Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,099 Бардыгы / Казакстандык укук коргоочулар январь окуялары маалында каза болгон жана жаракат алган жарандар тууралуу статистикалык баяндамасын жарыялашты. Аны укук коргоочу Бахытжан Торегожина социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына чыгарды. Баяндама ЖМКлар менен соцтармактардагы сурамжылоолордун, маектердин жана макалалардын негизинде түзүлгөн. Укук коргоочулардын маалыматына караганда, 2022-жылдын апрель айынан ноябрына чейин январь окуялары боюнча жалпысынан 528 киши “жабырлануучу” критерийи менен […]
1,100 Бардыгы / Казакстандык укук коргоочулар январь окуялары маалында каза болгон жана жаракат алган жарандар тууралуу статистикалык баяндамасын жарыялашты. Аны укук коргоочу Бахытжан Торегожина социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына чыгарды. Баяндама ЖМКлар менен соцтармактардагы сурамжылоолордун, маектердин жана макалалардын негизинде түзүлгөн. Укук коргоочулардын маалыматына караганда, 2022-жылдын апрель айынан ноябрына чейин январь окуялары боюнча жалпысынан 528 киши “жабырлануучу” критерийи менен […]
УКУК КОРГООЧУЛАР ЯНВАРЬ ОКУЯЛАРЫНЫН КУРМАНДЫКТАРЫ ТУУРАЛУУ БАЯНДАМАСЫН ЖАРЫЯЛАШТЫ
15.11.2022 / Автор anarkan_kg

1,101 Бардыгы /
Казакстандык укук коргоочулар январь окуялары маалында каза болгон жана жаракат алган жарандар тууралуу статистикалык баяндамасын жарыялашты. Аны укук коргоочу Бахытжан Торегожина социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына чыгарды.
Баяндама ЖМКлар менен соцтармактардагы сурамжылоолордун, маектердин жана макалалардын негизинде түзүлгөн.
Укук коргоочулардын маалыматына караганда, 2022-жылдын апрель айынан ноябрына чейин январь окуялары боюнча жалпысынан 528 киши “жабырлануучу” критерийи менен документтештирилген. Бул иштин алкагында негизинен каза болгон, жаракат алган жана кармалган адамдар тууралуу маалыматтар менен документтер чогултулган.
Документтештирүү иштери январь айынын башында нааразылык акциялар өткөн Алматы, Тараз, Талдыкоргон, Өскемен, Семей, Чымкент, Кызылордо, Актөбө жана Атырау шаарларында жүргүзүлгөн.
Торегожинанын айтымында, укук коргоочуларга маалыматтардын 65% жабырлануучулардын жакындары беришкен, анткени жаракат алгандардын көбү кийин өлүп калган. Алардын 93,4% казактар, 2,9% орустар, 1% кыргыздар түзгөн. Мындан тышкары жабыркагандардын арасында башка улуттардын өкүлдөрү да болгон.
“Жабырлануучулардын көпчүлүгү ашыкча күч колдонулган аймактарда катталган. Алсак, алардын дээрлик төрттөн бири же 24,8% Алматы шаарында, 15,3% Алматы облусунда (көбү Талдыкоргондо), 15,7% Чыгыш Казакстан облусунда (негизинен Өскемен шаарында) жаракат алышкан. Мындан тышкары Чымкент, Тараз шаарларында жана Кызылордо облустарында да бул көрсөткүчтөр жогору”, – деп жазылган укук коргоочулардын баяндамасында.
Жаракат алгандардын 98,3% Казакстандын жарандары. Үч киши өлкөдө туруктуу жашап туруу укугуна ээ адам экени көрсөтүлсө, төртөө чет өлкөлөрдүн жарандары болгон.
Январь окуяларында жаракат алгандардын көбү “жалданма жумушчулар” (33,5%) жана “өзүн өзү иш менен камсыздагандар” (30,1%) болгон. Жабырлануучулардын 13,8% жарандык активисттер, 0,2% укук коргоочулар, 0,2% коомдук-саясий ишмерлер, 3,4% күч түзүм кызматкерлери, 4,5% ишкерлер жана 9,1% студенттер түзгөн. Мындан тышкары жаракат алгандардын арасында жумушсуздар, жеке ишкерлер, колледждин окутуучулары, дарыгерлер жана мугалимдер да болгон.
Баяндамада ошондой эле “жаракат алгандардын 32,8% митингдерге, жүрүштөргө жана чогулуштарга өз каалоолору менен катышканы” белгиленген. Жабырлануучулардын 14,4% окуялар болгон жерлерде такыр эле болбогонун айтса, 14,8% митингдерге катышууну пландабаганын, бирок ал жерлерден кете албай калышканын билдиришкен. Дагы 14,8% кокустан жаракат алгандар болгон (айрымдары жүрүшкө баратканда жабыркаса, башкаларынын кайда жаракат алгандары так белгисиз).
Мындан тышкары жаракат алгандардын 8,5% акцияларды көрүүгө барса, 5,7% башка себептерди айтышкан. Алардын арасында журналисттер, блогерлер, аскер кызматкерлери, жакындарын издөөгө баргандар жана ыктыярчылар болгон.
Январь окуялары маалында жаракат алган 528 кишинин 163ү же 30,9% кийин каза болуп калган. Тирүү калган 365 жарандын 78,5% октон, 3,7% миздүү куралдардан жараат алган. 6,1% ур-токмокко алынып, кулак тундуруучу гранаталар менен электршокерлери өңдүү кинетикалык атайын каражаттардын таасирине кабылышкан.
Сурамжылоо маалында каза боло электердин (163 кишинин) 13,7% октон жаракат алса, 55,6% ур-токмокко алынган. Алардын 33,7% союл менен сабалганын айтса, 5,5% электршокер жегенин, 48,8% кыйноого кабылганын, 52,6% бийликтин психологиялык басымына туш болгонун айтып беришкен.
Укук коргоочу Бахытжан Торегожина документтештирүү иштери уланып жатканын кошумчалады.
Расмий маалыматтарга ылайык, январь окуялары маалында Казакстанда 238 киши өлгөн. Алардын көбүн жарандык адамдар түзөт. Каза болгондордун алтоо кармалгандан кийин кыйноолордон улам көз жумган. Январь окуяларында кармалгандарды кыйноого алуу иштери боюнча октябрдын аягына карата укук коргоо органдарынын 29 кызматкери шектүү деп табылганы кабарланган. Бийлик кыйноого алуу боюнча козголгон кылмыш иштеринин 80% токтотулганын билдирген.
Буга чейин казакстандык укук коргоочулар менен эл аралык укук коргоо уюмдары Астананы январь окуялары боюнча эл аралык тергөө жүргүзүүгө жана ага эл аралык эксперттерди катыштырууга чакырышкан. Бирок Акордо бул чакырыктарды четке каккан.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
17.07.2025 / Автор anarkan_kg АКСЫЛЫК УЛАН АЗИЯ ЧЕМПИОНУ АТАЛДЫ
-
17.07.2025 / Автор anarkan_kg ЭРКИН КҮРӨШ БОЮНЧА АКСЫДАН ЧЫККАН БАЛБАН
-
-
27.03.2025 / Автор anarkan_kg АЙТ КҮНДӨРҮ ЖОЛ КИРЕ АКЫЛАРЫН КӨТӨРҮҮГӨ ЖОЛ БЕРИЛБЕЙТ
-
07.04.2025 / Автор anarkan_kg АНКЛАВДАГЫ АЛДЫҢКЫ МЕКТЕПТЕ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.