Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
1,996 Бардыгы / Алты саны аман туруп жашоонун түйшүгүнө нааразы болгон адамдар көп. Бирок ошол эле кезекте, ден-соолугунун мүмүнчүлүгү чектелгенине карабастан, башкаларга үгү болчу инсандарыбыз да жок эмес. Мисалы Жалал-Абад шаардык көзү азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү. Коомго таандык окуу-өндүрүштүк ишканада жууркан-төшөктөрдү көзү азиз адамдар тигишет, ошол эле ишкананын бир бөлүгүндө угуусу начар адамдар, эмеректерди жасашат. […]
1,997 Бардыгы / Алты саны аман туруп жашоонун түйшүгүнө нааразы болгон адамдар көп. Бирок ошол эле кезекте, ден-соолугунун мүмүнчүлүгү чектелгенине карабастан, башкаларга үгү болчу инсандарыбыз да жок эмес. Мисалы Жалал-Абад шаардык көзү азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү. Коомго таандык окуу-өндүрүштүк ишканада жууркан-төшөктөрдү көзү азиз адамдар тигишет, ошол эле ишкананын бир бөлүгүндө угуусу начар адамдар, эмеректерди жасашат. […]
АЯРЛУУ КАТМАР АЛГЫЛЫКТУУ ИШ ЖАСАП ЖАТАТ
20.07.2020 / Автор aymak

1,998 Бардыгы /


Алты саны аман туруп жашоонун түйшүгүнө нааразы болгон адамдар көп. Бирок ошол эле кезекте, ден-соолугунун мүмүнчүлүгү чектелгенине карабастан, башкаларга үгү болчу инсандарыбыз да жок эмес. Мисалы Жалал-Абад шаардык көзү азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү. Коомго таандык окуу-өндүрүштүк ишканада жууркан-төшөктөрдү көзү азиз адамдар тигишет, ошол эле ишкананын бир бөлүгүндө угуусу начар адамдар, эмеректерди жасашат.
Мүмкүнчүлүктөрү чектелгенине карабастан өлүмтүгүн артпай- өздөрүнүн жанын өздөрү багат. Бул өзгөчө адамдардын жашоо шарты жана жасаган эмгектери тууралуу кеп кылууну туура көрдүк. Анткени быйылкы жал аймактарды өнүктүрүү жылына карата аталган өндуруштүк бирикменин кызматкерлери тарабынан жасалган буюм тайымдар өзгөчө көрктүү
Коомго кирип баргандар ар бир жумушчу өз жумушун дыкаттык менен жасап жатканына көнүл бурулат. Кызматкерлердин бири Райхан Усманова Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунда төрөлгөн, тубаса көзү азиз болгондуктан Жалал-Абад калаасына келип, атайын окуу жайда билим алып, кийин көзү азиздер жана дүлөйлөр коомунда мүчө, 33 жылдан бери тигүүчү болуп иштейт. Эки уул бир кызы бар. Көп жылдан бери бир ишканада эмгектендиктен, көзү көрбөсө да колдору көнгөн, туюуу сезими аркылуу төшөнчулөрдү мыкты тиккен, дасыккан чебер.
“Мага тикмечилик өнөрдү эжем үйрөткөн. Күнүнө 4-5 төшөктү тигебиз. Көрбөгөнүм үчүн атайын гүл трефареттерди төшөктү үстүнө коюп тигебиз. Ар жуурканды көзөмөлдөөчү текшерип турат”- дейт Райхан Усманова
Жалал-Абад окуу – өндүрүштүк ишканасында 42 адам иштейт. Аталган ишканада жууркан-төшөк, жаздык матрастар, жана брезент кол каптары, медициналык халаттар, ооруканаларга керектелүүчү кровать, мектеп окуучулары үчүн парта стол-стулдарга чейин жасалат. Негизи мыйзамга ылайык бул ишканага мамлекеттик мекемелер буйрутма берүүгө милдеттүү. Бирок акыркы жылдары базарда булардан арзан болгондуктан мекеме ишканалар буйрутманы аз бере баштаган. Баалары мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар тиккен үчүн кымбат, бирок ошого жараша сапаты да жогору. Жетекчиликтин айтымында швеялык машиналардын эскилиги жеткендиктен шаардык мэрияга 279миң сомдук швеялык машина алуу үчүн долбоор жазган. Бирок шаардык кеңештин депутаттары тарабынан колдоого алынбай машина алуу жагы каралган эмес
-Сапаты жагынан жакшы- деп канчалаган адамдар батасын берип ыраазычылыган билдирип кетишет. Бул адамдар мэрияга барып жардам сурап же балдарым ачка калды дебестен өздөрү эмгектенип келишет. Ар бир кызматкер жасаган эмгегине жараша акы алышат. Коомдо эмгектенип жаткан адамдар шаардык кеңештип депутаттарына абдан нааразы болушту. Анткени кол машиналардын эскилиги жетип турган чагы. Ошондуктан аз да болсо колдоо болсо – деди көзү азиздер жана дүлөйлөр коомуна караштуу Жалал-Абад шаардык окуу-өндүрүштүк ишканасынын жетекчиси Үсөнбай Бечелов
Жумушчулар үчүн ишкананын жанына 2010-жылы түзүлгөн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамалекеттик дирекциясы тарабынан үй салынган. 2012-жылы 20-апрелде көзү азиз жана угуу мүмкүнчүлүгү чектелген 40жаранга батирдин ачкычы тапшырылган. Аталган ишкана жанында болгондуктан жарандар кирип, чыгып иштешет. Жумуш күнү 8 саат. Буйрутма көп болуп калса андан ашык иштөөгө туура келет.
-Мурунку жылдары жумуштары жок болду. Көзү көрбөсө, кулагы укпаса, сүйлөй алышпаса ошондуктан биздин коом буларга жардам көрсөтүп, бир жумуш менен камсыздап келет. Мындай жарандар башка жумушка жарамдуу эмес, тигүүчүлүк жумушка гана жарамдуу- дейт ишкана жетекчиси
Жалал-Абад шаардык көзү азиздер жана дүлөйлөр коомуна 190 жараан мүчө. Аталган ишкана 2000-жылы ачылган. Шаарда бул ишканадан тышкары Көк-Арт кичи шаарчасында да жеке тигүү цехинде көзү азиз 6 кыз-келин кыздарга сеп тигип эмгектенишет, сапаттуу тиккен үчүн такай буйрутма берчүүкардарлардын саны арбын.
Мындан сырткары ишкананын жанында мүмкүнчүлүгү чектелген жараандар иштеген эмерек жасоочу цех да бар, азырынча ал цехте үч адам иштейт. Былтыр мамлекет тарабынан атайын мугалимдер келип 15кыз-келиндерди тигүүчүлүккө үйрөтүп бир ай окутуп кетишкен. Жумушчулар бир гана өздөрүн каржылабастан, мамлекетке да салык төлөп коомго пайдасы күч жана өнөрлөрү өрнөк болууга татыктуу.
Элиза АКЖОЛТОЕВА, журналист.




Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
09.04.2025 / Автор anarkan_kg КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ СТРАТЕГИЯНЫ ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА ТРЕНИНГДЕР БОЛУП ӨТТҮ
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg ЭАУда ЖЕҢИШТИН 80 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН МАЙРАМДЫК ИШ-ЧАРА ӨТТҮ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.