Аймак

АМЕРИКАДА ЖАШАСАМ ДА, УРААНЫМ “МАНАС”!

АМЕРИКАДА ЖАШАСАМ ДА, УРААНЫМ “МАНАС”!

 8,978 Бардыгы /

Жакынкы убактарда социалдык тармактардан “Америкада жашаган Кыргыз кызы Манас эпосун англис тилине которуп, китеп чыгарганы жатыптыр”,- деген жылуу  кабарды укканыбыз бар.  Мына ушул маселе тууралуу биз ошол кыз – Байматова Акылай Жамалбековна менен маектешкен сөзүбүздү сиздердин назарыңыздарга сунуштоону туура көрдүк.

  • Байматова Акылай Жамалбековна
  • 1980-жылы туулган. Кыргызстандын Жалал-Абад шаарындагы физика-математика багытындагы №14-лицейди алтын медал менен бүтүргөн.
  • Кыргыз-Россия Славян Университетинин  Эл аралык мамилелер факультетинде окуган.
  • АКШнын Montana State University,  M.S, Secondary Science Education окуу жайларын бүтүргөн.
  • Флорида штатында, Американ Хэритаж окуу жайында Biology, Chemistry сабагынан мугалим болуп иштейт.

 

– Акылай айым, бир жагынан эч кимдин оюна келбеген, экинчи жагынан оңой да болбогон ишти аткарыпсыз.  Сиз өзүнүз океандын ары жагында көп жылдан бери жашап жатсаңыз дагы Кыргыздын баалуулуктарынын бири болгон Манас эпосунун Мар Байжиевдин авторлугундагы китебин англис тилине которууга белсенипсиз. Адегенде бул ишти баштоо оюу сизге качан жана кандайча келди, ушуга токтолсоңуз?

– Рахмат.  Эми, мен бала кезимен эле кыргыз элимдин тарыхына, кыргыз улутунун маданиятына, жалпы элдик өнөргө, анын ичинде оозеки чыгармалары болуп келген эпос, дастандарга кызыгаар элем.  Дегинкиси, биздин үй-бүлөдө патриоттук сезим эң күчтүү эле, баарыбыз орусча окусак дагы, кыргыз тилине, кыргыз адабиятына урматтоо, кадырлоо менен тарбияланганбыз. Бул сезим өзгөчө мен чет жакта, Америкада окуп, иштеп жүргөнүмдө мурдагыдан да күч алды десем болот. Биз кичинебизде ойноп жүргөндө урааныбыз “Жерим Талас, бабам Манас” эле. Ушул куракка жеткен кезде да, бул ураан менин жүрөгүмдүн түпкүрүндө орун  алган боюнча калууда.

Үй-бүлөлүү, балалуу болгондо, шартка байланыштуу менин балдарым англис тилдүү болуп тарбияланып өсүүдө, Американын тарыхын окуп, бул жердин маданиятын өздөштөрүүдө. Бул жакшы көрүнүш, бирок алар апасынын эне тилинде жаралган эн көлөмдүү эпостон кабарсыз, Манастын ким экенин билбей калууда. Ушул ой менин тынчымды алып, эпосту англис тилине которууга түрткү болду.

Андан тышкары, англис тилдүү эл “Одиссея”, Иллиада” аттуу байыркы грек эпосторун жакшы билет.  А, эмне үчүн алардан көлөмү боюнча чоң, көркөмдүүлүгү жогору, уникалдуу, кылымдар бою оозеки, эл оозунда сакталып келип, 19-кылымда гана жазма түрүндө болгон эпостон, кыргыздын мамлекеттүүлүгүн түптөгөн Манастан кабарсыз болуш керек деген ой менен, улуу Манасчы Саякбай Каралаев атабыздын айтуусундагы  вариантынын  көрүнүктүү жазуучу, драматург, коомдук ишмер Байжиев Мар Ташымовичтин авторлугундагы кыргыз жана орус тилдеринде жазылган  “Сказание о Манасе” хрестоматия китебин  англис тилине которууну чечтим.

 

-Демек, бул эмгекти которууга киришкенге чейин ар тараптан талдоо жургүзүп, анын үстүнө эки тилден бир убакытта кыргыз-орус тилдерден оодарган турбайсызбы. Анда, бул китеп тууралуу кыскача сөз айта кетсеңиз?

-Туура айтасыз, бул талдоолор, толгонуулар котормону баштоого эле эмес, чын дилимден кызыгып которууга да өбөлгө болду десем болот.

Менин оюмча, Манас эпосун башка тилдерге которууну көп эле адабиятка кызыккандардын оюна келсе керек. Айрымдар өзүнүн билимине, туюмуна жараша кээ бир тилдерге которушкан. Булардын ичинен мен өзгөчө жогору баалап, окуп жактырганым Мар Ташымович агайдын аталган бул китеби  окуу жайлары үчүн кыргыз, орус тилинде жазылган  хрестоматиясы. Бул котормодо жазуучу эпостун идеясын, Манастын рухун, кыргыздын ошол убактагы тарыхый өнүгүүсүн, үрп-адатын, улут катары түптөлүшүн, улуттук баалулуктарын, маданиятын, эпостун стилистикасын, мелодиясын, ритмин орус тилдүү окурмандарга эң жеткиликтүү бере алган.  Китеп окуганга кызыктуу, жеңил, окурмандын көз алдына өткөн окуялардан жандуу элес берет.

 

– Мени дагы бир нерсе кызыктырып жатат да Акылай айым, сиз кесибиңиз боюнча биология багытында иштеп жатасыз. Демек, котормочу болуш үчүн сөзсүз эле филолог же адабиятчы болуш кажет эмес окшойт. Же биология илиминин да пайдасы тийдиби?

– Туура байкадыңыз, мен өзүм химия, биологиядан  сабак берем. Котормочулук ишимде мага көп өбөлгө түзгөн нерсе, бул менин бала кезимен чыгармачылыкка кызыкканым, андан тышкары, студенттик кезде Америка мамлекетинин Флорида штатындагы студенттик гезитте редактор болуп иштеп, бир аз болсо да журналистикага аралашып калганым болду. Анын үстүнө, мен өз эне тилимди да жогорку деңгээлде билгеним болсо керек.

Ошол эле учурда орус, кыргыз адабияттары боюнча апам мага бир топ маалымат бергенин да айтпай койбосом болбойт жана  азыр да берүүдө. Анткени, апам – Зуура Мусраимова орус филологиясы боюнча мугалим болуп, билим берүү тармагында эс алууга чыкканга чейин татыктуу иштеген адам.  Апамдын эмгеги да бул жерде зор.

 

– Ошондой болсо да, котормо иши оңой эмес экенин жакшы билебиз, окуянын кайсы учурунда кыйынчылыктар же көбүрөөк кайра-кайра изденүүлөр болду, мисалы?

-Эми, которуу ишинде кыйынчылык болбой койбойт, бул тынбай изденүүнү жана жоопкерчиликти талап кылат. Мендеги кыйыныраак учур кээ бир эпизоддорду бир нече вариантта которгонум болуп жатты. Мисалы, Манас баатыр төрөлгөн убакытта, Чыйырды эне кыйналып, Кудайга жалынган эпизоддун бир нече вариантын которуп, кайсынысын тандаарды билбей жаттым. Анан, өзүмдүн редакторум менен кеңешип, ошол которулган үзүндүлөрдү бириктирүүнү туура көрдүк.

Анан дагы, чон казатты которгондо, тарыхый көп китептерди англис тилинде окуп чыктым. Мисалы, 100-жылдык Англия-Франция согушу, 1337-1453 – жылдардагы окуялар жөнүндө китептерди, ошондой эле куралдар, жоокерлер кийген кийимдер жөнүндө, анан Чынгызхан, Барсбек каган жөнүндө англис тилинде окуп чыктым.

 

Акылай айым, абдан кызык нерселерди айта кеттиңиз, буйруса, бул учурларыңыз тууралуу кенен мисалдар менен айтып берүүгө өзүнчө токтолобуз го,- деп калдым?

-Рахмат, убакытка карайбыз.

 

– Которулган эмгегиңиз менен алгач кимдер таанышты жана кандай сөздөрдү уктуңуз?

-Англис тилиндеги котормомдун биринчи окурманы жана сынчысы өмүрлүк жарым болду. Ага чейин жасаган эмгегиме өзүм жетишерлик баа бербептирмин. Жолдошум окуп алып, бир эсе ушундай зор эмгек жасадың деп таң калды. Жолдошумдун менин жасаган эмгегимди эң жогору баалап, суктанганы менин демиме дем кошту. Ал дагы котормо аркылуу эпосту окуп, Манас кыргыз эли үчүн ыйык улуттук байлык, мурас экенин түшүнүп, менин патриоттук сезимимди урматтоо менен кабыл алды.

 

– Сиз үч баланын энесисиз, окуу жайында мугалимсиз, бул ишти аткарууга кандай жетишип жаттыңыз, үй-бүлө тараптан кандай колдоо болуп жатты? Айтмакчы, канча убакытта которуп бүттүңүз?

– Албетте, буга күнүмдүк жумуштардан бошонуп, утуру убакыт табуу жагы деле онойго турган жок. Эки балам башталгыч класстын окуучулары, кичине кызым араң 3 жашта. Менин иш убактым эртен мененки 6 дан түнкү 12, 1ге чейин созулуп жүрдү. Мен үчүн кээде суткада 24 саат дагы аздык кылып жатты.  Бирок, менин түйшүктүү жашоомо жөлөк-тирек болгон үй-бүлөм. Апамдын күнүмдүк жашоодогу жардамы эбегейсиз, нары өзү чыгармачылыкка кызыккан адам катары, бир топ кеп-кеңештери өтө маанилүү болду. Ошентип, бул эмгектин аягына чыгууга эки жыл кетти.

 

Эми которулган эмгек китеп катары чыгарылууга даярдалып жатыптыр. Буга каржы жагынан демөөрчү болуучулар табылып жатабы, кимдерге кайрылып көрдүңүз?

– Азыр китеп басмаканага берилүүнүн алдында турат. Бул тууралуу маалымат белгилүү болгондон бери Кыргыз элинин арасында, тааныбаса дагы, жакшы санаалаш адамдар көп экен, алар көңүлүмдү көтөрүп, ыраазычылыктарын билдирип, чын жүрөктөн чыккан жылуу сөздөрү менен мени кубантып, кубаттандырды. Мен дагы жалпы журтума, колдогон адамдарга терең ыраазычылыгымды билдирем. Бул мага карата моралдык колдоолор.

Азырынча, китепти чыгаруу жагын өз үй-бүлөмдүн каражаты менен ишке ашыруу аракетинде болуп жатамын.  Бирок, китеп тишелүү эле нускада чыкканы жатат. Мен ушунча эмгектенгенден кийин, бул китеп көбүрөөк нускада чыгып, жалпы окурмандарга жетишин дагы каалайт элем. Эгерде буга тилектеш азаматтар болсо, албетте, кубануу жана колдоо менен кабыл алмакчымын.

 

– Буйруса, китеп чыккандан кийинки күтүүлөрдү, пайданы кандай элестетесиз? Же сиз жашап жаткан Америка мамлекетинин коомчулугуна кыргыз адабий чыгармасынын таасири тууралуу сиздин алдын ала байкооңузду билсек болобу?

– Эми каржы пайдасын андай деле ойлободум. Нускасы аз болгудай, аз болсо да, саз болуп, окурмандардын кызыгуусуна ээ болуп, эпосту, Манасты англис тилдүүлөр таанып, билсе деген эле максатым. Америкалык жазуучу, менин китебимдин редактору Даниэл Джонсон котормомдун кол жазма түрүн окуп чыгып, “бул мен үчүн өзгөчө дүйнө, өзүнчө эле ачылыш”-  деп, эң жогору баа берип, көңүлүмдү өргө чаптырды. Бирин-серин окуган америкалыктар да кызыгуусун билдирип, сөзсүз котормону жарыкка чыгарышын керек дешти. Ооба, Америкада жашагандыктан, келечекте жергиликтүү адабият сүйүүчүлөрдү кыргыздын чыгаан жазуучуларынын чыгармалары менен тааныштыргым келет. Бул эми келечектин маселеси, ошого карабай, эмгегимдин окурмандар арасында кабыл алынышына, ар кандай пикирлерге көз салып, байкоомду жүргүзүп турамын.

 

– Жалпы окурмандарга, баалуулуктарды барктагандарга кандай каалоо айтаар элеңиз?

– Жалпы окурмандарга, жаштарга айтаар элем, адабияттын улуу нускаларын окугула, адамзаттын топтогон рухий байлыктарына теңелип өскүлө. Адабиятты, табиятты сүйгөн адам – ал жаман адам эмес. Ал эч качан жамандыкка барбайт, себеби анын идеалы- гармониялуу адам.

Сизге чоң рахмат Акылай айым, түшүнгөн адамдарды, Манас эпосун англис тилине которуу мындай турсун, анын кыргыз тилиндеги китеп барагын ачып койбогондорду да ойго салып, уялтып койдуңуз окшойт.

Атайын убактыңызды бөлүп, www.aimak.kg сайты жана Аймак гезити үчүн маек куруп бергениңизге жалпы окурмандардын атынан терең ыраазычылык билдиребиз!

 Эмгегиңиздин үзүрү үлкөн болсун! Сиздей мекенчил, кайраттуу-жигердүү, акылдуу, асыл кызы менен Кыргызстаныбыздын руханий байлыгы кеңири таанылып жатканына кубанып, сыймыктанып турабыз.  Бар болуңуз, ар дайым бактылуу болуңуз!

Сүрөттөрдө: Акылай ата-энеси балдары жана жээни менен

Акылай үй-бүлөсү менен

Каарманыбыз апасы менен

 

Зирек Асанова, Бишкек шаары

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17