Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
Соода-сатык
Конкурс ЖАМУ
КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
АУКЦИОН Могол айыл аймагы
АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
АУКЦИОН Могол айыл аймагы
Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
«ЖЕР МУНАПЫСЫН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОБОНУ БЕКИТҮҮ ТУУРАЛУУ” САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
Сакалды айыл аймагы ТООРУК АРКЫЛУУ САТУУ ТУУРАЛУУ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
АУКЦИОН САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
СЫНАК АК-СУУ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

ЖАЛАЛ-АБАДА АВТОХУЛИГАНДАРГА КАТААЛ ЧАРАЛАР КӨРҮЛДҮ

ЖАЛАЛ-АБАДА АВТОХУЛИГАНДАРГА КАТААЛ ЧАРАЛАР КӨРҮЛДҮ

 1,677 Бардыгы /

          ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад облусунда «автохулигандарга» карата өтө чукул жана дагы абдан катаал чаралар көрүлдү. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, «автохулигандар» коомдук тартипти ачык эле бузушуп, а түгүл жарандардын тынчтыгына жолтоолук дагы кылышкан. Эң башкысы: бул автотентектер автоунаа кыймылына жолтоолук жасашып, бир нече ирет жол транспорт кырсыгына кооптуу кырдаал дагы түзүшкөн. Акырында өздөрү жол транспорт кырсыгына кабылышып, Жалал-Абад шаарындагы бир аскердик бөлүктүн тосмосун талкалашкан. Мындан тышкары аталган облустун Сузак районунда дагы ачык автожарыш уюштурушкан. Бул мыйзамсыз иш-чарага катышкан 16 автоунаа жана дагы 34 адам акыры кармалды. Ошентип, Жалал-Абад жергесинде автоунаа жарышын уюштургандар жана анын каптышуучулары ири өлчөмдөгү акча дагы сыйлык иретинде сайышкан экен.  

Ошондуктан, жарышка катышкан автоунааларды тинтишкенде, алардын ичинен жасалма мамлекеттик номерлер, мыйзамсыз караңгылаштырылган айнектер табылып, а түгүл айрым айдоочуларды текшертишкенде, спирт ичимдиктерин ичишкендиги дагы ашкереленди. Ошондуктан, бардык автоунаалар Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын автоунаа токтотуучу айып жайына жайгаштырылды. Буга улай автожарышка катышкандар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп. булардын баарына тең административдик айыптар салынды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17