Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,906 Бардыгы / ОШ. Ош шаардык соту Ички иштер министрлигинин кызматкеринин ишин ар тараптуу карап, ал мас абалында кызматынан ашкере пайдалангандыгы үчүн 500 миң сом айыпка жыкты. Ал эми жетекчилиги тартипти бузган кесиптешин органдан дароо айдап жиберди. Соттун материалына караганда, Кыргызстандын Түштүк башкалаасынын Ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы – 37 жаштагы М.Т.Б. Кылмыш-Жаза […]
1,907 Бардыгы / ОШ. Ош шаардык соту Ички иштер министрлигинин кызматкеринин ишин ар тараптуу карап, ал мас абалында кызматынан ашкере пайдалангандыгы үчүн 500 миң сом айыпка жыкты. Ал эми жетекчилиги тартипти бузган кесиптешин органдан дароо айдап жиберди. Соттун материалына караганда, Кыргызстандын Түштүк башкалаасынын Ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы – 37 жаштагы М.Т.Б. Кылмыш-Жаза […]
МИЛИЦИОНЕР ЖУМУШУНАН КОЛ ЖУУП, 500 МИҢ СОМ АЙЫПКА ЖЫГЫЛДЫ
24.08.2022 / Автор anarkan_kg

1,908 Бардыгы /
ОШ. Ош шаардык соту Ички иштер министрлигинин кызматкеринин ишин ар тараптуу карап, ал мас абалында кызматынан ашкере пайдалангандыгы үчүн 500 миң сом айыпка жыкты. Ал эми жетекчилиги тартипти бузган кесиптешин органдан дароо айдап жиберди.
Соттун материалына караганда, Кыргызстандын Түштүк башкалаасынын Ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы – 37 жаштагы М.Т.Б. Кылмыш-Жаза Кодексинин 338-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун («Күч колдонуп, же аны менен коркутуп-үркүтүп кызматын ашыра пайдалануу») орой түрдө бузган. Анткени, милиционер М.Т.Б. агезде кызмат учурунда жүргөн. Кийинки күнү саат 09.00дө гана нөөмөтүн тапшырган. Ал кызматтык формачан кечки саат 18.00дө көчөдө 1969-жылы туулган жаранды жолуктурган. Экөө капысынан сөз талаша кеткен. Жаран ал жерден кетип калгандыгына карабастан, аны милиционер артынан аңдып үйүнө дейре ээрчип барган. А түгүл турагына атайылап кирип, ашканасына дагы уруксатсыз баш баккан. Андан ары жаранды кадимкидей уруп-токмоктогон. Бабырланган тарап аргасыздан Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын патрулдук милициясынын нарядын чакырткан. Ошондо гана милиция Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнүн башчысынын жардамчысын Сулайман Тоо милиция бөлүмчөсүнө алпарган. Андан ары наркологияга жеткирип, медициналык текшерүүдөн дагы өткөрүшкөн. Буга улай Ички иштер министрлиги өзү дагы ички иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыгында бүт фактылар аныкталып, милиционер жумушунан токтоосуз бошотулган. Жапа чеккен тараптын милиция кызматкерине доосу жоктугун билдирген тосмо арызына карабастан, Ош шаардык соту органдын өкүлүн кызматынан ашкере пайдалангандыгы үчүн 500 миң сом айыпка жыкты.
Соттогу маалыматка ылайык, 37 жаштагы М.Т.Б. Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы болуп иштеп жүргөн. Окуядан кийин наркологияга алып барганда анын мас экендиги аныкталды. Бирок тергөөнүн жүрүшүндө ал ичимдик ичкендигин таптакыр моюндаган эмес!
«Нөөмөттөн чыгып үйүмө барып, башым ооругандыктан, жазуусун карабай эле бир дарыны ичип алыптырмын. Андан кийин өзүмө өзүмө келсем, Сулайман-Тоо милиция бөлүмүндө экенмин, — дейт айыпталуучу – Кыргызстандын Түштүк башкалаасынын Ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы 37 жаштагы М.Т.Б.
Аттиң… Соттун мындай адилет чечими башка милиция кызматкерлерине ачуу сабак болсо кана?!?
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
07.06.2026 / Автор anarkan_kg КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
-
04.06.2026 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДАГЫ 13 МЕДИЦИНАЛЫК ОКУУ ЖАЙ АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТПӨЙ КАЛДЫ
-
04.06.2026 / Автор anarkan_kg «БАЛА ЫРЫСЫ» ЖӨЛӨК ПУЛУНА АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ 1-ИЮЛДА БАШТАЛАТ
-
-
17.07.2025 / Автор anarkan_kg ОКТЯБРЬ АЙЫНДА ПЕНСИЯЛАРДЫН ИНДЕКСАЦИЯСЫ БОЛОТ
-
29.07.2025 / Автор anarkan_kg НООКЕНДЕ ЭКИ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛЕТ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.