Аймак

ОШТО КИБЕРКООПСУЗДУК КҮЧӨТҮЛӨТ

ОШТО КИБЕРКООПСУЗДУК КҮЧӨТҮЛӨТ

 678 Бардыгы /

          ОШ. Ош шаарынын мэриясында “Санарип Ош” муниципалдык ишканасы мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана уюмдарында киберкоопсуздукту уюштуруу боюнча маалыматтык жыйын өткөрүп, ага мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери дагы катышышты.

          Аталган жыйындын алкагында техникалык адистер тарабынан кибер чабуулдардын алдын алуу жолдору, компьютерлерди максаттуу жана шарттуу пайдалануу эрежелери боюнча маалыматтар жасалды. Мындан тышкары кызматкерлердин электрондук форматтагы жеке маалыматтарын коргоо коопсуздугун камсыздоо жана көзөмөл жүргүзүү иштери боюнча сөз дагы кызуу жүрдү.

          Иш-чаранын соңунда санариптик сабаттуулукту арттыруу максатында киберкоопсуздук боюнча окутуу, аралыктан иштөө мүмкүнчүлүгүн түзүү боюнча сын-сунуштар берилип, бир катар олуттуу ой-пикирлер дагы айтылды.   

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17