Аймак

Жамшитбек АБДЫЛДАЕВ, невролог: «РЕМАНИМАЦИЯДА ЖАТКАНДАРДЫ ДА ДАРЫЛАЙМ»

Жамшитбек АБДЫЛДАЕВ, невролог: «РЕМАНИМАЦИЯДА ЖАТКАНДАРДЫ ДА ДАРЫЛАЙМ»

 4,151 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарынын Пушкин көчөсүндө «Невролог» деген жазуу илинген бир имарат бар. Ал жерде колу жеӊил, кесипкөй бир адис олтурат. Биздин заманыбызда нерв ооруларына тушукпаган адамдын өзү аз. Бир эле адамдын бир канча жери ооруйт. Кан басым, жүрөк оорулары, бел, бут, баш деги койчу чеги жок. Мунун баары нервге байланыштуу. Аталган ооруларды бир эле доктор айыктырат. Аны сиздерге тааныштырууну ылайык көрдүк. Балким кимдир бирөөнүн шыпаа табуусуна биз да себепкер болобуз.

 

АПАМДЫН ЖАРДАМЧЫСЫ БОЛДУМ

Мен 1957-жылы 12-январда Кара-Кулжа районунун Сары-Булак деген айылында инженердин үй-бүлөсүндө туулганмын. Атам Сулайманов Абдылда, апам Сулайманова Дөөлөт. Апам колхозчу болчу. Жети бир туугандын үчүнчүсүмүн. Балалыгым Кара-Кулжанын Ылай-Талаа деген айылында өттү. Ошол айылдагы Карл Маркс атындагы мектебин бүтүрдүм. Жети бир туугандын үчүнчүсүмүн. Азыр мына балалыкты эстеп жатып биз ойногон, мал багып, кой кайтарган жерлер көз алдыма тартылды. Ажыке деген жайлообуз бар, аябай кенен, чоӊ. Ошол жакка чыкчубуз. Менден улуу эки агам атамдын инисинин үйүндө жүрүп окуп калышты. Алар кетип үйдүн түйшүгү мага жүктөлдү. Менден кийинкилерине каралашуу, үйдөгү  чарба иштери, апама кол кабыш кылмай дегендей. Эрте жазда жайлоого мал айдап чыкмай, кеч күздө мал айдап түшмөй. Үйдөгү жумуштарга да апамдын чоӊ жардамчысы болдум.

7-класстан тарта колхоздо иштеп чийне тартып, чөп чаап калдык. Чөмөлө кылабыз, кийин аны машинеге жүктөйбүз. Ошол кезде сарайларда жатып калчу элек. Андайда түнкү он эки, бирге чейин жоолук таштамай, ак чөлмөк, үчүнчүсү ашыкча деген оюндарды ойночубуз. Жумушка да, оюнга да жетишчүүбүз.

 

ТӨРТҮМ ЖОК БОЛСО ДА  АЛТЫН МЕДАЛГА ЖЕТПЕДИМ

Мектепте жакшы окудум, бири бирибизге атаандашып турчубуз. Мен так илимдерге көбүрөөк жакын элем. Химия, биология, математика, физикаларга. «Б» класстын алдыӊкы лидерлеринен болдум. Бала кезден врач болсом деген кыялым бар эле. Ооруган адамга жардам берүү максатым болчу. Аттестатымда бир да төрт жок.  Бирок алтын медаль болбой калган, анткени ал кезде да тааныш билиш болуп кетчү.

Мектепти бүтүргөн жылы медицина институтуна тапшырып, өтпөй калдым. Айылга барып 7-8 ай чабан болуп иштеп калдым. Май айында  чакыруу келип Азербайжанга аскерге кызмат өтөөгө кеттим. Ал жактан келип кайра медицина институтуна тапшырып, өтүп кеттим. Негизи үй-бүлөдө бир туугандарым баары техникалык билим алышкан.

 

ЭМГЕК ЖОЛУМДУ БӨЛҮМ БАШЧЫ БОЛУП БАШТАДЫМ

Алгач балдар факультетин тандап, кийинчерээк дарылоо факультетине которулдум. Союз кезинде студенттик күндөр жакшы болоор эле. Стипендия алып окугандыктан ата-энеме деле күч келген жок. Биз окууну аяктарда реабилитациялык деген жаӊы адистик ачылып калды, мен ошону бүтүрдүм. Ал жерде баткак, минерал суулар, чөп менен дарылоо, кыймыл менен дарылоо жактарын окутту.

Дипломду колго алганда мени Кочкор-Атадагы балдардын калыбына келтирүү ооруканасына жолдомо менен жиберишти. Азыр ал жер санаторий болуп калды. Ал жерге келип неврология бөлүмүн ачып, аны эки жарым жыл жетектедим. Эмгек жолум ушинтип башталды. 1986-жылдын августунда Бишкектин Воронцовкасындагы ооруканага башкы дарыгердин орун басары болуп которулдум. Беш жылдан кийин башкы дарыгер болуп  дайындалып 11 жыл ал мекемени башкардым.

Реабилитациялык оорукананын курорт, санаторийден айырмасы дарылоо курсун табигаттын факторлору менен бирге укол, таблеткалар менен паралелдүү алып барууда. Онтоп, кыйналып келген оорулуу айыгып, жакшы болуп кетсе «Ии, менин да колуман бир деме келип, пайдам тийди» деп сүйүнүп калат врачтар.

 

ЧЕТ ӨЛКӨЛӨРДӨН БИЛИМИМДИ ӨРКҮНДӨТҮП КЕЛГЕМ

Кийин Жалал-Абадка которулуп келдим. Областык оорукананын неврология бөлүмүн 5 жыл жетектедим. Ошентип 2008-жылы ага туугандарымдын, жакындарымдын колдоосу, жетпегенине кредит алып өзүмдүн жеке клиникамды ачтым. Бир курсубуз 10 күн, ага 6000-7000 сом алабыз. Жатаканабыз ошол дарылануунун ичинде. Бул жерде аялым экөөбүз иштейбиз. Башка адис алганга тажрыйбалуу, мен ишенген адис жок. Биз өзүбүз көп нерсени окудук. Мисалы япондордун самото терапиясын окуп келгем. Кытайдан ийне сайууну, тамыр кармап диагноз коюууну үйрөндүм. Мануалдык терапияны Москвадан, Крымдан окудум. Азыр да Европа, Америка, Азия өлкөлөрүндөгү медицианын жаӊы жетишкендиктерин, ачылыштарын окуп турам.

Учурда ооруга жараша ыкмаларды колдоном. Бели ооруганды, грыжаларды мануалдык терапия менен омурткаларды чоюп, буту ооруп келсе ийне сайып же сомото терапияны колдонуп дегендей. Ушул күнгө чейин мага келип жаман болгон учур каттала элек, баары айыгып кубанып кетишет.

 

ТОБОКЕЛ МЕНЕН ДАРЫЛАГАНДАРЫМ БОЛОТ

Баткен Калипа деген аял келген, абалы абдан оор эле. Балдары көтөрүп келишти. Такыр баспай калыптыр. Буту колунун баары тырышып калган. Эки курс дарыланып, өзү басып калды. Аны тобокел менен дарылаганбыз, анткени оорулары өтүшүп кеткен эле. Антип төшөктө жатып калгандар келип, басып кеткендер көп болуп жатат. Андан башка инсультка кабылып комада жаткандардын жакындары келип жардам сурашат. Реманимацияга барып көрүп, дары жазып берип, карайм. Кийин бутуна туруп кетишет.

Кыргыз баласы ден соолугуна кам көрбөйт. Качан ооруп жыгылганда, турбай калганда оорудум дейт. Ага чейин алдын алайын деген киши жокко эсе. Ал тургай дарыгерге барса да жазып берген дары дармектерди убагында албайт же жарым жартылай алып «жакшы болуп калдым го» деп таштап коёт. Кээ бири андан көрө молдо менен кожого барганды жакшы көрүшөт. Көзү ачык айтты деп калп сөздөргө ишенип жүрө берип такыр оорусун ашырып салышат.

Ошентип өтүшүп кеткенде бир эле оору эмес, ондогон жери ооруйт. Анан кезеги менен айыктырып, негизги ооруга келебиз. Мисалы бели ооруган кишинин кан басымы жогору болсо, жүрөгү же ашказаны ооруса болсо, алгач аны дарылайбыз. Кийин белин дарылап баштайбыз. Ооруканада болсо бир эле негизги ооруну карайт да, башкаларын дарылабайт. Ошонүчүн кийин кайра ооруп калышат.

 

НЕРВГЕ БАЙЛАНЫШКАН ООРУНУН ТҮРҮ КӨП

Алтын ийнелер менен дарылаймын. Адамдын денесинде миӊдеген точкалар бар.  Ар бир оорунун өзүнүн точкалары болот. Ошол биологиялык активдүү точкаларды таап сайганда алтын ийненин жардамы менен организм өзүнүн ичинен дары дармек иштеп чыгат да, анан өзүн өзү дарылайт. Ага кошумча дары уколдорду да беребиз. Ошондо организмдин тезирээк айыгышына жардамчы болот.

Мага келген оорулардын басымдуу бөлүгү нерв оорулары менен ооругандар. Айталы инсульт, жүрөк , бут, бел, баш оорулары, түн ичинде зарасын кармай албаган, тили чыга элек, сүйлөй албай жаткан жаш балдарды алып келишет. Андан сырткары моюндагы, көкүрөктөгү, белдеги грыжалары барлар кайрылышат. Айрымдар бар 20-30 жылдап кенебей жүрө беришет. Омурткалары бири бирине өтүп, жабышып калат. Алар бизден дарыланганда кыймыл аракет жакшырып басып калат. Бирок толук калыбына келиши кыйын. Анткени өтө эскирип кеткен да. Мээси шишип кеткендер келет. Кулагы укпай калгандар. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар (ДЦП) да акырындап айыгып жатышат.

 

ӨНӨРҮМДҮ УУЛУМА ҮЙРӨТҮП ЖАТАМ

Өзүм студент кезде, 1981-жылы үйлөндүм. Аялым Базар-Коргондун кызы. Ал да бишкектен медайымдыкты бүтүргөн. Үй-бүлөлүү студентке жашоо бир аз татаалдашты. Анан түнкү кароолдук жумуш таптым. Стипендиям 50 рубль, кароолчулуктан 70 рубль алып интелегенттердей эле жашап калдык. Ошентип үч кыз, эки уулдуу болдук. Кыздарым баары турмушта. Көп убакыт бишкекте жашап калгандыктан, кыздарым түндүктө калышты. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында медиктер да абдан кыйналып калганбыз. Балдарым ошол кездери бой жетип мектепти аяктап жаткан кез эле. «Сиздей болуп акчасы жок болуп калбайын» деп чоӊ уулум экономист  болду. Кыздарымдын бири мугалим, бири тышкы иштер министрлигинде иштеп жатат.

Аялым экөөбүз иштечүбүз деп айтпадымбы, азыр эми өзүмдүн кичүү уулум менен келиниме үйрөтүп жатам. Алар медицина академиясын бүтүрүп келишти. Билген өнөрүбүздү балдарга калтырып жатабыз.

Шакирттеримдин дээрлик баары Орусияга иштеп кетишти. Келип калганда жолугушат, чайлашабыз. Мени да чакырышат, ал жакта шарт жакшы деп үгүттөшөт. Эми мен да кетип калсам элди ким карайт, бул жакта элге керегим тийип аткан соӊ кетип кала албайм го дейм.

Бурма Камалова, оорулуу: «ЖАКШЫ АДИС ЭЛДИН ЫРЫСКЫСЫ»

– Мен Ош областынын Кара-Суу районунан келдим. 40 жылдай мектепте мугалим болуп иштедим. Эки үч жолу жыгылган элем, бирок маани бербептирмин. Көрсө грыжа пайда болуп калыптыр. Бир күнү эле ишке бара албай ооруп калдым. Ошентип белим, бутум ооруп көрүнбөгөн жерим калбады. Курорт, санаторий, элдик табыптарга, мамлекеттин да жеке менчик да ооруканаларына баарына жатып чыктым. Акчанын баары жөн эле кетиптир азыр ойлосом. Пайдасы болсо го мейличи. Белди чыгып кетти деп эле элдик табыптарга салдыра берет экенбиз да. Андайда көпчүлүгү эле билбейт экен. Күчкө салып баскылап жатып жүлүндү, нерв тамырларын кысып коет турбайбы. Мен да акыркы күндөрү таяк менен басып калгам. Анан бул доктор тууралуу айылдаштардан угуп калдым. Бир келин жөрмөлөп калдым эле, 8 жолу келип айыгып кеттим дейт. Азыр кетмен чаап, базарда жашылча сатып жүгүрүп жүрөт. Издеп келсем бул киши чын жүрөктөн иштейт экен. Омурткалардын кийлигишип калганын  таш менен тартып, массажын жасап, ийнесин сайып деги көп нерсени билет экен. Жаш өткөн сайын ар кайсы жерин ооруй берет эмеспи. Менин да кан басымым жогору эле. Биринчи аны калыбына келтирди. Кийин белимди, бутумду дарылап жатат. Бутумдун манжаларына улашкан жеринен ооруп, баса албай калгам. Көрсө шал боло баштаган экем. Азыр эми жан кирип, манжаларым кыймылга келип калды. Өзү да арзан карайт экен, ушул жерде жатабыз. Ашканабыз бар, өзүбүз тамак жасап жейбиз. Дарылаганы, жаткан жайыбыз, коммуналдык кызматтарга баары ошол акчанын ичинде. Мурдагы келгенимде балдары көтөрүп келгендер басып, жетелеп алып келип жатышат. Аларды көрүп кубанып жатабыз. Тили чыга элек балдар келет. Сүйлөп калыптыр, кээде кезигишип калабыз да. Оорулуулар бири бирибизди сурайбыз. Айылга барганда башкаларга айтабыз. Мындай адамды бирөөгө сунуштасаӊ да уялбайсыӊ. Бул киши кесибин сүйөт, мыкты билет. Жакшы адис элдин ырыскысы. Тамырды кармап так айтып коет. Анысына да тан бердим. Бирок өзү көп мактанбайт, иштин жыйынтыгынан көрүп атабыз да канчалык кыйын адис экенин.

 

 

Гүлмайрам Сабирбекова, «Аймак»

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17