Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
«ЖЕР МУНАПЫСЫН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОБОНУ БЕКИТҮҮ ТУУРАЛУУ” САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
Сакалды айыл аймагы ТООРУК АРКЫЛУУ САТУУ ТУУРАЛУУ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
АУКЦИОН САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
СЫНАК АК-СУУ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНДУК САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

БАТКЕНДИК ИШКЕРЛЕР 66 МИЛЛИОН СОМ ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН НАСЫЯ АЛЫШТЫ

БАТКЕНДИК ИШКЕРЛЕР 66 МИЛЛИОН СОМ ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН НАСЫЯ АЛЫШТЫ

 5,433 Бардыгы /

Баткен облусунда «Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо» долбоорунун алкагында 93 ишкерге 66 миллион сомдук жеңилдетилген насыя таратылды. Бул туурасында Каржы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган долбоордун башкы максаты – Баткен облусун андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ишкердик субьекттерине жана жеке жактарга жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү аркылуу мамлекеттик туруктуу колдоо көрсөтүү. Бул долбоордун алкагында 2022-жылдын ичинде коммерциялык банктардын каржы каражаттары айыл чарбаны өнүктүрүү, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү, өнөр жай, туризм, транспорт, экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканалар, соода-логистикалык борборлор жана жашылча кампалары, инновациялык иш (жаңы ишканаларды, же иштин жаңы багыттарын уюштуруу), коргоочу медициналык каражаттарды жана жеке коргонуу каражаттарын өндүрүү, соода, кызмат көрсөтүү, билим берүү, маалыматтык технологиялардын чөйрөлөрү үчүн жеңилдетилген пайыздык ставка боюнча, мунун ичинде банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарында иш алып барган жеке адамдарга, чакан жана орто бизнестин субьектилерине гана берилет.

Жогоруда баса белгиленгендей, 2022-жылдын 11-августуна карата бул долбоордун алкагында республиканын 93 ишкердик субьекттерине 66 миллион сом суммасына каржылоо насыялары берилди. Ошентип, бул долбоордун алкагында кредиттик каражаттарды алуу шарттары жөнүндө кененирээк маалымат алуу үчүн потенциалдуу зайымчылар Баткен облусунда жайгашкан «Айыл Банк», «РСК Банк» жана «Керемет Банк» ААК коммерциялык банктардын филиалдык тармактарына жана Өкүлчүлүктөрүнө кайрыла алышат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17