп, акчалуу болуп калган мезгилим эле. Айылда короо сатылып жатыптыр. Мен ошол короону алайын деп атам менен кеңешсем, атам “ал короону алганга акың жок. Ал короону ошол жерде 30 жылдап жашаган чабан алсын. Анын үй-бүлөсү бар. Ал короого 100дөгөн адамдын эмгеги кеткен. Ошолор алсын” деп мени урушкан. Атамдын катуу сөзүнөн киийн короо алуу оюмдан кайткам. 2 жылдан кийин айылыбызда талаа кырманы сатылып калды. “Аны алсам кандай болот? Сиз ал жерде 40 жылдан ашык өмүрүңүздү арнадыңыз” десем атам адатынча “ал талаа кырман меники эле эмес, Абдилда, Дутан, Атакелди дегендер да иштеген. Элдин маңдай тери, таман акысынан курулган кырманды эмне үчүн сен сатып алышың керек экен. Ошончо эле сатып алгың келсе, талаага барып өзүң кырман кур. Адырга барып короо сал. Сен эмне үчүн кызматың өтпөгөн, мээнетиң кетпеген жерди сатып алышың керек экен. Өмүр бою элдин көз жашы менен топтолгон нерсени арзан же бекер алам деп умтулба, балам” деп койгон. Атамдын так ошондой тарбиясы, көрөгөчтүгүнөн мамлекетибиздин бир сотух жерин да мүмкүнчүлүгүмдөн пайдаланып алган жокмун. Кыскасы, мамлекеттен бир кирпич да алган эмесмин.

“Кумтөр” алтын кенинин келечеги кандай болот?

– “Кумтөр” маселесин көтөрө коём деп кыйынчылыктарга кабылгансыз. Азыр анын келечеги кандай болот? Улутташтыруу маселес
ин колдойсузбу?

– “Кумтөр” маселеси мен үчүн чыны менен чоң маселе. Анын айынан түрмөгө да отуруп чыктык. Чиеленишкен чырлуу маселени тынчтык, мыйзамдын чегинде чечели деп 2 жолу парламентте токтом кабыл алып бердик. Ал турсун парламенттеги бийликчил партиядагы аксакалыбыз: “ушул токтомду колдобой турган болсоңор баарыбыздын көзүбүз көр болот” деген. Бирок, тайм-аут алгандан кийин биз күткөндөй жыйынтык чыкпай, акылдуу, жалындуу сөзүн айтып, карыялык кебин айткан аксакалыбыз баш болуп, каршы добуш бериптир. Акыл-эстүү кишилер ошондой маселе жаратып жаткандан кийин элдин жүрөгүнө жетсин, ак сезими ойгонсун деп кылымдын афёрасынын кесепетин тартып калбайлы деген таризде “Кумтөр” маселесин алып чыкканда элдин, коомчулуктун көңүлүн буралы деп ар түрдүү акцияларды уюштурдук. Бирок, биздин ал аракетибизди жокко чыгаргысы келгендер бизди “бийликти басып алууга аракет кылдыңар” деп эң оор берене менен кылмыш ишин козгошту. Соттошту. Бүгүнкү күндө биздин айтканыбыздын баары так чыгып, бийликтегилердин баары “улутташтырыш керек” деп жатат. Бирок, биз улутташтыра турган эч нерсе жок. Садыр Жапаров айткандай, “алтын чыккан жер, суу, алтын бирөөнүкү эмес, анын баары кыргыздыкы. Ошон үчүн улутташтырыштын зарылчылыгы жок” деп туура айтты. Анткени, мамлекет өзүнүкүн өзү улутташтыра албайт. Биздин максатыбыз кыргыз мамлекети менен “Кумтөрдүн” ортосундагы келишимди токтотолу дегенбиз. Анткени, 20 жылдын ичинде туура эмес келишимдин кесепетинен тоолорубуз таштандыга айланып, элибиз ууга чыланып, экологиябыз бузулуп жатат. Мына ошону эске алып, “буга чейин алып кеткениңер аш болсун. Эми калган байлыгыбыз элибизген таандык болсун. Кылым афёрасы болгон келишим менен мамлекетибизди чыгымга учураттыңар”,- деп келишимди үзсөк биз жеңип чыкмакпыз. Күйгөнүм азыр улутташтыруу маселесин көтөрүп жаткандар учуруна бизге так секирип, безилдеп айтканыбызга карабай Садырды, Талантты, мени каматууга аракет кылышкан. Азыр болсо улутташтыруу маселесин көтөрүп жатышат. Улутташтыруу деген “тартып алуу” деген түшүнүктү берет. Биз тартып алып, дүйнө элине күлкү болбой эле келишимдү бузуп, “Кумтөргө” ээ болушубуз керек.

Мен улутташтырып жибергенде эле маселе чечилип, баары жайында болуп калат деген ойдон алысмын. Анткени, Максимдин мүлктөрүн улутташтырабыз деп учурунда БНК деген май куюучу жайды улутташтырышты. Эми андан түшкөн каражат толук бойдон мамлекеттин казынасына түшөт экен деп отурсам, аны жогору жактагылардын бирөөсү кайсы бир ортомчулар аркылуу 12 миллионго алышып, “Роснефтиге” 36 миллионго сатышты. Мына ушундай жагдайларды көргөндө улутташтырабыз деген шылтоо менен чоң каражатты дагы деле жегиси, ичкиси келгендер алып, капчыктарын кампыйтышты. Эмне үчүн мына ушуга окшогон резонанс жараткан иштерге Башкы прокурор баасын бербейт?! Коррупция менен күрөшүп жаткандары чын болсо, мамлекетке 24 миллион зыян келтирген ушундай жагдайлардын бетин ачып, тиешелүүсүн жоопко тартпайбы! Макул азыркы бийлик аяп, алардын атын коомчулукка жар салбасын. Бирок, бүгүн жашырган менен эртең эле алардын бети ачылып, ушундай иштерине жооп беришет. “Кумтөрдү” ушундай максат менен улутташтырышпай эле койсун.

– Камчыбек мырза, 5 маал намаз окуйсуз. Бирок, Бишкектегидей Жалал-Абад шаарына заманбап мечитти неге курбайсыз? Сизде мүмкнчүлүк бар го?

– Туура айтасыз, бул тиричиликте майда барат маселелер менен алек боло берет экенсиң. Алла Таалага кылган кызмат, акыретте кылган кызмат түбөлүктүү экенин билем. Бу

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17