Аймак

… СЫР АЯКТАГЫ БАЛ (аңгеме)

… СЫР АЯКТАГЫ БАЛ (аңгеме)

 2,766 Бардыгы /

Таңга маал, тан куланөөк салып келе жатканда үйүбүздүн тушуна бир кичи автобуз келип токтоп,

– Элүүбай аксакалдын уулу Чыныбай акенин үйү ушулбу-, деп кыйкырып калганынан, атам бутуна келечин чала була кийип, «тынччылык болгой эле!?» деп сыртка чыгып кетти. Балабыз да артынан биз да жылуу төшөктөн тура калып жүгүрүп чыктык, чукчуйган, оруска окшош сары жигит жүк түшүрүп жатыптыр.

-Сизге бул баштыкты Москвадан берип жиберди. Мына аксакал аман түгөл ушуну алып калыңыз,- мен шашылышмын,- деп, атам ким деп сураганча болбой эле машина оордунан козголуп кетип калды. Оозунан бисмилласы түшүп, кимден келгенин сурай албай кала берди. Сыртында «Элүүбай аксакалдын уулу Чыныбай акеге.. Көк-Таш айылы, Туура жол көчөсу» деп жазып коюптур. Биздин көчөдөн башка «Туура жол» деген көчө да жок. Чон баштыкты атам араң сүйрөп үйгө алып кирди. Көчөбүздөн машина кыйма-чийме каттап тургандыктан, күтүүсүз белекке ээ болуп, аны тактап сураганча, алып келген айдоочу да кепке сөзгө келбей кетип калганына атам да бушайман боло баштады.

Бул күтүүсүз келген белек биздин үйдөгүлөрдүн баарынын оозун ачырды, бир жагы кубанычтуу болсо да, бир жагы тан калыштуу да болуп жатты. Кимден, кандайча келгени белгисиз болгон бул кытайдын чон баштыгын ачып, ичин карап жиберүүдөн биз да тартынып турдук.. Сумканын сыртынан ичиндеги буюмдар анча мынча көрүнүп турат экен. Болгондо да Москвадан келиптир, бирөө жарым үйүнө жөнөтөм деп дарегин жаңылыш жазып жиберген болуш керек, жайлоодо болсо, биздикинен алып кететтир, тийбегиле,- деди атам. Аты жазылып турса да атам ачтырган жок, анткени бизге мындай белек берип жиберүүчү тууган уругубуз алыс шаарда жок болчу. Атамдын ачуусу чукул, бирөөнүн аксын жеп көрбөгөн, заардуу адам болгондуктан, атамды айтканы биз үчүн катуу мыйзам эле. Шилекейибизди ичибизге жутуп, унчупай чон баштыкты айлана тиктеп, батынып оозун ачып жибере албай олтуруп калдык.

-Чын эле атаңар туура айтат, Маскөөдөн бизге белек бере турган бир дагы таанышыбыз же тууганыбыз болбосо бул кайдан келип калсын, дарегин жаңылып жазып алган да, жолго ынгайлуу деп бизге салса ээси келип алып кетет деп апам да атамын оюн бышыктап, чон баштыкты атама көтөртүп туруп жүк жыйган бурчтагы бош орунга жылдыртып,

койдуруп койду. Ээси издеп келет, алып кетет деп. Балабыз да сугубуз артып , ыйлап жибере жаздап барып, атамдан коркконубуздан короого чыгып ойноп кеттик да, баягы баштыктан түнүлө, эми аны эстөөнүн зарылчылыгы деле жок болуп калды.

Белек келгенин айтпастан, айылыбыздагы Москвага кетип иштеп жаткандарды сураштыра баштады атам. Эч кимиси бизге арнап белек салчулардан эмес. Кандайча болуп кеткенине акылыбыз жетпей бурчтагы чон баштыктын ичиндеги азык оокат, кийим кечелерби кимге арналып, ким тарабынан келгени табышмак болуп, баарыбыздын караганыбыз ошол чоң баштык, болгондо да аны бир адам көтөрө алчудай эмес.

Айылдагылардын оокат-ашы жетиштүү, алдынын короосунда үчтөн- төрттөн машинасы бар, короо толо койлору, жылкы малы бар, бирине бири муктаж эмес, бирин- бири теңсинбейт, бириникине- бири кирип чай ичпейт, кара күчкө эле кучакташып учурашып, байлыгына даңктангысы келе беришет. Бири-бирине кайрылбайт, а түгүл бир үйдөгүлөр, бир туугандар да бири аш ичкен кашык менен экинчиси тамак ичпейт. Биздин үйдө гана атамын камчысы, керегеде илинип тургандыктан баарыбыз ал кишинин айтканын аткарабыз, ынтымак- туу сыяктуу көрүнөбүз. Ошондон улам Москвадан келген чон баштык ачылбай туруп калды.

*** ***

Согуш жаңы бүткөн мезгил, тоолуктарды дың жерлерди өздөштүрөсүңөр деп Масы районуна көчүрмө кылып, конуш жаңыртып көчүрүп барышкан. Өмүрү кетмен кармап көнбөгөн кыргыз, дыйкан чылык кылып, коон дарбыз эгип, пахта өстүрүп, арык чаап, какыраган как талаада иштеп калдык. Жашаганга там да жок, жерди казып, жер төлө кылып, анын ичине саман төшөп, үстүнө кийиз салып койгон, эшигин канар менен тосуп, тапканы таар менен жаап алышкан, он чакты кожолук, катар жашайбыз. Ишеничибиз келечекте бул аймакта гүлдөгөн айыл-шаарлар пайда болот деген ишеним, Согуштан кийин деле оокат аш жетишпеген тартыштык учур болгон. Эптеп тоодон ала келген эчкини саап, ошонун сүтү менен жан багабыз. Кудай жалгап атам Шайдан деген айылдан Исмайыл деген аксакал менен таанышып калып, ошол адам колунда бар адам экен, эч нерсе таппай калганда барып, анча мынча ун, талкан алып келип, жан сактап турчубуз. Ал кезде бир үйдө казан асылып калса, башка үй оокат кылчу эмес, үркөрдөй тоолуктар кечкисин топтонуп алып эшиктин алдындагы тапчанга олтуруп тамактанабыз. Ошонтип күн кечирип, азаптуу күндөрдү баштан өткөрүп жаткан

мезгилде тоодон келгендер мындагы шартка көнө бербей бирден экиден уурданып качып кайра тоого көчүп кете баштады. Ошол көчүп кеткендердин бири айылга барганда өкмөткө баш ийбеген, элдин келечеги үчүн иштебеген, «качкын, элдин душманы» деп камалып кетти деген кабар келип калды. Калган тоолуктар да көчүп кетип калганга камданып калганда бул кабар, бизди кан буугандай эле токтотту. Кокус атабыз камалып кетсе көргөн күнүбүз не болот.

Ошол жылы согуштун бүткөнүнө эки жыл аяк басып бараткан, ала шалбырт, үзүкчүлүк мезгил, кышка деген камылгабыз түгөнүп турган эле. Атам экөөбүз Шайданга барып Исмайыл аксакалдын үйүндө жатып калдык. Ал киши биздин келгенибизди айттырбай түшүнсө керек, кечкисин бул улак союп, коноктоду. Көптөн бери мындай чара толо этти көрбөгөн жаным, баарын жеп жиберчүдөй болуп шаштым кетип жатты. Улам эт качан тартылат деп коем, атам акырын тыйып коет.

-Тынч олтур, уулум, уят болот. Буйруса жейсин,-дейт. Буйруп калса экен деп эки көзүм төрт болуп олтурдум. Этти жедик, атам устуканын берди, аны да жедим. Курсагым тойсо да көзүм тойбой жатканын баары эле байкап олтурушса керек. Ошентип олтуруп да мага тийген эки шыйрактын бирин апама алып барам деп тиштенип жебей бекиттим. Жол алыс болгондуктан эртеси Исмайыл аксакал берген ун, талканды, бир аз этти алып, бир кичинкей кол чаначка толо жарма алып, анан жолго чыктык. Бизди үйдөгүлөр чыдамсыздык менен күтүп жатканын сезип келе жаттым.

– -Ата качан жетебиз,- деп коем. Жакын калдык уулум. Азыр жолдо Ташкул акендердин үйү бар, ошолорго тийип, алардын аманчылыгын билип анан үйгө кеч кире барып калабыз,- деди. Мындайда жол деле алыс болуп кетет. Арык бойлой тигилген катар тыттын көлөкөсү менен чаңды боркулдата кечип, жылаңайлак тызылдап жүгүрүп атамдан калбай келе жаттым. Түшкө жуук атам экөөбүз ээрчишип, Шайдан суусунун боюндагы жалгыз жер төлөгө келип жеттик. Жакшы эшигинин алдында үч түп талы бар экен, мезилдете сууну сээп, салкындатып, анан сөөрүгө таар салып коюптур. Бирөө төшөктө турбай жаткан экен. Түшкө чейин уктаган кандай немелер деп таң калып карап калдым. Акырын башын өйдө көтөрүп, жаткан адам;

-Келгиле, амансынарбы,-деп араң айтты.

-Оо, кокуй Ташкул аке, эмне болду, ооруп калдыңызбы,-деп эле атам чөкө түшүп олтура калып, учурашып, колу башын ушалап, анан тамырын кармап көрүп:.

-Оо кокуй ысык уруп салган турбайбы? Бирок сабыр кылыңыз жакшы болуп каласыз.-деп кайрат айтып, ал акыбалды сурап олтуруп калдык. Көрсө, үйүндө эч нерсе жок, эки күндөн бери жакшы оокат ичпей, ачка жаткан тура. Аялы арык чапканы талаага кеткен экен. Ангыча ал киши да келип калды. Бир жоолукка капкара кичинекей нанды ороп алыптыр. Иштеп тапкан акысына берилген ошол нан экен. Ташкул акеге атам алып келе жаткан жармадан ичирип, бышкан эттен кесип дасторкондун үстүнө койдук, Алып келе жаткан талкандын да жарымынан көбүн салып бердик, эттен да бөлүп бердик.

-Өзүбүз эмне жейбиз,- деп жибериптирмин.

-Тынч олтур, буйруганын жейбиз,- деп койду атам. Унчукпай калдым. Ташкул акенин аялы.

-Рахмат айланайындар, силерди бизге кудай жеткирди, акенер ачкалыктан өлүп калабы деп коркуп жаттым эле. Жакшы болуп калар, жакшылыгынарды эки дүйнө унутпайбыз, ыраазымын айланайындар, ыраазымын. Эки уулум да тоого туугандарга барып бир нерсе таап келебиз деп кеткен боюнча дайынсыз, үзүкчүлүк мезгилде тууган дардын деле акыбалы чектелүү да. Келип калар деп олтурам деп жиберди. Силерди кудай жеткириптир, абанар жакшы болуп калсын. Туугандын топурагы алтын деген ушул, айланайындар,-деп жалынып жалбарып жатты. Абамды көрүп, анан жолгон чыктык. Чындыгында тоодо бир айылдан болчубуз. Тууган катары да катташып турушчу. Көчүрмө болгондо ушул жерге келип олтуруп калышкан экен. «Бирдик» чарба экен. Биз тарап болсо «Тоолук» деген чарба. Молотов колхозуна карайт элек.

Жолго чыгып жанагы жер төлөдөн узаган мезгилде атама айттым.

-Ата, эми талканды абамдарга берип койдук, өзүбүз эмне оокат кылабыз?-дедим.

-Ээ балам,бар болуп туруп, ачка өлүм алдыда жаткан адамды көрүп туруп, кантип бербей коесун. Биз тирүү жанбыз, алты саныбыз аман турбайбы, дени кардыбыз сообуз го, кудай дагы бир ырыскысын берет, уулум, Иштейбиз, иштеген тиштейт деп Ленин атабыз айткан,- деди да оор улутунуп алып илгерки бир окуяны айтып кирди..

***** *****

Илгери Оомат деген адам Таластан Аксыга мал алып келип сатып, оокат тирилик кылчу экен. Тапканы өп-чап жетип, тирчилигин тын өткөрүп жүрөт экен. Болгону кайрымдуу адам болгондуктан аны элдин

баары « Биздин Омокебиз» дешип сыйлашып турчу. Бир ирет Таластан мал алып келип үч-Коргон базарга айдап барып соодалап бүтүп турса бир жаш бала келип «Бай, кайрымдуулук кылыныз, үйдө оокат жок, апам ооруп жатат» деп жалдырап карап калат. Баланын жүзүнө тигилип карап турса калп айтпагандай, балага үч тенге берет. Ал кезде үч тенгеге бир кой берчи экен. Бала кубангандан ыраазылыгын айтып ыйлап жиберет.

-Кой уулум, бар жоготпой апана бир нерсе алып бар, дары дармек ал, тур,- деп, тургузуп жөнөтүп жиберет. Базардагы чайканга кирип чай ичип чыгып баратса, бир башына селде чалган карыя жолугуп,

-Балам алаканыңды жай,- дейт. Ылайым эки дүйнөң кем болбосун, байбичем өлүм алдында эле, ошол кайыр сурап барган жигит менин жалгызым эле, ушунун үмүтүнө от жандырып, байбичемди сактап калууга шарт жараттын. Кудай бешенди ачып, колуна кут-береке берсин, элдин уулу болуп жур,- деп бата берет. Ошондон кийин байдын байлыгы ашып ташып, золобосу көтөрүлгөнү тууралуу элде улуу санжыра айтылып келет. Балам, оомал-төкмөл дүнүйө деген ушул, мезгил агымына жараша адам пендесине ач-токту жаратканым көрсөтүп турат, бул күндөрдүн артында жакшы күндөр бар экенин унутпай жүр, уулум. Мен эки ачарчылыкты көрдүм, согуштан мурда да элде бир катуу ачарчылык болгон, ошондо катыраңкы дарагынын данын топтоп ун кылып тартып алып, ошону айранга чайып ичип, нан кылып жеп аман калганбыз. Ачарчылыктын айынан казактар тентип келишти, аларды да кучагыбызга тартып, тапканды бөлүп жеп сактап калдык. Чечендер келди, аларды сактадык, менимче эл жакшылыгы унутулбайт. Эл бар «элдүү түлкү ач калбайт» деген кеп бар. Көп да ачка кала бербеспиз, элге берсек, кудай бизге да ырыскысын берер,-деп жобурап койду.

үйгө келишибиз кичинекей айлыбыз үчүн майрам болду. Апама деп бекитип келген этим айылдын балдарынын баарына жетти. Алар мени тегеректешип «Ысмайыл абаңдыкына дагы качан барасың?» деп жатышты. Бир айдай убакыт өтүп-өтпөй Ташкул акебиз биздин үйгө келип калды. Атама терең ыраазычылык билдирип, бул жакшылыгын акыры кудайдан кайтат, менин да балдарым өнүп-өсөр, небире чебирем жетилер, менден кайтпаса, алардан кайтарына ишенем,- деп, алкаганга сөз таппай олтурду. Ташкул абабыз менен кийин кол үзбөй катташып турдук. Балдары жетилди. Биз тоого көчүп келе бердик, алар ошол тарапта олтурукташып кала беришти

*** ***

Эртең мененки чайда, кечки тамакта балдары топтолгонда Ташкул аба баштан өткөргөн оор күндөрдү балдарына айтып берип, жокчулуктун артында барчылык бар экенин, жокко чөкпөй каниет кылып, барга көппөй колунда жокко бөлүшүп тургула, аларга да күн чыгат. .Ээ балдарым, неберелерим, кыргызда «кул чарыңды курутпа, өткөн күнүң унутпа» деген сөз бекеринен айтылып калбаган. Согуштан кийин деле жыргап кетпегенбиз, ынтымак, бири-бирибизге мээрим, кайрымдуулук бар үчүн гана ал кыйынчылыктарды жеңип чыгып кеткенбиз. «Бирдикте» жашап жүргөндө Элүүбай абанарды мага кудай жеткирбегенде балким мен өлүп калып силердей алтын небере чөбүрөлүрүмдү көрбөй калат белем, ким билет?. Ошондуктан ал абанардын укум тукумуна карызбыз, кол үзбөй тууган болуп катташып тургула. Азыр абанардын уулу мына бул эле Көк-Таш деген жерде жашайт. Кудайга шүгүр, оокат- ашы тың эле, абаңар өткөн менен баласы бар. Мына мен токсон ашып калдым. Бапасы эр жетип бала бакыралуу болуп калган, атасы менен келгенде жети- сегиз жаштагы бала болчу. Мына алдың чон иштерде иштеп жүрөсүнөр, тууган уруктан кол үзбөй кайрымдуу, мээримдүү болуп, бири-биринер менен катташып тургула. Ошол ата карызынан кутулгула. Мен аларга эч нерсе бере албагам, силер бергиле. Алар деле силердин жардамынарга муктаждыгы жок, бирок кыргызда бир туз таткан жерине миң күн салам айт деген кеп бар. Саламдын алик алмайын унутпай жүрсөңөр мен эки дүйнө силерге ыраазы болом. Бей-бечерага, жетим-жесирге, эл башына иш түшүп турганда, колуңарда болсо жок дебегиле, кайрымдуу болуп элге бергиле. Силер эл менен элсиңер, элиңер болбосо куурган дарак менен теңсиңер. Эл жакшылыкты эч качан эстен чыгарбайт. Байлык бир күн бар да бир күн жок, ал эми элге кылган соопкерчилик түбөлүктүү. Эртели кечпи кайтат. Таза чеке тер менен мээнет кылып тиричилик кылгыла, элдин мүлкү менен байыбагыла, элдин мүлкүнө кол салдың дегиче ал арам оокат болот, ал балким сага жагар, бирок берер сурагыңды унутпа, кудай алдында да, эл алдында да, жооп берчү күндөр келет,ошондон корккула.. Бул акыл-насаатын балдарынын кулагына Ташкул аке нечен ирет куйган. Эми мына Ташкул акеден тарагандар кудайга шүгүр. Андан бери нечендеген жылдар акты, күндөр өттү.

*** ***

үйгө кирген,чыккан сайын бурчта турган кытай баштыкты карап коебуз, ким берип жибергени белгисиз. Эртен менен чайга топтолуп олтурганыбызда апам сөз баштап калды.

-Балдардын атасы бул кытай баштыктын келгенине бир айга жакындап калды, эч ким сурап да келбеди, издеп да келбеди. Балким бул баштыктын ичинде жазылган кат бардыр, мынча алыстан келгенден кийин, оозун ачып көрбөйлүбү, кимге эмне үчүн бергенин жазгандыр. Жөн эле берип жибербейт да.

Атам ууртап жаткан чайын дасторкон четине койду да, саамга ойлуу олтуруп калды. Чын эле дегендей.

– Туура айтасың балдардын апасы, алып чыгайын, оозун ачып көрөлү. Бизге эмес болсо кайра салып ордуна коюп коебуз,- деди. Ордунан элпек туруп атам үйгө кирип кетти. Атам кытай баштыкты араң көтөрүп чыкты. Чаптама менен абдан чаптаган экен, апам кайчы менен акырын кыркып ачты. Апам айткандай эле баштыктын үстүндө эки барак кат бар экен. Мен алып окуп кирдим.

-«Чыныбай аба, сиз Элүүбай абанын уулу болсонуз, сизге салам жолдоп жаткандар Ташкул карыянын чебеберлери Элнур менен Элдияр. Чон атам сиздин атаныз жана сиз тууралуу узун сабак кылып айтып берип турушар эле. Атаныз менен барып менин чон атам ачкалыктан өлүм алдында жатканда, колуңуздагы оокат ашты, өзүнүздөр ачка олтурасыныздар да атама берип, өлүмдөн алып калганыыңыздар тууралуу көп укканбыз. Биз азыр Москва шаарында жашайбыз, кудайга шүгүрчүлүк, үйүбүз бар, машинабыз бар, балдарыбыз окуп жатат. Ушул арзыбаган белектерди бизден экен деп алып, атама дуба кылып коюнуздар, буйруса барганда жолугушабыз. Дарегиниздерди тактап сураштырып таап алдык. Биз ыраазыбыз сиздерге». Катты окуп бүтүп, биз кол чаап жибердик.

Атам салабаттуу,

-Олтургула,- деди. Кытайдын баштыгын тиктеп ичиндегилерден көз өтүп карап олтуруп калдык. Атам Ташкул абабыздын арбагына багыштап куран окуп, балдарга бата тилек кылып дуба кылды. Мен баштыктын жообу кандай болот деп ойлонуп калдым. Апам орус жергесинен келген түрдүү таттуулардан бизге берип, мед деген чакан идиштеги балды сыр аякка куюп, дасторкон ортосуна койду.

АБДЫМОМУН КАЛБАЕВ, жазуучу.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17