Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
1,933 Бардыгы / Жалал-Абад шаарында коомдук 18 даараткана бар. Бирок калаа тургундарын толук тейлөөгө жетишпейт. Дааратканалардын абалынын начардыгы шаардыктарды түйшөлтөт. Өнүккөн өлкөлөр даараткананы маданияттын символу деп эсептешет. Анын талапка ылайык болушу ден соолукка жана экономикага пайда келтирери айтылып келет. Бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаарынын тургундары коомдук дааратканалар аз, абалы начар деп сыпатташат. «Базардын ичине бир-эки орундуу, абалы […]
1,934 Бардыгы / Жалал-Абад шаарында коомдук 18 даараткана бар. Бирок калаа тургундарын толук тейлөөгө жетишпейт. Дааратканалардын абалынын начардыгы шаардыктарды түйшөлтөт. Өнүккөн өлкөлөр даараткананы маданияттын символу деп эсептешет. Анын талапка ылайык болушу ден соолукка жана экономикага пайда келтирери айтылып келет. Бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаарынын тургундары коомдук дааратканалар аз, абалы начар деп сыпатташат. «Базардын ичине бир-эки орундуу, абалы […]
Коомдук даараткананы пайдалануунун нормасы
29.06.2022 / Автор orozalieva1,935 Бардыгы /
Жалал-Абад шаарында коомдук 18 даараткана бар. Бирок калаа тургундарын толук тейлөөгө жетишпейт. Дааратканалардын абалынын начардыгы шаардыктарды түйшөлтөт. Өнүккөн өлкөлөр даараткананы маданияттын символу деп эсептешет. Анын талапка ылайык болушу ден соолукка жана экономикага пайда келтирери айтылып келет.
Бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаарынын тургундары коомдук дааратканалар аз, абалы начар деп сыпатташат.
«Базардын ичине бир-эки орундуу, абалы начар 5-6 жеке менчиктеги дааратканалар бар. Көпчүлүк ажатканалар базардын айланасында жайгашып, анын тегерегиндегилерди тейлөөгө жетишет. Шаардагы кичи райондордо болуп калсаң, көчөдө даараткана таппайсын. Бирөөнүн үйүнөн суранып же ашкана-кафелердин дааратканасына кирүүгө мажбур болосуң. Коомдук ажатканалардын шарттары өтө начар болгондуктан даараткана дагы деп айтууга мүмкүн эмес, жөн эле “полдогу тешик“», – деди Жалал-Абад шаарынын тургуну Бакыт Молдожанов.
Шаар боюнча дааратканалардын жетишсиздиги оор маселе экенин тургандар кеп кылышат. Эгер ажатканага акы алса, шарттары ошого ылайыкталышы кажет дешет.
“Бирок биздин шартта күндүзү нормалдуу иштей турган, санитардык нормалары сакталган даараткана куруп беришсе жакшы эле. Анда кол жууганы, даарат алганы шарты, желдетүү системасы болсо, ар бир бөлүкчөсүнө атайын эшиктер коюлса максатка ылайык болмок. Акчасын төлөп кирсең дагы, шарттары ошого жараша таза, ыңгайлуу даараткана болсо макул эле”, – дейт Б. Молдожанов.
Даараткана маселеси чечилишин тургундар талап кылышы керектигин Мунара Мамадалы кызы айтты. Ал тиешелүү кызматтар маселеге көңүл бурушу керек деп эсептейт.
“Жалал-Абадда коомдук ажатканалар кечинде иштебегени өзүнчө көйгөй. Мисалы, кечинде кинотеатрга барсаң, чыгып ажаткана издесең таппайсын. Кечинде иштеген ажатканалар аз, болсо дагы 1-2 километрдей алыс жайгашкан. Шаарда бир-эки даараткана эле жакшы болбосо, башкаларынын абалы начар же ортодон ылдый деп баа берем. Алар шаардыктарды толук тейлөөгө жетишпейт. Мындан улам шаарда ажатканаларды көбөйтүү жана санитардык нормаларга ылайык куруу зарылдыгы бар. Болгон дааратканалардын абалын санэпидкөзөмөл кызматы көзөмөлдөшү керек. А шаар тургундары аны талап кылуусу кажет”, – деди Жалал-Абад шаарынын тургуну Мунара Мамадалы кызы
Жалал-Абаддагы коомдук дааратканалардын абалын санэпидкөзөмөл борбору дагы текшере албайт. Себеби дээрлик бардык коомдук дааратканалар жеке менчикте турат.
“Аянттарда, парктарда, деги эле эл көп жүргөн жерлерде коомдук дааратканалар сөзсүз түрдө болушу керек. Жалал-Абад шаарында биз 18 коомдук ажаткана бар экенин билебиз. Бул биз билгендер гана, билбегендер дагы болушу мүмкүн. Текшерүүлөрдү чектеп койгондуктан, бардыгын каттоого алып, көзөмөл жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатат. Дааратканалар жеке менчикте болгондуктан, эми Экономика министрлигине кайрылып, көзөмөлдөөгө жолдомо сурайбыз. Эгер берсе, бардык ажатканалардын санитардык нормаларын, абалын текшерип, элдин санына жараша дагы канча керектелерин аныктайбыз”, – деди Жалал-Абад облустук санэпидкөзөмөлдөө борборунун санитардык бөлүмүнүн башчысы Үлпат Назирбекова.
Өкмөттүн токтомуна ылайык, дааратканаларды пайдаланууда жана иштетүүдө атайын талаптар бар.
Эко-дааратканалар жайлоого курула баштады
Таза жана ыңгайлуу дааратканалардын болушу туризм тармагын өнүктүрүүгө салым кошот. Мындан улам “Бай-Алай” долбоорунун алкагындаАю-Тапан (Жошолу) жана Сары-Ойдогу боз үй лагерлерине эко-душ жана эко-ажатканалар орнотулган.
“Былтыркы жылы долбоордун алкагында изилдөө башталган. Табиятка зыяны тийбей турган, кымбат эмес варианттарын карап көрдүк, анан ушул эко-душ, эко-дааратканалар ыңгайлуу келди. Себеби бул Испания, Германия жана Португалияда колдонулуп, жакшы натыйжа көргөзүптүр. Алай менен Чоң-Алайда 40тан ашуун боз үй лагерлер бар экен. Алардын ичинен биз үчөөнү тандап, эко-душ, эко-дааратканаларды алып бердик. Мындай экологиялык дааратканаларды жолдун бойлоруна жана суу жок жайларга орнотууга болот. Ал эми суу бар жерлерде мындан дагы жакшы шарттарды түзүүгө мүмкүн“, – деди Хельветас Кыргызстандын “Бай-Алай” долбоорунун туризм тармагындагы адиси Бексултан Абдисаламов.
Коомдук транспорттогу даараткана
Өнүккөн өлкөлөрдө атайын жайларда гана эмес, коомдук транспорттордо дагы даараткана бар. Бул тууралуу учурда Германияда жүргөн Бостон Бабаев айтып берди.
“Любек шаарында коомдук дааратканалар ыңгайлуу, ал үч бөлүктөн турат: аялдар, эркектер жана майып адамдар үчүн шарттары каралган. Ар бир кафе-ресторандардын ичинде, поезд жана flixbus деп аталган автобустарда дагы бар. Негизи эле коомдук даараткана көйгөйү жаралбайт, бардык жерде бар. Бул нерсе адамдын муктаждыгы болгондуктан, Кыргызстанда коомдук транспортодо болбосо дагы, жол четине, эл көп жүргөн жайларда болушу керек”, – деди Бабаев.
Даараткана – маданияттын символу
Коомдук дааратканалар Жапониянын меймандостугунун жана маданиятынын символу болуп саналат. Аны шаардык мейкиндиктин бөлүгү катары эсептеп, архитектурасына маани беришет. Мындан улам, ажаткана курууну максаттаган “The Tokyo Toilet” долбоору 2020-жылы Ниппон фонду тарабынан демилгеленген.
“Долбоордун жаратуучулары белгилегендей, алар “коомдук дааратканалар караңгы, кир жана коркунучтуу” деген түшүнүктү жокко чыгаргысы келген. Шибуя, Токио шаарларындагы 17 коомдук даараткана реконструкцияланып, алардын дизайнын 16 атактуу жапон архитектору иштеп чыккан. Мындан тышкары, долбоор ар түрдүүлүккө багытталган: жаңы ажатканалар жынысына, жашына жана ден соолугунан чектелүүсүнө карабастан бардыгына жеткиликтүү”, -деп жазылган.
Бул коомдук дааратканалар акыркы технология менен жасалган. Ал эми парк жана балдар ойноочу аянтчаларга коюлгандары түнкүсүн айлананы дагы жарыктандырып турууга ылайыкташкан.
Бириккен Улуттар Уюмунун сайтына дааратканалар тууралуу изилдөө жарыяланган. Анда коомдук ажатканалардын болушу ден соолукка гана пайдалуу болбостон, экономикалык абалга дагы таасир бериши жазылган.
“Үйдө, жумушта, мектептерде, ооруканаларда, базарларда дааратканалардын болушу – адамдардын ден соолугун жана жыргалчылыгын бир топ жакшыртат, ал эми кээде өмүрүн сактап калат. Бул маселени чечүүнүн экономикалык пайдасы да бар. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму санитардык абалды жакшыртууга бир доллар жумшоо менен, медициналык чыгымдарды кыскартууда жана өндүрүмдүүлүктү жакшыртууда 4 доллар үнөмдөлөрүн белгилейт. Гигиена жана санитария тармагына инвестиция салуу коомдук саламаттыкты сактоо жаатындагы эң пайдалуу инвестициялардын бири болуп эсептелет”, – деп айтылган маалыматта.
БУУ көйгөйдү чечүү үчүн, биринчи кезекте адамдардын мамилесин өзгөртүү зарыл деп белгилейт. Элге даараткананын артыкчылыктарын түшүндүрүп, ошол эле учурда аны куруу үчүн каражатты аябоого чакырат.
Акылай Карабаева
Автор orozalieva
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
-
-
15.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна НООКАТТА БАЛДАР ЧОПОДОН ЖАСАЛГАН МЕКТЕПТЕРДЕ БИЛИМ АЛЫШАТ
Маек
Кадырберди БАЙГАЗИЕВ: “ЗАМАНБАП МЕКТЕП ҮЧҮН ОЙЛОМ ИШМЕРДИГИН АКТИВДЕШТИРҮҮ – МЕЗГИЛДИН КЕЧИКТИРИЛГИС ТАЛАБЫ!”
Ушул тапта Кыргызстандын башталгыч мектептеринде математика предмети боюнча ар түрдүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.