Аймак

КАНАДА 14 ОРУСИЯЛЫК ЖАРАНГА ЖАНА 34 УЮМГА САНКЦИЯ САЛАТ

КАНАДА 14 ОРУСИЯЛЫК ЖАРАНГА ЖАНА 34 УЮМГА САНКЦИЯ САЛАТ

 861 Бардыгы /

Канада Орусиянын 14 жаранына жана 34 юридикалык жакка санкция киргизет. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Жастин Трюдо  Украинанын премьер-министри Денисом Шмыгаль менен жолугушуунун жыйынтыгында билдирди.

“Вагнер” жеке аскер компаниясы менен байланышкан, анын ичинде бизнесмен Евгений Пригожин көзөмөлдөгөн “Конкорд менежмент жана консалтинг” жана “Волга-Днепр” компаниялары да санкцияга кабылды. Кара тизмеге илинген кишилердин арасында Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен Коргоо министрлигинин орун басары Николай Панков да бар.

Трюдо Канада Украинага 21 миң автомат, 38 пулемет жана 2,4 млн патрон жөнөтөрүн кабарлады.

Февралда Канада 129 кишиге, анын ичинде өкмөт мүчөлөрүнө, аскер адамдарына жана Орусиянын 63 уюмуна санкция салган.

Чектөөлөр Федерация кеңешинин башчысы Валентина Матвиенкого, Орусиянын вице-премьер-министри Татьяна Голиковага, Орусия президентинин жардамчысы Максим Орешкинге, Дмитрий Медведевдин жубайына жана уулуна, Сергей Кириенконун жакындарына, Рамзан Кадыровдун кызына, ошондой эле министрлерге, Мамлекеттик Думанын депутаттарына, олигархтар менен ишкерлерге тиешелүү.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17