Аймак

ЧОҢ-АЛАЙДА МОЛДО НИЯЗДЫН ҮҢКҮР КИТЕПКАНАСЫ ТАБЫЛДЫ

ЧОҢ-АЛАЙДА МОЛДО НИЯЗДЫН ҮҢКҮР КИТЕПКАНАСЫ ТАБЫЛДЫ

 1,155 Бардыгы /

ОШ. Быйыл Кыргыздын туңгуч жазма акыны саналган Молдо Нияздын 200 жылдыгы масштабдуу белгиленгени жатат. Бир катар иш-чаралар менен бирге эле анын өмүр таржымалын жана чыгармачылыгын чагылдырган тасма тартылып жатканы дагы белгилүү. Бул арада акын жана публицист Муса Сапаев атайын Бишкектен Ош облусунун Чоң-Алай районуна сапарлап. жергиликтүү тургундар менен бирге Жекенди айылындагы Бугу жайлоосунан Молдо Ниязга таандык делген китептердин 15 барагын акыры тапты.

           Баса. Муса Сапаев үңкүр китепканаларды издөө иштеринин төртүнчү күнү Бугу жайлоосундагы үйкүрлөрдүн биринен Молдо Ниязга таандык делген китептердин биринин 15 барагын таап олтурат.

         – Ушул кишинин тагдырын тыкыр изилдеп, ушул жылдын 19-августунда Бишкектен келээрим менен эле Чоң-Алайга сапарладым. 20-августтан 24-августка чейин төрт күн китептерди издөө иштери жүрдү. Изилдөөнүн экинчи күнүндө китептер бекитилген үнкүлөрдүн бирин дагшы таптык. Үңкүрдүк татаалдыгын айтпай эле коеюн. Жолду жакшы билген балдар, сокту жол менен барышты. Негизи үңкүрлөрдө сакталып калган көптөгөн китептерин алып кетишкен жергиликтүүлөр. Кимдер алып кеткендигин азыр такташтырып жатабыз. Китептерди алгандардын өздөрүнүн дагы, балдарынын дагы көзү өтүп кеткен. Неберелери бар экен, азыр тизмелерин такташтырып жатабыз. Изилдөөнүн төртүнчү күнү бир үңкүрдүн кычыгынан 15 баракты араң таап алдык. Барактар абдан назик, кармасаң эле уйпаланып кетчүдөй акыбалда экен. Айрым барактарды кармагандан эле уйпаланып, шамалга дагы учуп кетип жатты. Биз тапкан 15 барак абдан назик болгондуктан, аны абайлап ороп, анан гана Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясына тапшыруу үчүн даярдап койдук. Анан аны ар кимге эле көрсөтүп, кармап көрүүгө болбойт. Анткени, абалы ошого жараша эмес! – деп кошумчалады акын жана публицист Муса Сапаев.

          Муса Сапаев Молдо Нияз ыр түрүндө эле санаттарды жазбастан, кара сөз менен дагы чыгармалары болгондугун кошумчалады.

          – Бул жерде бир нерсе белгилүү болду. Молдо Нияз бабабыздын ыр түрүндө эле санаттары эмес, кара сөз түрүндө дагы чыгармалары болгон экен. Бул барактарга караганда, Молдо Нияздын тарыхын дагы, тагдырын дагы, баягы тарыхтын бүктөмдөрүндө, тарыхтын чаңында калып бараткан, белгисиз болуп бараткан нерсесинин бир учун таптык деп ойлойм. Биздин ишибиздин биринчи жыйынтыгы ушул десем жаңылышпайм, – деди агынан жарылган Муса Сапаев.

        Баса, Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясы эми Бишкектен Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айылындагы Бугу жайлоосуна атайын илимпоздор тобун жөнөтсө, тарыхыбыздын дагы бир актай барагы ачылаары шексиз.                                              

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17