Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,288 Бардыгы / Азербайжан жикчил Тоолуу Карабак аймагы менен Арменияны туташтырып турган Лачин коридору аркылуу өткөн жолго көзөмөл-өткөрмө бекетин орнотту. Бул тууралуу Азербайжандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) менен Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. Баку Ереванды Тоолуу Карабакка аскер кызматкерлерин, курал-жарак жана ок-дары жеткирүүгө, ошондой эле Азербайжандын аймагынан жаратылыш ресурстары менен маданий баалуулуктарды чыгарып кетүүгө айыптады. “Армения […]
1,289 Бардыгы / Азербайжан жикчил Тоолуу Карабак аймагы менен Арменияны туташтырып турган Лачин коридору аркылуу өткөн жолго көзөмөл-өткөрмө бекетин орнотту. Бул тууралуу Азербайжандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) менен Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. Баку Ереванды Тоолуу Карабакка аскер кызматкерлерин, курал-жарак жана ок-дары жеткирүүгө, ошондой эле Азербайжандын аймагынан жаратылыш ресурстары менен маданий баалуулуктарды чыгарып кетүүгө айыптады. “Армения […]
АЗЕРБАЙЖАН ЛАЧИН КОРИДОРУНА КӨЗӨМӨЛ-ӨТКӨРМӨ БЕКЕТИН ОРНОТТУ
24.04.2023 / Автор anarkan_kg

1,290 Бардыгы /
Азербайжан жикчил Тоолуу Карабак аймагы менен Арменияны туташтырып турган Лачин коридору аркылуу өткөн жолго көзөмөл-өткөрмө бекетин орнотту. Бул тууралуу Азербайжандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) менен Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Баку Ереванды Тоолуу Карабакка аскер кызматкерлерин, курал-жарак жана ок-дары жеткирүүгө, ошондой эле Азербайжандын аймагынан жаратылыш ресурстары менен маданий баалуулуктарды чыгарып кетүүгө айыптады.
“Армения Орусиянын ортомчулугу менен 2020-жылы ноябрда жетишилген келишимди бузуп жатат. Лачин коридорунун башына чек ара көзөмөлүнүн орнотулушу – андагы мыйзамдуулукту жана кыймылдын ачыктуулугун камсыздайт”, – деп жазылган Азербайжан ТИМинин билдирүүсүндө.
Ошол эле маалда 2020-жылы 10-ноябрда үч тарап кол койгон келишимде Лачин коридоруна көзөмөл-өткөрмө бекетин орнотуу жөнүндө эч нерсе айтылган эмес. Ал Орусиянын тынчтык орнотуу күчтөрүнүн көзөмөлүндө болору жазылган.
Азербайжан ТИМи көзөмөлдүн жаңы механизми орус контингенти менен биргеликте ишке ашырыларын билдирди. Азырынча Орусия тарап көзөмөл-өткөрмө бекеттин орнотулушу боюнча комментарий бере элек.
Ал арада АКШ Бакунун бул аракетине байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө көзөмөл-өткөрмө бекеттин орнотулушу – абалды тынчтык жол менен жөнгө салуу аракеттерине доо кетириши мүмкүн экени белгиленген.
Бир нече айдан бери азери активисттери Лачин коридору аркылуу кыймылды токтотууга аракет кылып келишет. Алар өздөрүн экологдор катары тааныштырып, Армениянын Карабактагы жаратылыш ресурстарын пайдалануусуна каршы экенин билдирүүдө.
Өз кезегинде Армения ТИМи Азербайжанды тынчтык келишимдеринин шарттарын одоно бузууга айыптап, Бакунун мындай аракети “жаңжалды тынчтык жол менен жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратууга” багытталганын билдирген. “Орусияны Лачин коридорунун аймагынан азери күчтөрүн чыгарып, үч тараптуу келишимдин 6-пунктунда каралган милдеттенмелерин аткарууга чакырабыз”, – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Лачин коридору – Тоолуу Карабакты Армения менен туташтырган жалгыз жол. 2020-жылдагы кагылышуудан кийин кол коюлган үч тараптуу келишимге ылайык, Лачин району Бакунун көзөмөлүнө өткөн. Лачин коридорун Орусиянын тынчтык орнотуучу миссиясы көзөмөлдөмөк болгон.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭМГЕКТИ КОРГОО КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg АКСЫДА УНАА ЖОЛДУ СЕЛ КАПТАДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.