Аймак

АВТОРДУК МЕКТЕП ТАЛАНТТАРДЫН УЮГУНА ГАНА АЙЛАНДЫ

АВТОРДУК МЕКТЕП ТАЛАНТТАРДЫН УЮГУНА ГАНА АЙЛАНДЫ

 2,940 Бардыгы /

Ар бир үй-бүлө өз перзентин көрүнгөн идеологиялык агрессиядан калкалай билиши кажет!

Чыңгыз АЙТМАТОВ. Кыргыз Эл жазуучусу

Кыргыз Республикасынын агартуу тармагында алтын тамгалар менен жазылчу Кара-Кулжа районундагы Орозалы САЙДИЛКАНОВдун автордук гимназия-мектеби 150 орунга гана ылайыкташтырылган. Ошого карабастан аброю улам жогорулагандыктан, аталган билим журтунда окугандардын саны ушул тапта дээрлик 482ини чапчып олтурат. Демек, заман талабына жараша дал азыр жаңы мектеп куруу зарылчылыгы туулуп жаткан чагы.

Зарыл МАМАТКАДЫРОВА, Кара-Кулжа районундагы Орозалы САЙДИЛКАНОВдун автордук гимназия-мектебинин директорунун тарбия жана уюштуруу иштери боюнча орун басары: – Биздин бүгүнкү макамыбызга ылайык жоопкерчилигибиз дагы абдан эле жогорулады.  Гимназия-мектебибизде темирдей тартипти бекем орнотконбуз. Көз тийбесин! Окуучуларыбыз жосунсуз жоруктарга дээрлик аралаша элек. Бош убактыларында көбүнчө китеп окушат. Анан дагы түрлүү оюн-зоокторду жана адабий кечелерди үзгүлтүксүз уюштуруп турабыз. Иши кылып дейди басканга, анан дагы бей-жай жүргөнгө булардын дегеле чолоосу жок!

Абдимиталип ШАБДАНОВ. Кара-Кулжа районундагы Орозалы САЙДИЛКАНОВдун автордук гимназия-мектебинин дене тарбия жана аскерге чейинки  даярдык сабагынын мугалими: – Спорттук мелдештерди үзгүлтүксүз өткөрөбүз. Анткени, дени сак жана чың улан-кыздар – өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн соолубас булагы. Буга улай окуучуларыбызды патриоттуулукка такай тарбиялап, аскердик башталгыч сабатын дагы ачып, Мекенин коргоого дайым даяр туруусуна ынтызарбыз! Биздин гимназия-мектебибиздин акыбети, ошентип, чындап кайтып жатат. Маселен, окуучубуз Амантур Жумаалы уулу – Дзю-до боюнча Азиянын чемпиону. Ал эми Гүлайым ЭРКИНБЕК кызы – республикалык «Дордой» волейбол командасынын мыкты оюнчусу. Кыргызстандын ар-намысын ар кайсыл деңгээлдеги мелдештерде такай гана коргоп келатат. Ушундайлардын учугун чубасак, дегеле түгөнбөйт!

Байгелди ТЕҢДИК уулу, Кара-Кулжа районундагы Орозалы САЙДИЛКАНОВдун автордук гимназия-мектебинин 11-классынын окуучусу: – Көрдүңүздөр го. Шартыбыз заманбап. Үч маал тамактанабыз. Тамак-аштын сапаты мактоого гана татыктуу. Ал эми билим сапаты өтө жогору. Мен болочокто хирург кесибин тандагамын. Анткени, көрүп жатпайсыздарбы, соңку кезде оорулардын түрлөрү ого бетер көбөйбөдүбү. Мекендештерибиз а түгүл сакайгыс дарттарга дагы арбыныраак чалдыгып жатышат. Ошол себептүү мен булардын өз убагында операция жасалып, анан дагы ыкчам сакаюусуна гана абдан ынтызармын!

Эльвира АРАПОВА, Кара-Кулжа районундагы Орозалы САЙДИЛКАНОВдун автордук гимназия-мектебинин 10-классынын окуучусу: – Байкадыңыздарбы? Дүйнө жүзү өзү ушул тапта ар тараптуу кризистин мизинде кылкыплап турат.Менимче, мындай сыноо бул кебетесинде Кыргызстанды деле кыя өтчүүдөй түрү жок! Ошондуктан, мен окууну бүткөнүмдө, менеджер-маркетолог болууну туура таптым. Себеби, коомчулуктуу башкаруунун сыр-себептерин толук кандуу өздөштүргүм келет. Кыргызстанга   ири инвесторлорду дагы байма-бай тартып, экономикалык жактан кубаттуу мамлекетке айлунуусуна чоң салым кошсом деген аруу тилектемин.

Зууракан КЫДЫРОВА, Кара-Кулжа районундагы Орозалы САЙДИЛКАНОВдун автордук гимназия-мектебинин ата-энелер комитетинин мүчөсү: – Айланайын, уулум! Менинэки неберем теңдал ушул Орозалы САЙДИЛКАНОВдун автордук гимназия-мектебинде окуп жатышат. Жаш туруп өздөрүнө абдан эле тың. Экөө тең аябай мээнткеч жана анан дагы аракетчил. Буларды кагып-силкпей, урбай-урушпай, сөз менен гана тарбиялашат экен. Балдардын баарын тең эже-агайлары өз балдарындай бапестешет турбайбы. Ошого жараша мектепти бүтүрүшкөндөр дагы буларды уят кылбастан, эже-агайларынын мээнетин толук кандуу актаганга аракет кылып жатышпайбы.

Аталган алдыңкы билим берүү мекемесин отуз үч жылдык стажы бар мээнеткеч жана изденгич агартуучу Мээркан ЖУМАНАЗАРОВА жетектейт.

– Кара-Кулжа районундагы Орозалы САЙДИЛКАНОВдун автордук гимназия-мектебибиздин алдында усулдук бирикмебиз бар. Бизде мугалимдерибиздин билим деңгээли дал ошол түзүшкөн критерий боюнча гана аныкталат. – деп кепке кошулду Кара-Кулжа районундагы Орозалы САЙДИЛКАНОВдун автордук гимназия-мектебинин директору Мээркан ЖУМАНАЗАРОВА. – Жеңүүчүлөргө агайыбыз өзү – Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген  мугалими Орозалы Сайдилканов дайыма демөөрчүлүк кылып келатат. Маселен, быйыл төрт мугалимибиздин ар бирине 100 доллардан сыйлык иретинде тапшырды. Мындан тышкары Камкорчулар Кеңеши чейрек сайын жана окуу жылынын соңунда жеңүүчү мугалимдерибизге 500-2000 сом өлчөмүндө сыйлык тапшырууну дагы кадимкидей салтка айландырган. Жакында эле мектебибиздин короосунда видеокөзөмөл орнотулду. Ар бир класс интерактивдүү доскалар менен дагы жабдылды.

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

Кара-Кулжа районундагы Орозалы САЙДИЛКАНОВдун автордук гимназия-мектеби тээ өткөн кылымдын 1950-жылында ашар ыкмасында чийки кыш менен курулган. Адегенде бул жерде жатак мектеп, анан кесипчилик-техникалык окуу жайы, кийинчерээк Кара-Кулжа райондук социалдык өнүгүү бөлүмү. соңунда райондук китепкана жайгаштырылган, Быйыл гана Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа Айыл Өкмөтүнө караштуу Капар Маматбай уулу көчөсүнөн 275 орундуу жаңы мектеп үчүн атайын жер аянты ажыратылды. Бул демилгени жүзөгө ашырууга эми республикалык бюджеттен жетиштүү каражат бөлүнүп калса, Кара-Кулжа районундагы Орозалы САЙДИЛКАНОВдун автордук гимназия-мектебинин окуучулары дагы жакын арада заманбап агартуу мекемесинде окуп калышаар…

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Кара-Кулжа району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17