Аймак

ЭАУга ОКУУЧУЛАР ЭКСКУРСИЯГА КЕЛИШТИ

ЭАУга ОКУУЧУЛАР ЭКСКУРСИЯГА КЕЛИШТИ

 1,638 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 22-ноябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетке (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) Жалал-Абад шаарынын Спутник жана Көк-Арт кичи райондорунда жайгашкан №9, №13, №19 орто мектептердин бүтүрүүчү класстарынын окуучулары экскурсия менен келип кетишти.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы билдиргендей, окуучулардын окуу жайга келүү максаты: университет, анын институттары жана колледждери, багыттары жана адистиктери, материалдык-техникалык базасы менен таанышуу. Экскурсияны “Милиция менен калктын ортосундагы социалдык кызматташтык” долбоорунун алкагында “Толеранттуулук үчүн” фонду, ошондой эле Жалал-Абад шаарынын Спутник жана Көк-Арт кичи райондорунун аймактык башкармалыгы уюштурушкан.

ЭАУнун болочок талапкерлерине бул экскурсия абдан жакты, көпчүлүгү жайында ЭАУга тапшырууну каалашканын айтышып, аяктагандан кийин окуу жайдын жетекчилигине экскурсияны сапаттуу уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти. ЭАУнын ректораты экскурсиянын уюштуруучуларына, өзгөчө “Толеранттуулук үчүн” фондунун өкүлү Эркин Кочкаровго жана Спутник аймактык башкармалыгынын башчысы Астра Умаралиевага ыраазычылык билдирди.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17