Аймак

Аззамбек Жээнбай уулу, Жалал-Абад JIA Бизнес Ассоциациясынын аткаруучу директору: «МАМЛЕКЕТ БИЗНЕСКЕ КОЛДОО КӨРСӨТПӨСӨ ДА, ТОСКООЛДУК КЫЛБАШ КЕРЕК».

Аззамбек Жээнбай уулу, Жалал-Абад JIA Бизнес Ассоциациясынын аткаруучу директору:  «МАМЛЕКЕТ БИЗНЕСКЕ КОЛДОО КӨРСӨТПӨСӨ ДА, ТОСКООЛДУК КЫЛБАШ КЕРЕК».

 7,524 Бардыгы /

Жаш ишкерлер уюму түптөлгөнүнө аз болсо да элдин кадырына, бизнесмендин ишенимине жетишкен, өкмөткө үнүн угуза алган бирикме болду. Эгер бардык ишкерлер ушундай ак жана так иштешсе, мамлекеттин казынасы толуп, көмүскө экономиканын түбү түшмөк. Анткени тийиштүү өлчөмдөгү салыгын төкпөй сол капчыкка салып, жаап жашырып жаткан мекемелер ЖИАга мүчө боло алышпайт. Ушул жана башка маселелер, ишкерлердеги көйгөйлөр менен жетишкендиктерди Жалал-Абад ЖИАнын жетекчиси Аззамбек Жээнбай уулу бизге айтып берди.

 

– Жаш ишкерлер ассоциациясынын Жалал-Абадда ишмердүүлүгүн баштаганына канча болуп калды? Ошондой эле бул бирикменин ишмердүүлүгү тууралуу айтып өтсөңүз?

– Биздин Ассоциация ишкерлер тарабынан түптөлүп, ишкерлер башкарып, ошол эле бизнесмендер тарабынан көзөмөлдөнгөн уюм. Башкача айтканда, 2 жылда бир болуп турган Жалпы мүчөлөрдүн жыйынында Башкаруу Кеңеши жана Ревизиондук Комиссиясы түзүлөт. А бул органдардын алдында Аткаруучу дирекция түзүлүп, Ассоциациянын жалпы ишмердүүлүгүн жүргүзөт жана жогоруда аталган органдарга отчет берип турат.

Ал эми тарыхыбызга келсек, Жаш ишкерлер Ассоциациясы Бишкекте 2006-жылы, Жалал-Абад жергесинде 2013-жылдан бери расмий иштей баштады. Негизи Жалал-Абадда 2010-жылдардан баштап эле жергиликтүү ишкерлер уюшулуп, Бишкектеги кеңсебиз менен кызматташып, маалыматтарды ич ара бөлүшүп башташкан.

Ассоциациянын ишмердүүлүгүтууралуу айтсам, негизинен 4 багытта иш алпарабыз:

  • Биринчи багыт: Мүчөлөргө кызмат. Бул деген семинар-тренингдер, окутуулар, өлкө ичинде жана чет өлкөлөргө иш сапарлар. Бул албетте тажрыйба алмашуу менен коштолот. Андан сырткары, өнөктөш, кардарларды табуу жагынан көмөктөшөбүз.
  • Экинчи багыт: Өкмөткө эксперттик колдоо көрсөтүү деп коёбуз. Биздин ассоциация ишкерлерден бирикмеси болгондуктан, мамлекет тарабынан ишкердикке тиешелүү жаңы бир мыйзам кабыл алынса, ага карата бизнестин көз карашын, эксперттик пикирибизди билдиребиз. Себеби өкмөттүк органдар мамлекеттик көз караштан карайт. А муну ишкерлер кандай кабыл алат, аларга канчалык ыңгайлуу экенин айтып, ошентип орток пикирден чечим чыгарууга аракеттенебиз. Жалпылап айтканда, ассоциация өкмөт менен бизнестин ортосунда көпүрө болуп берет.
  • Үчүнчү багыт: Ишкердикти өнүктүрүү десек болот. Бул багыт боюнча учурда Жалал-Абадда Соода – Өнөр-жай Палатасы жана Германия эл аралык кызматташтык уюму (GIZ) менен биргеликте Startup Center түзүп, жаңы бизнес баштаган жаштарды окутуп, колдоп келебиз. Ошондой эле өткөн жылы областтагы аялдардын финансылык сабаттуулугун жакшыртуу максатында Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу астында Экономика Министрлиги менен биргеликте окутуу курстарын өткөрдүк.
  • Төртүнчү багыт: Социалдык долбоорлор. Ишкерлер өзүнүн көмөчүнө күл тарта бербей, коомдук иштерге да көңүл буруп турушат. Ошол эле бала бакча, мектептерди куруп, келечек муун үчүн шарт түзгөнгө аракет кылабыз. «Бизнесмендердин уюму» дегенден кийин бизге баары бир муктаждар кайрылат экен. Биз негизи бул жаатта иш алып барбасак да, кайрымдуулук уюму болбосок да, айрым учурларда жардам берүүгө далалаттанабыз. Булардын баары ишкерлердин колдоосу менен ишке ашат.

 

– Бүгүнкү күндө Жалал-Абад ЖИАда канча мүчө бар, алардын арасында канчасы аялдар?

– Жалал-Абадда учурда биз менен туруктуу иштешкен 85 мүчө бар. Алардын арасынан 25и аялдар. Кыргызстан боюнча Жалал-Абад ЖИА бизнес жүргүзгөн аял ишкерлер боюнча эң алдыда. Бишкектен да жогорку көрсөткүчтө турабыз.

 

– Ишкерлердин арасында көбүнчө кайсы тармакта бизнес кылгандар?

Негизиненбиз Жалал-Абад шаарынын алкагында иш жүргүзчүбүз. Кочкор-Атада 7-8, Базар-Коргон, Аксыда 2-3 ишкер бар. Жалал-Абаддын өзүндө көп мүчөлөр болгондуктан, бизде тейлөө тармагында иштегендер, сода түйүндөрүн, дүкөн иштеткендер басымдуулук кылат. Анан курулуш, айыл-чарба, өндүрүш жана кайра иштетүү тармагында бизнес кылган мүчөлөрүбүз бар.

 

– Мүчөлүктүн шарттары кандай, эмнелерге карап уюмга кабыл аласыңар?

– 2006-жылы ассоциация Бишкекте түптөлгөн дебедимби башта. Уюм түзүүнүн себеби жаш ишкерлер жаңы бизнес баштоодо кыйынчылык көрүп, тажрыйба алмашуулар муктаждыгы болгон. Мамлекеттик органдар менен иштешүү үчүн да биригүү керек эле. Жалгыз дарак бак болбойт дегендей эле кеп да. Бир ишкердин добушу эч кимге жетпейт экенин түшүнүшүп, ошол максатта түптөлгөн. Анан уюм негиздөөнүн башында максат коюшкан. Андагы негизги критейрилер катары – мамлекеттик катоодон өткөн, ишкердикти тастыктаган күбөлүгү бар же патент менен иштеп, мамлекетке салыгын төлөп ачык-айкын иштеген ишкерлерди катарга кошу болгон. Мүмкүн болушунча биз ушул эрежени, баштагы принциптерибизди карманганга аракет кылабыз. Андыктан биринчи талабыбыз, мамлекеттик каттоодон өтүү керек. Экинчиси, биздин көрсөткөн кызматтар, талаптарыбыз жазылган анкетабыз бар, ошону толтуруу керек. Ишкердин ага макул болуусу биз үчүн маанилүү. Анан паспортунун көчүрмөсү менен мүчөлүккө кабыл ала беребиз. Бул көп деле татаал шарттар эмес.

 

– Уюмга мүчө болуу ишкерге кандай пайда алып келет?

Биринчи эле бизде бизнес чөйрө бар, Жалал-Абад облусунда 85, өлкө боюнча 700 ишкер. Мындайча айтканда, бизге мүчө болуу менен ал бизнесмен 700 ишкер менен кызматташа алат. Бул өтө маанилүү. Себеби жаш, бизнесин жаңы түптөп жаткан ишкербиздин жетилип калган, эл аралык деңгээлде иш жүргүзгөн мүчөлөр менен өнөктөш болуп, кызматташа алат. Анын тажрыйбасын уга алат. Мисалга алсак, Жалал-Абадда кургатылган мөмө өндүргөн мүчөбүз болсо, Бишкекте аны саткан же экспорттогон мүчөбүз болушу мүмкүн. Биз аларды байланыштырабыз. Буга эч кандай кагаз документ деле талап кылбайбыз. Бүгүн күкүндө ишкерлер ишенимге муктаж. Биз ошол ишенимди калыптандырып жаткан уюм катары өзүбүздү көрсөтө алдык десем болот. Андан сырткары бизнесмендерди окутабыз, форумдарды, көргөзмө-жармаңкелерди уюштурабыз. Юридикалык кеңештерди беребиз. Башкысы, мүчөлөрдү өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдөгү бизнеске тиешелүү иш-чаралар, жаңылыктар тууралуу маалыматтар менен камсыздап турабыз. Бул ишкерлер абдан муктаж болгон нерсе. Иш сапарларды уюштурабыз. Анткени Жалал-Абаддан чыкпай иштей берген ишкер сырттын талабын түшүнбөй калат экен. Ошол себептүү аймактар аралык, эл аралык сапарларга чыгып турабыз. Акыркы эки жылда Жалал-Абадда 11 аймактык, чет өлкөгө 6 жолу иш сапар болду. Коңшу Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанга, Индия, Туркия дегендей. Алдыда ишкерлердин каражаты жеткенде Япония, АКШ, Европа өлкөлөрүнө чыгуу планыбызда бар.

 

Бизнесмендерде кандай кемчиликтер бар? Алар эмнеден аксап жатышат?

90-жылдарда шыгына, көзү жеткен жакка аракет уруп бир топ жарандарыбыз бизнесин түптөп алышты. Бирок азырга чейин калыпка түшө элек айрым баш аламандыктар бар. Бизде бизнеси чоң, жайгашып калган болгон менен аны толук башкара албагандар толтура. Мындайча айтканда, финансылык сабаттуулук, башкаруу жөндөмү (менеджмент) жетпей жатат.  Айталы, бухгалтериясы жакшы эмес, башкаруучу өзүнүн милдетин да, укугун да билбейт. Ишкерлерибизде бул жөндөм болбогондуктан же кемчилик бар болгондуктан, айрымдары менен иштешүү бизге да кыйынга турат. Андан сырткары мамлекет да ишкерлерин талабын толук түшүнө албагандыктан мамиле жакшы болбогон, мына эми калыптанып келатат. Ошондой эле региондордогу ишкерлердин сабаттуулук маселесинин артында тил көйгөйү да жатат. Бишкектегилер менен эле эмес, эл аралык деңгээлге чыгуу үчүн орус, англис тилдерин билүү пайдалуу болмок.

 

– Жалал-Абаддын шартына кандай бизнес кылуу ыңгайлуу, кайсы тармакка инвестиция жасоо туура болот?

– Жалал-Абадда эле эмес жалпы өлкөдө IT тармагы актуалдуу болуп турат. Ал эми Жалал-Абадда бул тармак өтө эле артта экен. Ал эми облус шартын эске алып айтсак, айыл-чарба, кайра иштетүү тармактарына инвестиция салуу туура болот. Бул келечеги бар, жакынкы жылдары алдыга чыга турган тармактар.

 

– ЖИАда эң жаш бизнесмен канча жашта?

Бизде жаштар көп, өзгөчө 20-25 жаштагы мүчөлөрүбүз бир топ. Алсак, 21 жаштагы бир кызыбыз Голландия сортундагы гүлдөрдү сатат. Учурда аны өстүрүп көбөйтүү үстүндө иштеп жатат. Дагы бир 22 жаштагы жигитибиз кондитер азыктарын өндүрүп сатууда.

 

– Бизнес эмнени жактырат жана жаңыдан кадам таштап жаткандарга кеңеш?

Албетте туруктуулукту, тынчтыкты жактырат. Өлкөдө саясий стабилдүүлүк болсо, бизнес өз жолун таап кетет экен. Мамлекет бизнеске жардам бере албаса, тоскоолдук да кылбаш керек. Жаңы иш баштаган киши бутуна турганча текшерүүлөр азайса, кошумча шарттар түзүлсө. Азыр да жаман эмес. Бизде кемчилик кетирсе, аны дароо жазалаганга өтөт. Бул туура эмес, менимче. Анткени ал адам бар тапканын бир ишке тобокел кылып салып аткан киши. Андыктан аны тескерисинче колдоп туруу абзел. Ал эми жаңы иш баштап жаткандар бизнес баштоодон мурда ошол тармакка толугу менен анализ жүргүзсө дейт элем. Оң-терс жактарын эске алган бизнес план түзүп дегендей. Биздин мүчө болгондорду болсо, мурда башынан өткөргөн, ошол жолду басып өткөн тажрыйбалуу ишкерлерге кезиктиребиз. Ал консультация берет. Албетте коммерциялык сыр бардык ишкерде болот, бирок биздин мүчөлөрдү сырттанкарагандар таң калып айтып калышат, “силерде ачык айта беришет экен, атаандаштык, кызганыч деген жок” деп. Биз биригип, алдыга чогуу кадам таштасак, ийгилик өзү келет. Өлкөбүз да өнүгүү жолуна түшөт.

Баткен JIA ишкерлери менен жолугушуу, Жалал-Абад шаары

Жалал-Абад JIA мүчөлөрүнүн Нарын облусуна болгон иш сапары

Финполициянын төрагасы Замирбек Осмонов менен болгон жолугушуу

Япония эл аралык кызматташуу агенттигинин (JICA) өкүлдөрү менен жолугушуу

Бишкек шаарында заманбап шартта курулган Тойбосс заводуна экскурсия

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17