Аймак

ЧЕК АРА АРКЫЛУУ АЛЫП ӨТҮҮГӨ ДАЛАЛАТ КЫЛЫНГАН АТКЕЗЧИЛИК ЖҮГҮ КАРМАЛДЫ

ЧЕК АРА АРКЫЛУУ АЛЫП ӨТҮҮГӨ ДАЛАЛАТ КЫЛЫНГАН АТКЕЗЧИЛИК ЖҮГҮ КАРМАЛДЫ

 921 Бардыгы /

БАТКЕН. УКМКнын Мамалекеттик чек ара кызматына караштуу Лейлек чек ара отрядынын өкүлдөрү Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Сай тилкесинен Opel-Zafira үлгүсүндөгү күмөндүү автунаа байкап калып, дароо токтотууга аракеттенишкен.

Тилекке каршы, чек ара нарядынын талабына Opel-Zafira үлгүсүндөгү күмөндүү автунаанын айдоочусу баш ийген эмес. Тескерисинче, ал автоунаанын ылдамдыгын көбөйтүп, Кыргызстан аймагына киирип изин суутууга аракеттенген. Ушундан эки саат өтпөй эле аталган тилкеден Кыргыз чек арачылары Кыргыз жарандары айдап баратышкан дагы үч шектүү автоунааны токтотушкан.

Кыргыз чек арачылары биринчи автоунааны тинтишкенде, аткезчичлик жол менен ташылып бараткан 33 аккумулятор табылды. Айдоочу баларды легтилсыз түрдө Тажикстандан Кыргызстанга алып өтүп, андан ары соодалоону максат кылышкан.

Ал эми Honda Stepwgn үлгүсүндөгү машинаны тинтишкенде, анын ичинен 38 аккумулятор, Opel-Vectra үлгүсүндөгү машинадан 44 аккумулятор жана Opel-Zafira үлгүсүндөгү автоунаадан 42 аккумулятора табылып олтурат.

Алдын ала эсептөөлөргө караганда, чек арадан кармалган аккумуляторлодун баарынын тең баасы болжолдуу түрдө 860 000 сомду түзүп олтурат. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган айдоочулар, жүктөр жана дагы аткезчилик жүктөрү иешелүү укук коргоо органдарынын колдоруна тапшырылды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17