Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
5,359 Бардыгы / Президент Садыр Жапаровдун Указына ылайык көп жылдык тарыхы бар Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы №12-кесипчилик лицейи Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУнун) курамына биротоло кошулду. Аталган окуу жайдын эмгек жамааты жана дагы курсанттары мындай шарт лицейдин окуу сапатын ого бетер жогорулатууга гана өбөлгө жаратып, ошондой эле олуттуу көйгөйлөрдөн дагы чукул арада арылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт деп бекем […]
5,360 Бардыгы / Президент Садыр Жапаровдун Указына ылайык көп жылдык тарыхы бар Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы №12-кесипчилик лицейи Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУнун) курамына биротоло кошулду. Аталган окуу жайдын эмгек жамааты жана дагы курсанттары мындай шарт лицейдин окуу сапатын ого бетер жогорулатууга гана өбөлгө жаратып, ошондой эле олуттуу көйгөйлөрдөн дагы чукул арада арылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт деп бекем […]
КЕСИПКӨЙЛӨР ДАЯРДАЛГАН ОКУУ ЖАЙ
16.09.2022 / Автор anarkan_kg

5,361 Бардыгы /
Президент Садыр Жапаровдун Указына ылайык көп жылдык тарыхы бар Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы №12-кесипчилик лицейи Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУнун) курамына биротоло кошулду. Аталган окуу жайдын эмгек жамааты жана дагы курсанттары мындай шарт лицейдин окуу сапатын ого бетер жогорулатууга гана өбөлгө жаратып, ошондой эле олуттуу көйгөйлөрдөн дагы чукул арада арылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт деп бекем үмүттөнүп турушат.


Курманай АШИРОВА, ОшМУнун №12-кесипчилик лицейинин курсанты: – Элеттен, тээ Алай районунун Гүлчө кыштагынан атайын келип, ушул лицейде талыкпастан окуп жатамын. Эки жылда тигүүчүлүк кесиптин бардык сырларын ийне-жибине чейин өздөштүрөм деген терең ишеничтемин. Мындан тышкары эжеке-агайларымдын заманбап сабаттуулугу көп маселелерибиздин оң жагына жайгарылышына өбөлгө гана жаратып жаткан чагы.
Уулжан ОРОЗБАЕВА, ОшМУнун №12-кесипчилик лицейинин тарых сабагынын мугалими: – Адегенде кадрлар бөлүмүндө эмгектенчүмүн. Эми моминтип тарых сабагынан сабак берип келатам. Улан-кыздарыбызды көбүнэсе мекенчилдикке, тандаган кесибин чын жүрөктөн сүйүп иштөөгө тарбиялап келатабыз. Эң башкысы: кесиптин жаман-жакшысы жок! Мээнеттенип, тер төгүп эмгектенсең, анын сөзсүз акыбети кайтат. Мисалы, Бакыт Баргыбай уулу аттуу курсантыбыз бизди бүтүп, Кыргызстандын өзүндө эле 50 миң сом маяна тапчу. Ал азыр Орусияда иштегендиктен, айлыгы 80-100 миң сомду чапчып олтурат. Мындайлар арабызда оголе көп.


Алима АЙМАТОВА, ОшМУнун №12-кесипчилик лицейинин өндүрүштүк устаты, кесиптик билим берүүнүн мыктысы: – Окуунун эрте-кечи, ал эми билимдин таптакыр зыяны жок! Мен өмүр бою окуп, дагыле ар тараптуу тажрыйба топтоп гана келатамын. Оштогу № 8- КТОЖду (кесичилик-техникалык окуу жайын) Кызыл Диплом менен бүтүргөмүн. Андан соң Ош технологиялык техникумун аяктап, модельер-констуктор адистигине татыдым. Кийинчерээк Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин инженер-конструкторлугуна окудум. Улан-кыздарга бай тажрыйбамды үйрөткөндөн тышкары “Эл баасы” аккредитациялоо агенттигинде дагы эскпертмин.
Үмүтай АКМАТОВА, ОшМУнун №12-кесипчилик лицейинин 1-курсунун курсанты: – Кара-Суу районунун Кеңеш айылынан боломун. Мага ашпозчулук майдай жагат. Лицейди ийгиликтүү аяктап, билимимди кор кылбастан, андан ары өз кесибимди ырааттуу улантып, кафе-ресторан иштетип, а түгүл Беш жылдыздуу мейманкана дагы күтөйүн деген аруу тилегим бар. Аракет кылсам, акыры бул тилегим сөзсүз орундалаарынан эч кымындай шегим жок!


Айтмамбет ТОКТОСУНОВ, ОшМУнун №12-кесипчилик лицейинин 2-курсунун курсанты: – Мен уялбай-этпей эле тикмечилик кесипти үйрөнүп жатамын. Жакында эле Ош шаарындагы Текстиль фабрикасында практикага чыкканча иштеп, он эки миң сом маяна таптым. Албетте, алгакы дебютум – эмгек чыйырым жаман эмес. Эгерде Кыргызстандын экономикасы ирденсе, жакшы айлыкты өз өлкөбүздө деле тапсак болчудай.


Кимсан ЖУНУСОВА, ОшМУнун №12-кесипчилик лицейинин өндүрүштүк устаты: – Бүгүнкү замандын талабына жараша көбүнчө кондитер, наавайчы, ашпозчуларды арбын белендейбиз. Мактангандык эмес, бирок, айтып коюуга тийишмин, былтыр бидин лицейибидин бардык бүтүрүүчүлөрү бүт иш таап кетишти. Албетте, бул – абдан чоң жетишкендик, биздин жалпыбыздын мээнетибиздин гана үзүрү! Орусияда жана Казакстанда биздин курсанттарыбызды көбүрөөк жолуктурасыз. Лицейде эмгектенгендердин маянасы деле жаман эмес. Маселен, мен 25 миң сом аялык аламын. Кыргызстандын азыркы шартында бул эң мыкты маяна!


Бакалбай КАЛМАМАТОВ, ОшМУнун №12-кесипчилик лицейинин мүдүрү: – Биздин лицейибиздин ОшМУнун курамына кошулушу – чоң утуш! Жакшынын шарапаты баары бир тийет. Билим сапатыбыз бара-бара азыркыдан дагы жакшырат. Өндүрүшүбүз ого бетер кеңейет. Окуу корпустарыбыз, буюрса, катарынан жаңыланат. Жатакана көйгөйү дагы оң жагына жайгарылаарына мен бөркүмдөй ишенем. Эң ириде бизде мындан ары өзүнчө устаканалар кошо тикеленет.
Ошентип, ОшМУнун №12-кесипчилик лицейинин чабыты мындан ары дагы ого бетер кеңеймекчи. /ч жыл аралыгында бул билим уясында тигүүчү, тигүү жабдыктарынын оператору, жыгач уста, жыгаччы жана паркетчи, электр жага гаш ширетүүчү, ашпозчу, кондитер, наавайчы, ал эми он айлык мөөнөттө жыгач уста, тигүүчү-бычмачы, ашпозчу, кондитер, электр монтеру, санитардык-техникалык желдетүү системаларын жана жабдыктарын жөндөөчү, электр-газ ширетүүчүсү беленделет.
ОшМУнун №12-кесипчилик лицейи түптөлгүн күнүнөн тартып 20 миңдей жумушчу кадрларын белендеди. Анын дипломдору он эки өлкөдө жаратылат жана таанылат. Ушул тапта лицейде 81 окутуучу-устат жана кызматкер үзүрлүү эмгектенп жатышат. Булардын 13ү – инженер-педагог. Легендарлуу окуу жайды 2010-жылдан бери педагогика илимдеринин кандидаты Бакалбай КАЛМАМАТОВ ийгиликтүү гана жетектеп келатат.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
-
-
24.10.2024 / Автор anarkan_kg ҮЧ-КОРГОН ГЭСинин ГИДРОАГРЕГАТЫ РЕКОНСТРУКЦИЯЛАНЫП ЖАТАТ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.