Аймак

Агамдын акыркы насааты

 5,989 Бардыгы /

Агамдын акыркы насааты

Ооба, ал күн азыр болуп өткөндөй эсимде… Таң атып, атпай сырткы эшик ачылды да “Укам тур эми, таң атты, апамдар шаарга кетти. Туруп чай кой ичели, анан сен үйлөрдү жыйнап, сабагыңа даярдан. А мен башка иштерди кылайын” деген акемдин үнү менен ойгонуп, оордумдан турдум… күндөгү кылган ишимди кылып, жакшынакай эле жүргөм. Акем телевизор көрүп жаткан эле, бир убакта аны өчүрдү да “Укам, келсең жаныма” деди. Не болду экен деп барып жанына отурдум. Бир убакта мындай деди.

-Сен акылдуу кызсын. Эч качан ата-энебизди, бизди уят кылбай, эң алдыңкылардан болуп чоңоюшуңа мен ишенем. Келечекте сен өзгөчө адам болосуң, болууга милдеттүүсүң! Башкалардан айырмаланып турушуң керек. Анткени мен ошону каалайм.

Бейчеки баспа, ар кандай адамдарга кошула бербе. Өзүңдү абайлап, жакшы жүр. Атам-менен апама жакшы кара. Менин урушкандарыма капа болбо э, анткени мен сени жакшы көрөм да, ошол үчүн урушам. Күчүгүм менин! (кээде ушинтип эркелетип койчу)
Эртең эле сулуу кыз болуп бой жетесиң. Ал маалда мен сага кароолчу болом. Эч кимдин көзүн тийгизбейм. Дайыма жаныңда болом. Эч качан жалгызсыратпайм. Эч нерседен кем кылбайм. Жакшы күндөрүндө дайыма жаныңда турам, деген акемдин сөздөрү мени таң калтырып турду. Эмнеге бул сөздөрдү айтып жатканына түшүнбөй эле кала бердим….

Бир маалда Азамат деген досу келип, дагы бир досунун үйлөнгөнүн айтып, ошол жакка тойго ээрчитип кетмей болду. Тойдон акемдин кабары жок эле. Анан эле тойго жөнөп жатып,

-Мен кеттим, качан келишимди билбейм. Сен жакшы отур! Үйдөгүлөргө жакшы кара, тың бол! Жанагы мен айткан сөздөр эсиңден чыкпасын а укам! Мен сени жакшы көрөм! “мммах” жүзүмдөн сүйүп көпкө турду да, мурдумдан чымчып коюп чыгып кетти.
Ал күн ошентип өттү. Атам-апам келди, баарыбыз үйдөбүз. Бирок акем тойдон келе элек. Кечки тамактануудан соң баарыбыз уйкуга кеттик….
Таң атып, ойгонсом жүрөгүм катуу согуп, тыпырчылап жатат. Бир нерсе болоорун сезгендей. Карасам акем баш жагымда уктап жатат. Аа, келиптир да деп, эжем экөөбүз сабакка кете бердик. Мектепте отуруп бир нерсе болчуудай ыйлагым келет. Бирок себепсиз эле ыйлай беремби деп өзүмдү алаксытам. Болбойт.

Бир убакта эжей кирип, сабак болбойт кете бергиле деди. Шаша-буша үйгө жөнөдүм. Жолдо катар туугандарыбыздын баары эле жүрөт. Таң калып коём. Үйгө жете бергенде жолдон үй тарапты карадым, адамдар көп жүрөт. Себебин билбейм. Үйгө жетээрим менен мени көргөн атам аткана тарапка кирип кетти. Мен баяндап жаткандан кийинки акем көз жашын көлкүлдөтө үйдөн сыртка чыгып кетти. Үйгө да кирдим. Коридордо турам, эң чоң эжем чыкты да кучактаган боюнча үнсүз ыйлайт. Дагы да түшүнбөйм, нес баскан адамдай турам. Акыры төркү үйгө кирдим…

Мына мени күткөн шумдук. Мына мени күткөн суук кабар. Мына мени күткөн ташбоор тагдыр. Узунан келген, кашы көзү капкара, арык чырай, агыш тарткан акем үн-сөзү жок, көздөрүндө кечээги нуру жок, томсоруп, муңайымдуу, жоош болуп ак шейшептин ары жагында жатат… жаагын бирдемелер менен байлап коюшкан. Жөн гана сулкуюп жатат. Тур десем турбайт. Колу болсо таш каткан….

Акемдин өмүрүн мынчалык кыскарткан эмне экенине түшүнбөй турдум. Түшүнгүм да келбеди. Ээй жарыктык, ушундай да кыласыңбы? Сага эмне кылды эле, эмне өчүн бар эле? Эмнеге менин бүтүн жүрөгүмдүн жарымын жулуп алдыыың? Ташбоорсуң сен, эч кимге жан аябаган акмаксың сен, түкүрдүм сенин берген өмүрүңө, жарыктыктан эч нерсени көрсөтпөйт экенсиң, ал байкушту жаратып эмне кылат элең…Буркурап, кимдир бирөөнү урушуп жатам. Наалат айттым. Бирок кимге экенин билбейм…

Ошол жылы күздө ак кастюм-шым кийип, колуктусун жетелеп үйгө кирем деген акем, ак кепинди кийди да, кыштын ызгаардуу суугунда үйдү, ата-энемди, бир туугандарыбызды, жарыктыкты, мени таштап кете берди…Ооба кетти. Кыштын бурганак урган каары токтобой жааса, катуу ышкырган шамалына азгырылып кете берди… үйүбүздүн жарыгынын бир бөлүгү өчтү да калды…

Ошол бойдон акемдин жан аябас досторуна болгон жек көрүүм жүрөгүмдү ээлеп алды. Алдымдан чыкса мыжыгып, мыжыгып, талкалап салгым келет. Акем кандай жаш кетсе алардын да ошол бойдон жарыктыктан кетишин каалап, көзүмө көрүнсө жеп салчудай болдум. Өз жазасын албаган аларга өзүм жаза бергим келди. Алардын күлүп, ойноп-жыргап жүрүшүн каалабадым. Алардын да жүрөгү сокпой калуусун кааладым…

…Мына арадан 6 жыл убакыт өттү. Бой жеттим. Акем айткандай кыз болууга аракет жасап жатам. Жакшы күндөрүм күн алыстабай катар-катар өтүп жатат. Бирок, мага акыл айтчу, дайыма колдоп, жаныңда турам, сага кароолчу болом деген акем жанымда жок… Ыйласам да сыздасам да, жер тепкилеп, таш кучактап буркурасам да эми жок. Кайрылып келбейт. Мага эми баягы акыл болчу сөздөрүн айтпайт…
Жаным акем, мен ошондо сизге айтууга батынган эмесмин. Мен сизди жакшы көрөм.

Ар бир баскан кадамыңыздын эсимде калганы мен үчүн бакыт. Ар бир айткан сөзүңүз, Күлө багып үйгө кирип, талашып таттуу жеген күндөрүбүз, чөнтөгүңүзгө катып алып берген алмаңыз, “сары” деп эркелеткениңиз азыр, ушу тапта болуп жаткандай эсимде. Эң башкысы акыркы жолу мага айткан насаатыңызды унуткан жокмун. Унутууга акым да жок.

Жаным акем, жараткан бейишиңизди берсин! Сиз дайым менин эсимдесиз. Эч качан унутпайм!…

Санрабия САТЫБАЛДИЕВА

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17