Аймак

КАРА-КУЛЖАДА 225 ОРУНДУУ ЖАҢЫ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ

КАРА-КУЛЖАДА 225 ОРУНДУУ ЖАҢЫ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ

 921 Бардыгы /

     ОШ. Ош облусуна караштуу  Кара-Кулжа районунун Кооч-Чаты айылында заманбап 225 орундуу орто мектептин жаңы имараты пайдаланууга тапшырылды. Бул жөнүндө аталган райондун мамлекеттик акимчилигинен билдиришти.

         Маалыматка караганда, аталган мектептин ачылыш аземине Жогорку Кеңешинин депутаты Эмил Токтошев, Кара-Кулжа районунун акими Дамир Кулубаев жана тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилери катышышты.

          Кара-Кулжа районунун акими Дамир Аким Кулубаев жергиликтүү тургундарды, билим берүү кызматкерлерин жана мектеп окуучуларын жаңы мектептин ачылышы менен чын ыкластан куттуктап, ар бир жаңы ачылган билим уясы – мамлекет тарабынан билимге, келечекке жана өлкөбүздүн өнүгүүсүнө карай салынган улуу жол экендигин баса белгиледи.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17