Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
«ЖЕР МУНАПЫСЫН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОБОНУ БЕКИТҮҮ ТУУРАЛУУ” САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
Сакалды айыл аймагы ТООРУК АРКЫЛУУ САТУУ ТУУРАЛУУ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
АУКЦИОН САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
СЫНАК АК-СУУ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНДУК САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

Президенттин Жалал-Абадка иш сапары

Президенттин Жалал-Абадка иш сапары

 579 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 11,12-сентябрь күндөрү Жалал-Абад облусунда иш сапарында болуусу маалымдалган.

“Өлкө башчысы 11-сентябрда эски жатакана имаратын 70 чек арачынын үй-бүлөсү үчүн реконструкциялоо долбоору менен таанышты. Мындан сырткары, президент КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды.

деп маалымдады Президенттин басма сөз кызматы.

Андан соң Садыр Жапаров КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын башкармалыгынын учурда реконструкциялоо иштери аяктап жаткан имаратын көрүп чыкты.

Ошондой эле, мамлекет башчысы «Кыргызнефтегаз» ААК 90 жылдыгы жана мунайгаз тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата өткөн салтанаттуу иш-чарага катышты.

Өлкө башчысы Кыргызстандын мунайгаз тармагынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы жана өлкөнүн мунай табуу тарыхынын 90 жылдыгы менен куттуктады.

Президент «Кыргыз Петролеум Компанинин» мунай иштетүүчү заводун модернизациялоо аяктаса, 2025-жылга чейин «Кыргызнефтегаз» ААКсы эл аралык стандарттарга жооп берген К-5 күйүүчү майын чыгара баштаарына көңүл бурду. Басма сөз кызматынын айтымында, натыйжада өлкөнүн тышкы отунга болгон көз карандылыгын азайтуу маселеси чечилет.

Салтанаттуу иш-чара ата мекендик жана чет элдик эстрада жылдыздарынын концерттик программасы менен уланды.

Маалыматка ылайык, президент бүгүн, 12-сентябрь күнү Жалал-Абаддагы иш сапарын улантууда.

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17