Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,333 Бардыгы / Тажикстандын бийлиги чет өлкөдө жашаган активист жана экономикалык маселелер боюнча эксперт Абдуманнон Шералиевдин эки уулуна издөө жарыялады. Бул тууралуу “Озоди” радиосу Согд облусунун укук коргоо органдарындагы өз булактарына шилтеме кылып кабарлады. Облустун тургундары да жергиликтүү ички иштер башкармалыгындагы изделип жаткан адамдардын тактасында бир тууган Абдуманнондордун сүрөтү илинип турганын ырасташты. 25 жаштагы Холид Абдуманнон […]
1,334 Бардыгы / Тажикстандын бийлиги чет өлкөдө жашаган активист жана экономикалык маселелер боюнча эксперт Абдуманнон Шералиевдин эки уулуна издөө жарыялады. Бул тууралуу “Озоди” радиосу Согд облусунун укук коргоо органдарындагы өз булактарына шилтеме кылып кабарлады. Облустун тургундары да жергиликтүү ички иштер башкармалыгындагы изделип жаткан адамдардын тактасында бир тууган Абдуманнондордун сүрөтү илинип турганын ырасташты. 25 жаштагы Холид Абдуманнон […]
ТАЖИКСТАНДА БЕЛГИЛҮҮ ЭКСПЕРТТИН ЭКИ УУЛУНА ИЗДӨӨ ЖАРЫЯЛАНДЫ
01.12.2022 / Автор anarkan_kg

1,335 Бардыгы /
Тажикстандын бийлиги чет өлкөдө жашаган активист жана экономикалык маселелер боюнча эксперт Абдуманнон Шералиевдин эки уулуна издөө жарыялады. Бул тууралуу “Озоди” радиосу Согд облусунун укук коргоо органдарындагы өз булактарына шилтеме кылып кабарлады.
Облустун тургундары да жергиликтүү ички иштер башкармалыгындагы изделип жаткан адамдардын тактасында бир тууган Абдуманнондордун сүрөтү илинип турганын ырасташты.
25 жаштагы Холид Абдуманнон менен 22 жаштагы Хишом Абдуманнон “Тыюу салынган уюмдар менен кызматташуу” беренеси боюнча шектелүүдө. Тажикстанда бул берене менен күнөөлүү деп табылгандар үчүн беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Шералиевдин айтымында, эки уулу бир жылдан бери издөөдө экенин алар жакында гана билишкен.
“Балдарым акыркы жети жылдан бери чет өлкөдө окуп, иштеп жүрүшөт. Алар эч качан кайсыл бир уюмдун же оппозициялык топтун мүчөсү болгон эмес. Издөө жарыялангандан улам алардын бир өлкөдөн экинчи өлкөгө баруусу кыйла оорлоп калат деп кооптонуп жатам. Мындан тышкары бийлик Тажикстанда жашаган жакындарыбызды да куугунтукка алышы мүмкүн. Тажик атайын кызматы издөөдөгү адамдарды мекенине келүүгө аргасыз кылуу үчүн мындай ыкманы көп колдонот”, – деди ал.
2020-жылы Абдуманнон Шералиевдин өзүнө да кылмыш иши козголгон: ал Тажикстанда 2015-жылы экстремисттик деп табылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу” партиясынын активдүү тарапташы болчу.
“Балдарым өздөрү да, мен да алардын эмнеге айыпталып жатканын билбейбиз. Кылмыш иши Холид менен Хишом социалдык түйүндөрдөгү билдирүүлөрдүн бирине “лайк” коюп же бөлүшүп койгону үчүн козголгон болушу мүмкүн. Бул Хишом ютуб-каналына жарыялап жаткан видеолорго да байланыштуу болушу ыктымал”, – деп кошумчалады Шералиев.
49 жаштагы Абдуманнон Шералиев көп жылдар бою Хожент шаарында жашап, ишкерлик менен алектенген. 2015-жылы өлкөдөн чыгып кеткен.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
22.04.2025 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫНА МЫНДАН АРЫ ЗЫМ ТАРТЫЛАТ
-
28.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШТО ЖҮЗҮН ТОЛУК ЖАПКАН 300ГӨ ЖАКЫН АДАМГА КАТУУ ЭСКЕРТҮҮ БЕРИЛДИ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.