Аймак

Гүлзаада АЛИШОВА: «ТЫНЫМСЫЗ АРАКЕТТИН ЖАКШЫЛЫГЫ ЭМИ КАЙТЫП ЖАТАТ»

Гүлзаада АЛИШОВА: «ТЫНЫМСЫЗ АРАКЕТТИН ЖАКШЫЛЫГЫ ЭМИ КАЙТЫП ЖАТАТ»

 4,064 Бардыгы /

 Талбай билим алып, тил үйрөнүп, чет өлкөгө барып алардын маданиятын, шартын таанып, ал жакта белгилүү компанияларда жумуш ордун таап калган атуулдарыбыз жөнүндө жазууну адатка айлантканбыз. Бүгүнкү каарманыбыз Гүлзаада да Катар өлкөсүнүн Доха шаарында мамлекеттик ишканада иштеп гана тим болбостон жергиликтүү араптарга немец, англис, орус тилдерин үйрөтүп келет экен. Анын бүгүнкү ийгилиги, басып өткөн жолу балким жаштарга үлгү болуп, шыктандырат деп кепке тарттык. Анда, Жалал-Абаддын бир кызы – Катарда.

 ҮЙДҮН ЭРКЕСИ БОЛДУМ

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 1988-жылы туулгам. Атам Алишов Сабырбек кесиптик билим берүүнүн мыктысы, 30 жылга чукул эмгектенип учурда пенсияда. Абдан өжөр, сүрдүү, бирок кыздарына эң жумшак ата. Майда иштен чоң ишке чейин кырын чыгарып, майын агызган адам. Советтик Армиянын мыкты жоокери, мыкты парашютист. Аскерде жүрүп сууда сүзүү, лыжа тебүү, бокс, эркин күрөш боюнча I-разрядды, гир көтөрүү, ядро түртүү боюнча эл аралык спорттун чеберчилигин алган. Кийин студент кезинде грек-рим күрөшү боюнча спорттун чеберчилигине талапкер болуп, республиканын кубогуна ээ болгон. Мугалим болуп иштеп жүрүп окуучуларын машыктырып республикага чейин алып барды. Апам Балтабаева Зууракан үй кожейкеси, биздин тарбиябыз менен үйдө болду. Жазында эс алууга барып апам жасаган тамактардан тоё жеп келдим. Анткени казанга катырак жасаса да укмуш даамдуу болот. Ушунчалык таза аял, быйыл 40 жыл болгон муздаткыч эч уста көрбөдү. Анткени эки күндө бир аарчыйт. Эмне буюм болбосун инструкциясында кандай жазылса ошол эрежени унутпай аткарат. Мен апамдай боло аламбы деп ойлоном.

Бала кезде, бакчада да эч кимге кошулбай, өзүм менен өзүм элем. Кышында да балдар кыздар ойноп жатса аларды байкап, көзөмөлдөп турчум. Анан колум тоңуп калат. Мештин жанында олтуруп, колум ысып кызыганда “колумдун күлкүсү келип жатат” деп ыйлай берчүм. Үйдөн эң эркеси мен болдум окшойт. Ылайдан сеп жасап, кыз чыгарып, келин алган, айылдамай ойногон күндөрдү эстейм. Үйдө беш бир туугандын төртүнчүсүмүн. Эки акем дене тарбия мугалими адисин алышты. Эжем журналист, сиңдим IT тармагын бүтүрдү.

ДИКТОР БОЛОМ ДЕП

Мектепте балдар, кыздар менен катуу достошуп кеттим. Экинчи класста окуу бөлүмүнүн башчысы келип “Чоңойгондо ким болосуң?” деп сурап калды. Диктор болом десем, тишиңди көргөзчү деп анан ии, гүрүчтөй тизилген тиштериң бар экен, жарайт деп койду. Ошол кыял менен 8-9 жыл жашадым.

Сабакты жакшы окудум, химиядан облустук олимпиадада экинчи орунга жеткем. Кансалат эжекеме рахмат айтам. Ал эжекем химия факультетине тапшырбадың деп бир жылдай көргөн жерден учурашпай, сүйлөбөй жүрдү. Аны да түшүнөм менден үмүтү чоң эле. Бирок биз үй-бүлөбүз менен кеңешип заман талабына ылайык адистикти тандаганбыз. Ата-энем, мен немец тилин жактырдык. Эжем болбой англис тилине окуйсуң деп туруп алды. Акыры эжем жеңип кетти. Улуу агам эл катары Россияга кеткен. Ал бизди, үч кызды өзү жалгыз окутту. Акеме өмүр бою ыраазыбыз.

СТУДЕНТ КЕЗДЕ 4 СААТ УКТАЧУМУН

Ошентип Жалал-Абад мамлекеттик университетинин “Эл аралык байланыш жана дүйнөлүк тилдер” факультетин бүтүрдүм. Студенттик күндөр баш көтөрбөй окуу менен өттү. Анткени чет тилин өздөштүрүү кыйынга турду. Кошумча сабак алыш керектигин түшүнүп грамматиканы мыкты билген агайымдан сурандым. Акбуюков агай англис тилинин грамматикасын майда баратына чейин баарын үйрөттү.

2-курсумдан баштап англис жана немис тилдерин бир темпте алып кеттим. Ал оңойго турбады. Анткени мектепте немец тилин окуган эмеспиз. Университетке келгенден уйкуну кечтим. Убакыттын, ар бир минуттун баркын билдим. Күнүгө 4 саат уктайм, ошондо да убактым жетишпей жаткандай боло берчү. Айрым сабактардан алты айдагы өтүлчү темаларды, тапшырмаларды аткарып бир айда эжекеге зачет, экзамен тапшырам. Анан ал сабактан бошоп калам да ошол сабак учурунда мен башка кошумча сабактарыма барып окуп келчүмүн.

Кийинчерээк кээ бир группалаштарыма, 1-2-курстун студенттерине кошумча сабак өтүп калдым. Аны менен бирге сабак өтүү методумду жогорулатып, акчага да иштеп баштадым. Бирок ал акчаларды кайра башка кошумча сабактарыма төлөйм. Ата-энем жол киреге деп берген акчаларды үнөмдөп сөздүктөрдү, китептерди алчумун. Окутуучуларды да тандап, чын жүрөктөн баарын үйрөткөн эжей, агайлардын тайпасына өтүп алчумун. Анткени жакшы окусам акемдин мээнетин кайтарам деп ойлочумун. Ошондогу тынымсыз аракеттин жемиши, жакшылыгы азыр кайтып жатат.

МЕКЕНИМ КӨЗҮМДӨН ӨТҮП ТУРДУ

Окууну бүтүрүп Швейцариянын Хельветас уюмунун Био-Фермер, кийин Био-Пахта долбоорунда иштей баштадым. Ал жерде көп нерсе үйрөнүп, такшалдым. Котормочулук кылып, мониторинг жүргүзүп айтор көп тажрыйба топтодум. Органика, био азыктар, туура тамактанууну үйрөндүм. Иш сапарлар менен Лаоско, Германияга бардам. Вьентьянга барганымда бул менин чет өлкөгө жалгыз чыккан эң алгачкы сапарым болчу. 4 жолу транзит алмашып жолум узак болду. Алардын тамактарын жей албай, ачка калганмын. Аба-ырайы нымдуу ыссык экен. 10 күндө эле Кыргызстан көзүмдөн өтүп турду.

Ал эми Нюрнбергде дүйнөлүк органикалык продукциялардын жарманкесине катыштык. 46 000 катышуучунун арасында Орто Азиянын алгачкы био продукт өндүрүүчүсү катары Био Фермер кооперативинин органикалык продукцияларын сыймыктанып тааныта алдык. Учурдан пайдаланып Хельветас уюмуна ыраазычылыгымды билдирем жана биздин био фермерлерибизге ийгиликтерди каалап кетем. Бир чындыкты  айта кетейин, кыргыз био пахтасы дүйнөдө сапаты жагынан эң алдыңкы. Муну менен жалпы Кыргызстан сыймыктанса болот.

АРАПТАРГА АНГЛИС, НЕМЕЦ ТИЛДЕРИН ҮЙРӨТӨМ

Эки эле чет тилин билем, англис жана немец. Ал эми орус, кыргыз тилдери өзүбүздүн тилдер да. Кудай буйруса араб тилин аягына чыгарып үйрөнүп алсам жакшы болмок. Тил өздөштүрүүдө жан дүйнөң менен ошол тилге кирип кетүү керек.

Жалал-Абадда иштеп жүргөндө көп балдар кыздарга англис, немец тилдерин үйрөттүм. Азыр Катарда бир шведцариялыкка орус тилин, кесиптешим ливандык арапка англис тилин, эки египеттик кесиптешиме немец тилдеринен сабак өтөм. Алар негизинен тилди билишет, бирок тереӊдеп үйрөнүүнү, грамматиканы мыкты өздөштүрүүнү каалашат.

БИЗДЕ 25 МИӉДЕН АШУУН АДАМ ИШТЕЙТ

Чет өлкөдө иштөө биринчиден тажрыйба, экинчиден жакшы маяна деп интернеттен ар кандай конкурстарга катышып жүрдүм. Ага көп убактым кетти, кандайдыр оң келбей жатты. Бешенеге жазылбаганы да. Ошентип жүрүп туристтик виза жасатып Дохага баса бердим. Жеткен күндөн тарта мамлекеттик ишканаларга таржымалымды таштай баштадым. Конкурстарга чакыра башташты. Эки жумада эки мекемеге жумушка өтүп, азыркы ишимди тандадым.

Hamad Medical Corporation – бул Катар өлкөсүнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында түптөлгөн медициналык корпорация. Бул бир гана Катарда эмес, жалпы Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү  алдыңкы корпорациялардын бири десем болот. Бүгүнкү күндө 18 ооруканасы, реабилитациялык борборлору бар. Жалпы 25 000ден ашуун кызматкер эмгектенебиз. Өзүнчө эле шаарча, бөлүмдөргө автобустар каттайт. Күнүнө 8 тонна тамак даярдалып, 18 тонна кир жуулат.  Жетекчим немец улутундагы Констанц айым башкармалыктын тең төрагасы, мен анын ассистентимин. Үч жылдык келишим менен киргенмин, иштеп жатканыма 1 жылдан ашып калды.

САХАРА ЧӨЛҮ МЕНЕН ЧЕКТЕШЕБИЗ

Катардын өзгөчөлүгү ысыктыгы, анын үстүнө абасы нымдуу. Кургактыктан Саудия Арабиясы жана Сахара чөлү менен чектешсе, калган тараптары деңиз. Бүгүнкү күндө +50 градус ысып жаткан учуру. Аба-ырайына көнүп кетүү башында жеңил болгон жок. Өлкө болсо күн сайын өнүгүүнүн жолунда, тынбаган шаар деп айтсак жарашат. Элдин ушак айтпаганы, меймандостугу, бирөөнүн жашоосун талкуулабаганы, ыйманга бекемдиги өзүнө тартып келет. Жергиликтүү араб аялдары кара, эркектери ак кийимин кийип мусулман экендигине сыймыктануу менен баштарын бийик көтөрүп, байлык менен бийликти татыктуу көтөргөн эл.  Ар бири ак сөөктөрдөй, майда баратка төмөн түшпөйт. Бийлиги болсо ар бир жаранынын коопсуздугун, даражасын коргоп, көтөрүп тургандай.

Бул жакка келип ар күнү жаңы тажрыйба алгандаймын. Чет жакта жалгыз жүрүп өзүңө гана ишенип, бекем жүргөндү үйрөндүм. Бош маалымда кыргызстандын көрсөтүүлөрүн көрөм, күнүгө йога менен машыгам. Акыркы учурларда кыргыз жана дүйнө тарыхын тереңдеп окуп баштадым. Мезгил мезгили менен кесиптеш курбу кыздарым менен шаар айланабыз. Бош убакыт калтырбаганга аракет кылам. Алдыда кайрымдуулук фонддун ачсам дейм. Коомго жана жакындарыма пайдалуу болууга аракет кылам.

Акбермет Садыкова

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17