Аймак

Ата жолу балага үлгү

 2,506 Бардыгы /

Ата жолу балага үлгү

Атам Амиракул ажыны эскерүү

Кошалиев Амиракул ажы атабыз бүткүл өмүрүн эл агартууга, балдарга тамга таанытып, билим берүүгө, элди ак жолго чакырган, өзү да курандын талабын так аткарган, кудайга болгон ишеними бекем пакиза адам эле. Өткөн жылы жарыкчылык менен кош айтышып, дүйнө салганына жыл айланып баратса да атабыз тирүү жүргөндөй. Намаз жумага кетип, кайра келип калчудай болуп туюм-сезимимде жашап келет.

Эмне иш баштасам угуп, кеңешин айтып, жолго чыксам батасын берип, “Элдин ишинен өткөн дават жок, баштаган ишиңди ара жолго таштаба, элдин акысын жебе, бизге жакпайт, бир жериңден тешип чыгат”- дечү эле бейиши болгур атам. Жашоомдо мен үчүн баш мыйзам атамдын ушул сыяктуу көрсөтмөлөрү болду. Эң башкысы мен атамдан адал жашоону, жеке кызыкчылыктан көрө элдин кызыкчылыгын жогору коюуну үйрөндүм. Жашоо мыйзамы ушундай, атабыз чоң атадан, андан ары баба, жото, жете, кубар, тектерибизден бизге насыйкатталып, уламадан-уланып келе жаткан үлгү тутаар, керээз-мурастар биз үчүн ар дайым ыйык, жолубузга шам-чырак.
Чоң атам Кошалы өзүнүн ак эмгеги менен жашап, кудай жолунда намазын калтыбай, багбанчылык, устачылык менен өмүр кечириптир. Анын күбөсү Ачы аймагында азыр да баралына келип турган байтүп каражыгач, талдар жалбырактарын керимсел желге желбиретип, салабат-ыраазычылык билдирип тургандай. Салган тамдары өткөн кылымдын эстеликтери сыяктуу таберик. Кошалынын атасы Кудаке ажынын таржымалы жөнүндө өзүнчө китеп жазса өтө кызыктуу болмок, а балким ал менин мойнумдагы болочок иштир. Ал атамдын өлгөнүнө туптуура 100 жыл болгондо 2008-жылы Жазы-Кечүү айылындагы бейитине таш белги коюп келгенбиз. Эки жолу ажыга атчан, төөчөн, жөө-жалаңдап барып келген Көк-Арт өрөөнүндөгү өзгөчө адам болгон. Эл багарлыкты кудай эки жагынан тең берсе керек, бий, казы катары журт башкарса, байлык, мал-мүлкү менен элди баккан Кудаке ажыдай адамдар чанда чыгаары белгилүү.
Кудаке ажынын малы эпсиз көп болгондуктан төрт түлүк малын айдап көчүп баратканда алдына карышкыр тийсе, артында айдап бара жаткан малчылары көрбөй калчу экен. Түндөсү Такачук намазынан кийин жаратканга кайрылып мынча мал-мүлктүн эсебин, сурагын тиги дүйнөгө барганда кантип беремин деп ыйлачу экен. Малын кедей кембагалдарга тирүүлөй да, союп да соопчулук үчүн тараткан сайын байлыгы көбөйгөндөн көбөйө берип сандык, казынасы алтын-күмүшкө батпай калган дешет. Өзүнүн качан өлөөрүн алдын ала билип, кайсыл жерге коюларын, тажыяга кимдер чакырылаарын айтып, мал-мүлкүн тууган-уруктарына, эл-журтка бөлүп, керээзин билдирип, актыкка таза моюн сунган олуя чалыш адам болгондугу эл оозунда айтылып келет.
Атам Амиракул ажынын мүнөзүндө да Кудаке ажынын чалмасы бар эле. “Кошунаң ачка отурса, жыргаганың курусун”-деп бей-бечараларга жардам берип, оору-сыркоо баскан адамдар чакырышса күн-түн дебей кадимки тез жардамдай барып дем салып берээр эле. Өзгөчө батакөйлүгү көргөн адамдардын эсинде калды. Кудайга болгон ишениминин бекемдигин ушундан билиңиз. Бата берип жатканда кадимкидей жараткан менен сүйлөшүп жаткандай: “ Ээ, кудай мени, ажыңды уят кылба, айтканымды угуп жатат, (бата алып жаткан адамды айтууда) өзүңдүн ак жолуңа түшүп, намаз окуйм деп жатат, тилегин бер, ыйман-ырыскы бер, мал-мүлктүү, ширин турмуштуу кыла көр. Үй-бүлөсү менен бакылуу таалайлуу болсун, Оомиин!”- деп ар кимге ар кандай мазмундагы баталарын эч качан аячу эмес.
Бүгүн биз апабыз Сурма ажы, балдары: Акбарали, Ыманали, Кадырали, Садырали, Ысмайыл, Нияз, кыздары: Гүлзара, Гүлмайрам, Дөөлөт, Уларкан жана ондогон небере-чеберелери атабызды жоктоп бир жагынан кабыргабыз кайышып турса, бир жагынан ал кишинин артында калган из салаар алтын туяктарды, миңдеген шакирттерин көрүп мөмөлүү дарактарды элестетип, бирдики миңге, миңдики түмөнгө деген түпбашаттан келе жаткан уңгу жолдон адаштыра көрбө деп жараткандан миң мертебе сурайм.
Өмүрүмдүн кан жолунда ар кандай капсалаңдан сактаган, алдыга койгон улуу максаттарга жетүүдө дем берген, дээриме бекем орногон атамдын асыл сөздөрү, эс-тутумумда эч качан унутулбай жашай берет. Бейишиң болсун ата!

Уулуң Кадыр Кошалиев

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17