Аймак

ОШТО САНИТАРДЫК ТАЛАПКА ЖООП БЕРБЕГЕН СУЛУУЛУК САЛОНДОРУ ЖАНА МЕДИЦИНАЛЫК ЖАЙЛАР ЖАБЫЛДЫ

ОШТО САНИТАРДЫК ТАЛАПКА ЖООП БЕРБЕГЕН СУЛУУЛУК САЛОНДОРУ ЖАНА МЕДИЦИНАЛЫК ЖАЙЛАР ЖАБЫЛДЫ

 525 Бардыгы /

ОШ. Ушул тапта Ош шаарында элдин саламатчылыгына ен соолугуна терс таасир этүүчү кызмат көрсөтүү жайлары дыкаат текшерилип жатат. Ошентип, косметологиялык жана медициналык кызматтарды көрсөткөн 14 жай санитардык нормаларды сактабагандыгы үчүн жабылды.

          Аталган калаада калктын саламаттыгын сактоо боюнча координациялык жумушчу топ соода жайлардын санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык-санитардык ченемдердин жана эрежелердин сакталышы боюнча дагыле рейд жүргүзүп жатат. Ушунун алкагында беш сулуулук жана косметологиялык салон, төрт тиш дарылоочу борбор жана беш медициналык дарылоо бөлмөсүнүн санитардык талаптарды сактабаганы аныкталып жабылдын. Мындан тышкары, бир катар жайларга тиешелүү актылар түзүлүп, эскертүүлөр дагы берилди.

          Бул атайын рейдге Ош мэриясынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн, шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, ветеринардык кызматтын, Монополияга каршы кызматтын, адистештирилген мекемелердин жана ведомстволордун жетекчилери менен адистери катышып жатышат. Текшерүүлөр сентябрдын аягына чейин улантылат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17