Аймак

Нурдин ЭРМАТОВ, Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медициналык борборунун жетекчиси: “ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ДАРЫГЕРЛЕРДИН МАЯНАСЫ ЖОГОРУЛАДЫ”

Нурдин ЭРМАТОВ, Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медициналык борборунун жетекчиси:  “ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ДАРЫГЕРЛЕРДИН МАЯНАСЫ ЖОГОРУЛАДЫ”

 2,994 Бардыгы /

Үстүбүздөгү жыл үй-бүлөлүк дарыгерлер үчүн сүйүнүчтүү жыл болду десек жаңылыштык болбос. Анткени бул жылы дарыгерлердин маяналары жогорулады, бирок ал маяна жөн жерден жогорулаган жок. Анда кеп башынан болсун.

-Нурдин мырза, саламатсызбы? Акыркы маалыматтарга караганда үй-бүлөлүк дарыгерлердин маянасы жогорулады. Бирок кандай талаптын негизинде?

-Саламатсыздарбы. Кеп башынан болсун. Ооба, чын эле үй-бүлөлүк дарыгерлердин маянасы 30%га жогорулады. Ал 9 критерийдин негизинде. Ушул жерден белгилеп кетүүчү жагдай бар, тактап айтканда өлкөдө  Жалал-Абад облусундагы гана үй-бүлөлүк дарыгерлер оорулардын түрүнө карабай бардык адамдарды карап келишкен. Педиатр, гинеколог, кардиолог болуп бөлүнүшпөйт. Бир эле врач баарын карай алат.

-Кечиресиз, падиатр кантип кардиолог болсун? Экөө  таптакыр эки башка да?

-Ооба, сизге окшоп таң калгандар көп, бирок бул деген медицина. Биздин дарыгерлер тынымсыз окуп, бир эле нерсе менен чектелип калышпайт. Андан калса аты эле айтып тургандай үй-бүлөлүк дарыгерлер болгондон кийин үй-бүлө мүчөсүндөгү адам канча жашта экендигине карабай, кандай оору менен болбосун кароого тийиш.

-Сөздү кайрадан маянаны көтөргөн 9 критерийге бурсак. Ал эмне деген критерийлер?

-Анын биринчиси, жаңы төрөлгөн балдар. Бул 585-буйрук боюнча жаңы төрөлгөн балдар төрөт үйүнөн чыккандан кийин биринчи 3 күндүн ичинде үйүнө барып көрүү керек. Анда дарыгер үйүнө барып, баланын абалын көрүп, анан кеңештерин берип келишет.

Экинчиси, 1 жашка чейинки балдарды дарыгерлер канча жолу көрүшөт жана алар дарыгерлерге канча ирет келишет. Негизи бала төрөлгөндөн кийин биринчи 3 күндө, кийинки 7 күндө анан 20 күндө барып көрүп турушат. Ата-энелер болсо балдарды ай сайын көрүүгө алып келип турушат. Анткени баланын бою кандай өсүп, салмагы кандай кеткени жана кыймыл -аракети текшерилип турат. Ошентип 12 ай бою бала көрүүдөн өтүп турат.

Үчүнчүсү болсо, 5 жашка чейинки балдардын ич өткөк оорусу боюнча. Бул абдан туура критерий болгон деп эсептейм. Анткени ич өткөк учурда балдарды жакшы карабаса жегендин баары сиңбей отуруп, бала бат эле өзүн жоготуп, оорусун күчөтүп алуусу мүмкүн. Ошондуктан буга өзгөчө көңүл буруу зарыл.

Төртүнчүсү, ошол эле 5 жашка чейинки балдардын өпкө оорусуна чалдыгышына карата критерий экен. Мында балдарды үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна пнивмания деп алып келген болсо, аны текшерип чын эле ошол оору аныкталса, алгачкы дозаны берип, ооруканага жаткырууга тийишпиз. Эгерде абалы үйдө дарыланууга туура келчү болсо, анда ага карап аракет көрөбүз.

Бешинчисинде, кош бойлуу аялдарды 12 аптанын ичинде каттоого турсун деп жатабыз. Себеби биз балага кам көрө башташыбыз керек. Балдардын нервдик системаларына ушул тапта көзөмөл болсо, ар кандай оорулардын алдын алууга шарт түзүлөт. Демек кош бойлууларды канчалык эрте каттоого алсак, балдардын ден соолугуна эрте күндөн карап, дени сак жетилүүсүнө өбөлгө түзө алабыз. Учурдан пайдаланып кош бойлуу аялдарды мүмкүнчүлүк болушунча эртерээк каттоого турууга  чакырат элем.

Алтынчысы нерв системаларына берилүүчү кислота. Түйүлдүк жакшы өөрчүп, акыл эси жайында, екординациясы жакшы болсун деген ушул алтынчы критерий.

Жетинчи критерий, кан басымга багытталган. Көп адамдар кан басымы көтөрүлүп “башым ооруду, жакшы болуп калдым” деп жүрө беришет, бирок ал туура эмес. Кан басым көтөрүлгөн кезде сөзсүз түрдө дарыгерге көрүнүш керек. Анткени бул оору билинбей олтуруп акырындан таасир бере баштайт. Алгач эле көзгө, андан соң бөйрөккө  терс таасирин тийгизет. Ошол эле учурда “колум жакшы иштебей жатат, кыймылдоо начарлады” дегендин баары кан басымдын артынан келип чыгат. Көз менен бөйрөктүн тамырлары начарлап, иштөөдөн чыгат. Дал ушул үчүн кан басымды убагында карагыла деп биздин милдеттерге кошуп койгон.

Сегизинчи критерий ошол эле кан басымы бар адамдарга багытталган. Алар биз дары берген кезде деле макул деп барышып, дарыланбай коюшат. Ошол эле нерсе мээнин, көздүн, бөйрөктүн кан тамырларына таасир берет. Адамдар болсо “муундарым калчылдап жатат. Көзүм көрбөй калды, бөйрөгүм жакшы эмес”  деп чыгышат.  А биз болсо, сегизинчи критерийдин алкагында оорулуулар дарыларын кандай ичип жатат, өзүнө кам көрүүдөбү деп көзөмөлгө алып турабыз.  Негизи кан басым деген көзөмөлгө алуучу оору. Мындагы адамдар дайыма диетада болуп, кан басымы көтөрүлгөндө туздуу тамак жебей, суунун көлөмүн азайтуусу зарыл болот. Себеби туздуу тамак сууну  өзүнө тартат. Сууну көп ичкен сайын кандын көлөмү жогорулайт. Бирок кан тамырдын өлчөмү ошол бойдон калат. Кан көбөйгөн сайын эң назик кан тамырлар жарылышы мүмкүн. Алар мээ менен жүрөктүн кан тамырлары. Мээнин кан тамыры жарылганда адам инсульт, жүрөктүн тамыры жарылганда инфарк берет.

Негизи кан басым жогорулап, кан коюуланган кезде адам майлуу тамакты азайтып же таптакыр тамактанбай деле койсо болот. Дал ошол майлуу нерселер жүрөктүн кан тамырларына акырындык менен топтолуп олтуруп  тосуп калат да, кооптуу абал жаратат. Жүрөккө күч келбеш үчүн тамактын өлчөмү менен сууну азайтуу талап кылынат. Кан басымы бар адам дарыга таянып эле калбай, өзүн бир калыпта алып жүрүүгө көнүш керек.

Эң акыркы критерий болсо, туберклез менен ооруган  адамды эртерээк дарылап, аны айланага таратпай туруп алдын алып калуу болуп саналат. Биз дарыгерлер бул оору менен ооругандарды канчалык көп таап чыгып дарыласак, элге ошончолук пайда иш жасаган болобуз. Мына мен жогоруда айтып берген 9 критерий колдон келчү нерсе. Булар биздин дарыгерлерге айкын нерселер.

Демек мындагы критерийлерди Жалал-Абаддагы үй-бүлөлүк дарыгерлер эчак эле үйрөнүп, жолго коюшканбы?

-Ооба. Жаңы кошулган бул талаптар биздин дарыгерлер үчүн көйгөй эмес. Алар дайымкы эле ишин аткарышууда. Бир кезде биздин дарыгерлер деле ыйлактаган учур болгон. “Эмне үчүн баарын биз караш керекпиз?” -дешип. А азыр болсо кубанышууда, мындай практикадан эрте өтүшкөнү үчүн.

-Анда Сиздер мурдатан эле аткарып жүргөн ишиңиздерге айлык акы эми гана жогорулаптыр да, туурабы?

-Туура айтасыз. Ошентип айтса болот. Анткени өлкөдөгү башка аймактар бул талаптарды эми гана аткарып башташса, биздикилер жасап жүргөн гана иши үчүн көбүрөөк маяна ала башташты. Бул биздин жетишкендик десем да болот. Албетте бул үчүн өкмөткө ыраазычылык билдирбей коюуга болбойт. Мында дарыгерлердин эмгеги бааланып жатат.

-Жогорудагы критерийлердин алкагында бир эле дарыгерге бардык тармак жүктөлүптүр. Бул жаатта билим сапаты кандай болуп калат?

-Бизде мындагы көйгөй жолго коюлган. Апта сайын окутуулар болуп турат. Дарыгерлер өмүр бою окуйт деген сөз туура. Анткени керегинен ашыгы менен окутуулар болуп турат. Биз баарына жетишүүгө аракет кылабыз жана ага милдеттүүбүз.

-Маегиңиз үчүн рахмат!

Маектешкен:  Санрабия САТЫБАЛДИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17