Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД КУРОРТУ ЭС АЛУУЧУ ЖАЙ, ДАРЫЛЫГЫ БАР СУУГА БАЙ

ЖАЛАЛ-АБАД КУРОРТУ ЭС АЛУУЧУ ЖАЙ, ДАРЫЛЫГЫ БАР СУУГА БАЙ

 9,714 Бардыгы /

Жалал-Абад санаториясы Түштүк Кыргызстанда Жалал-Абад шаарынан 5 км. алыстыкта, деңиз деңгээлинен 575 метр бийиктикте жайгашкан. Жалал-Абад санаториясы илгертеден эле дарылыгы бар минералдык суу булактары менен республикабыз аймагынан сырткары, чет өлкөлөрдүн жарандарын дагы кызыктырып келет.

Эс алуучу жайдын аймагы 37 га жер аянтын түзөт. Мында инсандын купулуна толоорлук кооз жаратылыш аймагы, жашыл аймагына ылайык жарашыктуу курулган корпустар жайгашкан.

Жашыл төргө айланган аянтында терек, карагай, ак кайың, жаңгак жана башка ондогон өстүрүлгөн дарактардын түрлөрү, атуулдардын таза абада эс алуусуна ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрү жаралган.

Айтоор, атуулдардын көңүлдөгүдөй , мыкты эс алуусу үчүн дагы, мындагы дарыгерлердин, уюштуруучулардын иш алып баруусунда убакыт саатында,  атайын оюн-зооктор өткөрүлүп, саякатка чыгууда Арстанбап, Сары-Челек, Сулайман тоо жана башка аймактарга каалоочуларды саякатка чакыруу кызматы да көрсөтүлөт.

Ал эми, Жалал-Абад шаары аймагы, Кыргызстандын башка аймактарына салыштырмалуу кыш мезгили дагы өзгөчөлөнгөн жылуулугу менен айырмаланып, эс алуучулардын кыш мезгилинде да, санаторияда эс алуусу үчүн ар качан ыңгайлуу шарттары менен эшиги ачык.

Эс алуучулар көбүнчө Ош, Баткен облусу аймагынан келишет. Чет өлкөлүк жарандар. Туристтик саякатка чыгуудан улам 3 күнгө гана эс алууга келишет.

Эмгек жамаатында 21 адис, мээрбан эжейлер, 7 адис, дарыгерлер, жалпы бардыгы болуп 169 адис эмгектенишип келишет. Дарыгерлерин арасында 12-20 жылдык иш тажрыйбасы бар адистер, жогорку категориядагы медайымдар, саламаттыкты сактоонун отличниктери бар.

Эс алуучуларды кичи пейил, сылык, жылуу мамиледе тейлөө иши мындагы адистердин башкы парзы болуп айтылат.

Калайык-калктын саламатчылыгын, жаратылыштын берген табыгый дарылыгы бар минералдык суу булактарын пайдалануу, ичүү, сууга түшүү, ванна жасоо, чым жана  илешме минералдык тундурмаларды, балчыкты колдонууда мезгилдин заманбап талабындагы жаңы ыкмалары менен дарылоо иштери жүргүзүлүп келүүдө.

Учурда, санаторияга эс алууга дарыланууга келген инсандар абал өздөрүнүн ден соолугу, саламатчылыгы боюнча дарыгерлердин көзөмөлүнөн толук текшерүүдөн өтүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Эң башкысы, санаторияда ылай жана суу менен дарылоодон сырткары климаттык парафин, электр, фитотерапия, функционалдык терапия, диета терапия жана санаториянын курорттук режими аркылуу дарылоо ыкмалары жакшы жолго коюлган.

Жалал-Абад санаторияга келүүчү эс алуучуларды 20 күндүк эс алууга, наркы 21800 сомду түзгөн атайын жолдомонун негизинде кабыл алышат. 1 күндүк наркы 1090 сомду түзөт.

Бүгүнкү күндө мында, жай мезгили гана эмес, жылдын төрт мезгилинде дагы эл агымы көбөйүп, эс алуучулар жылдан жылга байма-бай каттоо убагы, мезгили келди.

Тактап айтканда эс алуучулар саны жылдан жылга өсүүдө. Айталы, эс алуучуларга кызмат көрсөтүдө өткөн мезгилде, мындан 6 жыл эбак, жылдык экономикалык көрсөткүчү 27 млн. сомду түзгөн болсо, 2016-жылы, экономикалык жылдык көрсөткүч 78 млн. сомду түздү.

Келечек кадамга алга жылуулар бар. Элди сылык мамиле менен тейлөөдө алга жылуулар болуп жатат. Эмгек жамаат өздөрүн өздөрү каржылоо менен эмгектенишип келишет. Жыл сайын бүгүнкү күнгө дейре, Жалал-Абад санаториясынын негизги корпустары капиталдык ремонттон өткөрүлүп келүүүдө. Жаңы типтеги бассейн курулуп, ишке киргизилген. Акыркы мезгилде жаңы заманбап талабына ылайык тейлөөлөр жанданып, жетиштүү деңгээлдеги видео байкоолор орнотулган.

Айтикан САКБАЕВА, Жалал-Абад санаториясынын дарылоо иштери боюнча директордун орун басары: ТАБИГЫЙ ДААРЫЛАР МЕНЕН ДАГЫ, СӨЗҮБҮЗ МЕНЕН ДАГЫ ДААРЫЛАЙБЫЗ

            Сакбаева Айтикан Исраиловна Ош областынын Кара-Суу районундагы Эркин айылында туулган. Жогорку билимдүү. Бишкек шаарындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Институтунун дарылоо иштери боюнча адистигин бүтүргөн. Алгачкы эмгек жолун Жалал-Абад шаарындагы №4 бейтапканада баштап, андан соң 1-бейтапканада эмгектенген. Бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаарына караштуу Жалал-Абад санаториясында дарылоо иштери боюнча директордун оорун басары болуп эмгектенип келүүдө.

-Абал санаториянын тарыхы жөнүндө учкай токтоло кетсеңиз?

-Жалал-Абад санаториясы алгачкы жолу 1877-жылы ишке кирген. Жалал-Абад минерал суусун Андижан айылынын тургуну, дарыгер Мездриков алгачкы жолу өзүнүн ден соолугунун алдын алуу үчүн колдонуп көрүп минералдык суунун дарылык касиетин билген. Минералдык суунун дарылык касиетин аныктагандан кийин кийинчерээк Ташкент шаарынын тургундары тарабынан эки дарыгер толук аныктаган соң элдин саламатчылыгын чыңдоо үчүн колдонуу колдоого алынган. Калк саламатчылыгынын алдын алуу боюнча кызмат көрсөтүүдө санатория 1986-1987-жылдары 250 адамды кабыл алып, иш аракет акырындык менен алга жылуулар байкалган.

Ата-Мекендик согуш мезгилинде оор акыбалдагы жарадар болгон атуулдарды дарылоодо, санатория госпитал катарында пайдаланылган. 1932-жылы 1-чи жолу санаторияда 2 кабаттуу жатак (спальний) корпус курулган. Калк ден соолугуна кам көрүүдө 1946-жылга чейин минералдык дарылык касиети бар сууларды пайдаланып келген болсо 1946-жылдан баштап балчык менен дарылоо бөлүмү ачылып, дарылоо иштери башталган.

-Кадрлардын эмгегин кандай баалайсыз?

-Бизде, дарылоо бөлүмүндө кенже, улук жана жогорку даражадагы дарыгерлер, бардыгы болуп 54 кызматкерлер эмгектенишет. Адистер арасында 30 жылдык иш тажрыйбасы бар дарыгерлерибиз дагы бар. Мыкты эмгектенишкен адистердин катарында Дурус Муратбеков, Санабар Төлөнбаева ал эми, эмгек жамаатты жетектөөдө, дарыгерлердин билимин жогорулатууда  иш билги жетекчибиз Максатбек Абышкаевдин ысымын атабай кетүүгө болбойт.

-Элге кызмат көрсөтүү боюнча дагы токтолоо кетсеңиз?

-Санаторияга атуулдарды кабыл алууда атуулдардын саламатчылыгын аныктап тактоого ылайык негизинен ашказан, ичеги-карын, өт, боор, тукумсуздук жана башка оорулардын алдын алууда дарылоо боюнча кызмат көрсөтөбүз. Дарылоо иштери минералдык сууну ичүүдөн сырткары балчыкты пайдалануу, ток менен дарылоо, укалоо жолу менен жана башка жаңы ыкмаларды пайдалануу жолу менен дарылоо иштери аткарылат. Акыркы мезгилде дем алуу органдарын дарылоо үчүн туз шахта бөлүмү  ачылды. Мурда  дем алуу органдарын дарылоодо атуулдар Кочкор районуна барышчу. Эми, азыр өзүбүздүн санаторияда дарыланып жатышат.

Бизде атуулдарды кабыл алууда бүгүнкү күндө 125 койкабыз бар. Учурда, албетте мезгил талабына ылайык санаторияга келүүчүлөрдүн агымы арбын. Жылы боюу иштейбиз. Кыш мезгилинде 150гө жакын атуулдарды кабыл алабыз. Биз, Гипократтын антын берген соң биз эл саламатчылыгын чыңдоодо дарылоодон сырткары жылуу сөзүбүз менен дагы дарылоого да аракет жасайбыз. Келген атуулдардын саламатчылыгы чыңдалып жакшы болуп кетүүсүн тилейбиз.

-Алдыда кандай иш пландар бар?

-Алдыда атуулдардын саламатчылыгын чыңдоо үчүн санаторияда элдин эс алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды жаратуубуз керек. Аппаратураларды жаңылоо учурдун талабы. Грыжа оорусунун алдын алуу боюнча дагы атайын бөлүм ачуубуз керек.

-Элге кайрылууңуз барбы?

-Жалал-Абад санаториясына көптөгөн атуулдар, мекеме ишканалардын эмгек жамааттары, мектеп окуучулары бир күндүк саякатка эс алууга чыгышат. Бирок, санатория айланасында тазалыкты сактоону билишпейт. Алар санаторияга ишемби, жекшемби күндөрү бир күндүк эс алууга саякатка келишип санатория айланасына таштандыларды таштап кетишет. Биз, таштандыларды тазалоо үчүн ар жуманын биринчи күнү ишембилик өткөрөбүз. Андыктан санаторияга эс алууга келген атуулдарды ар качан тазалыкты сактоого чакырам. Эли журтубузга кайрылуум, биз өзүбүз тазалыкты сактап таза болсок, коомубузда тазалык сакталса, шаарыбыз таза, өлкөбүз таза болуп, өлкөбүздүн жүзү да жарык болот. Демек, өлкөбүздүн жүзү жарык болсо – өзүбүздүн да жүзүбүз жарык болот.

Кепке тарткан: Таалайбек Мавлянкулов “Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17