Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
1,441 Бардыгы / Казакстанда кармалган каракалпакстандык активист Тлеубике Юлдашева Өзбекстанга экстрадициялоо маселеси чечилгенге чейин бир жылга камакта калтырылды. Мындай чечимди Актөбө облусунун Мартук райондук соту 23-декабрда кабыл алды. “Сот чечимине ылайык, Өзбекстандын жараны Тлеубике Юлдашева 2023-жылдын 13-ноябрына чейин камакта болот”, – деп билдирди Актөбө облустук сотунун өкүлү. Анын айтымында, 5-декабрда өзбек бийлиги Казакстандын Башкы прокуратурасына кайрылып, […]
1,442 Бардыгы / Казакстанда кармалган каракалпакстандык активист Тлеубике Юлдашева Өзбекстанга экстрадициялоо маселеси чечилгенге чейин бир жылга камакта калтырылды. Мындай чечимди Актөбө облусунун Мартук райондук соту 23-декабрда кабыл алды. “Сот чечимине ылайык, Өзбекстандын жараны Тлеубике Юлдашева 2023-жылдын 13-ноябрына чейин камакта болот”, – деп билдирди Актөбө облустук сотунун өкүлү. Анын айтымында, 5-декабрда өзбек бийлиги Казакстандын Башкы прокуратурасына кайрылып, […]
КАЗАКСТАНДА КАРАКАЛПАКСТАНДЫК АКТИВИСТТИН КАМАКТАГЫ МӨӨНӨТҮ 2023-ЖЫЛДЫН НОЯБРЫНА ЧЕЙИН УЗАРТЫЛДЫ
27.12.2022 / Автор anarkan_kg

1,443 Бардыгы /
Казакстанда кармалган каракалпакстандык активист Тлеубике Юлдашева Өзбекстанга экстрадициялоо маселеси чечилгенге чейин бир жылга камакта калтырылды. Мындай чечимди Актөбө облусунун Мартук райондук соту 23-декабрда кабыл алды.
“Сот чечимине ылайык, Өзбекстандын жараны Тлеубике Юлдашева 2023-жылдын 13-ноябрына чейин камакта болот”, – деп билдирди Актөбө облустук сотунун өкүлү.
Анын айтымында, 5-декабрда өзбек бийлиги Казакстандын Башкы прокуратурасына кайрылып, Юлдашеваны өткөрүп берүүнү өтүнгөн. Ошол эле күнү Актөбө облусунун Социалдык программалар башкармалыгы активистке “Казакстандан башпаанек издеген адам” күбөлүгүн берүү чечимин кабыл алган. Анда күбөлүктүн мөөнөтү90 күндү түзүп, 2023-жылдын 5-мартына чейин жарактуу болору айтылган.
Адам укуктары боюнча Казакстан бюросунун Актөбө облусундагы өкүлчүлүгүнүн директору Ирина Гольцварт күбөлүктүн мөөнөтү аяктаганга чейин Юлдашевага качкын макамын алып берүүнүн үстүнөн иштей тургандыктарын айтты.
“Качкын макамы берилгенге чейин аны бир жыл камакта кармоо тууралуу сот чечими боюнча апелляциялык арыз беребиз”, – деди Гольцварт.
Быйыл 19-августта Өзбекстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Юлдашевага “Өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнө кол салуу” айыбын тагып, ошол эле күнү ага издөө жарыялаган. Тергөөнүн версиясына ылайык, Юлдашева 2022-жылдын 1-5—июль күндөрү Каракалпакстандын аймагында болуп, өз атынан YouTube’га “Өзбекстандын мамлекеттик түзүлүшүн конституциялык эмес жол менен өзгөртүүгө чакырган материалдарды” чыгарган. 23-августта Нукус шаардык соту активисттин бөгөт чарасын карап, аны сыртынан камакка алуу чечимин чыгарган.
Тлеубике Юлдашева быйыл 13-ноябрда Орусияга чыгып кетер алдында Актөбө облусундагы “Жайсан” көзөмөл-өткөрмө бекетинде кармалган. Казак чек арачылары ал эл аралык издөөдө экенин айтып, өлкөдөн чыгарбай коюшкан. 16-ноябрда Актөбө облусундагы Мартук райондук соту аны 40 күнгө камакка алуу чечимин кабыл алган.
Укук коргоочулардын айтымында, Юлдашева 2020-жылдын башынан бери Казакстанда туруктуу жашап келген. Ал мекенинде саясий куугунтукка кабылышы мүмкүн экенин айтып, саясий башкалка берүү өтүнүчү менен казак бийлигине кайрылган.
Сентябрь жана октябрь айларында Казакстанда туруктуу жашап жүргөн төрт каракалпакстандык активист – Зиуар Мирманбетова, Раиса Худайбергенова, Жангельды Жаксымбетов жана Кошкарбай Торемуратов кармалып, соттун чечими менен камакка алынган. Активисттердин тарапташтары алардын жапырт кармалышын 2022-жылы июлдун башында болгон Каракалпакстандагы окуяларга байланыштырышкан.
Октябрда Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму казак бийлигин өлкөдө кармалган каракалпакстандык активисттерди Өзбекстанга өткөрүп бербөөгө чакырган. HRW Өзбекстанда алар саясий негиздер менен камакка алынып, кыйноолорго кабылышы мүмкүн экенин эскерткен.
Июлдун башында Өзбекстан Конституциясынын жаңы долбоорундагы Каракалпакстандын суверендүү макамын алуу сунушуна байланыштуу Нукус шаарында жана автоном республиканын башка бир нече аймагында жапырт нааразылык акциялар башталып, алар күч менен таркатылган.
Өзбекстандын бийлиги бул окуялар маалында 18 киши өлүп, 243ү жараат алып, 500 адам кармалганын билдирген. Активисттер чынында каза болгондор кыйла көп болгонун, Нукус шаарынын өзүндө эле эки күндүн ичинде 300дөн ашык киши өлтүрүлүп, миңден ашыгы жарадар болуп, он миңдеген адам кармалганын айтышкан.
Нааразылык акциялардан кийин Өзбекстандын парламенти Конституциянын жаңы долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алган. Эл аралык уюмдар менен бир катар өлкөлөрдүн өкмөттөрү Ташкентти адилеттүү тергөө жүргүзүүгө жана тынч акция катышуучуларына карата зомбулук көрсөткөндөрдү жоопкерчиликке тартууга чакырышкан.
Декабрда Өзбекстандын Башкы прокуратурасы июль окуяларына байланыштуу 171 киши айыпталып жатканын билдирген. Алардын ичинен 107 айыпталуучу үй камагына чыгарылган.
Каракалпакстандагы окуялар боюнча сот отурумдары быйыл ноябрдын аягында Бухара шаарында башталган. Анда иштери каралып жаткан 22 айыпталуучуга жалпысынан 11 берене боюнча айыптар тагылганы кабарланган.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
27.02.2024 / Автор anarkan_kg КУРГАК УЧУКТУ ЭРТЕ АНЫКТАП, ДАРЫЛАСА, АЙЫГАТ!
-
-
07.02.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна ТОКТОГУЛДА АРЗАН АЗЫК-ТҮЛҮК ЖАРМАНКЕСИ УЮШТУРУЛДУ
-
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТО ШАЙЛООГО АРАЛАШКАН КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ ЧАРА КӨРҮЛДҮ
-
Маек
Темиржан КОЗУЕВ: “ДЕНИ САК УЛУТ – БАКУБАТ МАМЛЕКЕТ!”
“Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Темиржан КОЗУЕВ бош убактысында спорт менен…
-
28.01.2025 / Автор anarkan_kg Аскарбек АХМАТОВ: “АРАВАН ООЖАЛЫП БАРАТАТ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.