Аймак

БАТКЕН ОБЛУСТУК СОТТУК-МЕДИЦИНАЛЫК ЭКСПЕРТИЗА БЮРОСУНДА КАРЖЫЛЫК МЫЙЗАМ БУЗУУЛАР АШКЕРЕЛЕНДИ

БАТКЕН ОБЛУСТУК СОТТУК-МЕДИЦИНАЛЫК ЭКСПЕРТИЗА БЮРОСУНДА КАРЖЫЛЫК МЫЙЗАМ БУЗУУЛАР АШКЕРЕЛЕНДИ

 831 Бардыгы /

БАТКЕН. Баткен облусунун соттук-медициналык экспертиза бюросунда кызмат адамдарынын кыянаттык менен пайдалануу фактысы акыры аныкталды. Бул туурасыда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

          Маалыматка караганда, УКМК мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам иш-чаралардын алкагында, кызматтык милдеттерин аткарууда каржылык тартипти одоно бузуу фактылары бар Баткен облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун кызмат адамдарынын кыянаттык менен пайдалануу фактысын ашкереледи. Атайын тергөөнүн жүрүшүндө Кызыл-Кыя шаарындагы химиялык лаборатория 2020-жылдан бери иштебей тургандыгын, бирок, лаборатория кызматкери маал-маалы менен жумуш ордун кыдырып, өзүнүн кызматтык милдеттерин иш жүзүндө аткарбагандыгына карабастан, айлык маяна алып жатышкандыгы ырасталды.

          Белгилей кетчү жагдай: обьективдүү жана ар тараптуу тергөөгө чейинки аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 1 миллион 254 миң 200 сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Ушул тапта УКМК тарабынан чогултулган материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, Баткен соттук-медициналык экспертиза бюросунун жооптуу кызматкерлерине карата зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүп, андан соң тиешелүү укуктук баа дагы берилмекчи.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17