Аймак

КОЛ ЖАЗМА АРКЫЛУУ АДАМДЫН ЖАШЫ ЖАНА ЖЫНЫСЫ КОШО АНЫКТАЛАТ

КОЛ ЖАЗМА АРКЫЛУУ АДАМДЫН ЖАШЫ ЖАНА ЖЫНЫСЫ КОШО АНЫКТАЛАТ

 1,989 Бардыгы /

          ОШ. Кол жазмаларды иликтөө жана корутунду жасоо – абдан татаал экспертиза. Бул чындыкты кол жазмаларды изилдөө жаатындагы Кыргызстандагы жападан жалгыз адис – Ош облустук ички иштер башкармалыгынын криминалистика кызматынын жетекчиси, милициянын полковниги Женыш АБДЫКАДЫРОВ моюндады.

  • Адам колун оң колу менен койгонбу? Же болбосо, сол колу менен жазганбы? Мен бир эле карап туруп билип коемун, – дейт Ош облустук ички иштер башкармалыгынын криминалистика кызматынын жетекчиси, милициянын полковниги Женыш АБДЫКАДЫРОВ. – А түгүл кол жазма кишинин жашын жана дагы жынысын, ошондой эле мас, же соо экендигин деле аныктаганга жардамдашат.

    Женыш АБДЫКАДЫРОВдун дасыккан адис экендигин ушундан билиңиз, ал жетектеген Ош облустук ички иштер башкармалыгынын криминалистика кызматына кээде зарыгышкан учурда Бишкек шаарынан, же Чүй облусунан дагы кол жазмаларды экспертизага жөнөтүп турушат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17